КР БШК менен PeaceNexus Фонду “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу алкагында кызматташууну талкуулады

27 марта 2025

Кыргыз Республикасы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров менен PeaceNexus Фондунун аймактык директору Чынара Эсенгулдун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашыруунун алкагында кызматташуу маселелерин, учурдагы натыйжаларды жана өнөктөштүктүн келечектеги пландарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл - жарандык иденттүүлүк менен активдүүлүктү калыптандырууга жана өнүктүрүүгө, ошондой эле калктын укуктук маданиятын жогорулатууга бурулду.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы, Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана PeaceNexus фонду ортосундагы кызматташтык Кыргызстан элдеринин бай мурасына негизделген жалпы жарандык баалуулуктарды, адам укуктарын жана эркиндигин сыйлоо жана заманбап демократиялык принциптерди жайылтууга жана алга жылдырууга багытталган.

Тараптар мындан аркы кызматташуу коомдогу жарандык жоопкерчиликтин жана укуктук маданияттын деңгээлин жогорулатууга өбөлгө болоруна ишенимдерин билдиришти.