КР БШКнын жамааты Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы менен согуш ардагерлерин куттуктады

08 мая 2017

БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова жана Бишкек шаардык АИКтин төрагасы  К. Маматов Жеңиш күнү алдында Биринчи май райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Маркел Ибраев менен жолугушуп, Биринчи май районунун ардагерлерин Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы менен куттуктап, БШКнын жамаатынын атынан материалдык жардам тапшырылды.

Биринчи май райондук ардагерлер кенешинин төрагасы Маркел Ибраев менен жолугушуу учурунда БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова   Бишкек шаарынын Биринчи май районунун согуш ардагерлерин БШКнын жамаатынын атынан чын жүрөктөн куттуктоосун билдирип, аларга чың ден соолук, бакубат турмуш жана узакка жашоо каалады.