Календардык планга ылайык 2017-жылдын 27-апрелине карата шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин каттоодон өткөрүү иши аяктады

03 мая 2017

Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында КСДП, Коммунисттер Партиясы жана Өнүгүү-Прогресс саясий партиясы каттоодон өттү.

Ал эми Ош облусунун Ноокат шаардык кеңешине талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында Замандаш, КСДП, Өнүгүү-Прогресс, Элдик партия, Республика  саясий партиясы каттоодон өттү