Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилине карата 30 округдук шайлоо комиссиясынын курамын бекитти
03.10.2025

БШК мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилине карата 30 округдук шайлоо комиссиясынын курамын бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилине 30 округдук шайлоо комиссиясынын курамын бекитти. Тиешелүү токтом бүгүн, 3-октябрда КР БШКнын жыйынында кабыл алынды. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктады
03.10.2025

КР БШК Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктады

Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө токтом кабыл алды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунушталган Пазылов Кубанычбек Турдубаевич, Айтиев Гайвали Кимсанович Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилди.  
Кененирээк билүү >>
-
03.10.2025

-

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 3 - октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
03.10.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 3 - октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 3-октябры Убактысы: 15:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Ноокат аймактык шайлоо комиссияынын резервин толуктоо жөнүндө. (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 2. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине 30 округдук шайлоо комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 3. “Кырк ууз” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 4. Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондорундагы, Баткен облусунун Сүлүктү шаары жана Кадамжай районундагы айрым шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө. (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун тайын эсептерин ачуу үчүн банктык мекемелерди аныктоо жөнүндө (баяндамачы – Амангелди кызы М., Контролдук-ревизиялык жана аудиттик иш секторунун башчысы  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ
02.10.2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комисияларынын мүчөлөрү, талапкерлер, саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары! “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесине ылайык, шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ. Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар! Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо укугуна Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары ээ. Шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу, шайлоочуларды өзү жөнүндө маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамаатка мүчөлүгү паспорттун чипине жазылган жарандын паспортундагы жашаган жерин каттоо жөнүндө белги же добуш берүү күнүнө чейин 60 күндөн кем эмес мөөнөттө жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде жашаган жеринин дарегин каттоо менен аныкталат. Добуш берүү күнүнө чейин 53 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2025-жылдын 8-октябрына чейин көп мандаттуу шайлоо округдарындагы шайлоо участкалары боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштырылат, андан Сиз өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактап алсаңыз болот. Ошондой эле добуш берүү күнүнө 47 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2025-жылдын 14-октябрына чейин тиешелүү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмеси таанышуу үчүн илинет. Өзүңүз жөнүндө маалыматтарды төмөндөгүлөрдөн тактасаңыз болот: • 1255 же 119 номерлерине чалуу менен; • www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу; • шайлоо участогунда; • “119” номерине өзүңүздүн ПИН-паспорттогу жеке идентификациялык номериңизди көрсөтүү менен СMС-билдирүү жиберүү аркылуу, Сиз шайлоо участогунун номерин жана дарегин ала аласыз (СМС-билдирүү жөнөтүү жана телефон чалуу акысыз). Эгерде кандайдыр бир ката же так эместик аныкталса, ошондой эле алдын ала шайлоочулардын тизмесинде сиз жок болсоңуз, добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, башкача айтканда, 2025-жылдын 8-октябрынан 19-ноябрына чейин (кошулган күндү эсепке алуу менен) тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга жана www.tizme.gov.kg сайтындагы “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу белгиленген тартипте авторизациядан өтүү менен электрондук түрдө арыз берүүгө укуктуусуз. Биометрикалык каттоодон өтө элек жарандар калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) жана жашаган жери боюнча жарандык абалдын актысын жазуу, паспорттоштуруу жана калкты каттоо органдарынан (Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу ведомстволук түзүм) ушул жол-жободон өтсө болот. Шайлоодо добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүү укугуна ээ экендигин эсиңиздерге салабыз. Урматтуу талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү! “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат: - Кыргыз Республикасынын жараны; - шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон; - шайлоого укугу бар; - жогорку кесиптик билими бар; - мамлекеттик тилди билген; - депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүүнүн алдында республикада акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашаган, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоодо өндүрүштүк, илимий, кызматтык себеп же башка зарылчылык боюнча өлкөнүн чегинен тышкары иш сапарларына байланыштуу ар бир жылда алты айга чейинки үзгүлтүктөргө жол берилет. Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга төмөнкү адамдар укуксуз: 1. соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган; 2. аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо: - коркунучтуулугу аз кылмыштар этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар; - Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар; 3. диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишмердигин токтонкондон кийин 5 жыл ичинде. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып, шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда, 2025-жылдын 30-октябрында (кошуп алганда) жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дө аяктайт. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жолу менен шайлоого катышууга саясий партияларды каттоо иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органында шайлоо жарыяланганга чейин катталган жана (же) кайра катталган саясий партияларга жол берилет. Саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу ар бир шайлоо округу боюнча бирден талапкерди саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү аркылуу көрсөтөт. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер кайсы көп мандаттуу шайлоо округунда ат салышаары көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат. Депутаттыкка талапкерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездине КР БШК мүчөсү катышууга укуктуу. Талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана КР БШКга берилет. Саясий партиянын съездинин чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин тиешелүү шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин курамы өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Саясий партия аталган ушул партиянын мүчөлөрү болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүүгө укуктуу. Саясий партия башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп саналган жарандарды Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүүгө укуксуз. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүдө саясий партия талапкерлердин жалпы санынын 70 пайызынан ашпаган бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүгү жөнүндөгү талапты сактоого милдеттүү. Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт. Жогорку Кеңешке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкер бир гана көп мандаттуу шайлоо округу боюнча көрсөтүлүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасын санариптештирүү саясатынын алкагында талапкерлерди каттоо үчүн «Электрондук талапкер» программасы киргизилген, ал талапкерлерге документтерин электрондук түрдө киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Талапкерлердин маалыматтарынын мыйзамдардын талаптарына ылайык келишин текшерүү “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ишке ашырылат (паспорттогу маалыматтары (катталгандыгы), КР жарандыгы (СӨМ), соттуулугунун жоктугу (ИИМ), жогорку кесиптик билиминин болушу (ББжИМ) ж.б.). Депутаттыкка талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганда башкача айтканда 2025-жылдын 10-ноябрында аяктайт. Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге көмөк көрсөтүү максатында, КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жайгаштырылган, шайлоого катышуучу талапкерлер үчүн шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери – үгүт, шайлоо өнөктүгүн каржылоо жана шайлоо талаш-тартыштары маселелери боюнча усулдук материалдардын жана ченемдик актылардын жыйнагы даярдалды. Жакын арада шайлоого катышуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү семинарлары өткөрүлөт. Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү! Мыйзамга ылайык, шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүттү өзүнө камтыйт. Үгүт процессине катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар Кыргыз Республикасынын БШКга жазуу жүзүндөгү арызы менен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитациядан өтүшү керек. Тиешелүү телерадиоберүү уюмдары, мезгилдүү басылмалардын редакциялары, интернет-басылмалардын ээлери арызы менен бирге эфирдик убакытты, басылма аянтты төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары же маалымат каражаттары, интернет-басылмада жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Мында акы төлөнүүчү эфир убактысынын, басылма аянтынын баасы бардык партиялар, талапкерлер үчүн бирдей болууга жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашпоого тийиш. Шайлоо мыйзамдарын бузган учурда КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын аккредитациясын чакырып алууга укуктуу. Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда башкача айтканда 2025-жылдын 10-ноябрында башталып, 29-ноябрында саат 8:00дө аяктайт. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылуучу же башка ыкма менен таратылган маалыматтык материалдардын мазмуну объективдүү, анык болууга, талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузбоого, аларда кайсы бир талапкерге артыкчылык берилбөөгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылбаган маалыматтарды чагылдыруу аркылуу гана катышууга укуктуу. Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөндөгүлөргө укуктуу: 1) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга; 2) шайлоо комиссияларынын протоколдору менен таанышууга; 3) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга; 4) шайлоого даярдык көрүү мезгилинде, ал эми добуш берүү күнү шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото- жана көрмө-тартууну жүзөгө ашырууга; 5) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, алар атынан чыккан уюмдардын аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө. КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнүктүккө жигердүү катышууга, жарандарга шайлоонун жүрүшү жана эрежелери, талапкерлер жөнүндө өз убагында жана ишенимдүү маалымат берип турууга чакырат. КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу бардык керектүү маалыматты берип турууга даяр экендигин билдирет. www.shailoo.gov.kg – КР БШКнын расмий сайты, www.tizme.gov.kg – шайлоочулардын тизмесинин порталы, www.talapker.shailoo.gov.kg – талапкерлер жөнүндө порталы. Урматтуу округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү! Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык силер менен биздин ишибиздин негизги иш принциптери болуп саналат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе силер менен биздин иш-аракеттерибизге жараша болот. Мекенди сүйүү, жарандык милдетти жогорку деңгээлде сезе билүү жана коом алдындагы жоопкерчилик, компетенттүүлүк, бизге мыйзамдуу, ачык-айкын жана анык демократиялык шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет! Урматтуу шайлоо процессинин катышуучулары! Шайлоо, укук нугунда өтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарындагы ченемдердин талаптарын катуу сактоо, ал эми шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүп, сабырдуу болуу зарыл. КР БШК өзү тараптан шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн ачык иштейт, ачык-айкындуулукту кепилдейт жана шайлоо тынч, туруктуу атмосферада өтүшү үчүн мүмкүн болушунча күч-аракет жумшайт, өлкөбүздүн жарандары шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусу үчүн бардык керектүү шарттарды түзөт. Байланыш маалымат жана БШКнын маалымат ресурстары: КР БШКнын расмий сайты www.shailoo.gov.kg www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында талапкерлер, талапкерлердин шайлоо программалары жана шайлоо фонддору тууралуу жалпы маалыматтар көрсөтүлгөн. БШКнын Даттануулар жана кайрылуулар реестринде (https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/) атайын электрондук ресурсунда шайлоо комиссияларына (КР БШК, ОШК, УШК) келип түшкөн даттануулар жана арыздар, алар боюнча кабыл алынган чечимдер жана сот актылары менен тааныша аласыз. БШКнын ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобунун шайлоочулар жана шайлоо мыйзамдарынын башка субъектилери үчүн шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымат берүү үчүн байланыш каналдары: - 1255 – кыска номери; - 0506 809-909 WhatsApp номерлери; - 0312 62-62-46 – ишеним телефону; - kgor@shailoo.gov.kg – электрондук дарек; 0312 66-02-40 – КР БШКнын коомдук кабылдамасы.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти
01.10.2025

КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти

2025-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы «Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурдагы шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарында жана шайлоо округдарын аныктоо тартибин жөнгө салган Конституциялык мыйзамдарда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык кабыл алынды. 2025-жылдын 1-октябрына карата маалымат боюнча, өлкөдө жалпысынан 4 миллион 287 миң шайлоочу катталган. Бул көрсөткүчкө ылайык, республика 30 көп мандаттуу шайлоо округуна бөлүнгөн, алардын ар биринде орточо эсеп менен 142 900 шайлоочу катталган. Мыйзамдык нормаларга ылайык, ар бир округдагы шайлоочулардын саны орточо көрсөткүчтөн ±20%га чейин өзгөрүүлөр орун алган. Бул норма өлкөнүн географиялык жана административдик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен шайлоо округдарын адилеттүү жана тең салмактуу түзүүгө мүмкүндүк берет. Шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын бекитүү чечими кабыл алынар алдында Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле жумушчу топтун мүчөлөрү менен кеңири талкуу өткөрүлүп, бардык региондордун пикирлери жана сунуштары кылдат каралды. Бул ачык-айкын жана натыйжалуу ыкма аймактар аралык тең салмактуулукту камсыздоого жана чечимдин коомчулук тарабынан кеңири колдоого алынышына чоң салым кошту. Шайлоо округдарынын толук тизмеси жана чектери төмөндө тиркелген.    
Кененирээк билүү >>
КР БШК делегациясы Казакстанда өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин БШКларынын Консультативдик кеңешинин жыйынына катышты
01.10.2025

КР БШК делегациясы Казакстанда өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин БШКларынын Консультативдик кеңешинин жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев БШКнын аппаратынын кызматкери менен Казакстанда өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин жыйынына катышты. 1-октябрда жыйындын алкагында «Шайлоо процессине катышуучулардын электоралдык маданиятын калыптандыруу» аттуу  тегерек стол болуп өттү. Нурлан Койчукеев «Кыргыз Республикасында жарандык билим берүү – электоралдык маданиятты калыптандыруунун фактору катары» деген тема боюнча баяндама жасады. Ал Кыргыз Республикасында жарандык билим берүүнү электоралдык маданиятты калыптандыруунун негизи катары карап, тажрыйба бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берген иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди. «Шайлоого ишенимди бекемдөө жана электораттын активдүүлүгү маселеси коомдун мындан аркы өнүгүүсү үчүн эң маанилүү маселелердин бири болуп эсептелет», – деп баса белгиледи БШК төрагасынын орун басары. Төраганын орун басары белгилегендей, жарандык билим берүүнүн мааниси Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларында да тастыкталган. «Кыргыз Республикасынын Конституциясы мамлекет жарандардын укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу үчүн шарттарды түзөөрүн бекитет. Конституция ошондой эле ар бир жаран мамлекетти башкарууга катышуу укугуна ээ экенин, ал эми мамлекеттин милдети бул укуктарды ишке ашыруу үчүн шарт түзүү экенин түздөн-түз көрсөтөт. Ушул контекстте жарандык билим берүү конституциялык нормаларды иш жүзүндө ишке ашыруунун негизине айланат», – деди Нурлан Койчукеев. Ал белгилегендей, электоралдык маданият жарандардын шайлоо институтуна болгон мамилесин, процедураларга болгон ишеним даражасын жана добуш берүүгө катышууга даярдыгын чагылдырат. Ал коомдун саясий маданиятынын маанилүү бөлүгү болуп саналат жана демократиялык институттардын туруктуулугуна түздөн-түз таасир этет. «Кыргызстан үчүн шайлоолор саясий системанын өнүгүшүндө негизги ролду ойнойт, ошондуктан электоралдык маданиятты калыптандыруу өзгөчө мааниге ээ. Эгемендүүлүк жылдарында өлкө дал шайлоо процессинен улам демократиялык өзгөрүүлөрдү да, коомдук кризистерди да башынан өткөрдү. Бул бийликтин легитимдүүлүгүн камсыз кылуу жана демократиялык өнүгүүнүн туруктуулугу үчүн жогорку деңгээлдеги электоралдык маданияттын зарылдыгын көрсөтөт», – деди БШК төрагасынын орун басары. Анын айтымында, өзгөчө маанилүүсү – жарандык билим берүү аркылуу жаңыдан шайлоочу катары калыптанып жаткан жаштардын, ошондой эле аялдардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, мигранттардын жана шайлоого катышуусу көп учурда жетишсиз болгон башка максаттуу топтордун активдүү жарандык позициясы калыптандырылат. Ошентип, жарандык билим берүү сабаттуу шайлоочуну даярдоодо гана эмес, шайлоого катышуунун баалуулугу ар бир адам тарабынан түшүнүлө турган чөйрөнү түзүүдө да мааниге ээ. Н. Койчукеев өз баяндамасында Кыргыз Республикасында жарандык билим берүүнү киргизүү боюнча олуттуу кадамдар жасалганын белгиледи. БШКда Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору иштеп, калктын укуктук жана электоралдык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча программалар ишке ашырылууда. Билим берүү министрлиги мектептик программаларга жарандык иденттүүлүктү жана жоопкерчиликтүү жаранды калыптандыруу боюнча сабактарды киргизүү аракетин көрүүдө. Бул иш Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасына да шайкеш келет, анда укуктук агартуунун жана укуктук сабаттуулукту жогорулатуунун мааниси түздөн-түз белгиленген. «Мамлекетибиздин келечектеги өнүгүүсү үчүн жоопкерчилигин түшүнүү аркылуу биздин шайлоочулар шайлоонун жана шайлоо процессинин маанилүүлүгүн аңдап түшүнүшөт. Дал шайлоо аркылуу биз өлкөнүн келечектеги өнүгүү жолун тандайбыз. Бул багытта биз жаштар, аялдар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, диний жамааттар, этникалык топтор, бизнес коомчулугу жана мигранттар менен тыгыз иш алып барабыз», – деп белгиледи Нурлан Койчукеев. Ал белгилегендей, демократиялык өнүгүү жолун басып өтүп жаткан жана көп сандаган чакырыктарга туш болгон Кыргызстан үчүн жарандык билим берүүнү өнүктүрүү билим берүү маселеси гана эмес, өлкөнүн келечеги менен түздөн-түз байланышкан стратегиялык милдетке айланууда. БШК атынан Нурлан Койчукеев кыргыз тарап шайлоо маданиятын өнүктүрүүгө жана КМШга мүчө мамлекеттерде демократиялык негиздерди чыңдоого багытталган демилгелерди ачык диалог жана кызматташтык аркылуу биргелешип ишке ашырууга даяр экенин билдирди. Мындан тышкары, бүгүн КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин алдындагы шайлоо чөйрөсүндөгү жаштар саясаты боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны онлайн форматта өттү. Кыргыз Республикасынан жумушчу топтун курамында – «Кыргызстандын жаштар кыймылы» Коомдук бирикмесинин төрагасы Жакшылык Бекназаров жана аталган уюмдун эл аралык кызматташтык боюнча төраганын орун басары Эмира Муктарканова. Биринчи жыйындын жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү таанышып, мындан аркы биргелешкен иш тууралуу пикирлерин бөлүшүштү.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү менен жолугушту
01.10.2025

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы Тынчтык Шайназаров Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга Башкы прокуратуранын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Манасбек Акматалиев, прокурорлор Самат Жунусов жана Абдыразак уулу Абдулхак, ошондой эле КР БШКнын Аппаратынын кызматкерлери катышты. Жолугушууда 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү алкагында БШК менен Башкы прокуратуранын өз ара аракеттенүүсү талкууланды. Жолугшуунун жүрүшүндө талапкерлерге укуктук бирдей шарт түзүүнү камсыздоо, аткаруу бийлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана укук коргоо органдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө, шайлоо өнөктүгүндө жана добуш берүү күнүндө иштей турган ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топтордун ишмердүүлүгүндөгү прокуратура органдарынын ролу сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Тынчтык Шайназаров КР БШК ачыктыкты, мыйзамдуулукту жана шайлоочулардын укуктарын сактоо маселелерине өзгөчө маани бере тургандыгын баса белгилеп, Башкы прокуратура менен натыйжалуу биргелешип аракеттенүү жогоруда айтылган милдеттердин негизги бөлүгү экенин айтты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 1 - октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
01.10.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 1 - октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 01-октябрь 2025-жыл. Убактысы: 16:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
30.09.2025

КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 30-сентябрда КР БШК Ак-Талаа, Жайыл, Сүлүктү, Кара-Кулжа жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары өткөрүлүп берилген депутаттар: Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты У.Т.Туташовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты С.С Камбаровго берилди. Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Аманбек уулу Улукбектин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты А.Ш.Мураталиевге берилди. Жайыл районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Н.К.Акматалиеванын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Э.Б.Осмоновага берилди. Сүлүктү шаарынын, Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты З.К. Акимбековдун (“Ыйман Нуру” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Э.А. Базарбаевге (“Ыйман Нуру” саясий партиясы) берилди. Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылдык кеңешинин депутаты Н.М. Шайлообаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Т.П. Пазыловго берилди. Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылдык кеңешинин депутаты Сүйүнали кызы Нурперинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Өмөрбек уулу Жылдызбекке берилди. Сузак районунун Сузак айылдык кеңешинин депутаты Н.З. Абдувахапованын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Ф.Х. Умурзаковага берилди.
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын Календардык планы бекитилди
30.09.2025

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын Календардык планы бекитилди

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы Жарлыгына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды. Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу жана мыйзамдардын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын Календардык планын кабыл алды. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу, бардык шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскартылды. Календардык планга ылайык:  • Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүү жана бекитүү – шайлоо күнү дайындалгандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен;  • Округдук шайлоо комиссияларын түзүү – шайлоо округдары түзүлгөндөн кийин;  • Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы шайлоо тилкелерин түзүү – КР ТИМинин сунушу боюнча.  Шайлоочулардын тизмеси менен иштөө:  • УШКларда шайлоочулардын алдын ала тизмесин тааныштыруу үчүн илүү – 2025-жылдын 14-октябрына чейин;  • Шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн УШКларда шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү – 2025-жылдын 10-ноябрына чейин;  • Шайлоочулардын арыздарын (шайлоочу жөнүндө ката же так эместик аныкталган учурда) тактоо үчүн кабыл алуу – 2025-жылдын 8-октябрынан 14-ноябрына чейин;  • УШКларда шайлоочулардын биротоло тизмелеринин экинчи нускасын илүү – 2025-жылдын 25-ноябрына чейин. Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо:  • Шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардын шайлоого катышары тууралуу БШКга жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү – шайлоо дайындалгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде;  • Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү – 2025-жылдын 30-октябрына чейин (кошо алганда);  • Талапкерлерди каттоо үчүн тиешелүү документтерди тапшыруу – 2025-жылдын 2-ноябрында саат 18:00гө чейин;  • Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо – 2025-жылдын 10-ноябрына чейин. Шайлоо алдындагы үгүт иштери:  • Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү – 2025-жылдын 10-ноябрынан 29-ноябрь саат 08:00гө чейин. Добуш берүүнү өткөрүү тартиби:  • Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө шайлоочулардан арыздарды кабыл алуу – 2025-жылдын 28-ноябрына чейин;  • Добуш берүүнү өткөрүү – 2025-жылдын 30-ноябрында саат 08:00ден 20:00гө чейин;  • КР ЖК депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо – 2025-жылдын 14-декабрына чейин.  
Кененирээк билүү >>
БШК Бишкек жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктап, айрым шайлоо участкаларынын даректерин өзгөрттү
30.09.2025

БШК Бишкек жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктап, айрым шайлоо участкаларынын даректерин өзгөрттү

Бүгүн, 30-сентябрда КР БШК  жыйынында бир катар чечимдерди кабыл алды. 1. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдери толукталды  "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын негизинде, Бишкек жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө талапкерлердин резервинин тизмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштамаларынын негизинде жаңыртылып, тиркемеге ылайык тийиштүү талапкерлер бекитилди. Бул кадам шайлоо процессинин ырааттуулугун камсыз кылуу жана шайлоо комиссияларынын сапаттуу иш алып баруусуна шарт түзүү максатында жүргүзүлдү. 2. Айрым шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлдү Шайлоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана добуш берүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында, төмөнкү шайлоо участкаларынын жайгашкан даректери өзгөртүлдү: - Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Шамшы айылындагы № 7042 шайлоо участогунун дареги К. Чолжиев, 22 көчөсүндө жайгашкан айыл өкмөттүн имаратынан Шамшы айылынын Школьная, 1 көчөсүндөгү жайгашкан Рысменди уулу Акмат атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү. - Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Маданият айылындагы № 7083 шайлоо участогунун дареги Б. Маленов, 14 көчөсүндө жайгашкан мектептин имаратынан Маданият айылынын Мукаш-Ата, 22 көчөсүндөгү айылдык клубунун имаратына өзгөртүлдү. - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айыл аймагынын Светлая Поляна айылындагы № 3182 шайлоо участогунун дареги Манас, 95 көчөсүндө жайгашкан административдик имаратынан Светлая Поляна айылынын К. Мырзаканов, 21 көчөсүндөгү А. Алыбаков атындагы мектептин имаратына өзгөртүлдү. Чүй аймактык шайлоо комиссиясына Онбир-Жылга айыл өкмөтү менен биргеликте жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкалардын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
БШК Алай жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
30.09.2025

БШК Алай жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бүгүн, 30-сентябрда, Алай жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды. Алай аймактык шайлоо комиссиясы: -  Комиссиянын курамынан Базарбай кызы Н. (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органынан) берилген арызынын негизинде чыгарылды. -Комиссиянын курамына резервден Матиева С.М. (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органынан) киргизилди. Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясы: -  Комиссиянын курамынан Бакыбекова А., Галова Ж. К. жана Усенова Ж. И. (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органдарынан) берилген арыздарынын негизинде чыгарылды.                                      Комиссиянын курамына резервден Сулайманова Ө. С., Асанбаева А.Ж. жана Мойдунов Б.П. (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органдарынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШга мүчө мамлекеттердин БШКларынын Консультативдик кеңешинин 6-жыйынына онлайн форматта катышты
30.09.2025

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШга мүчө мамлекеттердин БШКларынын Консультативдик кеңешинин 6-жыйынына онлайн форматта катышты

Бүгүн, 30-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин Алтынчы жыйынына онлайн форматта катышты. Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров Кыргызстандагы негизги шайлоо окуялары тууралуу маалымат берди. Ал белгилегендей, 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши VII чакырылыштын депутаттарынын өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алган. Анын негизинде, 30-сентябрда, өлкө Президенти Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2025-жылдын 30-ноябрына дайындоо тууралуу Жарлык чыгарды. «Ушуга байланыштуу БШК шайлоого даярдык көрүүгө киришти. Шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөндүктөн, шайлоо жараянынын мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскартылат. Бул бизден өзгөчө уюшкандыкты, так координацияны жана жогорку кесипкөйлүктү талап кылат. Азыркы өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин 90 депутаты 30 көп мандаттуу шайлоо округунан ар биринен үчтөн депутаттан - мажоритардык система менен шайланат. Бул модель талапкерлер менен шайлоочулардын байланышын жакшыртып, келечектеги депутаттардын өз шайлоочуларына жоопкерчилигин арттырат», - деп айтты БШК төрагасы. Ал ошондой эле алдыдагы шайлоодо аралыктан добуш берүү колдонуларын өзгөчө белгиледи. «Бул чечим шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ар кандай себептер менен өзүнүн туруктуу катталган жериндеги шайлоо участогуна келе албай калган жарандар үчүн кошумча мүмкүнчүлүк түзөт. Биз үчүн негизги артыкчылык - добуш берүүнүн купуялуулугун камсыз кылуу, процедуралардын ачыктыгы жана жыйынтыктын тууралыгы. Жарандардын шайлоо процессине болгон ишенимин биринчи кезекте ачыктыктын өзү калыптандырат. Ошондуктан БШК өлкөнүн бардык аймактарында ири масштабдуу маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүп жатат. Биздин максат - ар бир жаранга негизги принципти жеткирүү: «бир шайлоочу – бир талапкер – бир добуш», - деп баса белгиледи Тынчтык Шайназаров. Ал 2026-жылдын сентябрында Консультативдик кеңешке төрагалык Кыргызстанга өтөрүн эске салып, кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин тастыктап, жыйынга катышкан тараптарга ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады. Белгилей кетсек, төраганын орун басары Нурлан Койчукеев Консультативдик кеңештин ишине Казакстанда катышууда.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 30 - сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
30.09.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 30 - сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 30 сентябрь 2025-ж. Убактысы: 18:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. Шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун тексти жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнүн багыттарын бөлүштүрүү жөнүндө (баяндамачы – Айтиев З.К., Укуктук, иш кагаздарын жүргүзүү жана кадрларды камсыздоо башкармалыгынын башчысы) 4. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, шайлоо участкалары үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо комиссиялары берүүчү күбөлүктөрдүн формаларын бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ак-Талаа, Жайыл, Сүлүктү, Кара-Кулжа жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 7. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Чүй районундагы жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айрым шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 8. Алай жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 9. Бишкек жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)  
Кененирээк билүү >>
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2025-жылдын 30-ноябрына дайындады
30.09.2025

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2025-жылдын 30-ноябрына дайындады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 84-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык токтом кылынды: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо (мындан ары – шайлоо) 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшембиге дайындалсын. 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы: 1) шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун; 2) шайлоодо аралыктан добуш берүүнү колдонсун. 3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети: 1) шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык бөлсүн; 2) шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, ошондой эле коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн; 3) Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын так тизмелерин түзүү үчүн анын маалыматтарын тактоо боюнча чараларды көрсүн; 4) шайлоочуларды реалдуу убакыт режиминде (онлайн) идентификациялоо системасын өркүндөтүүнү, ошондой эле байланыш каналдарын уюштурууну жана иштешин камсыз кылсын; 5) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун камсыз кылууда, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууда, ошондой эле мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдары менен камсыз кылууда көмөк көрсөтсүн; 6) добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн; 7) шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыгуучу башка иш-чараларды белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыз кылсын. 4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын. 5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине көмөк көрсөтсүн. 6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн. 7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кененирээк билүү >>
1 46 48 482