2017-жылы 9-майда Корея Республикасында Кореянын 19-президентин шайлоо өтмөкчү
07 мая 2017
Корея Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясынын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын мүчөлөрү Джурабаева Г.Г. жана Джилкичиева Е.Дж. 2017-жылдын 4-10-майында Корея Республикасынын президентин шайлоого эл аралык байкоочу катары катышат. Корея Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 9-майда өтөт.
Ошондой эле байкоочулардын программасында төмөндөгү иш чаралар каралган:
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда добуш берүү участкаларында болуу, добуш берүү күнү Корея Республикасынын шайлоо тутуму менен таанышуу, Сеулдагы эл аралык форумдагы 2017-жылкы шайлап көрүү ишине катышуу каралган.
КР БШКнын басма сөз кызматы




