Башкы Жаңылыктар Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда шайлоо бюллетендери …

Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда шайлоо бюллетендери жөнүндө КР БШКнын түшүндүрмөсү

10-Сен, 2017

2017-жылдын 9-сентябрында КР БШКнын жыйналышында “Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө” токтом кабыл алды.

КР БШКнын мүчөлөрүнүн жыйналышында 2017-жылдын 3-сентябрында Кара-Суу шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун натыйжалары тууралуу Протоколду кароо учурунда, КР БШКнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, коомдук байкоочулардын жана ЖМКнын катышуусунда Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы М. Капаровдун, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Д. Атабаеванын, ошондой эле “Учкун” ААКнын башкы директору К. Бейшеевдин түшүндүрмөлөрүн угушту.

Кара-Суу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын маалыматтарына ылайык, добуш берүү күнү №№5265, 5267, 5270 шайлоо участокторунда алынган бюллетендердин арасында бир аз чоңураак өлчөмдөгү (7-8мм.ге кең) шайлоо бюллетендери бар болуп чыккан.

Аталган бюллетендер кесүүгө дуушар болгон жана андан ары добуш берүүдө пайдаланылган. КР БШКнын мүчөлөрүнүн берген суроолоруна жооп берген КР БШКнын жыйналышына чакырылган “Учкун” ААКнын башкы директору К. Бейшеев басмакана тарабынан ката кетирилгенин: кагазды кесүүдө “Учкун” ААКнын кызматкерлери тарабынан блоктордун биринде 4000 даана шайлоо бюллетендеринин 4 тарабынын бири аягына чейин кесилбей калганын түшүндүргөн.

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы М. Капаров өз кезегинде жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу максатында аталган маселени чечүүнүн жолдорун табыш керек болгонун түшүндүргөн. Буга байланыштуу саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын байкоочуларынын катышуусунда бюллетендерди кесүү жөнүндө чечим кабыл алынып, бул туурасында тийиштүү акты түзүлгөн.

Басмаканада жана шайлоо болгонго чейин Кара-Суу шаарында өткөрүлгөн бюллетендерди тестирлөөдө бюллетендер боюнча эч кандай көйгөй болбогондугун белгилей кетүү керек.

№5265 участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Д. Атабаева мындай 19 бюллетенди автоматтык эсептөөчү урна башынан эле – алгачкы эки шайлоочудан кийин кабыл албаганын түшүндүрдү.

Техникалык үзгүлтүк катары кабыл алынган АЭУнун бюллетендерди кабыл алуудан баш тартуусунун себептерин аныктоо жана аларды четтетүү убакытты ээлеген.

Идентификациялоодон өткөн, бюллетень алган жана добуш бергендиги жөнүндө белги койгон шайлоочулар участоктон кете баштагандыгынан улам УШКнын мүчөлөрү байкоочулардын катышуусу менен тийиштүү акты түзүшкөн жана ага саясий партиялардан катышкан бардык байкоочулар жана УШКнын мүчөлөрү колтамгаларын коюшкан.

Натыйжада добуш берүнүн купуялуулугун бекем сактоо менен 19 шайлоочудан бюллетендер кабыл алынган.

АЭУ тарабынан бюллетендерди кабыл алуу кайра жандангандан кийин, комиссиянын чечими менен жана байкоочулардын макулдугу боюнча бюллетендер УШКнын төрагасы тарабынан кайрадан АЭУдан өткөрүлгөн.

Аталган кырдаал шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен эмес. Шайлоочулардын добуш берүүсүнүн купуялуулугу бузулган эмес.

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөөнүн жана шайлоонун натыйжаларын аныктоонун жүрүшүндө шайлоочулар тарабынан даттануулар жана арыздануулар келип түшкөн эмес.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча “Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Кара-Суу шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун натыйжалары туурасында протоколду бекитүү жөнүндө” токтомдун долбоору КР БШКнын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынган.

Ошону менен бирге КР БШКнын мүчөлөрү “Учкун” басмаканасына күнөөлүү кызматкерлерге карата тийиштүү дисциплинардык чара көрүүнү сунуштаган. Ошондой эле КР БШКнын аппаратынын жооптуу кызматкерлерине мындай кырдаалга жол бербөө үчүн бюллетендерди өзгөчө контролго алуу тапшырылган.

 

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>