КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди
26 марта 2025
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 26-мартындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Баткен шаардык, Бишкек жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди:
Баткен шаардык кеңешинен Абдыкаар уулу Уланбектин («Ыйман Нуру» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Таштанов Данияр Иркиновичке («Ыйман Нуру» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Баткен шаардык кеңешинен Малик кызы Гулнурдун («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Саматова Абиба Абдиламитовнага («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Баткен шаардык кеңешинен Сулайманбек уулу Акжолдун («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Алишеров Кенжебай Сабировичке («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Баткен шаардык кеңешинен Дүйшөева Уулкан Азизбаевнанын («Ынтымак» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Жороева Каныгүл Саматовнага («Ынтымак» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Бишкек шаардык кеңешинен Мусагул уулу Амантурдун («Эмгек» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Майрамбек уулу Сыргакка («Эмгек» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Бишкек шаардык кеңешинен Жумалиев Чынгыз Зайнидиновичтин («Жаңы күч – Новая сила» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Улугбеков Алмазбек Улугбековичке («Жаңы күч – Новая сила» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Алай районунун, Курманжан Датка айылдык кеңешинен Сарыбаева Гулумкан Маликовнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Абдиева Айнагүл Ашимбековнага өткөрүлүп берилди.Алай районунун, Памир-Алай айылдык кеңешинен Турдубеков Мурзабай Жеенековичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Косонова Гүлзина Турганбаевнага өткөрүлүп берилди.