Башкы Жаңылыктар КР БШК делегациясы Беларуста өткөн II Эл аралык …

КР БШК делегациясы Беларуста өткөн II Эл аралык шайлоо форумуна катышты

09-Окт, 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев жана БШКнын мүчөсү Алтынбек Кубатбеков Беларуста өткөн II Эл аралык шайлоо форумуна катышышты.

8-9-октябрда Форумдун алкагында “Калктын укуктук маданиятын калыптандыруу - шайлоо процессинин шайкештигин жана туруктуулугун камсыз кылуучу фактор катары” аттуу Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциянын пленардык жыйыны, «Шайлоочулардын укуктук маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелери: улуттук жана эл аралык деңгээлдеги заманбап ыкмалар жана ишке ашыруу механизмдери» жана «Калктын электоралдык маданиятын калыптандырууда мамлекеттик бийлик органдарынын жана жарандык коом субъекттеринин ролу» аттуу тематикалык секциялар өттү.

Ошондой эле Эл аралык форумдун катышуучулары «Жаштар арасында электоралдык маданият: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» маселесин тегерек үстөл форматында талкуулашты.

КР БШКнын төрага орун басары Нурлан Койчукеев “Калктын укуктук маданиятын калыптандыруу - шайлоо процессинин шайкештигин жана туруктуулугун камсыз кылуучу фактор катары” аттуу Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциянын пленардык жыйынында «Калктын укуктук электоралдык маданиятын жарандык билим берүү аркылуу калыптандыруу» темасында баяндама жасады.

«Калктын укуктук маданияты - жарандардын демократиялык процесстерге катышуусунун сапатын аныктаган негизги куралдардын бири болуп эсептелет. Өзгөчө азыркы шартта коом глобалдашуу, санариптешүү жана ылдам саясий өзгөрүүлөр сыяктуу чакырыктарга туш болуп жаткан кезде бул өзгөчө мааниге ээ. Калктын укуктук маданиятын калыптандыруунун негизги элементтеринин бири - жарандык билим берүү болуп саналат. Ал мамлекеттик институттарга болгон ишенимди бекемдөөгө, шайлоолорго жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга жана өз укуктарын жана милдеттерин так түшүнгөн, жетик жаранды тарбиялоого өбөлгө түзөт», - деп белгиледи КР БШКнын төрага орун басары.

Н. Койчукеев белгилегендей, жарандык билим берүүнүн мааниси Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларында да бекемделген. Конституцияда мамлекет жарандардын укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу үчүн шарттарды түзөөрү так көрсөтүлгөн. Конституцияда ар бир жаран мамлекетти башкаруу иштерине катышуу укугуна ээ экени да так көрсөтүлгөн, ал эми мамлекеттин милдети - бул укуктарды ишке ашырууга шарт түзүү болуп эсептелет. Ушул контекстте жарандык билим берүү конституциялык жоболорду практикалык жүзөгө ашыруунун негизи болуп саналат.

«Саясий системанын өнүгүшүндө шайлоолор негизги ролду ойногон Кыргызстан үчүн электоралдык маданиятты калыптандыруу маселеси өзгөчө мааниге ээ. Эгемендүүлүк жылдары өлкө бир нече жолу маанилүү баскычтардан өттү, анда дал ушул шайлоо процесстери демократиялык реформалардын да, коомдук кризистердин себеби болуп калган. Бул - бийликтин легитимдүүлүгүн жана демократиялык өнүгүүнүн туруктуулугун камсыздоо үчүн жогорку деңгээлдеги укуктук маданият зарыл экенин көрсөтөт», - деди КР БШКнын төрага орун басары.

Анын пикиринде, жарандык билим берүү түздөн-түз электоралдык маданияттын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт, шайлоочулардын укуктарын жана шайлоо системасынын түзүлүшүн гана үйрөтпөй, ошондой эле жоопкерчиликтүү катышуунун көндүмдөрүн, шайлоо алдындагы программаларды талдоону, чындык менен жалган маалыматты айырмалоону, манипуляцияларга жана дезинформацияга каршы тура билүүнү да калыптандырат. Жарандык билим берүү аркылуу жаштардын активдүү жарандык позициясы калыптанат, бул өзгөчө жаңы гана шайлоочу курагына жеткен жаштар үчүн маанилүү. Ошондой эле аялдар, майыптыгы бар адамдар, мигранттар жана шайлоолорго катышуу мүмкүнчүлүгү жетишсиз болгон башка топтор үчүн да бул билим берүү формасы алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Нурлан Койчукеев билдиргендей, Кыргызстанда жарандык билим берүү аркылуу калктын укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн олуттуу кадамдар жасалган. БШКда Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары Борбору (ЖБШТБ) калктын укуктук жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатуу максатында иш алып барат. Агартуу министрлиги жарандык өзүн-өзү таануу жана жоопкерчиликтүү жарандык позицияны калыптандыруу боюнча мектеп программаларын киргизүү аракетинде. Бул 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн Улуттук программасына дал келет, анда калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана укуктук агартуунун мааниси ачык белгиленген.

“Борбордун ишмердүүлүгү бардык социалдык катмарларга жана жаш курак топторуна багытталган. Бүгүнкү күндө өлкөдө 77 Борбор иштеп жатат, алар диалог жана билим берүү үчүн аянтчаларга айланган. Борбор калк арасында “Кыргыз Республикасынын жараны” деген маанини билдирген “Кыргыз жараны” жарандык өзүн-өзү таанууну калыптандыруу багытында мамлекеттик органдар, жарандык коом уюмдары жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте иш алып барат. Өз ата мекенинин өнүгүүсү үчүн жоопкерчилигин аңдап, сезүү аркылуу биздин шайлоочулар шайлоонун жана шайлоо процессинин маанилүүлүгүн түшүнүшөт. Дал ушул шайлоолор аркылуу биз өлкөбүздүн өнүгүү жолун тандайбыз. Бул багытта биз жаштар, аялдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, дин жамааттары, этностук топтор, ишкер чөйрө жана мигранттар менен тыгыз иш алып барып жатабыз», - деп билдирди КР БШКнын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев.

Баяндамасынын аягында ал электоралдык маданиятты калыптандыруу - бул узак мөөнөттүү жана көп багыттуу милдет экенин белгилеп, мамлекеттин, жарандык коомдун, билим берүү мекемелеринин жана ар бир жарандын биргелешкен аракетин талап кыларын баса белгиледи.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

1.        Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Алимбаев Е. А. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө ‎” токтом долбоору жөнүндө                                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы      4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                             5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                                    6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2027-жылдын 27-январына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                                Баяндамачы: Алымбаев Р. А. - маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы      ТӨРАГА                 
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>