Башкы Жаңылыктар 16-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча …

16-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар

16-Окт, 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда. Бүгүнкү күнгө карата 303 жаран арыз тапшырды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин (кошо алганда) аяктайт.

№

Талапкердин ФАА

Шайлоо округу

Туулган датасы

Ишинин түрү

Көрсөтүү тиби

1

Молдобекова Гулкан Сакиновна

№27

16.04.1964

Жогорку Кеңешитин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

2

Мурсалиев Акылбек Рыскельдиевич

№26

26.06.1982

Туризмди өнүктүрүү фондунун долбоор менеджери

Өзүн-өзү көрсөтүү

3

Юсупов Замир Байышович

№7

27.01.1986

Ош шаарынын мэринин орун басары

Өзүн-өзү көрсөтүү

 

4

Чотонов Медер Осконбекович

№16

01.09.1989

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

5

Жалилова Гульназ Тажибаевна

№12

17.02.1978

Арабаев атындагы КМУ – проректор

Өзүн-өзү көрсөтүү

6

Султанова Олмаскан Абдыкапаровна

№13

22.04.1985

Жеке Ишкер

Өзүн-өзү көрсөтүү

7

Мансурова Чолпон Турусбековна

№27

26.07.1974

Ысык-Көл облусунун Жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн башчысы

Өзүн-өзү көрсөтүү

8

Ташибекова Гульнара Адыловна

№20

01.12.1962

№2 Үй-бүлөлүк медицина борбору

Өзүн-өзү көрсөтүү

9

Шамаев Акылбек Арапбаевич

№3

21.05.1985

Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы

Өзүн-өзү көрсөтүү

10

Турганов Жылдызбек Момунжанович

№19

16.12.1967

«Тазалык» Новопавловка муниципалдык ишканасынын директору

Өзүн-өзү көрсөтүү

11

Джумабекова Акылсайра Кадыралиевна

№27

07.10.1957

Бишкек шаарындагы “Ирада” балдар үйүнүн директору

Өзүн-өзү көрсөтүү

12

Аманова Санталат Абдылдаевна

№6

19.06.1975

Ош шаарынын мэринин орун басары

Өзүн-өзү көрсөтүү

13

Борбиев Болотбек Ибраимович

№14

24.04.1967

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу

Өзүн-өзү көрсөтүү

14

Кудайбердиев Алтынбек Мусажанович

№6

13.08.1975

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

15

Карабаева Канымбу Исираиловна

№25

24.03.1972

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

16

Толубаева Нураида Нуржакыповна

№14

18.06.1987

КОСУнун юридикалык факультетинин башкы адиси

Өзүн-өзү көрсөтүү

17

Карашев Аалы Азимович

№10

30.10.1968

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

18

Куленбеков Ырысбек Кырманчиевич

№30

25.08.1968

Жеке Ишкер

Өзүн-өзү көрсөтүү

19

Примов Улан Бердибаевич

№8

07.12.1978

Жогорку Кеңештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

20

Маматов Бакытбек Самаганович (онлайн)

№12

05.07.1982

«Жалал-Абад Сельхозхимия» Жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси.

Өзүн-өзү көрсөтүү

Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот. Тизме бул жерде:

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
13-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Адылов Бакытбек Адыловичтин жана Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.Адылов Бакытбек Адыловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич.Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Джурабаева Гульнар Курашбековна, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Суранова Перизаткан Юлдашалиевна.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12-Ноя, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.• Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Сейдекматова Айнура Орозобековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Отунчиева Нурбюбю Абдрахмановнага өткөрүлүп берилди;   • Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары Мамануров Хасанбай Мамажанович, Юсупов Зайнобидин Абдумухтарович жана Масиров Тилек Алибаевичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович, Собиржонов Бунёдбек Сотболдиевич жана  Шеркулов Исламбек Батырбековичке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Кулбаева Зулайка Эшматовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ботобекова Гулина Рысбековнага өткөрүлүп берилди;   •Нарын районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаттары Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович жана Муратбек уулу Жээнбектин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Ыманакунов Атабек Турдакуновичке жана Талантбек уулу Арсенге өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
12-Ноя, 2026

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Орозалиев Кылыч Жанарбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, комиссиянын курамына резервден Джумагулов Каныбек Калыбекович, Зарнаева Назгуль Жакшылыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>