Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын Кыргыз Республикасынын …

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого катышкан саясий партияларга кайрылуусу

08-Окт, 2013

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2013-жылдын 30-31-октябрында Мамлекеттик тарых музейинин көргөзмө залында “Шайлоо процессиндеги инновациялык технологиялар – 2013” Эл аралык көргөзмө-жарманке өткөрөт. Көргөзмөдө шайлоочуларды каттоо жана идентификациялоо, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө процессин камсыз кылуучу  жогорку технологиялык жабдуулар, системалар жана программалар көрсөтүлөт.

Көргөзмөгө катышкан компаниялардын сунуштарын иликтөө үчүн тиешелүү Жумушчу топ түзүлөт, анын курамы КР Президентинин, Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешинин, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын, жарандык сектордун, ЖМКнын, саясий партиялардын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Жумушчу топ экспоненттердин бардык сунуштарын карап чыгып, эң ыңгайлуу варианттарды иргеп алат.

Көргөзмөгө катышкан компаниялардын сунуштарын иликтөө боюнча жумушчу топтун курамына 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрүн киргизүү сунушталууда.

Төмөндө көрсөтүлгөн саясий партиялардын БШК жана Юстиция министрлигине мурда берген даректер, телефондор, электрондук даректер аркылуу байланышуу аракети көпчүлүк саясий партиялардын офистери иштебегендигин көрсөттү. Ушуга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрүлө турган иш-чарага катышууну каалаган саясий партияларды Жумушчу топтун курамына бирден өкүлдү 2013-жылдын 13-октябрына чейин көрсөтүүнү суранат:

1. Кыргызстандын республикачыл элдик партиясы;

2. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы;

3. « Содружество» саясий партиясы;

4. «Жашасын Кыргызстан» саясий партиясы;;

5. «Акыйкат» Республикалык партиясы;

6. «Айкөл Эл» саясий партиясы;;

7. «Либерал-Прогрессивдик Партиясы» саясий партиясы;;

8.   «СССР» саясий партиясы;

9.   «Каганат» саясий партиясы;

10. «Кыргызстан Элдеринин Союзу» саясий партиясы;

11.   «Кыргыз Республикасынын экономикалык кайра жаратуу партиясы» саясий партиясы;

12.   «Бириккен Элдик Кыймылы» (БЭК) саясий партиясы;;

13.   «Ак-Тилек» саясий партиясы;

14.   «7-Апрель жаштар кыймылы» саясий партиясы;

15.   «Улуттар биримдиги» саясий партиясы;

16.   «Асаба» саясий партиясы;

17.   «Кыргызстан патриоттору» саясий партиясы;

18.   Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» коомдук бирикмеси;

19.  «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы.

Көрсөтүлгөн өз ара түшүнүү жана катышуу үчүн алдын-ала ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

 

Уюштуруу комитети: 66-02-53,          62-63-24;  

alymbekovag@gmail.com, zarema@shailoo.gov.kg

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>