Көңүл буруңуздар! Сайт shailoo.gov.kg тесттик режимде иштеп жатат! Жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Сын-пикирлерди: pr.shailoo@gmail.com эл.дарегине күтөбүз. Мурунку сайтка өтүү

«СЕНИН ДОБУШУН - СЕНИН КЕЛЕЧЕГИН! ТВОЙ ВЫБОР – ТВОЕ БУДУЩЕЕ!»

09 сентября 2017

2017-жылдын 10-сентябрында   саат 18:00дө  Бишкек шаарынын  студенттери, жаш активисттери үчүн  «Сенин добушуң-сенин келечегин! Твой выбор-твое будущее!» аттуу үгүт поезддин   башталыш акциясы өтөт. Иш-чарага  Бишкек шаарынын  жашоочулары, студенттер, жаш активисттер катышат.
Үгүтпоезд «СЕНИН ДОБУШУҢ – СЕНИН КЕЛЕЧЕГИҢ! ТВОЙ ВЫБОР – ТВОЕ БУДУЩЕЕ!» - бул мобилдик маалыматтык тобу, шайлоочуларды  шайлоо процессинини этаптары, жаңы шайлоо моделинин өзгөчөлүктөрү, добуш берүүнүн жол-жоболору тууралуу тааныштырат.  Ошондой эле анын мазмунуна Президенттин ыйгарым укуктары тууралуу, добуш берүүнүн купуялуулугу, ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн “Кошунаңды ээрчите кел”! акциясы, добуш сатууга каршы аракет аттуу темалар киргизилген.    
Акцияга жаш активисттер, эстрада ырчылары,  ди-джейлер,  чыгармачыл топтор катышат.  Иш-чаранын программасында: маалыматтык роликтер көрсөтүлөт,  маанилүү викториналар, флеш-мобдор, тематикалык буклеттер, чакыруулар таркатылат. 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү