КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И. Масалиевди каттоодон баш тартты
09 сентября 2017
2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында талапкер И. Масалиевди каттоодон баш тартуу маселеси каралды.
2017-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Кыргызстан Коммунисттер партиясынын” И.Масалиевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөткөн чечими түшкөн.
2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиев КР БШКга анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 36 673 кол тамгасын тапшырган.
Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиевди колдогон шайлоочулардын 36 673 колунун ичинен 30 470 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 6 203 кол тамга анык деп табылды
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, Президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда катталышы мүмкүн.
Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү документтер тапшырылбаган учурда, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын №429 Токтому менен И.Масалиевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиевдин шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укуктары токтотулду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
