Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКнын 2025-жылдын 20 - августундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 20-августу 2025-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ак-Суу, Ысык-Ата, Кадамжай жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы);
2. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы).
3. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун ишинин тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Шерипбаев Б.А., Коррупцияны алдын-алуу маселеси боюнча ыйгарым укуктуу).
Кененирээк билүү >>
КР БШК аймактык кенештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, талапкерди тизмеден чыгарды жана бош мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрдү
15 август 2025 жылда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык комиссиялардын чечимдерин жактырды: айрым депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерди тизмеден чыгаруу жана бош мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүү.
Чүй облусу:
Сары-Озон ай. кенешинин (№5 Сары-Озон) депутаты Долоталиевдин М. Д. ыйгарым укуктары токтотулду — жеке арызы. Мандат Анарбек кызы Гулирага (мугалим) өткөрүлдү;
Узун-Кыр ай. кенешинин (№3) депутаты Г. А. Васильевненин ыйгарым укуктары токтотулду — жеке арызы;
Мин-Булак ай. кенешинин (№6) депутаты Л. Паншер И. ыйгарым укуктары токтотулду — жеке арызы. Мандат Масляновго М.И (жеке ишкер) өткөрүлдү.
Ош облусу:
Кызыл-Октябрь ай. кенешинин (№3 Кызыл-Сенир) депутаты Мурзанбетов А.А. ыйгарым укуктары токтотулду — жеке арызы. Мандат Мурзакаримов Б. К. (жеке ишкер) өткөрүлдү.
Жалал-Абад облусу:
Момбеков ай. кенешинин (№3 Чек) депутаты Тажик уулу Максаткулдун ыйгарым укуктары токтотулду — жеке арызы. Мандат Урбаев З.К. (№21 «Кызгалдак» бала бакчанын көзөмөлчүсү) өткөрүлдү;
Сары-Челек ай. кенешинин (№1 Мукур) депутаты Узенбай уулу Уландын ыйгарым укуктары каза болгонуна байланыштуу токтотулду. Мандат Нурматов Д. Т. (Аксы району Билим бөлүмүнүн бухгалтеру) өткөрүлдү.
Баткен облусу:
Алтын-Бешик ай. кенешинин (№5 Сай) депутаты Мамырова Ш. М. ыйгарым укуктары токтотулду — жеке арызы. Мандат Мадеминов Ж. И. (убакытча жумушсуз) өткөрүлдү.
Тизмеден чыгарылган талапкер:
Алтын-Бешик ай. кенешинин (№5 Сай) талапкери Закиров Б. А. — жеке арызы.
Кененирээк билүү >>
КР БШК шайлоо процессинин ченемдик базасын жаңылап, жаңы жоболорду бекитти
2025-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйында ички ченемдик укуктук актылардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу, ошондой эле мыйзамдардагы акыркы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен шайлоо процессинин укуктук базасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү маселелери каралды. Жыйында КР БШК алты токтом долбоорун бекитти, алардын ичинде:
КР БШК алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Бул документ республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын, ошондой эле талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун түзүлүшү менен чыгымдалышына көзөмөл жүргүзүү механизмин түзүү максатында иштелип чыкты.
Жободо каражаттардын келип түшүү булактары, эсепке алуу жана колдонуу тартиби, талапкерлер менен партиялардын финансылык отчеттуулугун текшерүү тартиби так көрсөтүлгөн.
Жаңы жобонун кабыл алынышы менен төмөнкү токтомдор күчүн жоготту деп табылды:
2017-жылдын 14-июнундагы №157 токтом (“КР БШКнын алдындагы контролдук-текшерүү тобунун иши жөнүндө”);
2021-жылдын 5-сентябрындагы №680 токтомдун 5-пункту (“БШКнын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”).
2. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Бул жаңы документ ЖМКлар менен интернет-басылмалардын аккредитация процессин бирдиктүү тартипке келтирүү максатында кабыл алынды.
Жобо арыз берүү тартибин, аккредитациялоо мөөнөттөрүн жана негиздерин, ошондой эле шайлоо өнөктүгү маалында журналисттердин иштөөсүнө болгон кепилдиктерди аныктайт.
Шайлоонун ар кандай түрлөрүндө ЖМКларды аккредитациялоону жөнгө салуучу мурдагы жети БШКнын токтому күчүн жоготту деп таанылды, бул ченемдик базанын бирдиктүү болушун камсыз кылат.
Шайлоо мезгилинде шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Документ шайлоочуларга, талапкерлерге, партияларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүүнүн тартибин жана формаларын, анын ичинде расмий булактарды, жарыялоо мөөнөттөрүн жана мазмунун аныктайт.
Бул жобонун кабыл алынышы ар кандай деңгээлдеги шайлоолордо маалымат берүүнү мурда жөнгө салган БШКнын үч токтомунун күчүн жоготкондугу менен коштолду.
Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфирдик убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянттын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө Нускамага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бекитилген токтомдор БШКнын ченемдик базасын иретке келтирүүгө, кайталануучу жана эскирген укуктук актыларды жокко чыгарууга, ошондой эле шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана бардык катышуучулардын укуктарын сактоого багытталган. Бул болсо шайлоо системасына болгон жарандардын ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт.
Кененирээк билүү >>
БШК Бишкек жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Бишкек жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөр киргизүү маселеси каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы:
Комиссиянын курамынан Жайнакова Б.Ж (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органынан) — берилген арызынын негизинде чыгарылды.
Комиссиянын курамына резервден Айыпова С.А (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органынан) киргизилди.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясы:
Комиссиянын курамынан Таалайбекова А.Т жана Ажыбек кызы А (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органдарынан) — берилген арыздарынын негизинде чыгарылды.
Комиссиянын курамына резервден Кутманова Ф.А жана Масалбекова Р.М (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органдарынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 15- августундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 15-августу
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө жобо бекитүү тууралуу.
(баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмүнүн башчысы)
2. Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу.
(баяндамачы – Момоконов К.А., маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы).
3. Шайлоо мезгилинде шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу.
(баяндамачы – Момоконов К.А., маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы).
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-сентябрындагы № 437 “Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө” нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу.
(баяндамачы – Момоконов К.А., маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы).
5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Сокулук, Ысык-Ата, Москва, Өзгөн, Ноокен, Аксы жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу.
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы).
6. Бишкек жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы).
Кененирээк билүү >>
БШК жана банктар шайлоо мезгилинде мобилдик тиркемелерди жана электрондук төлөм системаларын колдонуу маселесин талкуулашты
2025-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйындар залында “Элдик Банк” ААК жана “Айыл Банк” ААК өкүлдөрү менен жыйын болуп өттү.
Жыйынга КР БШК төрагасынын орун басары Айдана Жупуева, БШК мүчөсү Бахадыр Конуров, БШКнын аппарат кызматкерлери жана банк мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын катышуучуларына Бахадыр Конуров шайлоону каржылоонун ачык-айкындыгын камсыз кылуу маселелеринде БШК менен банк секторунун конструктивдүү өз ара аракеттенүүсү маанилүү экенин белгиледи.
Талкууда мыйзам талаптарынын алкагында талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарын которуу үчүн банктык мобилдик тиркемелерин жана башка электрондук төлөм кызматтарын колдонуу, ошондой эле алардын добуштарды сатып алуу үчүн пайдаланылышына жол бербөө маселелери талкууланды.
Ошону менен бирге 2025-жылдын 9-июнунда күчүнө кирген “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду. Бул өзгөртүүлөр жарандарга шайлоо фонддоруна «Элдик Банк» сунуштаган ELDIK жана «Айыл Банк» сунуштаган АБанк мобилдик тиркемелери аркылуу каражат которууга мүмкүнчүлүк берет.
Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
мобилдик тиркемелер жана банктар аралык каналдар аркылуу каражат которууда ыктыярдуу кайрымдуулуктардын өздүгүн аныктоо механизмдери;
анонимдүү же ким тарабынан жөнөтүлгөнү белгисиз каражаттардын келип түшүү тобокелчилиги;
милдеттүү маалыматтар жок болсо, которууларды бөгөттөө боюнча техникалык чечимдер;
талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддоруна түшкөн жана сарпталган каражаттардын чегин көзөмөлдөө;
шайлоо алдындагы мезгилде шектүү жапырт которууларды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрү;
укук колдонуунун практикалык маселелери, анын ичинде атайын эсептерди ачуу жана жабуу мөөнөттөрү, төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификатору (ТЖМК) коддорунун тууралыгы жана мамлекеттик органдар менен маалымат алмашуулар.
КР БШК “Каржылык ачыктык” автоматташтырылган маалыматтык тутуму талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшкөн каражаттар жана чыгашалар тууралуу маалыматты онлайн режимде жарыялап жатканын, бул 2020-жылы башталган “Түндүк” системасы аркылуу маалымат алмашуунун жана банктар менен кызматташуунун аркасында мүмкүн болгонун баса белгиледи.
Жыйындын соңунда тараптар шайлоо каржылоосунун ачыктыгын камсыздоого багытталган процедураларды жана инструменттерди мындан ары да биргеликте өркүндөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардан жана саясий партиялардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт
Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардан жана саясий партиялардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт.
Азыркы учурда 56 аймактык шайлоо комиссиясынын ичинен 29 аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо зарылчылыгы келип чыкты, себеби алардын резервинде саясий партиялардын өкүлдөрү жок жана 32 аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жок (тизме тиркелет).
Саясый партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (шаардык жана айылдык кеңештер) шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүүчү субъектилер болуп саналат.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албай тургандыгын белгилей кетүү керек:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- сот, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.
Шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди сунуштоо алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Саясый партиялар аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына 2025-жылдын 29-августунун саат 18-00үнө чейин тапшыруулары зарыл.
Жарандар, коомдук бирикмелер 2025-жылдын 29-августунун саат 18-00үнө чейин тиешелүү жергиликтүү кеңешке (шаардык, айылдык) документтерин тапшыруулары зарыл. Шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди сунуштоо боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясы шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөткөн мөөнөт аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Сессиянын чечими бардык талапкерлердин документтери менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз өткөрүлүр берилет.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине берилүүчү документтердин тизмеги:
- аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;
- паспорттун көчүрмөсү;
- иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);
- байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы);
- көрсөткөн субъектинин протоколу;
- макулдук формасы.
Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл.
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамдары жана резерви тууралуу маалыматты, Борбордук шайлоо комиссиясынын “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын www.shailoo.gov.kg сайтынан таанышууга болот.
Зарыл документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протокол
Маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 66-01-16
Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн б.а. тиешелүү АШК нын курамында турган саясый партиялар (Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынан караңыз) ал АШК нын резервине документтерди тапшырбайт.
Тиркеме
Саясий партиялардан резерге:
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан резервге:
1. Бишкек АШК;
2. Ош АШК;
1. Бишкек АШК;
2. Ош АШК;
Баткен облусу
1. Сүлүкта АШК;
2. Кадамжай АШК;
3. Лейлек АШК;
Баткен облусу
1.Кадамжай АШК;
Жалал-Абад облусу
1. Майлуу-Суу АШК;
2. Тогуз-Торо АШК;
3. Кара-Көл АШК;
4. Базар-Коргон АШК;
5.Ала-Бука АШК;
6.Ноокен АШК;
7.Чаткал АШК;
8.Сузак АШК;
Жалал-Абад облусу
1. Жалал-Абад АШК;
2. Ноокен АШК;
3. Базар-Коргон АШК;
4. Таш-Көмүр АШК;
5. Аксы АШК;
6. Ала-Бука АШК;
7. Чаткал АШК;
8. Тогуз-Торо АШК.
Ысык-Көл облусу
1. Жети-Өгүз АШК;
2.Ысык-Көл АШК;
3.Каракол АШК;
4.Түп АШК;
5.Ак-Суу АШК;
Ысык-Көл облусу
1. Каракол АШК;
2. Ысык-Көл АШК;
3. Ак-Суу АШК;
4. Жети-Өгүз АШК.
5. Тоң АШК;
6. Түп АШК.
Нарын облусу
1.Нарын шаардык АШК;
2.Нарын АШК;
Нарын облусу
1.Нарын шаардык АШК;
2. Жумкал АШК;
3. Ак-Талаа АШК.
Ош облусу
1.Алай АШК;
2.Араван АШК;
3.Кара-Кулжа АШК;
4. Өзгөн АШК;
5.Чоң-Алай АШК;
Ош облусу
1. Өзгөн АШК;
2. Ноокат АШК.
Талас облусу
1.Айтматов АШК;
2.Манас АШК;
Талас облусу
1.Талас шаардык АШК;
2. Талас АШК;
3. Бакай-Ата АШК.
Чүй облусу
1.Жайыл АШК;
2.Москва АШК;
Чүй облусу
1.Москва АШК;
2.Панфилов АШК;
3. Аламудун АШК;
4. Жайыл АШК;
5. Ысык-Ата АШК;
6. Чүй АШК;
7. Сокулук АШК;
8. Кант АШК.
Кененирээк билүү >>
56 аймактык шайлоо комиссиясы жарандардан жана саясий партиялардан участкалык шайлоо комиссияларынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт
Аймактык шайлоо комиссиялары участкалык шайлоо комиссияларынын резервине жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл алууну жарыялайт.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт.
"Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлөт.
Шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине көрсөтүүчү субъекттер саясий партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (жергиликтүү кеңештер) болуп саналат. Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү боло албайт:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- сот, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди кѳрсѳтүү алардын уставдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар талапкерлердин документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына 2025-жылдын 26-августунун саат 18:00гө чейин тапшырышат.
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине киргизүү үчүн жарандар, коомдук бирикмелер тиешелүү жергиликтүү кеңешке документтерди 2025-жылдын 26-августунун саат 18.00гө чейин тапшырышы зарыл. Шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясы шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт. Сессиянын чечими бардык талапкерлердин документтери менен бирге тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына токтоосуз ѳткѳрүлүп берилет.
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине сунушталуучу документтердин тизмеги
участкалык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралуу милдеттенме;
- жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө типтүү формасы;
- паспорттун көчүрмөсү;
- иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);
- байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы);
- көрсөткөн субъектинин протоколу.
Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл.
Зарыл документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протоколу
Маалымат алуу үчүн телефон: 0(312) 660116
Эскертүү: "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2025-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Өзгөн, Тогуз-Торо, Ат-Башы жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин тизмесинен айрым катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү боюнча чечимдерин бекитти.
Ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары өткөрүлүп берилген депутаттар:
Ош облусу:
Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты Убукеев Байышбек Турдуевич ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Акматов Кылычбек Жапаралиевичге өткөрүлдү;
Жалал-Абад облусу:
Атай айылдык кеңешинин (№ 4 Бирдик шайлоо округу) депутаты Муса уулу Жанай ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Айдаралиева Айчүрөк Райакуновнага өткөрүлдү;
Нарын облусу:
Ат-Башы районунун, Ак-Моюн айылдык (№ 2 Ак-Моюн шайлоо округу) айылдык кеңешинин депутаты Абдырасулов Тилек Рахатбекович ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Жумабек кызы Айзадага өткөрүлдү.
Ысык-Көл облусу:
Ж. Абдрахманов айылдык (№ 3 Ананьево-3 шайлоо округу) кеңешинин депутаты Джанагулова Зарина Джолдошбековна ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Сартбек уулу Жантайга өткөрүлдү;
Кененирээк билүү >>
КР БШК Бишкек шаарындагы шайлоо участокторунун жаңы схемаларын жана чек араларын бекитти
2025-жылдын 1-августунда КР БШК Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участокторунун жаңы схемаларын жана чек араларын бекитти.
Бул чечим Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын сунуштарынын негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарынын талаптарына ылайык кабыл алынды: «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзам, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзам жана Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген шайлоо округдарынын жана шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө жобо.
Мыйзамга ылайык, шайлоо участоктору 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана ар бир участокко, негизинен 3000ден ашпаган шайлоочу туура келиши керек. Бирок, калктын санынын өсүшүнө байланыштуу Бишкек шаарында 66 шайлоо участогунда бул көрсөткүч ашкан.
Шайлоо тутумун оптималдаштыруу максатында, Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
Бишкек шаарындагы шайлоо участокторунун жалпы саны 268ден 297ге чейин көбөйтүлдү.
102 шайлоо участогунун схемалары жана чек аралары өзгөртүлдү:
Ленин району боюнча — 41 шайлоо участогу
Октябрь району боюнча — 21 шайлоо участогу
Биринчи май району боюнча — 22 шайлоо участогу
Свердлов району боюнча — 18 шайлоо участогу
Жалпысынан 29 жаңы шайлоо участогу түзүлдү:
Ленин районунда — 12 участок
Октябрь району — 10 участок
Биринчи май району — 5 участок
Свердлов району — 2 участок
Жаңы схемалар Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте иштелип чыгып, аймактык жактан ыңгайлуулугу жана шайлоочулар үчүн жеткиликтүүлүгү эске алынып түзүлгөн.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо инфраструктурасын өркүндөтүү иштерин улантып, жарандардын шайлоого катышуусуна бирдей мүмкүнчүлүк түзүү жана шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында иштерди улантууда.
Бүгүнкү күндө жалпы 56 аймактык шайлоо комиссиясынын 2493 шайлоо участогунун схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча чечимдери каралды.
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы ченемдик актыларды жаңылоону улантууда
2025-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоо чөйрөсүндөгү ички ченемдик укуктук актылардын ортосундагы боштуктарды, карама-каршылыктарды жана шайкеш эместиктерди жоюу максатында, БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун жетекчилиги алдында кезектеги отурум болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамга, ошондой эле шайлоо маселелерине байланыштуу кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, БШКнын ченемдик-укуктук базасын кайра карап чыгуу иштери улантылды.
Комиссия мүчөлөрү ченемдик укуктук актыларды жаңылоо, укуктук базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын укуктук кызыкчылыктарын эске алуу менен шайлоо чөйрөсүндөгү жаңы багыттарды талдап, өзгөртүүлөр киргизилген 6 долбоор боюнча маселесин талкуулашты.
Жыйындын жүрүшүндө берилген сунуштар эске алынып, тиешелүү токтом долбоорлору Комиссия тарабынан бир добуштан жактырылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 1- августундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 01-августу
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу.
(баяндамачы – З.К. Айтиев Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы).
2. Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
(баяндамачы – З.К. Айтиев Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы).
3. Шайлоо комиссияларынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби тууралуу Жобону бекитүү тууралуу
(баяндамачы – З.К. Айтиев Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы).
4. “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу. (баяндамачы – З.К. Айтиев Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы).
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 39 “Шайлоочулардын мамлекеттик “Тизме” порталы жөнүндө Жобо тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
(баяндамачы – З.К. Айтиев Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы).
6. Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу.
(баяндамачы – З.К. Айтиев Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы).
7. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – М.Д. Кожокеева Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
8. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Өзгөн, Тогуз-Торо,
Ат-Башы, жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу.
(баяндамачы – М.Д. Кожокеева Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы айрым категориядагы жарандардын добуш берүү укугун камсыздоо маселеси боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү
2025-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Социалдык фонддун, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Жогорку соттун жана Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун негизги темасы – шайлоо күнү, шайлоо участогуна добуш берүүгө жеке келе албай турган айрым жарандардын укуктарын камсыздоо маселеси болду. Бул категорияга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана оор илдетке чалдыккан адамдар, ооруканаларда жана башка медициналык жайларда дарыланып жаткан бейтаптар, аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, камакта отургандар, алыскы жана жетүү кыйын болгон аймактарда жашаган жарандар, ошондой эле үзгүлтүксүз иштеген ишканалардын кызматкерлери кирет.
Жыйындын соңунда, жарандар кайсыл жерде болсо ошол жерде эле добуш бере алышы үчүн аскер бөлүктөрүндө, медициналык жайларда жана жарандар көп топтолгон жерлерде шайлоо участкаларын ачуу чечими кабыл алынды. Алар ошондой эле, электрондук маалымат алмашууну өнүктүрүү жана ар бир шайлоочу өзүнүн добуш берүү укугун ишке ашыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнү макулдашты.
“Добуш берүү үчүн өзгөчө шарттарды талап кылган жарандардын шайлоо укугун коргоо – демократиялык шайлоолордун маанилүү кепилдиги болуп саналат. Ар бир жарандын добушу эсепке алынышы үчүн мамлекет бардык шарттарды түзүүгө милдеттүү”, – деп билдирди БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2025-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош, Майлуу-Суу, Кадамжай, Айтматов, Жумгал, Нарын, Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин тизмесинен айрым катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү боюнча чечимдерин бекитти.
Ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары өткөрүлүп берилген депутаттар:
Ош облусу:
Ош шаардык кеңешинин депутаттары Канат уулу Улан жана М.А.Обозов (“Милдет” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктарынан ажыратылып, алардын мандаттары тиешелүүлүгүнө жараша Н.Т.Туратбековго жана Д.Э.Наватовго өткөрүлүп берилди;
Жалал-Абад облусу:
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаты Р.А.Колдаровдун (“Эл биримдиги” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Ж.К.Кожомкуловго өткөрүлдү;
Баткен облусу:
Кадамжай районунун, Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин депутаты З.М.Исакова ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты К.И.Полотовага өткөрүлдү.
А. Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты Э.И.Аскарова ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Шарабидин уулу Русланбекке өткөрүлдү.
Талас облусу:
Айтматов районунун, Аманбаев айылдык кеңешинин депутаты У.М.Нуралиев ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Б.Э.Качиевге өткөрүлдү.
Нарын облусу:
Чаек айылдык кеңешинин депутаты Э.К.Мамбетова ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Э.Д.Көчөровага өткөрүлдү;
Учкун айылдык кеңешинин депутаты Б.А.Кайыпов ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Орозкожо уулу Акайга өткөрүлдү.
Ысык-Көл облусу:
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты Н.А.Орузбаев (“Улуу Кыргызстан” партиясы) ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты И.Р.Ногойбаевге өткөрүлдү;
Жети-Өгүз районунун, Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаты Б.К.Искендеров ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Б.С.Шаймолдоевге өткөрүлдү.
Чүй облусу:
Чүй айылдык кеңешинин депутаты А.А.Изаков ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Г.Ш. Сулаймановага өткөрүлдү;
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик актылары жаңыланууда
2025-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоо чөйрөсүндөгү ички ченемдик укуктук актылардын ортосундагы боштуктарды, карама-каршылыктарды жана шайкеш эместиктерди жоюу максатында, БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун жетекчилиги алдында кезектеги отурум болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамга, ошондой эле шайлоо маселелерине байланыштуу кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, БШКнын ченемдик-укуктук базасын кайра карап чыгуу иштери улантылды.
Комиссия мүчөлөрү ченемдик укуктук актыларды жаңылоо, укуктук базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын укуктук кызыкчылыктарын эске алуу менен шайлоо чөйрөсүндөгү жаңы багыттарды талдап, алар боюнча өзгөртүүлөрдү сунуштоо маселесин талкуулашты.
Жыйындын жүрүшүндө берилген сунуштар эске алынып, тиешелүү токтом долбоорлору Комиссия тарабынан бир добуштан жактырылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылыдын 28 июлундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 28-июлу
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу.
(баяндамачы – Айтиев З.К., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
2. “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароонун тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылынын 07-июлундагы № 212 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
(баяндамачы – Айтиев З.К., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда коомдук байкоочуларды каттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2017-жылдын 11-июлундагы №226 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
(баяндамачы – Айтиев З.К., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
4. Шайлоо жана референдум өткөрүүдө майыптыгы бар жарандарын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу.
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
5. Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
7. Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө жобону бекитүү тууралуу.
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
10. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ош, Майлуу-Суу, Кадамжай, Айтматов, Жумгал, Нарын, Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу.
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
11. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына, аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби жөнүндө” 2020-жылдын 26-июнундагы № 114 токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
(баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы)
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
23.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
23.09.2026
Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана резервин жүргүзүү тартиби бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
23.09.2026
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жана “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жоболор бекиди
23.09.2026
Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти