Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;
- Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;
- Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;
- Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;
- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.