КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров БУУнун жана БУУӨПнын өкүлдөрү менен жолугушту

12 марта 2025

2025-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында, КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве жана БУУӨПнын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, шайлоонун инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу, калк арасында укуктук маданиятты жогорулатуу, жаштардын шайлоо процесстерине катышуусун арттыруу жана алардын шайлоого активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүү зарылдыгын белгилешти.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын «Жаштар жөнүндө» Мыйзамына ылайык, жаштардын курагы 35 жашка чейин узартылган. Эми өлкө боюнча шайлоочулардын тизмесиндеги жаштардын үлүшү (18 жаштан 35 жашка чейин) 43,57% түзүп, бул 1 735 417 адамды түзөт.

Өнөктөштүктүн алкагында, БШК жана БУУнун Кыргызстандагы агенттиктеринин биргелешкен аракеттери шайлоо процесси жана жарандык жоопкерчиликтин маанилүүлүгү боюнча кызыгууну жаратуучу жеткиликтүү жана түшүнүктүү чөйрөнү түзүүгө багытталат.

Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстандагы демократиялык процесстерди күчөтүү максатында келечектеги кызматташтыкты улантууга келишишти.