Башкы Жаңылыктар КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Кыргызстандагы Франциянын элчиси …

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Кыргызстандагы Франциянын элчиси Николя Фай менен жолугушту

08-Окт, 2025

Бүгүн, 8-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Николя Фай менен жолугушуу өткөрдү.

БШКнын төрагасы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктын жүрүшү тууралуу айтып берип, шайлоо мыйзамдарындагы негизги жаңылыктарга кеңири токтолду.

Атап айтканда, ал аралыктан добуш берүү системасынын киргизилгенин белгилеп, бул жаңы норма шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатууга жана парламентте өлкөнүн бардык аймактарынын өкүлчүлүгүн камсыздоого багытталганын баса белгиледи.

Тынчтык Шайназаров шайлоо процессинин ачык-айкын өтүшүндө эл аралык байкоочулардын маанилүү ролун белгиледи. Ал КР БШКсы бардык эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга ачык экенин жана байкоочулар үчүн шайлоого толук кандуу мониторинг жүргүзүүгө зарыл болгон бардык шарттарды түзүп берүүгө даяр экенин айтты.

«Байкоочулар үчүн бардык шарттар түзүлөт, алар өлкөдөгү каалаган шайлоо участкасында иш алып бара алышат», - деп баса белгиледи БШКнын төрагасы.

Франциянын элчиси Николя Фай маалымат үчүн ыраазычылык билдирип, Франция элчилиги расмий чакыруу алганын жана француз байкоочуларына алдыдагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн катышууну сунуштай турганын белгиледи.

Тынчтык Шайназаров ошондой эле чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандары үчүн добуш берүүгө шарт түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Ал өлкө сыртында, ошондой эле эки миңден ашуун кыргыз жараны жашаган Францияда да кошумча шайлоо участокторун ачуу каралып жатканын билдирди.

БШКнын төрагасы Франциянын элчисине жаңы шайлоо жабдууларын көрсөтүп, система шайлоону өткөрүүгө толук даяр экенин белгиледи. Ал 2025-жылдын 10-, 20- жана 30-октябрында Кыргызстандагы бардык шайлоо участокторунда, ошондой эле Россия Федерациясынын беш шаарында тесттик добуш берүүлөр өткөрүлөрүн билдирди.

Элчи Николя Фай аткарылган иштерге жогору баа берип, Кыргызстанда колдонулуп жаткан технологиялардын прогрессивдүүлүгүн белгиледи.

«Францияда шайлоолор мурдагыдай эле кол менен эсептелип өтөт. Сиздер шайлоо процессинде прогресстин алдыңкы сабында турасыздар. Биз сиздердин тажрыйбаны кызыгуу менен карап көрөбүз», - деп баса белгилеген дипломат шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>