Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК: саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн “2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери” темасында кириш семинар болуп өттү
19.05.2017

КР БШК: саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн “2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери” темасында кириш семинар болуп өттү

2017-жылдын 18-майында, “Орион” мейманканасында саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн “2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери” темасында кириш семинар болуп өттү. Семинар КР БШКсы тарабынан Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнүн, Эл аралык шайлоо системасы фондунун ( КРдагы IFES) өкүлчүлүгүнүн, Европа кеңешинин Борбор Азиядагы Венециялык комиссиясынын, Эл аралык республикалык институтунун (IRI) колдоосунда өттү.   Куттуктоо  сөзүндө Боршайкомдун төрагасы Н.Шайлдабекова бу маанилүү иш-чараны уюштурууда натыйжалуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдында  саясий партиялар үчүн бул семинардын заманбаптыгын, актуалдуулугун, жана маанилүүлүгүн белгиледи. Саясий партиялардын өкүлдөрүнө, семинардын катышуучуларына кайрылып, КР БШК төрагасы шайлоо системасын реформалоо, таза, эркин, демократиялык шайлоолорду жана ар бир шайлоочунун добушун так эсепке алууга шарт түзгөндүгүн айтты.  Ошондой эле БШК төрагасы саясий партияларды алдыдагы КР Президентин шайлоонун жүрүшүндө таза атаандаштыкты алып барып, мамлекеттеги туруктуулукту, демократиянын чыңдалышын илгерилетүүгө жана ар бир шайлоочуга өздөрүнүн талапкерлери тууралуу маалыматты  жеткирүүгө чакырды.    Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин өкүлү Никола Скарамуццо, семинардын катышуучуларын, Кыргыз Республикасы менен (КР) Европа биримдигинин (ЕБ)  ортосундагы “Демократияны шайлоо системасы аркылуу чыңдоо” финансы келишиминин алкагында ЕБ макулдашылган индикаторлорго ылайык, КРга бюджеттик колдоолорду көрсөтүп жаткандыгын жана макулдашуунун негизги максаты калктын жана шайлоо процессинин катышуучуларынын Кыргызстандагы шайлоо системасына ишенимин көтөрүү болуп санала тургандыгын маалымдады. “Биз бул макулдашуунун алкагында өнөктөштөр тарабынан жасалган көптөгөн реалдуу, интенсивдүү жана натыйжалуу иштерди көрүп жатабыз”,- деп белгиледи Никола Скарамуццо. КРдагы IFESтин өкүлү Александр Орехов өзүнүн куттуктоо сөзүндө  саясий партиялар менен өз ара аракеттенүү, шайлоо процессинин катышуучуларын окутуу маселелери боюнча  КР БШКсы менен көп жылдардан берки техникалык кызматташууну белгилеп, бул семинар саясий партиялардын шайлоо процесстерине, анын ичинде алдыдагы КР Президентин шайлоого катышуу эрежелерин бирдей түшүнүп жана колдонуусуна түрткү берээрине ишеним артаарын билдирди. Европа биримдигинин Венеция комиссиясынын өкүлү Светлана Анисимова семинардын катышуучуларына кайрылып, “эркин шайлоолор жана саясий партияларга эркин биригүү ар кандай демократиянын алкагында тыгыз байланыштуу, анткени саясий партиялар саясий бийликке эркин жана таза шайлоолор аркылуу жетүү үчүн күрөшөт”,- деп белгиледи жана катышуучуларды аларды кызыктырган суроолорду берүүгө жана  ачык талаш-тартыштарга жигердүү катышууга чакырды.  Семинарда бет ачар жана баяндамалар менен КР БШК мүчөсү Г.К.Журабаева, IFES програмасынын менеджери Александр Орехов, Молдова Республикасынын мурдагы юстиция министри, Европа Биримдигинин Венеция комиссиясынын эксперти Владимир Гросу, IRI программасынын директору Канат Жолдошов, Европа Биримдигинин Венеция комиссиясындагы эксперти Сергей Кальченко чыгып сүйлөштү. Семинардын катышуучулары КР БШКнын мүчөлөрү жана эл аралык эксперттер менен бирдикте КР Президентинин кызматына көрсөтүү, каттоо тартиптерин, шайлоо фондунун негиздерин, Кыргыз Республикасында шайлоонун талаш-тартыштарын кароонун тартибин жана шайлоо өнөктүгүндө президенттикке талапкерлерди каржылоону жөнгө салуунун эл аралык салыштырууларын, Европа Биримдигинин саясий партиялардын шайлоого катышуу жаатындагы стандарттарын талкуулашты.          БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
КР БШК Европа Советинин Венециан комиссиясынын эл аралык эксперттери, ПРООНдун өкүлдөрү менен  БШКнын жаңы расмий сайтынын структурасы жана функциясы тууралуу жумушчу жолугушуу өткөрдү
18.05.2017

КР БШК Европа Советинин Венециан комиссиясынын эл аралык эксперттери, ПРООНдун өкүлдөрү менен БШКнын жаңы расмий сайтынын структурасы жана функциясы тууралуу жумушчу жолугушуу өткөрдү

Борборшайлоокомдун төрагасы Н. Шайлдабекова жумушчу жолугушууну ачып жатып, жаңы сайттын структурасы менен функциясын талкуулоодо мындай деди: "КР БШКсы жаңы сайтты түзүп, ишке киргизүүү боюнча  жакшы практик болуп калды, анда анын иштөө функциялары жакшырып, шайлоо процессине катышуучулардын, шайлоочулардын арыз жана кайрылууларына көңүл буруу жакшырат". Өз кезегинде КР БШКсынын өнөктөшү болгон, Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун  "Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо" аттуу каржы келишиминин негизинде иштеп жаткан Европа Советинин   Венециан комиссиясынын өкүлдөрү  БШКнын жаңы расмий сайтын түзүү боюнча жана анын натыйжалуу иштеши үчүн БШКга жардам берүүгө даяр экенин белгилешти. Ошондой эле жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Европа Советинин Венециан комиссиясынын эксперти Сергей Кальченко чет элдик шайлоо комиссияларынын сайттарынын иш тажрыйбалары тууралуу ой бөлүштү, ал катышуучуларды Азербайжан, Болгария, Грузия жана АКШнын шайлоо органдарынын сайттарынын иши жөнүндө айтып берди. КР БШКнын жаңы расмий сайтын иштеп чыгуу ПРООНдун колдоосунда ишке ашып жатат. БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын шайлоо фондусундагы каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчет
17.05.2017

Саясий партиялардын шайлоо фондусундагы каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчет

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча Борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондусундагы  акча каражаттардын чыгымдалышы  тууралуу 2017-жылдын 15-майына карата маалыматы.   Ноокат   Саясий партия Түштү Чыгымдалды Калганы 1 Республика 21 000  20 020  980  2 Замандаш 20 400  20 150  250  3 СДПК 40 000  20 000  20 000  4 Народная партия 35 000  20 000  15 000  5 Онугуу-Прогресс 26 500  24 920  1 580      Кок Жангак    Саясий партия Түштү Чыгымдалды Калганы 1 СДПК 20 050  20 025  25  2 Партия коммунистов Кыргызстана 20 050  20 025  25  3 Онугуу-Прогресс 22 000  20 025  1 975      Жалал-Абад ш.    Саясий партия Түштү Чыгымдалды Калганы 1 Кыргызстан 870 150  870 020  130  2 Онугуу-Прогресс 100 500  98 750  1 750  3 Республика 125 000  51 372  73 628  4 Ата-Журт 232 000  231 358  642  5 Мекеним Кыргызстан 20 150  20 150  0  6 СДПК 2 405 000  1 960 508  444 492  7 Бутун Кыргызстан 38 200  38 170  30      Кара-Балта ш.   Саясий партия Түштү Чыгымдалды Калганы 1 Онугуу-Прогресс 21 100  20 150  950  2 Акшумкар 50 250  33 705  16 545  3 Элдик-Народная 137 400  136 365  1 035  4 Кыргызстан 69 150  68 994  156  5 Содружество народов Кыргызстана 40 250  34 300  5 950  6 Мекеним Кыргызстан 183 000  96 179  86 821  7 Партия труда 100 000  98 550  1 450  8 Жакшылык-Добро 121 700  20 150  101 550  9 СДПК 84 000  83 165  835  10 Эламан 65 000  54 965  10 035  11 Республика 140 200  77 185  63 015    Кемин ш.    Саясий партия Түштү Чыгымдалды Калганы 1 СДПК 52 000  25 550  26 450  2 Республика 40 690  40 690  0  3 Онугуу-Прогресс 20 020  20 020  0  4 Патриот ынтымагы 20 150  20 150  0  5 Кыргызстан 20 530  20 530  0  6 Баба Дыйкан 21 040  21 040  0      Кадамжай ш.    Саясий партия Түштү Чыгымдалды Калганы 1 СДПК 46 060  46 010  50  2 Бутун Кыргызстан 20 100  20 020  80  3 Ата-Журт-Мекенчил 40 400  30 910  9 490  4 Кыргызстан 31 650  31 640  10  5 Республика 59 020  51 443  7 577  6 Мекеним Кыргызстан 24 100  24 030  70  7 Онугуу-Прогресс 51 770  51 770  0    Айдаркен ш.    Саясий партия Түштү Чыгымдалды Калганы 1 Бир Бол 20 100  20 020  80  2 Бутун Кыргызстан 21 000  20 150  850  3 СДПК 34 650  34 470  180  4 Ата-Журт-Мекенчил 45 150  31 646  13 504  5 Мекеним Кыргызстан 34 650  34 480  170  6 Республика 34 840  34 770  70  7 Жаны-Доор 20 100  20 020  80  8 Онугуу-Прогресс 20 100  20 020  80      Таш-Кумыр ш.                           Саясий партия   Түштү Чыгымдалды Калганы 1 Молодежь Таш-Кумыра 20 250  20 150  100  2 СДПК 50 000  45 180  4 820  3 Кыргызстан 20 250  20 150  100  4 Ата-Журт 61 055  60 930  125  5 Мекеним Кыргызстан 20 150  20 020  130  6 Республика 67 250  66 618  632  7 Онугуу-Прогресс 70 000  20 150  49 850      Айылдык кеңештер   Талапкер Айылдык  кеңештер Түштү Чыгымдалды Калганы 1 Калдыкеев. М.Ж. Новопавловский 5 000  0  5 000  2 Батаев Ж.Т. Новопавловский 1 500  0  1 500  3 Эсенаманов Б.А. Новопавловский 2 000  0  2 000  4 Шапаков О.М. Новопавловский 2 000  0  2 000  5 Табалдиев С.Б. Новопавловский 1 500  0  1 500  6 Автандил у. Ж. Новопавловский 1 500  0  1 500  7 Глинкин С.А. Новопавловский 500  0  500  8 Гусеинов И.С. Новопавловский 500  0  500  9 Сурабалдиева А.К. Новопавловский 500  0  500  10 Сайпидинов К.Ж. Новопавловский 1 000  0  1 000  11 П/П Республика Новопавловский 1 000  0  1 000  12 Усупов И.К. Кызыл-Суйский 3 000  1 000  2 000  13 Турдуев А.Р. Кызыл-Суйский 1 000  1 000  0  14 Давлетбаков К.У. Кызыл-Суйский 3 000  0  3 000  15 Акматов К.Т. Кызыл-Суйский 1 000  0  1 000  16 Шамырканов М.Т. Кызыл-Суйский 1 000  0  1 000  17 Байтоков А.К. Кызыл-Суйский 10 000  10 000  0  18 Токтомушев М.Б. Кызыл-Суйский 1 000  1 000  0  19 Ниязов П. Кызыл-Суйский 1 000  0  1 000  20 Орозон у. С. Кызыл-Суйский 3 020  3 020  0  21 Бакчиев Н.Ж. Кызыл-Суйский 1 500  1 500  0  22 Бекбоев Н.С. Кызыл-Суйский 2 000  0  2 000  23 Абдраев А.Н. Кызыл-Суйский 2 000  0  2 000  24 Алыбаев Ж.Ж. Кызыл-Суйский 1 000  0  1 000  25 Мукамбетов К.С. Кызыл-Суйский 1 550  1 520  30  26 Токбаев Кызыл-Суйский 2 000  0  2 000  27 Сулаймбеков Т.Ш. Кызыл-Суйский 1 000  0  1 000  28 Акымбаев Кызыл-Суйский 1 500  0  1 500  29 Карабаев А.Б. Кызыл-Суйский 1 500  1 500  0  30 П/П Республика-Ата-Журт Кызыл-Суйский 20 020  20 020  0  31 П/П СДПК Кызыл-Суйский 65 000  54 796  10 204  32 Оторбаев М.К. Кок-Ойрокский 5 000  0  5 000  33 Алимов Н.С. С. Юсуповский 2 000  0  2 000  34 Нурматов Ф.К. С. Юсуповский 2 000  0  2 000  35 Байсадаев Н.А. Кызыл-Туйский а/к Сокулукского р-на 500  0  500  36 Абдыкадыров А.А. Кызыл-Туйский а/к Сокулукского р-на 500  0  500  37 Энназаров Т.К. Кызыл-Туйский а/к Сузакского р-на 1 200  1 200  0    38 Орозбекова А.Д. Кара-Ойский 8 500  8 120  380    39 Казыбаев Э.К. Александровский 500  0  500    40 П/П Республика Александровский 0  0  0    41 Молдобаев Т.Т. Таш-Мойнокский 6 000  0  6 000      КР БШКнын мүчөсү, КР БШКнын КТТ жетекчиси                                                                   Г. М. Баатырова 
Кененирээк билүү >>
 КР БШК Ош облусундагы Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендерге материалдык жардам көрсөттү
17.05.2017

КР БШК Ош облусундагы Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендерге материалдык жардам көрсөттү

КР БШКнын жамааты Ош облусундагы Өзгөн районунда жер көчкүсүнүн кесепетинен жабыр тарткандарга жана Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн  жапа чеккендерге   материалдык жардам көрсөттү. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине БШК мүчөлөрүнүн бир күндүк сый акылары жана аппарат кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акылары которулду. БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жана Европа Советинин Венециан комиссиясынын эксперттери шайлоо процесинин алкагында адам укугу, талаш-тартышты чечүү жана арыздарды кароо боюнча талкуу уюштурушту. (фоторепортаж)
17.05.2017

БШК жана Европа Советинин Венециан комиссиясынын эксперттери шайлоо процесинин алкагында адам укугу, талаш-тартышты чечүү жана арыздарды кароо боюнча талкуу уюштурушту. (фоторепортаж)

Бүгүн 17-майда Венециан комиссиясы КР БШКнын мүчөлөрү жана кызматчылары үчүн эл аралык тажрыйбанын негизинде шайлоо процессиндеги талаш-тартышты чечүү жана арыздарды кароо боюнча семинар өткөрдү. Семинардын катышуучуларына Борборшайлоокомдун  төрагсы Н. Шайлдабекова, Европа Советиндеги Венециан комиссиясынын долбоорунун менеджери  Светлана Анисимова куттуктоо сөз сүйлөштү. Латвия Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Европа Советиндеги Венециан комиссиясынын эксперти Арнис Цимдарс семинардын катышуучуларына «Латвия тажрыйбасына обзор жана шайлоо процессинин алкагында талаш-тартышты чечүү жана арыздарды кароонун жакшы практикасы» аттуу темадагы докладынын бет ачарын өткөрдү.  Европа Советинин Венециан комиссиясынын эксперти, юридика илимдеринин кандидаты, адвокат Сергей Кальченко семинардын катышуучуларын  шайлоо мыйзамдуулугу жана шайлоо талаш-тартыштарын чечүү багытындагы  Европа Советинин стандарттары менен тааныштырды.  БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жамааты Балыкчы АИКинин системалык администратору Кемелуулу Кайраттын атасы Чукуев Кемелдин каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат
17.05.2017

КР БШКнын жамааты Балыкчы АИКинин системалык администратору Кемелуулу Кайраттын атасы Чукуев Кемелдин каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты Балыкчы АИКнин системалык администратору  Кемел уулу Кайраттын атасынын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат. Башка түшкөн оорду толгус кайгыны тең бөлүшүп, Чукуев Кемелдин үй-бүлөсүнө жана  жакын туугандарына чын жүрөктөн чыккан терең кайгырууну билдиребиз. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты 
Кененирээк билүү >>
Арыздарды жана даттанууларды каттоо
17.05.2017

Арыздарды жана даттанууларды каттоо

2016-жылдын 11-декабрына белгиленген Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана  референдум өткөрүү учурунда  Кыргыз Республикасында референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды  шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартибин сактоо жана көзөмөлдөө боюнча шайлоо процессинде шайлоочулардын жана  башка катышуучулардын  арыздары жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобуна келип түшкөн арыздар менен  даттанууларды каттоо. Тизме тиркелет
Кененирээк билүү >>
2016-жылдын 11-декабрында  Кыргыз Республикасында референдумга даярдануу жана  өткөрүү  учурунда Арыздарды жана  даттанууларды каттоо
17.05.2017

2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасында референдумга даярдануу жана өткөрүү учурунда Арыздарды жана даттанууларды каттоо

2016-жылдын 11-декабрына белгиленген Кыргыз Республикасынын референдум өткөрүү жана Кыргыз Республикасында референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо учурунда шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартибин сактоо жана көзөмөлдөө боюнча шайлоо процессинде шайлоочулардын жана  башка катышуучулардын  арыздары жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобуна келип түшкөн арыздар менен  даттанууларды каттоо. Тизме тиркелет
Кененирээк билүү >>
Джаннис Букиккио, Европа Советинин Венециан комиссиясынын төрагасы: «Кыргызстан  демократиялык  шайлоо системасын түзүүдө көп иш аткарды, биз эми сиздерге көп нерселерди сунуштай  албайбыз”
15.05.2017

Джаннис Букиккио, Европа Советинин Венециан комиссиясынын төрагасы: «Кыргызстан демократиялык шайлоо системасын түзүүдө көп иш аткарды, биз эми сиздерге көп нерселерди сунуштай албайбыз”

“Кыргызстан демократиялык шайлоо системасын түзүүдө көп иш аткарды, биз эми сиздерге көп нерселерди сунуштай  албайбыз”-деп айтты Европа Советинин Венециан комиссиясынын төрагасы Джанни Букиккио бүгүн  15-майда КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова менен Санкт-Петербургдагы жолугушуу учурунда. Кыргызстандагы демократиялаштыруу анын ичинде шайлоо процессине токтолуп, Дж Букиккио мындай деди:”албетте азыр деле  иштер көп, ошол эле учурда Кыргызстандагыдай бийик  деңгээлдеги ийгиликке жетүү үчүн учурда башка мамлекеттер алдында аткарылуучу көп милдеттер турат». Дж.Букиккионун айткандарына караганда ал, Кыргызстан менен 1993-жылдан баштап тыкыс кызматташып келет, мурун өлкөнүн көптөгөн жетекчилери менен пикир алышкан, алар алгачкы эле иштеринде демократиялык баалуулуктарды сактай тургандыгын билдиришкен,  бирок алардын аягына чыкпай эле калышкан. Ал, өлкө өз жолун табууда узак жылдарды басып өттү, бирок азыркы этапта өнүгүү  прогресси көрүнүп турат-деген БШКнын төрагасынын пикирине кошулду. БШКнын төрагасы  Н.Шайлдабекова, шайлоо реформасындагы жана өлкөдөгү  башка кайра куруулар боюнча, башкы милдет, жетишкендиктердин  туруктуулугун камсыз кылуу  жана аларды андан ары өркүндөтүү болуп саналат-деди. Н.Шайлдабекова шайлоо процессин  реформалоо боюнча конкреттүү аракеттер туурасында, жарандардын шайлоо укугун  ишке ашырууну жакшыртуу жана калктын шайлоо институтуна болгон ишеничи жөнүндө маалымат берди. Дж.Букиккио Борбордук Азия  мамлекеттери менен кызматташуунун маанилүүлүгүн, анын ичинен Европа Советинин мүчөсү катары Кыргызстан жана Казакстанга артыкчылык берерин белгиледи.  Ал Венециан комиссиясы менен БШКнын ортосундагы белгиленген өз ара конкреттүү пландары демократиянын жалпы баалуулуктарына кошкон салым болоорун жана Кыргызстанга ийгиликтерди каалады. БШКнын төрагасы Венециан комиссиясынын  өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдыктын жана өткөрүүнүн  жүрүшүнүн алкагындагы иш чараларга катышууга чакырды. Жолугушууга КР Жогорку Кеңештин депутаты А.Карашев, КР БШКнын мүчөсү Б.Кыдыров, Жогорку Кеңештин  КМШнын ПААнын өкүлү М.Сатвалдиев катышты. Маалымат үчүн: Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын реформалоо жаатында КР-ЕС долбоорундагы Каржылык макулдашуунун негизи менен “Шайлоо системасына реформа  жүргүзүү аркылуу демократияны бекемдөө - секторду жакшыртуу үчүн грант” аталышындагы долбоорду  ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасы жана Венециан  комиссиясы жигердүү тартипте кызматташып жатат. Кызматташуунун негизги максаты КР БШК ишмердүүлүгүн колдоого алуу,  шайлоо системасын жакшыртуу,  шайлоо системасында жүрүп жаткан реформаларга консультатция берүү, 2040-жылга чейин жүргүзүлө турган шайлоо системасынын реформаларынын концепциясын иштеп чыгуу жана сунуштарды берүү болуп саналат. Мындан тышкары,  шайлоо системасынын башка да иш-аракеттерине байланыштуу кызматташуу каралган. Мисалы, мониторинг жүргүзүү жана арыздар, шайлоо өнөктүгү маалында МКК менен иштешүү,  шайлоо жана башка маселелер боюнча саясий партиялардын катышуусу менен шайлоо жана башка маселелер боюнча кызматташуу. 2008-жылдын 24-июлундагы №165 КР Мыйзамына ылайык  Кыргыз Республикасы Укук аркылуу демократияга карата (Венециан комиссиясы) Европа комиссиясынын Уставына кошулган. Ошондон тарта Кыргыз мамлекети менен Венециан комиссиясынын ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде болуп, айрыкча КРнын сот системасында  жүрүп жаткан реформада Венециан комиссиясынын орду абдан чоң болду. Белгилей кете турган нерсе, Кыргыз Республикасы Борбордук Азиядагы ПАСЕнин "Демократия боюнча өнөктөш" макамына ээ болгон жападан жалгыз өлкө. Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда Венециан комиссиясы  Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун Конститутциялык палатасы менен да тыгыз кызматташып келет.   БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы  Санкт-Петербургдагы  “Натыйжалуу шайлоо органдары жана демократиялык шайлоо” аттуу   14-Европалык конференцияга  катышууда
15.05.2017

КР БШКнын төрагасы Санкт-Петербургдагы “Натыйжалуу шайлоо органдары жана демократиялык шайлоо” аттуу 14-Европалык конференцияга катышууда

КР БШКнын төрагасы Н Шайлдабекова жана КР БШКнын мүчөсү Б Кадыров 2017-жылдын 15-16-майында   Санкт-Петербургдагы Таврикалык дворецинде  өтүп жаткан “Натыйжалуу шайлоо органдары жана демократиялык шайлоо” аттуу   14-Европалык конференцияга катышууда. Бүгүн 15-майда Конференциянын биринчи пленардык  сессиясында  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова “Кыргызстандагы жаңы шайлоо модели: жетишкендиктер жана тапшырмалар”  деген темада доклад менен чыгып сүйлөп, жыйындын катышуучуларына  шайлоо системасындагы реформалар туурасында кеңири баяндап берди. Шайлоолорду уюштурууга жооптуу болгон Европалык конференция жыл сайын өтүүчү иш чара болуп эсептелет. Бул жылы Европа Советинин  Венециан комиссиясы Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы жана Көз каранды эмес шериктеш мамлекеттердин кызматташтыгынын  парламенттер аралык ассамблеясы менен биргелешип өткөрүп жатат. 40кка жакын мамлекеттерден 120дан ашуу катышуучулар ошондой эле эл аралык уюмдардан, борбордук шайлоо комиссияларынын төрагалары жана мүчөлөрү, Европа жана башка мамлекеттерден келген өкүлдөр, шайлоо органдарынын ишмердүүлгүн жакшыртуу ага карата ар кандай иш чараларды кабыл алуу, алдыңкы иш тажрыйбалар менен бөлүшүү боюнча талкууларга катышат. Конференциянын жүрүшүндө  анын катышуучулары шайлоо системасын өркүндөтүү жана мыйзам актыларын жакшыртып,  демократиялык шайлоону камсыз кылуу боюнча  “Санкт-Петербург декларациясына” кол коюшмакчы.   БШКнын басма сөз кызматы   
Кененирээк билүү >>
БШК кезектеги отурумда «“Маалыматтык шайлоо системасы жөнүндө” Жобону бекитти.
14.05.2017

БШК кезектеги отурумда «“Маалыматтык шайлоо системасы жөнүндө” Жобону бекитти.

2017-жылдын 13-майында КР БШКнын жыйынында  “Маалыматтык шайлоо системасы жөнүндө” Жобо каралып бекитилди, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдери бекитилди. БШКнын  структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине,атайын өкүлдөрө жана системалык администраторлорго, аймактык шайлоо комиссияларына   аталган Жобону жетекчиликке алып  иш жүргүзүү милдеттендирилди. Мындан тышкары жыйында Түп, Ала-Бука, Токмок шаардык, Талас шаардык, Талас, Манас аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилди. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын каттоо жүргүзүлү,п аларга кабыл алынган үлгүдөгү төш белги жана күбөлүк тапшырылмакчы.   БШКнын басма сөз кызматы    
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 11-майында ТИМде Евросоюз менен кызматташуу боюнча  Координациялык кеңештин биринчи жыйыны  болуп өттү
13.05.2017

2017-жылдын 11-майында ТИМде Евросоюз менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү

2017-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинде  Евросоюз менен кызматташуу боюнча  Координациялык кеңештин биринчи жыйыны  болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б.Абдрахматова жана Евросоюз менен кызматташуу боюнча  Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. А.Б.Абдрахматова “Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны жакшыртуу” жана реформанын максаттарына жетүүгө карата  ЕСтин программасынын алкагында КР БШКсы тарабынан аткарылып жаткан иш чаралар тууралуу кыскача маалымат менен чыгып сүйлөдү. Ал КР БШК тарабынан жүргүзүлгөн иштерге токтолду: - ачыктыкты  жана арыз берүү механизиминин  жол жоболорун кеңейтүү; -КР БШКга келген арыздардын ачык режимин жүргүзүү, аны кароонун жана жыйынтыгын билүүнүн мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу; -Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасын реформалоонун Стратегиясын иштеп чыгуу. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө ЕС менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин 2017-жылга иш планы бекитилди. Аягында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Э. Абдылдаев министрликтер менен ведомстваларга ЕС менен кызматташуу боюнча бардык кабыл алынган иш чараларды аткарууну суранып кетти. Ал эми  ЕС менен кызматташуунун алкагында кабыл алынган тапшырмаларды аткарууда ТИМ тарабынан мамлекеттик органдарга ар тараптуу көмөк көрсөтө тургандыгы айтылды. БШКнын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, саясий партияларга, коомдук мекемелерге жана Бишкек шаардык кеңешине КАЙРЫЛУУСУ
13.05.2017

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, саясий партияларга, коомдук мекемелерге жана Бишкек шаардык кеңешине КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу шайлоочулар жана саясий партиялардын өкүлдөрү! “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5- бөлүгүнүн 19-статьясына ылайык Бишкек АИКтин чечими менен 2015-жылы участкалык шайлоо комиссиясы 2 жылдык мөөнөткө түзүлгөн, анын иштөө мөөнөтү ушул жылдын июнь айында аяктайт, мындан сырткары жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан жылдырылган  участккалык шайлоо комиссияларынын резервинин мөөнтү да аяктайт.   Ушуга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу өкүлчүлүктүү органдарынан УШКтын тутумун түзүү үчүн УШКнын резервин түзүүгө, жана УШКнын тутумуна кирүүгө саясий партиялардын талапкерлеринен  УШКтын тутумун түзүп жаткандыгын  кулактандырат. УШКнын аракеттеги резервинде турган жергиликтүү өзүн өзү башкаруу   органдарынын талапкерлери, өздөрүнүн талапкерлигин жылдыра алат. УШКнын мүчөлүгүнө талапкер резервине талапкерлерди жылдыруу учурунда алардын административдик аймакта жашоосун эсепке алуулары зарыл.   УШК шайлоого даярдык көрүүнү уюштуруп өткөрүүчү, жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жана коргоочу  коллегиялык орган. УШКнын тутумунда  иштөө жооптуулукту талап кылат жана шайлоо мыйзамына ылайык келген иштерди аткарат. Ушуга байланыштуу УШКнын резервине талапкерлерди жылдырууда ошол жарандын макулдугун, ишке даярдык деңгээлин, ошондой эле профессионалдуулугу, шайлоо комиссияларда иштөө тажрыйбасы, өзүк касиети  эсепке алынат. УШКнын резервине талапкерлерди коомдук мекемелерден, шайлоочулардын жыйынынан  жылдырууда жыйындын төрагасы жана катчысынын колу коюлуп,  мөөрү басылышы  керек. Протоколго жыйналыштын катышуучуларынын тизмеси, алардын жашаган жери көрсөтүлүп, колдору коюлушу зарыл. Саясий партиялардан жылдыруу алардын уставына ылайык өтүшү зарыл. УШКга тийиштүү документ, саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу коюлуп, печаты басылышы зарыл. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге тиркелет: -Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын нормаларын милдеттүү сактай тургандыгы тууралуу жана участкалык шайлоо комисиясынын тутумунда иштегенге макулдугу болгон арызы; -паспорттун көчүрмөсү; -билими, окуусу, иш орду көрсөтүлгөн биографиялык маалыматы  (кадрга тийиштүү өздүк баракча  жана резюме); -Байланыш дареги: жашаган жеринин адреси, телефон номерлери. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы тууралуу” жана шайлоо комиссиясынын резервин түзүүнүн тартиби тууралуу Жобосунун негизинде УШКтин мүчөлөрүнүн резервине төмөндөгүлөр мүчө боло алышпайт: - Жогорку Кенештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; -мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлери; -судья, укук коргоо жана  фискалдык органдын, аскеркызматчысы; - талапкер, саясий партиялардын жана талапкердин өкүлдөрү; - башка мамлекеттин жарандары; - соттулугу алынбаган же тийиштүү мыйзам чегинде жокко чыгарылбагандар; - башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү. УШКнын резервине талапкерлерди жылдыруудагы шайлоочулардын жана коомдук уюмдардын чогулушунун Протоколу Бишкек шаардык кеңешинде  2017-жылдын 31-майына дейре саат 18ге чейин кабыл алынат. Бул тууралуу толук маалыматты  «Шайлоо комисияларын түзүү жана таратуунун тартиби тууралуу» жана «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн тартиби тууралуу» Жоболордон, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиялардын тутумуна жана резервине талапкерлерди жылдыруудагы документтердин үлгүсү менен КР БШКнын расмий сайтындагы материалдардан таанышса болот: www.shailoo.gov.kg.   Сурап билүү телефону: Бишкек шаардык кеңеши    62- 58-14,       Бишкек АИК                           62 -08- 24  
Кененирээк билүү >>
БШКда Кыргыз Республикасындагы мүмкүнчүлүгү  чектелген жарандардын шайлоо укугун турмушка ашыруу маселесин өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү
13.05.2017

БШКда Кыргыз Республикасындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугун турмушка ашыруу маселесин өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү

12-майда Жумушчу топтун жетекчиси Бахтияр Кадыров кириш сөз сүйлөп, жыйындын ишин алып барды. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Актан Балбаков шайлоо укугуна ээ, мүмкүнчүлүгү чектелган 18 жаштан өткөн жарандардын тизмесин тактоо маселесине токтолду. Анын маалыматына караганда 36 райондон жана шаардан маалыматтар алынды. Министрлик 1-июнга чейин ал адамдардын тизмелерин тактоо милдетин алат. Ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген, шайлоо курагындагы жарандардын саны 16 300 адамды түзөт.  «Эгль» коомдук фондусунун директору Чолпон Омурканова  ведомство аралык комиссия түзүп, сот системасы, психиатриялык кызмат, жаза аткаруу мамкызматы жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн киргизип,  абакта жана психиатриялык ооруканада жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын шайлоо укугун  турмушка ашыруу ишин жүргүзүүнү сунуштады. Бул категориядагы шайлоочулардын саны 1100 адамга жетет.  Ал эми Бишкек шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Лариса Губинанын маалыматына караганда угуусу жана көрүүсү начар 2778 шайлоочу бар, 954 жаран үйлөрүндө тейленет. Шайлоо укугуна ээ 250 адам жатак мекемелерде жашашат.  «Назик-кыз» коомдук бирикмесинин өкүлү Үкей Мураталиева падустарды пайдаланып, шайлоо участкаларына кирүүдө кошумча адам күчү керек болоорун айтып, жарандардын аларга болгон мамилесинин өзгөрүлүшүн жана алар да кадимки жарандардын катарында иштеп, жашагылары келээрин кошумчалады.  Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасы Эл аралык фонд өкүлчүлүгүнүн прогаммалык координатру Бермет Мамееванын маалыматына караганда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштөөдө тажрыйбасы бар консультаттар ишке тартылмакчы. БШКнын кызматкерлери, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мамлекеттик органдар менен биргеликте  аталган адамдар үчүн  шайлоо участкалары боюнча маалымат алууну уюштура тургандыгын кошумчалады. Жыйындын акырында кийинки  чогулушка чейин Жумушчу топтун жакынкы жана келечектеги практикалык аткара турган иштери бөлүштүрүлдү.   КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Айылдык кеңешке депутаттарды шайлоого катыша турган талапкерлерди каттоо аяктады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2017-жылдын 28-майында өтөт
13.05.2017

Айылдык кеңешке депутаттарды шайлоого катыша турган талапкерлерди каттоо аяктады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2017-жылдын 28-майында өтөт

Календарлык планга ылайык 2017-жылдын -майында айылдык кеңешке депутаттарды шайлоого катыша турган  талапкерлерди каттоо аяктады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2017-жылдын 28-майында өтөт.  Жалал-Абад облусундагы Токтогул райондук айылдык кеңешке  депутаттарды  мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган  талапкерлердин тизмеси  катталды (тиркелет).  Жалал-Абад облусуна караштуу  Аксы районундагы  айылдык кенешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган  талапкерлердин  тизмеси катталды (тиркелет)    Ош облусунун Алай районундагы айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган  талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет) Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган  талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет) Талас облусунун Талас районундагы айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган  талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет)  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган  талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет) Чүй облусунун Жайыл районундагы айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган  талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет) Чүй облусунун Кемин районундагы айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган  талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет) Чүй облусунун Москва районундагы айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган  талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет) Чүй облусунун Панфилов районундагы айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган  талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет) Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган  талапкерлердин тизмеси катталды (тиркелет)      
Кененирээк билүү >>
БШК эл аралык  өнөктөштөр ПРООН, ЕККУ жана  IFES менен координациялык жолугушуу өткөрдү
12.05.2017

БШК эл аралык өнөктөштөр ПРООН, ЕККУ жана IFES менен координациялык жолугушуу өткөрдү

11-майда БШКда эл аралык өнөктөштөр менен координациялык жолугушуу өттү. Анда алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байланышкан кызматташуу тууралуу иш пландары менен бөлүшүү болду.  БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова  колдоо көрсөткөндүгү үчүн эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо реформасын алдыга жылдырууда  ар тараптуу,  конструктивдүү кызматташууга даяр экенин билдирди. "Борбордук шайлоо комиссиясы ушул этапта эл аралык өнөктөштөрдүн активдүү жардамы менен  шайлоонун бардык  тармагында  көзгө көрүнөөрлүк ийгиликтерге жетишти.  ПРООН, ЕККУ, Европа  Союзу,  Японии өкмөтү, Швейцарии,  Корея республикасы, Дания, Индия, ошондой эле эл аралык уюмдар KOICA, JICA, USAID, IFES жана башка бир катар эл аралык уюмдар ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө"-деди БШКнын төрагасы.   КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
1 … 428 430 … 488