Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти
16.12.2012

КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти

2012-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти. Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Баткен облусунун Баткен шаардык, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Кадамжай, Лейлек жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти. Жалал-Абад облусу боюнча КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Ала-Бука, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти. Ысык-Көл облусу боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Ысык-Көл, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилди. Шайлоонун натыйжалары жөнүндө токтомду кабыл алууда тиешелүү түрдө Ысык-Көл районунун №3026 жана Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык округунун №3134 участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды. Ошондой эле КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Нарын шаардык, Ат-Башы, Ак-Талаа,  Жумгал,  Кочкор,  Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти. КР БШКнын мүчөлөрү «Жан-Булак» шайлоо округунда Нарын районунун Жан-Булак айылдык кеңешин жана «Орто-Саз - Ак-Кыя» шайлоо округунда Чет-Нура айылдык кеңешин шайлоонун натыйжаларын бекиткен жок. КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти. Шайлоонун натыйжалары жөнүндө токтомду кабыл алууда Араван районунун №5352 жана Кара-Суу районунун №5245, №5198 участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды. КР БШКнын мүчөлөрү Талас шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп тапты жана Талас шаарынын №6108 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө Талас шаардык АШКнын 2011-жылдын 30-ноябрындагы №15 токтомун жокко чыгарды. Талас шаарынын калган бардык участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жарактуу деп табылды. Талас облусу боюнча бүтүндөй алганда, КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Талас шаардык, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти. Чүй облусу боюнча КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти. Токтом кабыл алууда КР БШКнын мүчөлөрү Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин №7281 шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө №16 Москва аймактык шайлоо комиссиясынын жана тиешелүү түрдө №7057 шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын таануу жөнүндө №12 Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун жокко чыгарды. Сокулук районунун №№7230, 7231, 7233, 7235, 7237, Москва районунун №№ 7273, 7280, Жайыл районунун №7327 жана Аламүдүн районунун №7188, 7194 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды. Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитти.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Айрым шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептөө жүргүзүлдү
06.12.2012

Айрым шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептөө жүргүзүлдү

Бүгүн, 2012-жылдын 6-декабрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү. Бишкек шаарынын прокурору Т.А. Кожоновдун жана Ош облусунун Өзгөн районунун прокурору С.К. Мамыровдун 2012-жылдын 6-ноябрында келип түшкөн сунуштарын карап чыгып, КР БШКнын мүчөлөрү депутаттыкка катталган талапкерлер тиешелүү түрдө Тулобаев Балбакты жана Каримов Бекболотту жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. КР БШКнын мүчөлөрү ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешинин №3041 Семеновка көп мандаттуу шайлоо округу боюнча чечим кабыл алды. Чечимге ылайык Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн катышуусунда №3041 шайлоо участкасында шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептөөнү жүргүзүүгө тийиш. Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин арыздарында көрсөтүлгөн талаптарды канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды. Атап айтканда, талапкерлер Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жараксыз деп табууну өтүнгөн. КР БШКнын мүчөлөрү ошондой эле Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешинин № 4 Батыш көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин №3189 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартты. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы №3135 Таш-Кыя УШКда жана №3137 Бурма-Суу УШКда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча даттанууларды карап чыгып, КР БШКнын мүчөлөрү Ак-Суу АШК шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептеп чыксын деген чечимди кабыл алды. Шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептөө ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылдык кеңешинин №3122 шайлоо участкасында жүргүзүлдү. КР БШКнын мүчөлөрү жыйналышта ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районундагы №№7208, 7230, 7231, 7237, 7258 шайлоо участкалары боюнча чечим кабыл алды. Чечимге ылайык Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы), саясий партиялардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн, байкоочулардын сөзсүз катышуусу менен шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептөөнү жүргүзүүгө тийиш. КР БШКга келип түшкөн депутаттыкка талапкерлердин добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түзүүдө шайкеш эместиктерге арыздары менен даттанууларына жана Талас облусунун: Талас районундагы №№, 6074, 6076, 6084, 6090, 6095, 6098,  6099, Бакай-Ата районундагы №6066 жана Кара-Буура районундагы №6031 шайлоо участкаларында добуштарды кайрадан эсептөөнү жүргүзүү өтүнүчтөрүнө байланыштуу КР БШКнын мүчөлөрү жогоруда саналган участкаларда БШКнын мүчөсүнүн, саясий партиялардын, талапкерлердин, коммерциялык эмес уюмдардын милдеттүү түрдө катышуусу менен добуштарды кайрадан эсептөөнү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Талас шаарына келсек, КР БШКнын мүчөлөрү Талас облусунун Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 27-ноябрындагы №14 чечиминин №№ 6106, 6111 шайлоо участкаларында бюллетендерди кайрадан эсептөөнү жүргүзүүдөн баш тартуу бөлүгүн жокко чыгарууну, калган бөлүгүн күчүндө калтырууну чечти. Талас облусунун Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык №№ 6106, 6111 шайлоо участкаларында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн, тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын, саясий партиялардын, талапкерлердин, коммерциялык эмес уюмдардын милдеттүү түрдө катышуусу менен бюллетендерди кайрадан эсептөөнү жүргүзүүгө тийиш.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
«Ар-Намыс», КСДП жана «Ата Мекен» фракцияларынын лидерлеринин кайрылуусу
06.12.2012

«Ар-Намыс», КСДП жана «Ата Мекен» фракцияларынын лидерлеринин кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (БШК) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин: «Ар-Намыс», КСДП жана «Ата Мекен» фракцияларынын лидерлери кайрылды. Кайрылууда 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү күнү саясий партиялардын жана жарандык сектордун байкоочулары шайлоо мыйзамдары бузулушунун фактыларын белгилегендиги жөнүндө айтылат. Кайрылууда шайлоочулардын тизмелерин ылгап текшерүү үчүн БШКнын, саясий партиялардын жана жарандык сектордун өкүлдөрүнөн турган комиссияны түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө белгиленген. Кайрылуунун толук текстин көрүүгө болот – бул жерде.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 25-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин шайлоо фондуларындагы акча каржаттардын кыймылы жөнүндө отчет
30.11.2012

2012-жылдын 25-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин шайлоо фондуларындагы акча каржаттардын кыймылы жөнүндө отчет

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин “РСК БАНК” ААКда ачылган шайлоо эсекптери боюнча 01.10.2012-ж. тартып 23.11.2012-ж. чейинки мезгил үчүн маалыматтар – бул жерде .     Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
ЖМК өкүлдөрү үчүн КР БШКнын төрагасынын пресс-конференциясы
29.11.2012

ЖМК өкүлдөрү үчүн КР БШКнын төрагасынын пресс-конференциясы

Бүгүн, 2012-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма сөз-борборунда КР БШК төрагасы Туйгуналы Дүйшөналиевич Абдраимовдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн пресс-конференциясы өттү. КР БШК төрагасы Т.Абдраимов үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан Кыргыз Республикасынын жарандарына ыраазычылыгын билдирди. Ал, жалпысынан республика боюнча жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого алдын ала маалымдоолорго карата 48,67% шайлоочу катышкандыгын айтты. Бишкек шаарында 35,85% шайлоочу добуш берген, Чүй облусунда –47,50%, Ош облусунда – 57,80%,  Жалал-Абад облусунда – 53,10%, Баткен облусунда – 44,13%, Ысык-Көл облусунда – 48,63%, Нарын облусунда – 51,50%, Талас облусунда – 56,60%. КР БШК төрагасы ЖМКлардын өкүлдөрүнө “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1 беренесине ылайык талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызы берилген саясий партиялар депутаттык мандаттарды алышаарын белгиледи. Алсак, алдын ала маалыматтар боюнча Бишкек шаардык кеңешине шайлоочулардын добушунун 7% көбүн алган төмөндөгү 4 саясий партия өтө тургандыгын айтты: КСДП (32,83%), «Республика» (18,07%), «Ата Мекен» (10,24%) и «Замандаш-Современник» (9,6%). Ошондой эле ал башка 24 шаардык кеңештерине шайлоонун алдын ала натыйжаларына токтолуп кетти. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып КР БШК төрагасы Т. Абдраимов келип түшүп жаткан кайрылууларга, даттанууларга жана арыздарга байланыштуу аймактык шайлоо комиссиялары айрым участкалардагы шайлоочулардын добуштарын кайрадан саноо жөнүндө чечим кабыл алгандыгын айтты. Атап айтканда Бишкек шаарында 14 УШКда кайрадан саноо өткөрүлгөн. Ысык-Көл облусунда 3 УШКда кайрадан саноо өткөрүлөт, Талас облусунда 2 УШКда, Нарын облусунда 3 УШКда. Чүй облусунда 3 УШКда, Жалал-Абад облусунда 7 УШКда кайрадан саноо өткөрүлөт. Ошондой эле БШК төрагасы КР БШК мүчөлөрү шайлоочулардын добуштарын кайрадан саноого катышуу үчүн облустарга жөнөп кетишкендигин айтты, анткени “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык КР БШКнын мүчөсүнүн саноого катышуусу милдеттүү.        Пресс-конференцияны бүтүрүп жатып Т. Абдраимов ЖМКлардын өкүлдөрүн Борбордук шайлоо комиссиясы бузуулар белгиленген жана алар жөнүндө мыйзамга ылайык арыз түшкөн бардык шайлоо участкаларында кайрадан добуштарды саноого даяр экендигин ынандырды.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз борбору
Кененирээк билүү >>
Шайлоочулардын келиши боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын түшүндүрмөсү
28.11.2012

Шайлоочулардын келиши боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын түшүндүрмөсү

Маалымат агенттиктеринде Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан шайлоочулардын саны эсептелген шайлоо бюллетендеринин санынан аша тургандыгы жөнүндө маалымат пайда болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – БШК) төмөнкүлөрдү түшүндүрөт. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 25 шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо боюнча БШКнын расмий сайтында жайгаштырылган шайлоочулардын келиши юридикалык мааниси болбогон болжолдуу маалымат болуп саналат. Тиешелүү түрдө бул маалыматты маалымат агенттиктеринде көрсөтүлгөндөй расмий маалымат деп атоого болбойт. БШКнын маалыматтары боюнча, шайлоо күнү чындыгында эле Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо добуш берүүгө катталган 346 338 шайлоочунун ичинен 109 495 шайлоочу катышты. Ошого карабастан, саат 19:00гө карата БШКнын расмий сайтында жайгаштырылган шайлоочулардын келиши жөнүндө маалыматта мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулар жана добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берген шайлоочулар киргизилбегенин белгилеп кетүү керек. Шайлоонун натыйжаларын аныктоого келсек, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы түздөн-түз участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде шайлоонун натыйжаларын добуш берүү күнүнөн тартып 20 календарлык күндөн кечиктирбестен аныктайт, бирок эч качан БШК аныктабайт. Ушундан кийин гана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөргөн аймактык шайлоо комиссиялары шайлоо документтерин БШКга берет.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөлөрү Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
28.11.2012

КР БШКнын мүчөлөрү Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

Бүгүн, 2012-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү. КР БШКнын мүчөлөрү «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 7-пунктуна, 19-беренесиндеги 7-бөлүккө, «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизди.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөлөрү Бишкек шаарынын №№1321, 1323 жана 1324 шайлоо участкаларында көчмө ящиктер боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү жараксыз деп тапты
27.11.2012

КР БШКнын мүчөлөрү Бишкек шаарынын №№1321, 1323 жана 1324 шайлоо участкаларында көчмө ящиктер боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү жараксыз деп тапты

Бүгүн, 2012-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү. КР БШКнын мүчөлөрү 2012-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары жайдан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү жол-жоболорун бузгандыгына «Коалиция за демократию и гражданское общество» коомдук бирикмесинин жана бир катар саясий партиялардын жетекчилеринин кайрылуусун эске алып, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42, 43-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1, 2, 3-пункттарын, 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1, 2-пункттарды жетекчиликке алып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жайдан тышкары жерде добуш берүүнү өткөрүү жол-жобосун текшерүү зарыл болгон участкалык шайлоо комиссияларынын тизмесин аныктоону сунуш кылуу чечимин кабыл алды. Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү сунуш кылынган материалдарды, ошондой эле Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы К.Маматовдун докладын талкуулап, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 25-ноябрындагы №33 чечимин негиздүү кабыл алынган деп тапты. КР БШКнын мүчөлөрү ошондой эле Бишкек шаарынын №№1321, 1323 жана 1324 шайлоо участкаларында көчмө ящиктер боюнча добуш берүү үчүн жайлардан тышкары жерде добуш берүүнү жараксыз деп тапты.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Участкалык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алуу улантылууда
26.11.2012

Участкалык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алуу улантылууда

Бүгүн, 2012-жылдын 26-ноябрында сааат 13:00дө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын участкалык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алуу улантылды. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдун биринчи экземпляры ага кол коюлгандан кийин шайлоо документтери, буга шайлоочулардын тизмесин, арыздар (даттануулар) алар боюнча кабыл алынган чечимдерди, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актыларды кошуп, жогору турган шайлоо комиссиясына жеткирилет, ал тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат. Бишкек шаарынын ар бир шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн натыйжалары Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөндүгүнө карата токтоосуз Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылган добуш берүүнүн жыйынтыктарынын маалыматтары эч кандай юридикалык күчкө ээ болбогон алдын ала маалымат экендигин эскертебиз.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы эске салат: КР БШКда “түз байланыш” иштейт
25.11.2012

Борбордук шайлоо комиссиясы эске салат: КР БШКда “түз байланыш” иштейт

Бүгүн, шайлоо күнү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында “түз байланыш” иштейт. Өзүн кандайдыр бир себеп боюнча шайлоочулардын тимзесинен таппай калган шайлоочулар 0-312-62-09-09 телефон аркылуу кайсы тизмеге киргизилгендиктерин тактап алышса болот. Маалымат алуу үчүн фамилиясын, атын, атасынын атын билдирүү зарыл. БШК түз байланышы шайлоо участкалар жабылганга чейин б.а. 19.00гө чеийн иштейт. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
25 - ноябрь – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күнү
25.11.2012

25 - ноябрь – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күнү

Бүгүн, 2012-жылдын 25-ноябры - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күнү. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү саат 8.00дөн 19.00гө чейин жүргүзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 25 шаарда жана 416 айылдык аймактарда өтөт. “Жергиликтүү кеңештердин депутатарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бардык участкалык шайлоо комиссиялар ачылды. Жалпысынан шайлоону 2027 участкалык шайлоо комиссиялар өткөрүп жатат. Бүгүн, добуш берүү күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында 25 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоочулардын келиши 10:00, 13:00, 16:00 и 20:00 сааттарда http://cec.shailoo.gov.kg/ ссылкасы боюнча чагылдырылып турат.  Эскерте кетсек Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарымдарынын мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы  “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  № 204 Жарлыгы менен шайлоо 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 2312 шайлоо бюллетенин берүү жөнүндө чечим кабыл алышты
25.11.2012

КР БШК мүчөлөрү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 2312 шайлоо бюллетенин берүү жөнүндө чечим кабыл алышты

Бүгүн, 2012-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү. КР БШКнын мүчөлөрү Ош облусунун Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизишти. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кошумча 2312 шайлоо бюллетенин берүү тууралу БШКга түшкөн катынын негизинде, КР БШК мүчөлөрү аларга сурап жаткан шайлоо бюллетендердин санын берүү жөнүндө чечим кабыл алышты. КР БШКнын мүчөлөрү Нарын аймактык шайлоо комиссиясы "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 60-беренесинин талаптарын одоно бузуу менен  №1 Казан-Куйган шайлоо округу боюнча Казан-Куйган айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Чолуев Салыбек Торгоевичти каттагандыгына байланыштуу, КР БШК мүчөлөрү жогору аталган адамды талапкерликке каттагандыгы жөнүндө № 9 протоколун жокко чыгарышты. Ошондой эле жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 2012-жылдын 5-ноябрында Совет айылдык аймагына КСДПдан көрсөтүлгөн 8 талапкердин документтери жоготулгандыгын, Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шайлоо укуктарды бузгандыгын эске алуу менен, каттоонун шайлоо мөөнөттөрү аяктагандыгына, ошондой эле 2012-жылдын 24-ноябрына карата Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешине депутаттыкка катталган талапкерлердин жок болгондугуна байланыштуу “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1,2-пункттарын, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 24- пункттарын жетекчиликке алып, “Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таануу жөнүндө” токтом кабыл алышты. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШКнын токтому
25.11.2012

БШКнын токтому

2012-жылдын 25-октябрында “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” (КСДП) Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына каттоо үчүн Баткен облусунун Кадамжай айылдык кеңешинин депутаттыгына 167 талапкердин документин тапшырган. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 6-ноябрындагы №17 протоколу менен 13 айылдык кеңештин депутаттыгына Кадамжай районунун 58 көп мандаттуу шайлоо округдарынан 663 талапкер катталган, 83 талапкерди каттоодон баш тартылган: анын ичинде КСДП партиясынан көрсөтүлгөндөрдөн 17: Совет айылдык аймагынан 8 талапкер, Марказ айылдык аймагынан 2 талапкер, А. Масалиев атындагы айылдык аймагынан 2 талапкер, Үч-Коргон айылдык аймагынан 3 талапкер, Бирлик айылдык аймагынан 1 талапкер, Майдан айылдык аймагынан 1 талапкер. 2012-жылдын 16-ноябрында КСДПнын Баткен облустук аймактык бөлүмүнүн координатору М.Б. Мергенов Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын жогоруда көрсөтүлгөн протоколуна Кадамжай райондук сотуна даттануу менен кайрылган. Кадамжай райондук сотунун 2012-жылдын 20-ноябрындагы чечими менен Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 6-ноябрындагы №17 протоколу мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылган. Райондук соттун аталган чечими Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан райондук соттун чечиминин Совет айылдык аймагына тиешелүү бөлүгүнөн  башкасы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөлдөө тартибинде даттанылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 2012-жылдын 24-ноябрында Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын көзөмөлдөө даттануусун канагаттандырган. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 2012-жылдын 5-ноябрында Совет айылдык аймагына КСДПдан көрсөтүлгөн 8 талапкердин документтери жоготулгандыгын, Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шайлоо укуктарды бузгандыгын эске алуу менен, каттоонун шайлоо мөөнөттөрү аяктагандыгына, ошондой эле 2012-жылдын 24-ноябрына карата Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешине депутаттыкка катталган талапкерлердин жок болгондугуна байланыштуу “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1, 2-пункттарын, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 24- пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  ТОКТОМ КЫЛАТ:   1. Баткен облусунун Кадамжай  районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын. 2. Бул токтомдун көчүрмөсү Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин. 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.    ТӨРАГА                                                                    Т. АБДРАИМОВ          Бишкек ш, 2012-жылдын 24-ноябры          № 148
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 25-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын жалпы саны
24.11.2012

2012-жылдын 25-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын жалпы саны

“Жергиликтүү кеңештерднн депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, 2012-жылдын 16-ноябрынан 24-ноябрына чейин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча мөөнөтүнөн мурда добуш берүү өттү. “Жергиликтүү кеңештерднн депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Өзү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоо участкасына шайлоо күнү келүү мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу башка жакка кетип жаткандыгына байланыштуу шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин же өлкөнүн аймагында болбой тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, ошондой эле тиешелүү документтерди көрсөткөндө (иш сапарына ырастаманы, авиабилетти, темир жол билетти, паспорттогу визаны) добуш берүү күнүнө чейин 9-1 календарлык күн калганда тиешелүү шайлоо комиссиясынын аймагындагы жайда шайлоо бюллетенин толтуруу жолу менен мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу. Мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын жалпы саны төмөнкүдөй:  АШКдын аталышы Бардыгы Бишкек шаары   1 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 27 Баткенская облусу   2 Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясы 10 3 Баткен аймактык шайлоо комиссиясы 11 4 Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы   5 Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясы 2 6 Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы 5 7 Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясы 1   Облус боюнча бардыгы 56 Жалал-Абад облусу   8 Аксы аймактык шайлоо комиссиясы   9 Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы   10 Майлуу-Сууя аймактык шайлоо комиссиясы 2 11 Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы 8 12 Ноокенская аймактык шайлоо комиссиясы 8 13 Сузак аймактык шайлоо комиссиясы 4 14 Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясы 22 15 Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясы 1 16 Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы   17 Жалал-Абад  аймактык шайлоо комиссиясы 6 18 Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясы 23 19 Чаткал аймактык шайлоо комиссиясы 7   Облус боюнча бардыгы 81 Ысык-Көл облусу   20 Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы 35 21 Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы 4 22 Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы 17 23 Тоң аймактык шайлоо комиссиясы 6 24 Түп аймактык шайлоо комиссиясы 7   Облус боюнча бардыгы 69 Нарын облусу   25 Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы    26 Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы 10 27 Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы   28 Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы 12 29 Нарын аймактык шайлоо комиссиясы 19 30 Кочкор  аймактык шайлоо комиссиясы      Облус боюнча бардыгы 41 Ош облусу   31 Алай  аймактык шайлоо комиссиясы   32 Араван  аймактык шайлоо комиссиясы 9 33 Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы 1 34 Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы 18 35 Ноокат  аймактык шайлоо комиссиясы   36 Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы 5 37 Чоң-Алай  аймактык шайлоо комиссиясы 1   Облус боюнча бардыгы 34 Талас  облусу   38 Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы 85 39 Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы   40 Манас  аймактык шайлоо комиссиясы 3 41 Талас  шаардык аймактык шайлоо комиссиясы 10 42 Талас  аймактык шайлоо комиссиясы       Облус боюнча бардыгы 98 Чүй облусу   43 Кемин  аймактык шайлоо комиссиясы   44 Чүй аймактык шайлоо комиссиясы 1 45 Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы   46 Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы 4 47 Сокулук  аймактык шайлоо комиссиясы 41 48 Москва аймактык шайлоо комиссиясы 1 49 Жайыл  аймактык шайлоо комиссиясы 3 50 Панфилов  аймактык шайлоо комиссиясы     Облус боюнча бардыгы  50   Бардыгы 429   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Шайлоо күнү КР БШКда “түз байланыш” иштейт
24.11.2012

Шайлоо күнү КР БШКда “түз байланыш” иштейт

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы “түз байланыш” иштейт. Шайлоо күнү шайлоочулар алар кайсы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендигин 0-312-62-09-09 телефон номери аркылуу билип алса болот. Бул үчүн шайлоочу фамилиясы, аты, атасынын аты тууралу маалыматты айтып берүүгө тийиш. КР БШКнын түз байланышы 2012-жылдын 25-ноябрында шайлоо участкалар жабылганга чейин б.а. саат 19.00гө чейин иштейт. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын шайлоо фондуларындагы акча каражаттардын кыймылы жөнүндө отчет
24.11.2012

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын шайлоо фондуларындагы акча каражаттардын кыймылы жөнүндө отчет

Саясий партиялардын шайлоо фондунун атайын шайлоо эсесбинде болгон акча каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүнүдө маалымат (23.11.12-ж. карата, Бишкек шаардык кеңеш)  №               С/П Түшкөн сумма (сом) Чыгымдардын суммасы (сом) 1 КСДП 15 344 300,00 14 501 187,77 2 Ар Намыс 8 152 457,25 8 114 600,43 3 Замандаш -Современник   9 263 000,00   8 703 497,71 4 Ата-Мекен 9 450 800,00 9 280 270,54 5 Асман Ала-Тоо 2 837 000,00 2 708 529,79 6 Кайран Эл 50 000,00 50 000,00 7 Союз Свобода, Справедливость,Родина    1 122 580,00   1 121 476,87 8 Адилеттүү Кыргызстан 2 354 850,00 2 326 542,06 9 Демократическая Партия Столица   1 316 299,00   1 300 862,36 10 Ак-Санат 50 000,00 50 000,00 11 Республика 12 549 000,00 12 291 236,69 12 Ак-Шумкар 1 918 354,00 1 905 931,02 13 Партия зеленых Кыргызстана   526 000,00   499 712,03 14 Эркин Эл 120 000,00 119 941,46 15 Кыргызстан Патриоттору 76 150,00 76 150,00 16 Жолтоосуз жашоо үчүн 2 002 265,00 1 874 055,51 17 Единый Кыргызстан 405 000,00 357 220,23 18 Мекен Ынтымагы 1 284 100,00 1 283 948,49 19 НДПК 95 100,00 89 100,00 20 Ата Журт 472 500,00 472 298,10 21 Партия транспортников 281 000,00 280 150,00 22 Единство и развитие 309 300,00 309 148,00 23 Эгемен Кыргызстан 436 000,00 436 000,00   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
1 455 457 481

Акыркы жаңылыктар

22.09.2026 КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору 22.09.2026 Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү боюнча талапкерлердин документтери каралууда 21.09.2026 КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты 21.09.2026 КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү 21.09.2026 КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты 20.09.2026 КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда