17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБШТБ) менен Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Кызматташтык «Жаштардын тандоосу - келечек биздин колубузда» аттуу билим берүү демилгесин ишке ашырууга багытталган.
Программа студенттердин жарандык жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатууга, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана медиасабаттуулугун өнүктүрүүгө багытталган. Ал 2026-жылдын 18-ноябрынан 18-декабрына чейин Бишкек шаарында өткөрүлүп, борбор калаадагы сегиз жогорку окуу жайынан 40 студентти камтыйт.
Катышуучуларды шайлоо мыйзамдары, шайлоо укуктары жана добуш берүү жол-жоболору боюнча лекциялар, семинарлар жана практикалык сабактар, ошондой эле медиасабаттуулук жана жалган маалыматтарга каршы аракеттенүү боюнча тренингдер күтөт. Программанын жыйынтыгында университеттер аралык сынак өткөрүлүп, анда студенттерден түзүлгөн сегиз команда өз демилгелерин сунуштайт.
Бул жаштар демилгесинин автору жана демилгечиси - Rise Up Kyrgyzstan тобу. Анын өкүлдөрү демилгенин концепциясын иштеп чыгып, иш-чаралардын календардык планын даярдап, кызматташуу сунушу менен КР БШКга кайрылышкан.
Меморандумга БШКнын алдындагы ЖБШТБнын директору Анара Бейшембаева жана Rise Up Kyrgyzstan тобунун жетекчиси Нурмира Мурзакматова кол коюшту.
«Жаштардын шайлоо процесси тууралуу билимин кеңейтүүгө болгон умтулуусун кубаттайбыз. Бул демилгенин өзгөчөлүгү - аны жаштардын өздөрү иштеп чыгышкан. Борбор зарыл болгон эксперттик жана усулдук колдоо көрсөтүүгө даяр», - деп белгиледи А. Бейшембаева.
«Жаштар ишенимдүү маалымат алып, өздөрүнүн жарандык укуктары менен милдеттерин билип, коомдук турмушка аң-сезимдүү катышуусу биз үчүн маанилүү. Биздин демилгебиз колдоо тапканына кубанычтабыз», - деп баса белгиледи Н. Мурзакматова.
2026-жылдын ноябрь айында Rise Up Kyrgyzstan тобу аталган демилгени Берлин шаарында өткөн Germany & Central Asia 2027 эл аралык форумунда да тааныштырган. Германиянын Copernicus Berlin уюму демилгеге кызыгуу билдирип, аны эл аралык аудиторияга чыгарууга сунуштаган.
Тараптардын кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ыктыярдуулук, өз ара урматтоо, ачыктык жана саясий бейтараптуулук принциптеринин негизинде жүргүзүлөт. Демилге билим берүү мүнөзүнө ээ.
17-Ноя, 2026