Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы
11.09.2017

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондусунан акча каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө 2017-жылдын 11-сентябрына карата маалыматы № Талапкер Түштү Чыгымдалды Калдыгы 1 Абдылдаев А.Б. 2 015 000     2 010 300     4 700     2 Торобаев Б.Э. 47 230 000     11 222 249     36 007 751     3 Малиев А.К. 4 259 800     3 525 823     733 977     4 Зарлыков Э.З. 1 510 000     1 341 796     168 204     5 Сариев Т.А. 26 500 000     24 197 069     2 302 931     6 Масадыков Т.Ш. 2 806 700     2 232 930     573 770     7 Бабанов О.Т. 126 200 000     110 706 904     15 493 096     8 Мадумаров А.К. 1 103 150     1 103 109     41     9 Жээнбеков С.Ш. 46 300 000     36 778 940     9 521 060     10 Кочкоров У.Т. 1 563 400     1 562 250     1 150     11 Бекназаров А.А. 1 426 600     1 351 257     75 343     12 Уметалиева Т.Д. 1 663 275     1 598 150     65 125     13 Ташиев К.К. 1 100 000     1 099 125                       875    
Кененирээк билүү >>
КР БШК  Кыргыз Республикасынын  Президентине  талапкер Т.Сариевдин  ишенимдүү өкүлдөрүн каттады
11.09.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентине талапкер Т.Сариевдин ишенимдүү өкүлдөрүн каттады

2017-жылдын 11-сентябрында КР БШКнын  заседаниесинде  Кыргыз Республикасынын  Президентине  талапкер Т.Сариевдин  ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо тууралуу токтом кабыл алынды.  Кыргыз Республикасынын Президентине талапкер Т.Сариевдин ишенимдүү өкүлдөрү болуп: 1.Ч. Шаршекеев, 2. Ч. Кемпирбаева, 3. Б. Аванов, 4. А. Даакиев катталды. КР БШК аппаратынын  маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда шайлоо бюллетендери жөнүндө  КР БШКнын  түшүндүрмөсү
10.09.2017

Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда шайлоо бюллетендери жөнүндө КР БШКнын түшүндүрмөсү

2017-жылдын 9-сентябрында КР БШКнын жыйналышында “Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө” токтом кабыл алды. КР БШКнын мүчөлөрүнүн жыйналышында 2017-жылдын 3-сентябрында Кара-Суу шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун натыйжалары тууралуу Протоколду кароо учурунда, КР БШКнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, коомдук байкоочулардын жана ЖМКнын катышуусунда Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы М. Капаровдун, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Д. Атабаеванын, ошондой эле “Учкун” ААКнын башкы директору К. Бейшеевдин түшүндүрмөлөрүн угушту. Кара-Суу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын маалыматтарына ылайык, добуш берүү күнү №№5265, 5267, 5270 шайлоо участокторунда алынган бюллетендердин арасында бир аз чоңураак өлчөмдөгү (7-8мм.ге кең) шайлоо бюллетендери бар болуп чыккан. Аталган бюллетендер кесүүгө дуушар болгон жана андан ары добуш берүүдө пайдаланылган. КР БШКнын мүчөлөрүнүн берген суроолоруна жооп берген КР БШКнын жыйналышына чакырылган “Учкун” ААКнын башкы директору К. Бейшеев басмакана тарабынан ката кетирилгенин: кагазды кесүүдө “Учкун” ААКнын кызматкерлери тарабынан блоктордун биринде 4000 даана шайлоо бюллетендеринин 4 тарабынын бири аягына чейин кесилбей калганын түшүндүргөн. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы М. Капаров өз кезегинде жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу максатында аталган маселени чечүүнүн жолдорун табыш керек болгонун түшүндүргөн. Буга байланыштуу саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын байкоочуларынын катышуусунда бюллетендерди кесүү жөнүндө чечим кабыл алынып, бул туурасында тийиштүү акты түзүлгөн. Басмаканада жана шайлоо болгонго чейин Кара-Суу шаарында өткөрүлгөн бюллетендерди тестирлөөдө бюллетендер боюнча эч кандай көйгөй болбогондугун белгилей кетүү керек. №5265 участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Д. Атабаева мындай 19 бюллетенди автоматтык эсептөөчү урна башынан эле – алгачкы эки шайлоочудан кийин кабыл албаганын түшүндүрдү. Техникалык үзгүлтүк катары кабыл алынган АЭУнун бюллетендерди кабыл алуудан баш тартуусунун себептерин аныктоо жана аларды четтетүү убакытты ээлеген. Идентификациялоодон өткөн, бюллетень алган жана добуш бергендиги жөнүндө белги койгон шайлоочулар участоктон кете баштагандыгынан улам УШКнын мүчөлөрү байкоочулардын катышуусу менен тийиштүү акты түзүшкөн жана ага саясий партиялардан катышкан бардык байкоочулар жана УШКнын мүчөлөрү колтамгаларын коюшкан. Натыйжада добуш берүнүн купуялуулугун бекем сактоо менен 19 шайлоочудан бюллетендер кабыл алынган. АЭУ тарабынан бюллетендерди кабыл алуу кайра жандангандан кийин, комиссиянын чечими менен жана байкоочулардын макулдугу боюнча бюллетендер УШКнын төрагасы тарабынан кайрадан АЭУдан өткөрүлгөн. Аталган кырдаал шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен эмес. Шайлоочулардын добуш берүүсүнүн купуялуулугу бузулган эмес. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөөнүн жана шайлоонун натыйжаларын аныктоонун жүрүшүндө шайлоочулар тарабынан даттануулар жана арыздануулар келип түшкөн эмес. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча “Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Кара-Суу шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун натыйжалары туурасында протоколду бекитүү жөнүндө” токтомдун долбоору КР БШКнын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынган. Ошону менен бирге КР БШКнын мүчөлөрү “Учкун” басмаканасына күнөөлүү кызматкерлерге карата тийиштүү дисциплинардык чара көрүүнү сунуштаган. Ошондой эле КР БШКнын аппаратынын жооптуу кызматкерлерине мындай кырдаалга жол бербөө үчүн бюллетендерди өзгөчө контролго алуу тапшырылган.   КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК айрым жергиликтүү  кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын бекитүү тууралуу протоколун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды
09.09.2017

КР БШК айрым жергиликтүү  кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын бекитүү тууралуу протоколун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды

2017-жылдын 9-сентябрында  КР БШК  2017-жылдын 3-сентябрында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Чаткал, Токтогул райондорундагы айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколду  карап, бекитти.  Тогуз-Торо айылдык кеңешиндеги шайлоонун жыйынтыгы: Ленин  шайлоо округу (7мандат)   № Талапкерлердин аты-жөнү   Талапкерлерге берилген шайлоочулардын добуштарынын саны       Көчөрбаев Акылбек Сапарбекович 307     Ажыбаев Рахатбек Өмүрканович 235     Шайнаева Гүлжамал Теңирбердиевна 221     Бейшенбек уулу Нурсултан 218     Рыскулбеков Таалайбек Асанжанович 196     Чекиев Эрнис Бешкемпирович 194     Рыспаев Таалайбек Төлөгөнович 182     Дөдөмөл шайлоо округу   (4 мандат) № Талапкерлердин аты-жөнү   Талапкерлерге берилген шайлоочулардын добуштарынын саны       Турдакунов Чубак Токтожумаевич 199     Кыдыкбаева Бейшебүбү Тентишовна 165     Эгембердиев Сейдалы Сатыбалдиевич 157     Сапарбеков Сүйүндүк 140     Терек-Сай айылдык кеңешиндеги шайлоонун жыйынтыгы: Терек-Сай  шайлоо округу  (5 мандат)     №   Талапкерлердин аты-жөнү Талапкерлерге берилген шайлоочулардын добуштарынын саны     1. Ажакматов Ильяс Калмаматович 167   2. АшырбаевБолотбекСапарбекович 262   3. КаныбековНурланКаныбекович 145   4. ТашбаевМирланЖаманкулович 137   5. ЧимканаевДамирбекАбдиллаевич 133     Кызыл-Токой  шайлоо округу (3  мандат) № Талапкерлердин аты-жөнү Талапкерлерге берилген шайлоочулардын добуштарынын саны     1 Каипов Марат Эргешович 205   2 Курманбеков Жуманалы Курманбекович 141   3 Орозбаева Чынарбү Оморовна 100     Ак-Терек  шайлоо  округу (3 мандат)   №   Талапкерлердин аты-жөнү Талапкерлерге берилген шайлоочулардын добуштарынын саны     1 Сартманбетов Идрысбек Жумадилович 103   2 Тойчуев Мелисбек Сыдыкбекович 145   3 Чотбаев Абдиумар Эргешович 99     Кызыл-Өзгөрүш  айылдык  кеңеши: Өзгөрүш  шайлоо округу (8 мандат)   № Талапкерлердин аты-жөнү Талапкерлерге берилген шайлоочулардын добуштарынын саны 1 Адишов  Ибрагим Жаныбекович 361 2 Байсопуев Кабыл Аргынбаевич 366 3 Бакиев Эстебес 340 4 Молдоболотов Дѳѳлѳт Базарбаевич 345 5 Мутуев Эмилбек Мейманжанович 310 6 Ѳктѳнбеков Марс Эрмекбаевич 264 7 Сманова Гүлбайра Бабановна 269 8 Υметалиев Айбек Турдалиевич 378   Камыш-Башы  шайлоо округу (6 мандат) № Талапкерлердин аты-жөнү Талапкерлерге берилген шайлоочулардын добуштарынын саны 1 Базаркулов Муратбек Чоробаевич 167 2 Бердигулов Махаратбек 229 3 Нуржакыпов Мейманбек 154 4 Сагынбеков Эсен Сыргатаевич 225 5 Табалдиев Бусурман Адашович 163 6 Тѳрѳкулов Өмүрбек Турсунбаевич 174   Кызыл-Жылдыз шайлоо округу (7 мандат) № Талапкерлердин аты-жөнү Талапкерлерге берилген шайлоочулардын добуштарынын саны 1 Айтмурза Уулу Азизбек 462 2 Бекишов Абдыбек Дүйшебекович 464 3 Боргемиков Алтынбек Кыйбаевич 407 4 Бусурманов Эмилбек Шерматович 403 5 Кошоев Адилет Нуркамилович 310 6 Мейманжанов Мирлан Барпыбаевич 377 7 Сулпукоров Алмас Кайсарбаевич 333   Шайлоо күнү, ар бир шайлоо участкасында добуш берүүнүн  башталышынан жыйынтыгы чыкканга чейин саясий партиянын жана коомдук уюмдардын байкоочулары катышып отурушту. Шайлоо комиссиясынын аракеттерине, добуш берүүнүн жүрүшү, шайлоонунун жыйынтыгы учурунда шайлоо мыйзамынын бузулушу тууралуу , арыз жана даттануулар түшкөн жок. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкердин  ишенимдүү адамдарын каттады
09.09.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкердин ишенимдүү адамдарын каттады

2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Мадумаровдун ишенимдүү адамдарын каттоо тууралуу токтом кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Мадумаровдун ишенимдүү адамдары болуп: Сатарова Айгул Эркебаевна Полотов Мирлан Шамшиевич Ыбрайымов Динимухамед Сатымбаевич Акунбаев Каныбек Алимбаевич Таабалдиев Исматилла Эргешович Мамытов Нурлан Мамбетжанович Алибаева Айгерим Абдижалиловна Осмонов Илгиз Сапарбаевич Муратбек уулу Азамат Бекенов Кутманбек Садирбекович Бекташев Авазбек Муктаралиевич Кошоева Клара Токтогуловна Мидинов Ардакбек Имараалиевич Рахманбердиева Айша Жеенбаев Абдисамат Ниязбекович Таиров Шайырбек Азимжанович Чыбышев Токтогул Акматович Торокулов Зайирбек Давлатбекович катталды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Турсунбек Акунду  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  талапкер катары каттоодон баш тартты
09.09.2017

КР БШК Турсунбек Акунду  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  талапкер катары каттоодон баш тартты

2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында Турсунбек Акунду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына каттоодон баш тартуу маселеси каралды. 2017-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Адам укугу” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын жараны, Турсунбек Акунду   Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөтүү  чечими   келип түшкөн. 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акун  КР БШКга өзүнүн талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 35 462 кол тамгасын тапшырган. Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акунду колдогон шайлоочулардын 35 462 колунун ичинен 20 930 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 14 532 кол тамга анык деп табылды. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн. Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот. КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын №427-Токтому менен Турсунбек Акунду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акундун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укуктары токтотулду. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК К.Шаршекееваны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  талапкер катары каттоодон баш тартты
09.09.2017

КР БШК К.Шаршекееваны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  талапкер катары каттоодон баш тартты

2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында  К.Шаршекееваны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына каттоодон баш тартуу маселеси каралды. 2017-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын жараны, К.Шаршекеевадан  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоо тууралуу арызы   келип түшкөн. 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. Шаршекеева  КР БШКга өзүнүн талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 39 481 кол тамгасын тапшырган. Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шаршекееваны колдогон шайлоочулардын 39 481 колунун ичинен 15 580 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 23 901 кол тамга анык деп табылды. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн. Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот. КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын №430-Токтому менен К.Исаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Шаршекееванын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укуктары токтотулду. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК К.Исаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  талапкер катары каттоодон баш тартты
09.09.2017

КР БШК К.Исаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  талапкер катары каттоодон баш тартты

2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында  К.Исаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына каттоодон баш тартуу маселеси каралды. 2017-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Кыргызстан” саясий партиясынын К.Исаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоо тууралы чечими келип түшкөн. 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Исаев  КР БШКга өзүнүн талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 37 621 кол тамгасын тапшырган. Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Исаевди колдогон шайлоочулардын 37 621 колунун ичинен 10 400 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 27 221 кол тамга анык деп табылды. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн. Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот. КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын №428 Токтому менен К.Исаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. Исаевдин шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Т.Турумбеков менен Н.Кудайбергеновдун ыйгарым   укуктары токтотулду. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И. Масалиевди  каттоодон  баш тартты
09.09.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И. Масалиевди каттоодон баш тартты

2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында талапкер И. Масалиевди каттоодон баш тартуу маселеси каралды. 2017-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Кыргызстан Коммунисттер партиясынын” И.Масалиевди  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  талапкер катары көрсөткөн чечими түшкөн. 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиев КР БШКга анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 36 673 кол тамгасын тапшырган. Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиевди колдогон шайлоочулардын 36 673 колунун ичинен 30 470 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 6 203 кол тамга анык деп табылды Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн. Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын №429 Токтому менен И.Масалиевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиевдин шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укуктары токтотулду. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
09.09.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн  каттоо тууралуу токтом кабыл алынды.  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин каржы боюнча  ыйгарым укуктуу өкүлү болуп: Кылжыев  Самат Аскербекович катталды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиевдин өкүлүнүн ыйгарым укуктары токтотулду
09.09.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиевдин өкүлүнүн ыйгарым укуктары токтотулду

2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиевдин өкүлү Айдосов Айболот Абдурахмановичтин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«СЕНИН ДОБУШУН - СЕНИН КЕЛЕЧЕГИН! ТВОЙ ВЫБОР – ТВОЕ БУДУЩЕЕ!»
09.09.2017

«СЕНИН ДОБУШУН - СЕНИН КЕЛЕЧЕГИН! ТВОЙ ВЫБОР – ТВОЕ БУДУЩЕЕ!»

2017-жылдын 10-сентябрында   саат 18:00дө  Бишкек шаарынын  студенттери, жаш активисттери үчүн  «Сенин добушуң-сенин келечегин! Твой выбор-твое будущее!» аттуу үгүт поезддин   башталыш акциясы өтөт. Иш-чарага  Бишкек шаарынын  жашоочулары, студенттер, жаш активисттер катышат. Үгүтпоезд «СЕНИН ДОБУШУҢ – СЕНИН КЕЛЕЧЕГИҢ! ТВОЙ ВЫБОР – ТВОЕ БУДУЩЕЕ!» - бул мобилдик маалыматтык тобу, шайлоочуларды  шайлоо процессинини этаптары, жаңы шайлоо моделинин өзгөчөлүктөрү, добуш берүүнүн жол-жоболору тууралуу тааныштырат.  Ошондой эле анын мазмунуна Президенттин ыйгарым укуктары тууралуу, добуш берүүнүн купуялуулугу, ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн “Кошунаңды ээрчите кел”! акциясы, добуш сатууга каршы аракет аттуу темалар киргизилген.     Акцияга жаш активисттер, эстрада ырчылары,  ди-джейлер,  чыгармачыл топтор катышат.  Иш-чаранын программасында: маалыматтык роликтер көрсөтүлөт,  маанилүү викториналар, флеш-мобдор, тематикалык буклеттер, чакыруулар таркатылат.  КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы  эл аралык  25 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
09.09.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы  эл аралык  25 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

КМШ миссиясынын тутумундагы Парламенттер аралык Ассамблеясынын байкоочулары, РФ БШКсы, Румынянын туруктуу шайлоо органы, Молдованын БШКсы, Шайлоо системасынын эл аралык фонду,  Эл аралык демократиялык институтунан бардыгы болуп 25 эл аралык  байкоочу аккредитациядан өттү. 2017-жылдын 8-сентябрына  карата Борбордук шайлоо комиссиясы 86 эл аралык байкоочуну  аккредитациядан өткөрдү. Эл аралык байкоочулардын тизмеси менен  бул шилтемеден таанышсаңар болот. КР БШК аппратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу токтом кабыл алды
09.09.2017

КР БШК Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу токтом кабыл алды

Бугүн 2017-жылдын 9-сентябрында КР БШК  “2017-жылдын 3-сентябрында өткөн Ош облусунун  Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө” протоколду бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Шайлоого  катышуу үчүн  каттоого жана шайлоо бюллетенине “Республика”, “Кыргызстан”, “Мамлекеттин биримдиги жана Мекенчил”  “Бир бол” партиясы, “Мекеним Кыргызстан”, Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан социал-демократиялык саясий” партиясынан өкүлдөр киргизилген. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча 7 пайыздык чекти 3 саясий партия өттү. Төмөндөгү таблицада  мандаттардын бөлүнүшү көрсөтүлгөн: 31 мандат Саясий партиялар үчүн берилген добуштар % катышы 7% босогону аттаган партиялар 1 мандат-тын квотасы Мандаттын бөлуштү- рүлүшү РЕСПУБЛИКА 311 5,27       Кыргызстан 578 9,79 578   3 Бир Бол 13 0,22       Мекеним Кыргызстан 757 12,82 757   5 ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС 346 5,86       СДПК 3789 64,19 3789   23 Против всех 109 1,85       Всего (без недействи-тельных бюллетней) 5903   5124 165,29 31     Шайлоо күнү ар бир шайлоо участкасында шайлоо  башталгандан тартып, добуш берүүнүн  жыйынтыгы чыкканга чейин саясий партиялардан жана коомдук уюмдардан байкоочулар катышышты.   Шайлоо комиссиясынын аракеттерине добуш берүү боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда жана шайлоо мыйзамдуулугун бузган арыз жана даттануулар түшкөн жок.   КР БШК аппаратынын маалыматтык  бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР  БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер  Т.Кожогуловду   каттоодон  баш  тартты
08.09.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Кожогуловду каттоодон баш тартты

2017-жылдын  8-сентябрындагы   КР  БШКнын жыйынында талапкер Т.Кожогуловду   каттоодон  баш  тартуу  маселеси  каралды. 2017-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жараны Т.Кожогуловдон арыз түшкөн.   2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  талапкер Т.Кожогулов   КР БШКга анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 34 027  кол тамгасын тапшырган. Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Кожогуловду  колдогон шайлоочулардын 34 027 колунун ичинен  26 015 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 8 012  кол тамга анык деп табылды. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1 бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн. Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот. КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 8-сентябрындагы КР БШКнын №424-Токтому менен   Т.Кожогуловду  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т. Кожогуловдун  шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн   укуктары токтотулду.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР  БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Карасартованы   каттоодон  баш  тартты
08.09.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Карасартованы каттоодон баш тартты

2017-жылдын  8-сентябрындагы   КР  БШКнын жыйынында талапкер Р.Карасартованы   каттоодон  баш  тартуу  маселеси  каралды. 2017-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жараны Р.Карасартовадан арыз түшкөн.   2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  талапкер Р.Карасартова   КР БШКга анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 31 706  кол тамгасын тапшырган. Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Карасартованы колдогон шайлоочулардын 31 706 колунун ичинен  4 680 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 27 026  кол тамга анык деп табылды. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1 бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн. Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот. КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 8-сентябрындагы КР БШКнын №423-Токтому менен   Р.Карасартованы  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Карасартованын  шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн   укуктары токтотулду.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
1 … 408 410 … 488