Шайлоочулардын келиши боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын түшүндүрмөсү
28 ноября 2012
Маалымат агенттиктеринде Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан шайлоочулардын саны эсептелген шайлоо бюллетендеринин санынан аша тургандыгы жөнүндө маалымат пайда болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – БШК) төмөнкүлөрдү түшүндүрөт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 25 шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо боюнча БШКнын расмий сайтында жайгаштырылган шайлоочулардын келиши юридикалык мааниси болбогон болжолдуу маалымат болуп саналат. Тиешелүү түрдө бул маалыматты маалымат агенттиктеринде көрсөтүлгөндөй расмий маалымат деп атоого болбойт.
БШКнын маалыматтары боюнча, шайлоо күнү чындыгында эле Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо добуш берүүгө катталган 346 338 шайлоочунун ичинен 109 495 шайлоочу катышты. Ошого карабастан, саат 19:00гө карата БШКнын расмий сайтында жайгаштырылган шайлоочулардын келиши жөнүндө маалыматта мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулар жана добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берген шайлоочулар киргизилбегенин белгилеп кетүү керек.
Шайлоонун натыйжаларын аныктоого келсек, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы түздөн-түз участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде шайлоонун натыйжаларын добуш берүү күнүнөн тартып 20 календарлык күндөн кечиктирбестен аныктайт, бирок эч качан БШК аныктабайт. Ушундан кийин гана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөргөн аймактык шайлоо комиссиялары шайлоо документтерин БШКга берет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
