КР БШК мүчөлөрү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 2312 шайлоо бюллетенин берүү жөнүндө чечим кабыл алышты
25 ноября 2012
Бүгүн, 2012-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү.
КР БШКнын мүчөлөрү Ош облусунун Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизишти.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кошумча 2312 шайлоо бюллетенин берүү тууралу БШКга түшкөн катынын негизинде, КР БШК мүчөлөрү аларга сурап жаткан шайлоо бюллетендердин санын берүү жөнүндө чечим кабыл алышты.
КР БШКнын мүчөлөрү Нарын аймактык шайлоо комиссиясы "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 60-беренесинин талаптарын одоно бузуу менен №1 Казан-Куйган шайлоо округу боюнча Казан-Куйган айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Чолуев Салыбек Торгоевичти каттагандыгына байланыштуу, КР БШК мүчөлөрү жогору аталган адамды талапкерликке каттагандыгы жөнүндө № 9 протоколун жокко чыгарышты.
Ошондой эле жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 2012-жылдын 5-ноябрында Совет айылдык аймагына КСДПдан көрсөтүлгөн 8 талапкердин документтери жоготулгандыгын, Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шайлоо укуктарды бузгандыгын эске алуу менен, каттоонун шайлоо мөөнөттөрү аяктагандыгына, ошондой эле 2012-жылдын 24-ноябрына карата Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешине депутаттыкка катталган талапкерлердин жок болгондугуна байланыштуу “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1,2-пункттарын, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 24- пункттарын жетекчиликке алып, “Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таануу жөнүндө” токтом кабыл алышты.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
