Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКнын төрагасы «БУУ-Аялдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту
24.07.2025

КР БШКнын төрагасы «БУУ-Аялдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту

2025-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында төрага Тынчтык Шайназаров менен «БУУ-Аялдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү доктор Сайед Садиктин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда тараптар өз ара кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулап, аялдардын шайлоо процесстерине катышуусун кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашышты жана мындан аркы кызматташуунун жолдорун белгилешти. КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров «БУУ-Аялдар» өкүлүнө аялдардын шайлоолорго активдүү катышуусун камсыздоо боюнча БШК тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, учурдагы мыйзамдарга ылайык, Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 30дан кем эмеси аял болушу керектигин белгиледи. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештеги аял депутаттардын үлүшү 22%ды, жергиликтүү кеңештерде болсо 39,76%ды түзөт. Доктор Сайед Садик бул көрсөткүчтөрдү Кыргыз Республикасынын БШКсынын гендердик теңчилик багытындагы ырааттуу жана системалуу ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы катары баалап, бул жааттагы демилгелерди ар тараптан колдоого даяр экендигин билдирди. Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасындагы демократиялык процесстерди бекемдөө үчүн өнөктөштүктү өз ара өнүктүрүүгө  кызыкдар экендиктерин ырасташты.      
Кененирээк билүү >>
КР БШКда конституциялык мыйзамдын талаптарын ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
24.07.2025

КР БШКда конституциялык мыйзамдын талаптарын ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

2025-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамда талап кылынган нормаларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга БШКнын төрагасы Т.У. Шайназаров, БШКнын төрагасынын орун басары А. С. Жупуева, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун орун басары Т. М. Тажибаев, КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары М. М. Муратбеков, КР Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү, КР ИИМдин кылмыш издөө боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Б. Н. Нарчаев, ошондой эле БШК аппаратынын кызматкерлери катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлган мыйзам менен белгиленген талаптар каралды. Атап айтканда: · өндүрүштүк, илимий, кызматтык же башка муктаждыктардан улам өлкөнүн чегинен тышкары иш сапарларга чыгууга байланыштуу жыл сайын алты айга чейин Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоодо жол берилген үзгүлтүктөр менен депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлгөнгө чейин акыркы 5 жылдан кем эмес республикада туруктуу жашагандыгы; · соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюла элек адамдар, ошондой эле диний ишмердүүлүгүн токтоткондон кийин 5 жыл өтө элек диний ишмерлер шайланууга укуксуз; · эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары профилактикалык, оперативдүү-алдын алуучу каттоодо турса же турган болсо, талапкерди каттоодон баш тартуунун негиздери болуп саналат. Жолугушуунун катышуучулары талапкерлердин белгиленген талаптарга шайкештигин сапаттуу жана өз убагында текшерүү үчүн зарыл болгон ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмдерин кеңири талкуулашты. БШК менен мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттешүү жана маалымат алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ведомстволордун өкүлдөрү өз кезегинде БШК менен тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Жолугушуунун соңунда БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө активдүү катышуусу жана конструктивдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, талапкерлерге карата мыйзам менен коюлган талаптарды так сактоо — жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоонун жана шайлоолорду ачыктык менен мыйзамдуулук принциптеринде өткөрүүнүн негизги шарты экендигин баса белгиледи.        
Кененирээк билүү >>
БШКда чет өлкөдө жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо маселелери боюнча ТИМ жана “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
24.07.2025

БШКда чет өлкөдө жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо маселелери боюнча ТИМ жана “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

2025-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында төрага Т. Шайназаровдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А. Имангазиев жана “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Н. Айдиев менен жолугушуу болуп өттү. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга киргизилген негизги өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди. Ал бул өзгөртүүлөр шайлоочулардын шайлоого активдүү катышуусун камсыздоого, ошондой эле чет өлкөдө жүргөн жарандардын да шайлоого катышуусун жогорулатууга багытталганын баса белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен чет өлкөлөрдө жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу маселелери талкууланып, мамлекеттик органдардын ортосундагы мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары аныкталды. Тараптар чет өлкөдө шайлоо участокторунун санын көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн жана ал жакта жүргөн жарандарды маалымдоо чараларын да талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул багытта өз ара тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамы өзгөрдү
11.07.2025

Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамы өзгөрдү

2025-жылдын 11-июлунда КР БШКнын жыйынында АШК мүчөсү Ч.С. Ниязбековдун Майлуу-Суу шаардык АШКнын курамынан чыгуу тууралуу арызы каралды. Майлуу-Суу шаардык АШК курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан көрсөтүлгөн Г.Т. Чолпонова резервден киргизилди.
Кененирээк билүү >>
Ош шаарынын аймагында жана айрым жергиликтүү кеңештердин шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилди
11.07.2025

Ош шаарынын аймагында жана айрым жергиликтүү кеңештердин шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилди

КР БШК Ош шаарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарында, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарында шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти. Бул чечим 7 аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган сунуштарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык кабыл алынган. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жалпы шайлоо участкаларынын саны 505тен 528ге өстү. Жалпысынан 528 шайлоо участкалары бекитилди, анын ичинен: · Ош шаарында – 105 шайлоо участогу (Ош шаарында 3 жаңы шайлоо участогу түзүлдү); · Ош облусунун, Кара-Суу районунда – 143 шайлоо участогу (кошумча 14 жаңы участогу түзүлдү: Ынтымак айыл аймагында - 1, Ала-Тоо айыл аймагында - 2, Отуз-Адыр айыл аймагында - 1, Жоош айыл аймагында - 1, Манас айыл аймагында - 1, Датка айыл аймагында - 3, Мады айыл аймагында - 4, Папан айыл аймагында - 1); · Ош облусунун, Өзгөн районунда – 107 шайлоо участогу (кошумча 3 жаңы участогу түзүлдү: Куршаб айылдык кенешинде - 1, Кароол айылдык кенешинде - 2); · Жалал-Абад облусунун, Жалал-Абад шаарында – 38 шайлоо участогу (шаарда 2 жаңы участогу түзүлдү); · Баткен облусунун, Лейлек районунда – 54 шайлоо участогу (Раззаков шаарында 1 жаңы участогу түзүлдү); · Ысык-Көл облусунун, Ысык-Көл районунда – 40 шайлоо участогу; · Ысык-Көл облусунун, Түп районунда – 41 шайлоо участогу. Азыркы учурда жалпы 55 аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери каралып, 2196 шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилди. Маалымат үчүн: Шайлоо участкаларынын схемалары жана чек араларын тактоо боюнча иштер улантылып жатканына байланыштуу, Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын чечими кийинчерээк каралат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылыдын 11 июлундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
11.07.2025

КР БШКнын 2025-жылыдын 11 июлундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 11-июль 2025-ж.                                                          Убактысы: 16:00                                                          Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө. (баяндамачы – Кожокеева М.Д. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 2. Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы - Кожокеева М.Д. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
Кененирээк билүү >>
Кой-Ташта жана Ош шаарында жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун координаторлору үчүн жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу боюнча тренингдер өткөрүлдү
10.07.2025

Кой-Ташта жана Ош шаарында жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун координаторлору үчүн жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу боюнча тренингдер өткөрүлдү

КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖББШТБ) тарабынан «Кыргыз жараны» жарандык өздүктү өнүктүрүү концепциясын жана Кыргыз Республикасынын «Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктик» («Уңгужол») доктринасын ишке ашыруу максатында, PeaceNexus фондунун колдоосу менен Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан келген Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун (ЖСБББ) координаторлору — системдик администраторлору үчүн окутуу тренингдери өткөрүлдү. Иш-чаралардын максаты — калктын арасында жарандык өздүктү, жарандык баалуулуктарды жана жоопкерчиликти калыптандыруу боюнча координаторлордун потенциалын жогорулатуу, ошондой эле ар кандай максаттуу топтор менен жеринде маалыматтык-агартуу иштерин жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат. КР БШКнын мүчөсү Гүлшаркан Култаева жарандык өздүктү калыптандыруу — демократиялык коомду өнүктүрүүнүн жана жарандардын өлкөнүн саясий-экономикалык, коомдук турмушуна активдүү катышуусунун негизги факторлорунун бири экенин белгиледи. Бул — жөн гана жаран экендигиңди билүү эмес, ал — өз укуктарыңды, милдеттериңди жана жоопкерчилигиңди терең түшүнүү. Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун директору Айсулуу Букамбаева Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун (ЖСБББ)  координаторлорунун жарандардын жарандык позициясын, коом жана мамлекет үчүн жоопкерчиликти,  мекенчилдикти калыптандыруудагы, ошондой эле шайлоо системасынын туруктуулугун жана бийлик институттарына ишенимди камсыз кылуудагы маанилүү ролун баса белгиледи. Тренингдин программасына теориялык жана практикалык модулдар киргизилип, катышуучулар «Кыргыз жараны» концепциясынын негизги идеялары жана баалуулуктары менен таанышып, жаштар, аялдар, этностук жана диний топтор, мигранттар жана бизнес менен иштөө ыкмаларын талкуулашты. Катышуучулар интерактивдүү форматта маалыматтык жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү көндүмдөрүн практика жүзүндө колдонушуп, топтордо иштеп, реалдуу кырдаалдарды моделдеп, сценарийлерди жана презентацияларды даярдашты.      
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын айрым облустарындагы жергиликтүү кеңештердин аймактарында шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилди
04.07.2025

Кыргыз Республикасынын айрым облустарындагы жергиликтүү кеңештердин аймактарында шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилди

КР БШК Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы айрым жергиликтүү кеңештердин аймактарында шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти. Бул чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу менен тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштарынын негизинде , ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Шайлоо округдарынын жана шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык кабыл алынган. КР БШКнын жыйынында шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча 48 аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери каралып, бекитилди. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында жалпы шайлоо участкаларынын саны 1664төн 1668ге чейин көбөйдү. Жалпысынан 1668 шайлоо участогу бекитилди, алардын ичинен: · Баткен облусу боюнча – 166 шайлоо участогу; · Ош облусу боюнча – 260 шайлоо участогу; кошумча түрдө Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинде жаңы шайлоо участогу түзүлдү; · Жалал-Абад облусу боюнча – 419 шайлоо участогу; үч жаңы шайлоо участогу түзүлдү: Базар-Коргон шаардык кеңешинде, ошондой эле Сузак районундагы Сузак жана Багыш айыл аймактарында; · Нарын облусу боюнча – 169 шайлоо участогу; · Ысык-Көл облусу боюнча – 168 шайлоо участогу; Ак-Суу районунун Кыдыр-Аке айылдык кеңешинде жаңы шайлоо участогу түзүлдү; · Талас облусу боюнча – 117 шайлоо участогу; · Чүй облусу боюнча – 369 шайлоо участогу; Кант шаарында №7120 участогу жабылды, ошондой эле Аламүдүн районунун А. Сыдыков айылдык кеңешинде жаңы шайлоо участогу ачылды. Шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилгенден кийин, аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо участкаларынын өзгөртүлгөн схемалары жана чек аралары боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү зарыл. Маалымат иретинде: Шайлоо участкаларынын схемалары менен чек араларын тактоо иштери улантылып жаткандыгына байланыштуу, Бишкек, Ош шаарларынын, Жалал-Абад, Лейлек, Кара-Суу, Өзгөн, Ысык-Көл жана Түп АШКларынын чечимдери кийинчерээк каралат.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
03.07.2025

КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2025-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Базар-Коргон, Ноокен, Кара-Кулжа, Чүй, Ысык-Ата, Жайыл, Кант, Ат-Башы, Бакай-Ата, Баткен шаардык жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин тизмесинен айрым катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү боюнча чечимдерин бекитти. Ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары өткөрүлүп берилген депутаттар: Жалал-Абад облусу: Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары Х. Р. Хусанбаев («Ынтымак» фракциясы) жана С. Х. Жамалов («Адилет» фракциясы) ыйгарым укуктарынан ажыратылып, алардын мандаттары тиешелүүлүгүнө жараша З. М. Сайдуллаев жана А. У. Ахмадалиевга өткөрүлүп берилди; Ноокен районунун Э.Алиев айылдык кеңешинин депутаты Ш. М. Масиров ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Д. М. Мурашевге өткөрүлдү; Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин депутаты Б. У. Кубатов ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты О. Сабыржан уулуна өткөрүлдү. Ош облусу: Кара-Кулжа районунун Р. Абдыкадыров айылдык кеңешинин депутаты Абдыманап уулу А. ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Н. Шербек уулуна өткөрүлдү. Чүй облусу: Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты М. К. Макеев ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты К. Б. Ашымовго  өткөрүлдү; Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылдык кеңешинин депутаттары Б. Х. Чинва жана Б. Ж. Сулаймановалар ыйгарым укуктарынан ажыратылып, алардын мандаттары Н. А. Молоде жана Н. К.Сооронбаевага өткөрүлдү; Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңешинин депутаты К. М. Мыктарбеков ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Т. Ж. Куренкеевге өткөрүлдү; Кант шаардык кеңешинин депутаты А. И. Сейталиев («Калк Ынтымагы» фракциясы) ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты С. Х. Джалазовго өткөрүлдү. Нарын облусу: Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Э. Т. Толубаев ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Н. М. Жаныгуловага өткөрүлдү; Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылдык кеңешинин депутаты М.Ж. Мурсаматова ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты А. К. Турдумамбетовго өткөрүлдү. Талас облусу: Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаты М. Т. Исабеков ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты А. Ш. Каработоевге өткөрүлдү. Баткен облусу: Баткен шаардык кеңешинин депутаты Б. Т. Козубаев («Эмгек» фракциясы) ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты У. А. Нишановго өткөрүлдү; Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңешинин депутаты К.М. Масалиев ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Б. Ы. Тилековго өткөрүлдү. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылган талапкерлер: Чүй облусу: Кант шаардык кеңешинен: Б.Х. Саламов А.Т.Шайлозов Э.Р.Аскаров (Үчөө тең «Калк Ынтымагы» саясий партиясынан) Нарын облусу: Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылдык кеңешинен:     К.О.Турдиева
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 3-июлундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
03.07.2025

КР БШКнын 2025-жылы 3-июлундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 3-июлу Убактысы: 17:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Базар-Коргон, Ноокен, Кара-Кулжа, Чүй, Ысык-Ата, Жайыл, Кант, Ат-Башы, Бакай-Ата, Баткен шаардык жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн арасында милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
Электоралдык кызматташтык жана жаштар саясаты: Кыргызстанда Ысык-Көл форуму аяктады
27.06.2025

Электоралдык кызматташтык жана жаштар саясаты: Кыргызстанда Ысык-Көл форуму аяктады

2025-жылдын 27-июнунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан уюштурулган Эл аралык Ысык-Көл Шайлоо форумунун акыркы күнү болуп өттү. Экинчи күндүн негизги иш чарасында — Шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин жыйыны болуп, анда жаштардын электоралдык саясаты жаатында кызматташтык стратегиялары жана артыкчылыктары талкууланды. Консультативдик кеңештин төрагасы, Беларуссия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Игорь Карпенко салтанаттуу сөз сүйлөдү. Жыйынга Казакстан Республикасынын БШК төрагасы Нурлан Абдиров, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров, Россиянын БШК төрагасы Элла Памфилова, Тажикстандын Шайлоо жана референдумдар боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Бахтиёр Худоерзода, Өзбекстандын БШК төрагасы Зайниддин Низамходжаев жана виртуалдык байланыш аркылуу Армениянын БШК төрагасы Ваагн Овамикян да катышты. КМШ ПАА Кеңешинин Катчылыгынын жетекчиси – Башкы катчы Дмитрий Аркадьевич Кобицкий, КМШ Аткаруу комитетинин кеңешчиси Марина Владимировна Афонина, КМШ байкоочулар миссиясынын ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Евгений Винцентьевич Козяк, КМШ ПАА Кеңешинин Катчылыгынын жетекчисинин орун басары, МИМРД КМШ ПАА директору Иван Мушкет катышты. Жыйында Казакстан менен Тажикстанда өткөн шайлоолор боюнча улуттук отчеттор угулду. Кыргыз Республикасынын БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров жаштардын электоралдык саясаты боюнча доклад жасады. Ал Кыргызстанда жаштар (35 жашка чейинки жарандар) шайлоочулардын 44% түзөрүн белгилеп, алардын саясатка активдүү катышуусун жогорулатуу үчүн атайын чараларды көрүү керектигин айтты. КМШ мамлекеттериндеги жаштардын электоралдык саясатын жакшыртуу максатында Кыргызстандын БШК төрагасы өлкөлөр арасында биригип, жаштардын мотивациясын, тоскоолдуктарын жана күтүүлөрүн терең изилдөө боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү баштоону сунуштады. Жаштар менен иштөө системалык негизде жүрүшү керектиги баса белгиленди.  Жыйында катышуучулар Эл аралык электоралдык саясат боюнча Консультативдик кеңештин алдында Жаштар саясаты боюнча жумушчу топ түзүү сунушун колдошту жана тиешелүү Жобо кабыл алышты. Бул кадам, КМШ өлкөлөрүнүн шайлоолорунда жаштардын катышуусун көбөйтүү үчүн кызматташтыкты институционалдаштырууда маанилүү кадам болду. Шайлоо органдарынын Консультативдик кеңеши «Шайлоочулардын шайлоо жана референдумдар институттарына болгон ишенимин түзүү: Эл аралык байкоочулар уюмдарынын ролу» деген темада тегерек столдун 2025-жылдын 25-ноябрында Санкт-Петербург шаарында өтүүсүнө жардамдашуу тууралуу сунушту колдоду. Жыйындын аягында Консультативдик кеңештин төрагалык милдети Беларуссиядан Казакстанга өткөрүлдү.  
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда эл аралык Ысык-Көл шайлоо форуму өтүп жатат
26.06.2025

Кыргызстанда эл аралык Ысык-Көл шайлоо форуму өтүп жатат

Бүгүн, 26-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Шайлоого катышуунун заманбап ыкмалары: теориядан практикага» деген темада Эл аралык Ысык-Көл шайлоо форуму өз ишин баштады. Иш-чаранын уюштуруучусу — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы. Форумга 12ден ашык мамлекеттерден — КМШ, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден келген шайлоо органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, илимий жана эксперттик чөйрөлөрдөн келген адистер катышууда. Алардын катарында Азербайжан, Беларус, Грузия, Индия, Казакстан, Молдова, Монголия, Россия Федерациясы, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан жана Эстония бар. Форумга эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышууда — Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги (КМШ), Түрк Мамлекеттер Уюму (ТМУ), Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ), КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясы (ПА КМШ), ТүркПА, ЖККУ ПА, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору, БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, A-WEB (ШОДА) жана Miru Systems компаниясынын өкүлдөрү. Ошондой эле форумга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  куттуктоо видео кайрылуусун жолдоп, ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарын, жарандык коом жана эл аралык уюмдарды бириктирген бул форум жакшы салтка айланып, суроо-талап жараткан диалог аянтчасы болуп калганын белгиледи. Форумдун негизги максаты — жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуудагы заманбап ыкмаларды талкуулап, мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү жана сунуштарды иштеп чыгуу аркылуу ачык диалог жүргүзүү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров өз сөзүндө шайлоо органдарынын алдында жаңы милдеттер турганын, бирок шайлоого келген жаран ар дайым коомго жана мамлекетке кайдыгер эместигин, өз добушу маанилүү экенине ишенерин белгиледи. Анын айтымында, шайлоого катышуу — бул бийлик институттарына болгон ишенимдин маанилүү көрсөткүчү. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов өкмөт менен БШКнын өз ара урматтоого, көз карандысыздыкка жана конструктивдүү кызматташууга негизделген туруктуу өнөктөштүгү өтө маанилүү экенин белгиледи. Түрк Мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев форумдун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, шайлоо процесстериндеги санариптештирүүнүн маанисин белгиледи. КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев жана ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев өздөрүнүн видеокайрылууларында форумдун аймактагы шайлоо демократиясын өнүктүрүүдөгү маанисин жана шайлоо органдарынын мамлекеттик институттардын туруктуулугун камсыз кылуудагы ролуна токтолушту. КМШ ПААнын Кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий шайлоого жигердүү катышуу — бул бийликтин легитимдүүлүгүнүн негизи экенин айтып, шайлоого катышпай коюуга каршы күрөшүүнүн жана эл аралык коомчулук менен активдүү кызматташуунун маанисин белгиледи. ТүркПАнын башкы катчысы Мехмет Сурейя Эр шайлоолордо аялдардын, жаштардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын толук кандуу катышуусун камсыз кылууну белгилеп, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын Консультативдик платформасы алкагында кызматташтыкты чыңдоого үндөдү. ЖККУ ПАнын жооптуу катчысы Сергей Поспелов шайлоолордогу суверенитетти сактоонун аймактык коопсуздуктагы маанисин баса белгилеп, экстремизмге жана шайлоо учурундагы киберкоркунучтарга каршы күрөшүүдө ЖККУнун ролун белгиледи. ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов Кыргызстандагы инклюзивдүүлүк, ачыктык жана гендердик теңчилик жаатындагы прогрессти белгилеп, ЕККУнун демократиялык институттарды өнүктүрүү боюнча колдоосу улантыларын билдирди. БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве шайлоого аялдар менен жаштарды тартуунун маанисин баса белгилеп, алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолор алдында бул форум өз убагында өткөрүлүп жатканын айтты. Форум алкагында «Эл аралык шайлоо тажрыйбаларын улуттук шарттарга ыңгайлаштыруу» аттуу пленардык сессия болуп өттү. Сессияда бир катар өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын төрагалары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү куттуктоо сөздөрү менен чыгып, доклад жасашты. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров жаңы мыйзамдык өзгөрүүлөр тууралуу айтып, округдардагы түз өкүлчүлүктөрдү киргизүүнү белгиледи. Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Элла Памфилова форумдун практикалык маанисин жогору баалап, эл аралык кызматташтыкты өз ара урматтоо, тарых жана маданиятты эске алуу менен жүргүзүлүшү керектигин айтты. Андан соң Россиянын шайлоо стандарттарын иштеп чыгуудагы заманбап ыкмалары тууралуу баяндамасы угулду. Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Низамходжаев Зайниддин Махаматович шайлоо процессин өркүндөтүүдөгү реформаларга токтолду. Казакстандын БШК төрагасы Нурлан Абдиров шайлоолордогу көз карандысыз байкоо, ачыктык жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катышуусун камсыз кылуу негизги артыкчылыктар экенин белгиледи. Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Ахмет Йенер өлкөсүндө 87% шайлоого катышуу, жаштар жана аялдардын активдүүлүгү, чет өлкөдөн берилген 1,6 миллиондон ашуун добуштар тууралуу айтып берди. Ал шайлоо технологиялары, дезинформацияга каршы күрөш, инклюзия, кызматкерлерди окутуу жана шайлоо фонддорунун ачыктыгы боюнча ийгиликтерди бөлүштү. Беларусь Республикасынын БШК төрагасы Игорь Карпенко 2022-жылдагы референдум менен башталган шайлоо цикли тууралуу айтып, шайлоолорду бириктирүү аркылуу ресурстарды үнөмдөө мүмкүн болгонун билдирди. Тажикстандын Шайлоо комиссиясынын төрагасы Худоёрзода Бахтиер Тавар форумдун жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, эл аралык тажрыйбаны адаптациялоонун маанилүүлүгүн айтты. Эстониянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Ингрид Куллерканн интернет аркылуу добуш берүү тажрыйбасы тууралуу айтып, бул ыкманын аркасында жаштардын катышуусу 34%дан 68%га жогорулаганын билдирди. Системанын ийгилиги — эки факторлуу аутентификация жана ачык аудит менен түшүндүрүлдү. Монголиянын Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын төрагасы Дэлгэрнаран Пурвээ шайлоо процессиндеги технологиялык жаңылыктар жана жарандык санарип билим берүү тууралуу маалымат берди. Азербайжандын БШК мүчөсү Бахшеиш Аскеров шайлоо стандарттарын улуттук өзгөчөлүктөргө ылайыкташтыруу маанилүү экенин белгилеп, ачыктык жана жарандык билим берүү жаатында эл аралык кызматташтыктын зарылдыгын белгиледи. Индия, Грузия жана Молдованын шайлоо органдары өз өлкөлөрүндөгү шайлоолорду уюштуруу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Форум алкагында эки тегерек стол өткөрүлдү: · «Шайлоо уюштуруучуларын окутуунун мыкты методологиялары» – бул сессияда шайлоо органдары жана эксперттер шайлоо комиссияларын окутуунун натыйжалуу ыкмаларын талкуулашты. · «Жаштардын шайлоо процесстерине катышуусу» – бул тегерек столдо жаш шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатуу маселелери каралды. Катышуучулар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, эл аралык тажрыйбаны жана өнүгүү келечегин, шайлоо органдары туш болуп жаткан заманбап чакырыктарды талкуулашты. Форумдун алкагында катышуучулар шайлоо укугу жана процесстерин өркүндөтүү боюнча өз өлкөлөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, пикир алмашышты. Иш-чара 27-июнда КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин жыйыны менен улантылат.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарында эл аралык жыйын өтүп, жаңы шайлоо модели жана парламентаризмдин келечеги талкууланды
23.06.2025

Бишкек шаарында эл аралык жыйын өтүп, жаңы шайлоо модели жана парламентаризмдин келечеги талкууланды

2025-жылдын 23-июнда Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасынын парламентаризми: келечеги жана өркүндөтүү жолдору» деген темадагы эл аралык жыйын болуп өттү. Иш-чараны КМШ ПАА мүчө-мамлекеттеринин жарандарынын шайлоо укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү боюнча Эл аралык институту (МИМРД МПА СНГ), анын Бишкек филиалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши, Жогорку Кенештин алдындагы Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети биргелешип уюштурушту. Жыйынга Жогорку Кенештин депутаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, тажрыйбалуу эксперттер, илимпоздор жана коомдук ишмерлер катышып, Кыргыз Республикасындагы парламентаризмдин азыркы абалы, мыйзам чыгаруу реформалары, бийлик бутактарынын өз ара аракеттенүүсү, парламенттик дипломатия жана эл аралык мыкты тажрыйбалар тууралуу терең талкуу жүрдү. Иш-чаранын ачылышында Жогорку Кенештин төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева жана КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын жетекчисинин орун басары Иван Мушкет сыяктуу жогорку даражадагы коноктор сөз сүйлөп, мындай жыйындардын мааниси жогору экенин белгилешти. Жыйындын алкагында парламенттин туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү ролу, аялдардын мыйзам чыгаруу ишине катышуусу жана өлкөдө саясий партияларды өнүктүрүү маселелери боюнча кызыктуу баяндамалар окулду. Талкуунун жүрүшүндө КР БШКнын мүчөсү Бахадыр Конуров “Жаңы шайлоо модели шартында парламенттик системанын легитимдүүлүгүнүн кепилдиги катары БШКнын ролу” аттуу баяндама жасады. Ал өз сөзүндө 2025-жылдын 9-июнунда кабыл алынган конституциялык мыйзамдагы негизги реформалар тууралуу кеңири айтып берди. Ага ылайык: Жогорку Кеңешке 90 депутат мажоритардык негизде, 30 көп мандаттуу округдан шайланат (ар бир округдан 3 депутат); Бир округдан бир жыныстын экиден ашык өкүлү шайлана албайт – бул гендердик тең салмактуулукту камсыздоо максатын көздөйт; Талапкерлерге коюлган талаптар күчөтүлдү: жарандардын жашоо мөөнөтү, соттуулук жана диний ишмердүүлүк менен байланышкан чектөөлөр киргизилди; Кайтарымсыз шайлоо салымы белгиленди (300 000 сом), мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жеңилдиктер каралган; Шайлоо учурунда алыстан электрондук добуш берүү ыкмасы да колдонулушу мүмкүн. Бахадыр Конуров БШКнын бул шартта аткарып жаткан негизги иш-аракеттерин да баса белгиледи: ✅ жаңы шайлоо инфраструктурасын түзүү, ✅ аймактык жана участкалык комиссияларды окутуу, ✅ калкты маалымдоо, ✅ шайлоонун ачык жана инклюзивдүү өтүшүн камсыз кылуу, ✅ гендердик талаптардын сакталышына көз салуу. Маанилүү иш чаранын жыйынтыгында катышуучулар эл аралык тажрыйба алмашуу парламенттик демократияны чыңдоодо абдан маанилүү экендигин белгилешип, мындай форматтагы аянтчалар Кыргызстандагы шайлоо реформаларын терең жана эксперттик деңгээлде талкуулоо үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн айтышты.  Бул эл аралык жыйын Кыргыз Республикасынын демократиялык институттарын бекемдөө, жарандардын шайлоо укуктарын коргоо жана парламентаризмди өнүктүрүү жолунда маанилүү кадам катары бааланды.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКда талаапкерлердин соттуулугу боюнча маалымат алмашуу маселеси талкууланган жыйын өттү
16.06.2025

КР БШКда талаапкерлердин соттуулугу боюнча маалымат алмашуу маселеси талкууланган жыйын өттү

2025-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында төрага Т. Шайназаровдун жетекчилиги алдында БШК тарабынан түзүлгөн ведомствалар аралык жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйын Кыргыз Республикасынын жарандарынын соттуулугу жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик органдар арасында маалымат алмашуусун уюштуруу маселелерине арналды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын (мындан ары – МТББ), Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Башкы прокуратурага караштуу «Укук» мамлекеттик мекемесинин, Президенттин Администрациясынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин, Санариптик өнүктүрүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин өкүлдөрү катышты. Жыйындын алкагында Ички иштер министрлиги тарабынан иштелип чыккан электрондук модулдун долбоору сунушталып, талкууланды. Бул модуль мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын жарандарынын, анын ичинде шайлоого талапкер катары көрсөтүлгөн жарандардын соттуулугу бар же жок экендиги тууралуу ишенимдүү маалыматты автоматтык түрдө алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул модулдун ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында талапкерлерди каттоо процессинде зарыл болгон маалыматтардын тактыгын жана ачык-айкындуулугун камсыздап, ведомствалар аралык өз ара аракеттенүүнүн ыкчамдуулугун жогорулатат. Жыйындын жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды: Жогорку сот бардык төмөнкү инстанциялардын мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдери тууралуу маалыматты МТББга берүүнү камсыздайт; Башкы прокуратура жарандарга карата кылмыш иши козголгону жөнүндө маалыматты өз убагында МТББга берүүнү камсыздайт; МТББ БШКга Кыргыз Республикасынын жарандарынын соттуулугу тууралуу жана аларга карата кылмыш иши козголгону жөнүндө маалымат берүүнү камсыздайт. МТББ бир жумалык мөөнөттө БШК, МТББ жана Башкы прокуратуранын алдындагы «Укук» мамлекеттик мекемеси ортосундагы өз ара аракеттенүү тууралуу макулдашуунун долбоорун макулдашуу жана андан кийинки кол коюу үчүн жөнөтөт. Бул жетишилген макулдашуулар шайлоо процесси алкагында мамлекеттик органдар арасында маалымат алмашууну натыйжалуу жана өз убагында жүргүзүүгө мүмкүндүк берип, шайлоолордун ачык-айкындуулугун жана мыйзамдуулугун жогорулатат.   
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди
16.06.2025

КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 16-июнунда өткөн жыйынында Жалал-Абад, Чүй, Москва, Ак-Суу жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан кабыл алынган жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу чечимдери бекитилди. Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, алардын мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди: Жалал-Абад шаары: Пулатов Саиб Сабировичтин («Жаңы Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты — Узакбай уулу Бекке («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) ыйгарылды. Чүй району, Онбир-Жылга айылдык кеңеши: Таалайбеков Сталбек Таалайбековичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын ордуна — Качкынбеков Байызбек Качкынбекович келди. Москва району, Ак-Суу айылдык кеңеши: Сарбагишев Капар Бактыяровичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты — Данияров Калмырза Данияровичке берилди. Ак-Суу району, Хан-Теңири айылдык кеңеши: Мирбек уулу Бекжигиттин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын ордуна — Мустапаев Эмилбек дайындалды. Жети-Өгүз району, Жаргылчак айылдык кеңеши: Жусупов Нурдин Мукашевичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын ордуна — Абыкеева Бакыт Анарбековна келди. ​​​​​​​
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 16 - июнунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
16.06.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 16 - июнунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 16-июну Убактысы: 13:45 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Жалал-Абад, Чүй, Москва, Ак-Суу жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу. (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).  
Кененирээк билүү >>
1 51 53 482