Данир Иманалиев Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

18 июля 2013

Бүгүн 18-июлда Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү. Бүгүнкү шайлоодо айыл өкмөт башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн талапкер Данир Иманалиев  депутаттардын көпчүлүк добушун алып, Кара-Ой айылдык аймагынын аткаруу бийлигинин жетекчиси болуп шайланды.

Шайлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачык жана таза өттү.

       Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы