Башкы Жаңылыктар КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу …

КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

16-Окт, 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- №23 шайлоо округу боюнча талапкер Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Эсенгулов А.М. жана каржы боюнча Аширалиева Ч.М.;
- №3 шайлоо округу боюнча талапкер Дуванаева Гулнара Качыбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Бегалатов И.А. жана каржы боюнча Супатаева М.;
- №11 шайлоо округу боюнча талапкер Камчибекова Нуржамал Матисаковнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Мундузбаев Б.М. жана каржы боюнча Абдылдаева Ж.С.;
- №22 шайлоо округу боюнча талапкер Досалиев Эльмир Акуналыевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Нурмаматов М.Р. жана каржы боюнча Сарыбаева А.И.;
- №17 шайлоо округу боюнча талапкер Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Сато К.Н.;
- №14 шайлоо округу боюнча талапкер Турдумамбетов Осмон Жолдошбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Коконбаев К.К. жана каржы боюнча Калбаев Т.А.;
- №9 шайлоо округу боюнча талапкер Талипов Чынгыз Базарбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Мамажунусов А.М.;
- №3 шайлоо округу боюнча талапкер Бердибеков Бекмурза Абдулазизовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Маматов А.Б. жана каржы боюнча Бердибеков Б.А.;
- №5 шайлоо округу боюнча талапкер Мурзажигит кызы Зареманын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Джолдошов М.М. жана каржы боюнча Темишов Р.М.;
- №8 шайлоо округу боюнча талапкер Жумаева Динара Нуркамиловнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Санжар уулу С. жана каржы боюнча Зикиров С.А.;
- №27 шайлоо округу боюнча талапкер Асакеев Ринат Сапарбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Сасыкулов Ж.К. жана каржы боюнча Умарова А.Н.;
- №17 шайлоо округу боюнча талапкер Рыскулбек уулу Нурматтын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Мыктарбеков К.М. жана каржы боюнча Медербекова Д.С.;
- №20 шайлоо округу боюнча талапкер Разиков Аброр Джононовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Топбаев С.А. жана каржы боюнча Жунушова А.А.;
- №29 шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыгалиев Нурбек Омурбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Осмонов А.К.;
- №14 шайлоо округу боюнча талапкер Сулайманов Кундузбек Кошалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Токтосун уулу К. жана каржы боюнча Энназарова С.А.;
- №5 шайлоо округу боюнча талапкер Исраилов Азамат Алмазбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Эмилбеков А.Э. жана каржы боюнча Коконбаев Р.Б.;
- №27 шайлоо округу боюнча талапкер Кадыров Кубанычбек Бекбосуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Акматбек уулу К. жана каржы боюнча Жанпейишов Ө.А.;
- №18 шайлоо округу боюнча талапкер Ханджез Карим Лемзаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Соорбекова А.Р. жана каржы боюнча Хиязов М.Ю.;
- №30 шайлоо округу боюнча талапкер Самаков Кубанычбек Карганбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Капаков Ж.С.;
- №30 шайлоо округу боюнча талапкер Жумаканов Мустафа Бейшебаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Жумаканова А.Б.;
- №12 шайлоо округу боюнча талапкер Каримова Гүлсара Оморбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Шерматов М.А.;
- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Раимбачаева Винера Калыбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Мусуралиев М.А. жана каржы боюнча Джелчиева М.С.;
- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Акимжанова Рыскүл Абдыманаповнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Абдибаитов М.И.;
- №1 шайлоо округу боюнча талапкер Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Мурзаев М.А.;
- №21 шайлоо округу боюнча талапкер Айдарбеков Чынгыз Азаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Курсанбеков Н.К. жана каржы боюнча Калык кызы Э.;
- №1 шайлоо округу боюнча талапкер Исаев Абдикасит Абдулакимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Кудуретов Ш.М. жана каржы боюнча Жапаров М.А.;
- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Кенжеева Эльмира Жусупбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Турдубаев А.Ш.;
- №13 шайлоо округу боюнча талапкер Саипов Айбек Сатыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Маматалиев Б.М. жана каржы боюнча Саипов Ж.С.;
- №8 шайлоо округу боюнча талапкер Акаев Жанарбек Кубанычовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Өмүрбек уулу А. жана каржы боюнча Сафаров А.Н.;
- №12 шайлоо округу боюнча талапкер Тиллебаев Темирбек Кыргызбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Хакимов А.М. жана каржы боюнча Мадимаров К.Ж.;
- №9 шайлоо округу боюнча талапкер Токтомуратова Гүлпери Абдылдаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Маматназар кызы А.;
- №25 шайлоо округу боюнча талапкер Асанбеков Жаныбек Асанбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Алимжанов А.А. жана каржы боюнча Болотбеков Б.Ж.;
- №5 шайлоо округу боюнча талапкер Исаева Гулназ Назарбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Акимова Ч.К. жана каржы боюнча Солпуева Ч.Э.;
- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Ибраимова Аселя Раимбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Садыков И.А. жана каржы боюнча Абдиев К.Т.;
- №1 шайлоо округу боюнча талапкер Дыйканов Максатбек Дыйкановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Дыйканов Н.М.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>