Жыргалбек Жумашов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
09 июля 2013
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору каралды. Анын жыйынтыгында 2013-жылдын 28-июнундагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомунун негизинде Жыргалбек Жумашов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 62-62-86
