Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКнын 2025-жылдын 9 - октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 9-октябры
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Панфилов жана Кант аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
2. № 17 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
3. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясын Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы деп кайра атоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
4. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо боюнча
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде уюштуруу жана өткөрүү боюнча ыйгарым укуктарды жүктөө жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
6. № 4 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Мадмарова Эльнара Абдувалиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү катары Т.М. Саиткасимовду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
7. № 22 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Кожокулова Гуля Акматкуловнанын ыйгарым укуктуу өкүлү катары И.С. Осмоновду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
8. № 13 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Карабекова Айгул Асановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Р.Ж. Оморовду жана М.М. Абдивалиевди каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
9. № 14 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Утурбаева Мариякан Төлөгөновнанын ыйгарым укуктуу өкүлү катары Р.Т. Келдейбаеваны каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
10. № 28 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Жунушбаева Рахат Мырзабековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары А.Ж. Манжиеваны жана Г.В. Сурминованын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
11. № 12 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Т.А. Орозалиевди жана М.Ч. Омурзаковду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
12. № 20 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Атамбаев Сеидбек Алмазбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары А.У. Умаровду жана Ж.Б. Исаеваны каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 10-, 20- жана 30-октябрында тесттик аралыктан добуш берүүнү өткөрөт
Биз шайлоо процессинин катышуучуларын баарын тесттик добуш берүүгө чакырабыз - каалаган шайлоо участогуна келип, жаңы системаны жеке өзүңүз текшере аласыз.
Борбордук шайлоо комиссиясы ар бириңердин жарандык активдүүлүгүңөр үчүн терең ыраазычылык билдирет. Каалаган шайлоо участогуна келиңиздер - сиздерди күтөбүз!
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрага орун басары Н.Койчукеев Беларуста өткөн II Эл аралык шайлоо форумунда жаштардын укуктук маданиятын калыптандыруу боюнча баяндама жасады
КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев 9-октябрда Беларуста өткөн II Эл аралык шайлоо форумунун алкагында «Жаштардын укуктук аң-сезимин жана укуктук маданиятын калыптандыруунун руханий-адептик негиздери: маселелер жана чечүү жолдору» темасындагы панелдик талкууга катышып, «Жарандык билим берүү - Кыргызстандын жаштарынын укуктук маданиятын калыптандыруунун негизи» аттуу баяндама жасады.
Н. Койчукеев Кыргызстандын шайлоочуларынын жалпы санынын дээрлик 44 пайызын жаштар (35 жашка чейинки жарандар) түзөрүн көрсөткөн статистикалык маалыматтарды келтирди. Өткөн жылдан тарта жаштардын жаш курагы 35 жашка чейин узартылган. Азыр республика боюнча 18 жаштан 35 жашка чейинки шайлоочулар жалпы шайлоочулардын 43,57% түзөт, бул 1 735 417 адам. 2024-жылы өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берген жаш шайлоочулардын саны мурунку шайлоо өнөктүктөрүнө салыштырмалуу көбөйгөн. Бирок, 18 жаштан 35 жашка чейинки шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу төмөн бойдон калууда.
Жаштар шайлоо процессинин негизги күчү болуп саналат, ошондуктан алардын саясий процесстерге катышуусун жогорулатууга багытталган ыкмаларды колдонуу талап кылынат.
«Кыргызстандын БШКсы жаштар шайлоого жөн гана формалдуу эмес, өз каалоосу менен шыктанып, туруктуу катышуусу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Жаштарга багытталган шайлоо саясатын өркүндөтүү абдан маанилүү, ал эми мамлекет менен коомдун милдети – жаштарды шайлоо процессине катышууга шыктандырып гана койбостон, кырдаалга чындап таасир этчү инструменттерди берүү», - деп эсептейт КР БШК төрага орун басары.
Жаштар жөнүндө мыйзамды ишке ашыруу максатында өткөн жылы Кыргызстанда Жаштар кыймылы түзүлгөн, анын негизги милдеттеринин бири - жаштардын коомдук жана саясий турмушка активдүү катышуусуна көмөктөшүү болуп эсептелет.
“Бул багытта БШК Жаштар кыймылы менен активдүү кызматташып келет. 2024-жылдын ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда жаштар арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштери биргелешкен аракеттер менен жүргүзүлдү. Мындан тышкары, “Жаш жаран” мектептери, жарандык жана шайлоо маданиятын жогорулатууга багытталган башка билим берүү иш-чаралары да үзгүлтүксүз уюштурулуп турат. Мындай демилгелер жаштарга өз укук-милдеттерин терең түшүнүүгө, шайлоонун кандайча ишке аша турганын билүүгө, добуш берүү эмнеге маанилүү экенин аңдоого жана жарандык активдүүлүктү өнүктүрүүгө жардам берет», - деп белгиледи Н. Койчукеев.
Ал жаштарды алыскы келечек эмес, бүгүнкү реалдуулук кызыктыраарын айтып, жаштар жөн гана байкоочу же шайлоочу болуу менен эле чектелгиси келбейт деген пикирин билдирди. Алар өзгөрүүлөрдүн алдыңкы сабында болуп, жоопкерчиликтүү кызматтарды аркалап, чечим кабыл алуу процесстерине таасир этүүнү жана өлкөнүн келечегин өз колу менен курууну каалашат.
“Ошондуктан, жаштарды саясий карьера жолунда колдоо мамлекеттик жаштар саясатынын негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Бул жаатта үмүт жараткан тенденциялар байкалууда. Жаш депутаттардын саны өсүп жаткандыгы кубандырат, бул алардын саясий процесске активдүү катышуусун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошууга каалоосун көрсөтөт. Жаштар өз мүмкүнчүлүктөрүн көрүп, шайлана тургандарына ишенгендиги өзгөчө маанилүү. 2021-жылы шайланган Кыргыз Республикасынын VII чакырылышынын парламентинде 90 депутаттын ичинен 25тен 35 жашка чейинки 15 жаш депутат бар, бул 17% түзөт. Жергиликтүү кеңештерде 21ден 35 жашка чейинки 1 488 жаш депутат бар, ал жалпы сандын 23,31% түзөт», - Н. Койчукеев.
Ал жоопкерчиликтүү лидерлердин жаңы мууну калыптанып жатат деп эсептейт. КР БШКга жаңы шайланган жаш депутаттардан каттар келип турат, анда жаштардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу боюнча кызматташууга чын ниеттен даярдыгын билдиришет. Алар тажрыйба бөлүшүүгө, билим берүү долбоорлоруна катышып, кийинки муунду тарбиялоого даяр.
Н. Койчукеевдин айтымында, 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого да жаш талапкерлердин активдүү катышуусу байкалууда. 2025-жылдын 4-октябрына карата өлкө парламентине талапкерликке көрсөтүлгөн 38 талапкердин алтоосу 35 жашка чейинки жарандар.
Кененирээк билүү >>
КР БШК делегациясы Беларуста өткөн II Эл аралык шайлоо форумуна катышты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев жана БШКнын мүчөсү Алтынбек Кубатбеков Беларуста өткөн II Эл аралык шайлоо форумуна катышышты.
8-9-октябрда Форумдун алкагында “Калктын укуктук маданиятын калыптандыруу - шайлоо процессинин шайкештигин жана туруктуулугун камсыз кылуучу фактор катары” аттуу Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциянын пленардык жыйыны, «Шайлоочулардын укуктук маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелери: улуттук жана эл аралык деңгээлдеги заманбап ыкмалар жана ишке ашыруу механизмдери» жана «Калктын электоралдык маданиятын калыптандырууда мамлекеттик бийлик органдарынын жана жарандык коом субъекттеринин ролу» аттуу тематикалык секциялар өттү.
Ошондой эле Эл аралык форумдун катышуучулары «Жаштар арасында электоралдык маданият: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» маселесин тегерек үстөл форматында талкуулашты.
КР БШКнын төрага орун басары Нурлан Койчукеев “Калктын укуктук маданиятын калыптандыруу - шайлоо процессинин шайкештигин жана туруктуулугун камсыз кылуучу фактор катары” аттуу Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциянын пленардык жыйынында «Калктын укуктук электоралдык маданиятын жарандык билим берүү аркылуу калыптандыруу» темасында баяндама жасады.
«Калктын укуктук маданияты - жарандардын демократиялык процесстерге катышуусунун сапатын аныктаган негизги куралдардын бири болуп эсептелет. Өзгөчө азыркы шартта коом глобалдашуу, санариптешүү жана ылдам саясий өзгөрүүлөр сыяктуу чакырыктарга туш болуп жаткан кезде бул өзгөчө мааниге ээ. Калктын укуктук маданиятын калыптандыруунун негизги элементтеринин бири - жарандык билим берүү болуп саналат. Ал мамлекеттик институттарга болгон ишенимди бекемдөөгө, шайлоолорго жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга жана өз укуктарын жана милдеттерин так түшүнгөн, жетик жаранды тарбиялоого өбөлгө түзөт», - деп белгиледи КР БШКнын төрага орун басары.
Н. Койчукеев белгилегендей, жарандык билим берүүнүн мааниси Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларында да бекемделген. Конституцияда мамлекет жарандардын укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу үчүн шарттарды түзөөрү так көрсөтүлгөн. Конституцияда ар бир жаран мамлекетти башкаруу иштерине катышуу укугуна ээ экени да так көрсөтүлгөн, ал эми мамлекеттин милдети - бул укуктарды ишке ашырууга шарт түзүү болуп эсептелет. Ушул контекстте жарандык билим берүү конституциялык жоболорду практикалык жүзөгө ашыруунун негизи болуп саналат.
«Саясий системанын өнүгүшүндө шайлоолор негизги ролду ойногон Кыргызстан үчүн электоралдык маданиятты калыптандыруу маселеси өзгөчө мааниге ээ. Эгемендүүлүк жылдары өлкө бир нече жолу маанилүү баскычтардан өттү, анда дал ушул шайлоо процесстери демократиялык реформалардын да, коомдук кризистердин себеби болуп калган. Бул - бийликтин легитимдүүлүгүн жана демократиялык өнүгүүнүн туруктуулугун камсыздоо үчүн жогорку деңгээлдеги укуктук маданият зарыл экенин көрсөтөт», - деди КР БШКнын төрага орун басары.
Анын пикиринде, жарандык билим берүү түздөн-түз электоралдык маданияттын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт, шайлоочулардын укуктарын жана шайлоо системасынын түзүлүшүн гана үйрөтпөй, ошондой эле жоопкерчиликтүү катышуунун көндүмдөрүн, шайлоо алдындагы программаларды талдоону, чындык менен жалган маалыматты айырмалоону, манипуляцияларга жана дезинформацияга каршы тура билүүнү да калыптандырат. Жарандык билим берүү аркылуу жаштардын активдүү жарандык позициясы калыптанат, бул өзгөчө жаңы гана шайлоочу курагына жеткен жаштар үчүн маанилүү. Ошондой эле аялдар, майыптыгы бар адамдар, мигранттар жана шайлоолорго катышуу мүмкүнчүлүгү жетишсиз болгон башка топтор үчүн да бул билим берүү формасы алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Нурлан Койчукеев билдиргендей, Кыргызстанда жарандык билим берүү аркылуу калктын укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн олуттуу кадамдар жасалган. БШКда Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары Борбору (ЖБШТБ) калктын укуктук жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатуу максатында иш алып барат. Агартуу министрлиги жарандык өзүн-өзү таануу жана жоопкерчиликтүү жарандык позицияны калыптандыруу боюнча мектеп программаларын киргизүү аракетинде. Бул 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн Улуттук программасына дал келет, анда калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана укуктук агартуунун мааниси ачык белгиленген.
“Борбордун ишмердүүлүгү бардык социалдык катмарларга жана жаш курак топторуна багытталган. Бүгүнкү күндө өлкөдө 77 Борбор иштеп жатат, алар диалог жана билим берүү үчүн аянтчаларга айланган. Борбор калк арасында “Кыргыз Республикасынын жараны” деген маанини билдирген “Кыргыз жараны” жарандык өзүн-өзү таанууну калыптандыруу багытында мамлекеттик органдар, жарандык коом уюмдары жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте иш алып барат. Өз ата мекенинин өнүгүүсү үчүн жоопкерчилигин аңдап, сезүү аркылуу биздин шайлоочулар шайлоонун жана шайлоо процессинин маанилүүлүгүн түшүнүшөт. Дал ушул шайлоолор аркылуу биз өлкөбүздүн өнүгүү жолун тандайбыз. Бул багытта биз жаштар, аялдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, дин жамааттары, этностук топтор, ишкер чөйрө жана мигранттар менен тыгыз иш алып барып жатабыз», - деп билдирди КР БШКнын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев.
Баяндамасынын аягында ал электоралдык маданиятты калыптандыруу - бул узак мөөнөттүү жана көп багыттуу милдет экенин белгилеп, мамлекеттин, жарандык коомдун, билим берүү мекемелеринин жана ар бир жарандын биргелешкен аракетин талап кыларын баса белгиледи.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардын тизмеси
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан билдирүүлөр келип түшүүдө.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 Жарлыгына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшемби күнгө белгиленген.
Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот. Тизме бул жерде:
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы эскертет: Мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз үгүт жүргүзүү аракеттерине жол берилбейт
Урматтуу саясий партиялардын, талапкерлердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет басылмаларынын өкүлдөрү жана шайлоо процессинин башка катышуучулары!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Бул шайлоо - өлкөбүздүн парламенттик демократиясын өнүктүрүү, элдин эркин жана акыйкат добуш берүү укугун камсыз кылуу, адилеттүү жана мыйзамдуу шарттарды камсыздоо жаатында өтө маанилүү саясий жараян болуп саналат.
Шайлоо дайындалган күндөн тартып, добуш берүүнүн жыйынтыктары расмий жарыяланганга чейин саясий партиялар, талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жакын туугандары кандай гана формада болбосун кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузууга мыйзам жол бербейт.
Шайлоого катышууга ниетин билдирген бардык саясий партияларды жана жарандарды ар кандай үгүт белгилери камтылган иш-чараларды, сыйлоолорду, демөөрчүлүк колдоолорду уюштуруудан, буга чейин жүргүзүлгөн иштерди коомчулукка башка максатта көрсөтүү менен жашыруун үгүт катары кабыл алынуучу иш-аракеттерден карманууга чакырабыз.
Ошондуктан, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинде каралган шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин жана чектөөлөрүн так сактоо ар бир саясий партиянын жана талапкер болууга ниетин билдирип жаткан жарандардын, шайлоо процессинин башка субъекттеринин түздөн-түз милдети экенин эсиңиздерге салабыз.
Атап айтканда:
- шайлоочуларды сатып алууга багытталган бардык аракеттер - анын ичинде акча, белек, акысыз же арзандатылган товар жана кызмат көрсөтүү, материалдык баалуулуктарды берүүгө;
- ибадат кылуу имараттарында, билим берүү мекемелеринде, саламаттык сактоо уюмдарында, кооптуу өндүрүш объекттеринде жана мыйзамда белгиленген башка жерлерде үгүт иштерин жүргүзүүгө;
- үгүт материалдарында же сөздөрүндө диний, этностук, расалык, жыныстык же аймактык кастыкты козуткан чакырыктарды, башка мамлекеттердин саясатчыларынын сүрөттөрүн же катышуусун колдонууга;
- саясий атаандаштардын ар-намысына, ишмердик беделине шек келтирген, жалган жана бурмаланган маалыматтарды жайылтууга катуу тыюу салынат.
Жогоруда мыйзамда белгиленген эрежелер сакталбай, бузуулар болгон учурда Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди каттоодон четтетүүгө чейинки чечимдерди кабыл алууга укуктуу экендигин эсиңиздерге салабыз.
Жогорку маданияттагы саясий атаандаштык, таза үгүт иштери жана жарандардын эркин тандоосуна болгон урмат - бул шайлоонун легитимдүүлүгүнүн жана туруктуулугунун негизи болуп саналат.
Андыктан, ар бириңиздерди шайлоо алдындагы үгүт ишмердүүлүгүн мыйзам чегинде, таза жана мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерди туура сактоо менен жүргүзүүгө чакырабыз.
КР БШКнын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу тобу
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
Бүгүн, 8-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин койгон жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.
- № 1 шайлоо округу боюнча талапкер Дуулатова Сайрагүл Садыковнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Рыскулов Ч.Ш., каржы маселелери боюнча Жумабаев У.А.;
- № 3 шайлоо округу боюнча талапкер Зулпуев Саидбек Мейраждиновичтин өкүлдөрү: шайлоо боюнча Үсөн уулу Аскар, каржы маселелери боюнча Махиева Л.Т.;
- № 4 шайлоо округу боюнча талапкер Мамадумаров Ахмеджандын өкүлү: каржы маселелери боюнча Имяминов З.Н.;
- № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичтин өкүлдөрү: шайлоо боюнча Дүйшеналиев Н.К., каржы маселелери боюнча Бейшеналиева С.А.;
- № 3 шайлоо округу боюнча талапкер Маткалыков Асилбек Жоробаевичтин өкүлдөрү: шайлоо боюнча Мааткалыков З.З., каржы маселелери боюнча Кыпчаков Б.Ж.;
- № 30 шайлоо округу боюнча талапкер Таалайбек кызы Жылдыздын өкүлдөрү: шайлоо боюнча Канатбеков Н.Н., каржы маселелери боюнча Таалайбеков Э.Т.;
- № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Шабазов Бахридин Валиевичтин өкүлдөрү: шайлоо боюнча Жакыпова С.И., каржы маселелери боюнча Алимбекова З.Ж.;
- № 4 шайлоо округу боюнча талапкер Алимжанова Нилуфар Якубжановнанын өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ярматов М., каржы маселелери боюнча Ташматов М.М.;
- № 27 шайлоо округу боюнча талапкер Асанкулова Алтынай Жолучуевнанын өкүлдөрү: шайлоо боюнча Мамбетов С.И., каржы маселелери боюнча Рыспаева М.А.;
- № 15 шайлоо округу боюнча талапкер Керимбаев Мураталы Топчубаевичтин өкүлдөрү: шайлоо боюнча Акбаралы уулу Н., каржы маселелери боюнча Коргонбаев А.А.;
- № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Шалтакова Гүлбу Чаловнанын өкүлү: каржы маселелери боюнча Турдумаматова Г.Н.;
- № 7 шайлоо округу боюнча талапкер Ормонова Авазкан Чынбердиевнанын өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Осекова Г.А. жана каржы маселелери боюнча Анарбек кызы Нуржамал.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
8-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин (кошо алганда) аяктайт.
№
Талапкердин ФАА
Шайлоо округу
Туулган датасы
Ишинин түрү
Көрсөтүү тиби
1
Чекилов Ринат Эркинбекович
№23
22.06.1989
"Би Карго Лайн" ЖЧКсы
Өзүн-өзү көрсөтүү
2
Абдивалиев Артыкбай Турабидинович
№4
21.05.1969
"Абдивалиев” ЖЧКнын директору
Өзүн-өзү көрсөтүү
3
Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевич
№12
29.03.1973
Убактылуу иштебейт
Өзүн-өзү көрсөтүү
4
Жумаев Байыш Эркебаевич
№9
19.04.1986
Жеке ишкер
Өзүн-өзү көрсөтүү
5
Атамбаев Сеидбек Алмазбекович
№20
02.07.1976
КР ЖКнин депутаты
Өзүн-өзү көрсөтүү
6
Болгонбаев Азамат Таалайбекович
№20
29.10.1983
Кыргыз Улуттук Манас театры, төкмө акын
Өзүн-өзү көрсөтүү
7
Чолпонбай уулу Бекмырза
№12
17.07.2000
Башкы Прократуранын кызматкери
Өзүн-өзү көрсөтүү
8
Жакышов Русланбек Шергазиевич
№16
19.03.1974
КР ЖКнин депутаты
Өзүн-өзү көрсөтүү
9
Сыдыков Бактыбек Усенович
№13
18.07.1970
КР ЖКнин депутаты
Өзүн-өзү көрсөтүү
10
Сатиева Гулжан Эркинбековна
№18
16.04.1981
Жеке ишкер
Өзүн-өзү көрсөтүү
11
Асанова Рахима Эргешалиевна
№19
16.04.1970
Пенсионер
Өзүн-өзү көрсөтүү
12
Сыдыков Мурадил Жанышбекович
№30
07.09.1979
КР ЖКнин депутаты
Өзүн-өзү көрсөтүү
13
Бостонов Сейтек Бостонович
№23
25.11.1992
Убактылуу иштебейт
Өзүн-өзү көрсөтүү
14
Мурзакматов Байжигит Мамаюнусович
№3
01.02.1985
Убактылуу иштебейт
Өзүн-өзү көрсөтүү
15
Торобекова Нуржамал
№8
28.01.1979
Соцкызматкери
Өзүн-өзү көрсөтүү
16
Илязбаев Нурбек Илязбаевич
№4
30.09.1992
“Объектерди башкаруу боюнча дирекциясы” МИ Тураталы филиалында орун басары
Өзүн-өзү көрсөтүү
17
Эрбаев Алишер Ташбаевич
№15
23.11.1973
КР ЖКнин депутаты
Өзүн-өзү көрсөтүү
18
Мирзабеков Алдаяр Токторбаевич
№20
10.10.1961
Жергиликтүү кеңештин депутаты
Өзүн-өзү көрсөтүү
19
Умаров Адыл Умарович
№15
21.02.1992
Жергиликтүү кеңештин депутаты
Өзүн-өзү көрсөтүү
20
Кулбараков Абтандил Илдузович
№29
21.09.1961
“Арпа”ААКнын коммерциалык директору
Өзүн-өзү көрсөтүү
21
Джолдошова Жылдызкан Айтибаевна
№8
02.03.1960
“Датка корпорэйшн” ЖЧКнын башкы директору
Өзүн-өзү көрсөтүү
22
Орозбаев Мирлан Кубатбекович
арызын кайтарып алды
№23
05.11.1981
“Улуу Журт” ЖЧКнын директору
Өзүн-өзү көрсөтүү
23
Мусаев Бактияр Назарович
№3
09.08.1988
Өзүн-өзү көрсөтүү
24
Эшбаева Миргул Алманбетовна
№15
28.05.1983
КР ЖК консультант
Өзүн-өзү көрсөтүү
25
Эсенкулов Арно Толобекович
№14
03.10.1985
Убактылуу иштебейт
Өзүн-өзү көрсөтүү
26
Кожомкулов Фархат Айбекович
№26
13.11.1989
КР ЖК депутатынын жардамчысы
Өзүн-өзү көрсөтүү
27
Баатыркулов Зайнал Ахматович
№8
21.10.1985
Убактылуу иштебейт
Өзүн-өзү көрсөтүү
28
Эрматов Нурдин Манапович
№12
23.12.1968
Жалал-Абад областар аралык реаблитация борборунун директору
Өзүн-өзү көрсөтүү
Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот. Тизме бул жерде:
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Кыргызстандагы Франциянын элчиси Николя Фай менен жолугушту
Бүгүн, 8-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Николя Фай менен жолугушуу өткөрдү.
БШКнын төрагасы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктын жүрүшү тууралуу айтып берип, шайлоо мыйзамдарындагы негизги жаңылыктарга кеңири токтолду.
Атап айтканда, ал аралыктан добуш берүү системасынын киргизилгенин белгилеп, бул жаңы норма шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатууга жана парламентте өлкөнүн бардык аймактарынын өкүлчүлүгүн камсыздоого багытталганын баса белгиледи.
Тынчтык Шайназаров шайлоо процессинин ачык-айкын өтүшүндө эл аралык байкоочулардын маанилүү ролун белгиледи. Ал КР БШКсы бардык эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга ачык экенин жана байкоочулар үчүн шайлоого толук кандуу мониторинг жүргүзүүгө зарыл болгон бардык шарттарды түзүп берүүгө даяр экенин айтты.
«Байкоочулар үчүн бардык шарттар түзүлөт, алар өлкөдөгү каалаган шайлоо участкасында иш алып бара алышат», - деп баса белгиледи БШКнын төрагасы.
Франциянын элчиси Николя Фай маалымат үчүн ыраазычылык билдирип, Франция элчилиги расмий чакыруу алганын жана француз байкоочуларына алдыдагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн катышууну сунуштай турганын белгиледи.
Тынчтык Шайназаров ошондой эле чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандары үчүн добуш берүүгө шарт түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Ал өлкө сыртында, ошондой эле эки миңден ашуун кыргыз жараны жашаган Францияда да кошумча шайлоо участокторун ачуу каралып жатканын билдирди.
БШКнын төрагасы Франциянын элчисине жаңы шайлоо жабдууларын көрсөтүп, система шайлоону өткөрүүгө толук даяр экенин белгиледи. Ал 2025-жылдын 10-, 20- жана 30-октябрында Кыргызстандагы бардык шайлоо участокторунда, ошондой эле Россия Федерациясынын беш шаарында тесттик добуш берүүлөр өткөрүлөрүн билдирди.
Элчи Николя Фай аткарылган иштерге жогору баа берип, Кыргызстанда колдонулуп жаткан технологиялардын прогрессивдүүлүгүн белгиледи.
«Францияда шайлоолор мурдагыдай эле кол менен эсептелип өтөт. Сиздер шайлоо процессинде прогресстин алдыңкы сабында турасыздар. Биз сиздердин тажрыйбаны кызыгуу менен карап көрөбүз», - деп баса белгилеген дипломат шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы чет өлкөлөрдө дагы кошумча 41 шайлоо участогун ачууну пландоодо
Бүгүн, 8-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча маалымат жыйын өткөрдү.
БШК төрагасы билдиргендей, учурда чет өлкөлөрдө 59 шайлоо участогу бар, буга кошумча 41 шайлоо участогун ачуу сунушталууда.
Жаңы 41 участок дүйнөнүн төмөнкү шаарларында ачылат: Москва, Краснодар, Самара, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Челябинск, Пермь, Набережные Челны, Видное, Красногорск, Балашиха, Лобня, Тула, Воронеж, Нижний Новгород, Калуга, Улан-Удэ, Петропавловск-Камчатский, Благовещенск, Кайсери, Эскишехир, Бурса, Измир, Аланья, Атырау, Караганда, Алматы, Шымкент, Тараз, Филадельфия, Чикаго, Сан-Франциско, Инчхон, Сувон, Тэджон, Неаполь, Джидда, Каир, София, Варшава, Прага жана Братислава.
Натыйжада, чет өлкөлөрдө жалпысынан 100 шайлоо участогу 34 мамлекетте, 89 шаарда түзүлөт:
Россияда бардыгы 40 участок: Москва – 7 участок;
2 участоктон Екатеринбург, Красноярск, Новосибирск;
бирден участок: Челябинск, Тюмень, Пермь, Томск, Санкт-Петербург, Мурманск, Казань, Набережные Челны, Видное, Красногорск, Балашиха, Лобня, Тула, Воронеж, Нижний Новгород, Калуга, Сургут, Иркутск, Улан-Удэ, Якутск, Владивосток, Хабаровск, Петропавловск-Камчатский, Благовещенск, Южно-Сахалинск.
Түркияда 8 участок: Анкара, Кайсери, Эскишехир, Стамбул, Бурса, Измир, Анталья жана Аланья.
Казакстанда 7 участок: Астана, Атырау, Караганда, Алматы (2), Шымкент жана Тараз.
АКШда 6 участок: Вашингтон, Нью-Йорк, Филадельфия, Чикаго (2) жана Сан-Франциско.
Түштүк Кореяда 4 участок: Сеул, Инчхон, Сувон жана Тэджон.
Италияда 3 участок: Рим, Кальяри жана Неаполь.
Эки участок Германияда: Берлин жана Франкфурт-на-Майне;
Кытайда - Пекин жана Гуанчжоу;
БАЭде - Абу-Даби жана Дубай;
Сауд Аравиясында - Эр-Рияд жана Джидда.
Бирден участок: Каир, Ашхабад, Баку, Брюссель, Будапешт, Вена, Доха, Душанбе, Женева, Исламабад, Куала-Лумпур, Лондон, Минск, Нью-Дели, Париж, Ташкент, Тегеран, Токио, Эль-Кувейт, Улан-Батор, София, Варшава, Прага жана Братислава шаарларында.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров парламенттик шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча маалымат жыйын өткөрдү
Бүгүн, 8-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча маалымат жыйын өткөрдү.
КР БШКнын төрагасы шайлоого даярдыктын жүрүшү тууралуу кыскача маалымат берип, шайлоо мыйзамдарындагы жаңы нормаларга кеңири токтолуп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Ал айткандай, алдыдагы шайлоо президентти жана парламентти шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык жаңы система менен өтөт. Өлкө 30 округга бөлүнүп, ар бир округдан парламентке үчтөн депутат шайланат.
Шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шайлоодо аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулат. «Айрымдар аралыктан добуш берүүнү электрондук добуш берүү менен чаташтырып жатышат. Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин: биздин өлкөдө электрондук добуш берүү жок, бул келечектин иши. Аралыктан добуш берүүнүн электрондук добуш берүүдөн айырмасы - шайлоочунун шайлоо участогуна өзү жеке келип катышуусу талап кылынат. Шайлоочулардын тизмесинде катталган жаран эч кандай бюрократиялык тоскоолдуксуз каалаган шайлоо участогунда добуш бере алат», — деди Т. Шайназаров.
Аралыктан добуш берүүнүн маани-маңызын түшүндүрүп жатып, ал негизги максат – жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу экенин белгиледи. Ошондой эле, аралыктан добуш берүүнү колдонуу шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусун жогорулатууга түрткү болоору күтүлүүдө.
Шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шайлоо участкалары аэропорттордо, ири базарларда, соода борборлорунда, ооруканаларда, аскер бөлүктөрүндө жана башка жерлерде ачылат. Бул багытта учурда жергиликтүү бийлик органдары менен иш алып барылып, алар шайлоо участкаларын ачууга ылайыктуу жайларды сунуштап жатышат.
Т. Шайназаров билдиргендей, 2025-жылдын 10-, 20- жана 30-октябрында республикадагы бардык шайлоо тилкелеринде жана Россия Федерациясынын беш шаарында — Москва, Новосибирск, Красноярск, Екатеринбург жана Иркутскта тесттик добуш берүү өтөт. Ага каалоочулардын бардыгы катыша алышат.
Айрым жарандардын үгүт иштерин жүргүзүп баштагандыгы канчалык мыйзамдуу деген суроого жооп берип жатып, Т. Шайназаров үгүт иштери расмий түрдө 2025-жылдын 10-ноябрында башталарын эскертти. «Азыр шайлоого катышуу ниетин билдирген айрым жарандар үгүт жүргүзүп жатышат, бул мыйзамсыз. Биринчиден, алар депутаттыкка талапкер катары каттала элек. Экинчиден, үгүт иштери расмий түрдө 10-ноябрда гана башталат. Азырынча биз оозеки эскертүү берип жатабыз, мындан ары мыйзам чегинде чаралар көрүлөт», – деп баса белгиледи БШК төрагасы.
Т. Шайназаров чет өлкөлөрдө 59 шайлоо участогу бар экенин айтып, кошумча дагы 41 шайлоо участогун ачуу сунушталып жатканын билдирди. Ошентип, жалпысынан 34 мамлекетте, 89 шаарда 100 шайлоо участогун түзүү пландалууда.
Тынчтык Шайназаров шайлоочуларга өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерүү маанилүү экенин эскертип, ЖМК өкүлдөрүн шайлоо мыйзамдарындагы жоболорду жана жаңылыктарды элге активдүү жеткирүүгө чакырды.
Маалымат жыйындын соңунда журналисттерге жаңы шайлоо жабдууларынын иштөөсү көрсөтүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Бүгүн, 7-октябрда, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек, Сокулук жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары өткөрүлүп берилген депутаттар:
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Ибрагимов Болот Адылбековичтин («Эл Үмүтү - Народная Надежда» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары анын жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты Асылбеков Тилек Асылбековичке берилди;
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Карыбек уулу Улукбектин («Эл Үмүтү - Народная Надежда» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары анын жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты Асилбеков Азирет Ысманалиевичке берилди;
Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңешинин депутаты Абдрахманов Алтынбек Аблабековичтин (№1 шайлоо округу) ыйгарым укуктары анын жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты Бердикулов Асхат Жашарбековичке берилди;
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты Сыдыков Эркин Калыбековичтин («Жаңы Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары анын жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты Токтоболотов Эркинбек Рыскуловичке берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү
Бүгүн, 7-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө» токтом кабыл алды.
Ага ылайык, Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын Дөмөр айылындагы М. Жунусалиев көчөсүндөгү Г. Бакиева атындагы № 24 орто мектебинин имаратында жайгашкан № 2413 шайлоо участогунун дареги Манас шаарындагы Т. Байзаков, 171 көчөсүндө жайгашкан автобекеттин имаратына өзгөртүлдү.
БШК Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына Манас шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участогунун дареги өзгөргөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин койгон жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.
- Э.М. Аширов шайлоо маселелери жана Б.Т. Тороев каржы маселелери боюнча № 1 шайлоо округунан талапкер Талиева Камила Абдыразаковнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
- Шаршенбек уулу Элзарбек шайлоо маселелери боюнча № 14 шайлоо округунан талапкер Утурбаева Мариякан Төлөгөновнанын ыйгарым укуктуу өкүлү;
- С.К. Исаева шайлоо маселелери жана М.И. Бошкоев каржы маселелери боюнча № 28 шайлоо округунан талапкер Кемелов Акыл Канатбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
- Ч.С. Таипов шайлоо маселелери боюнча № 10 шайлоо округунан талапкер Дыйканбаев Болотбек Жусуповичтин ыйгарым укуктуу өкүлү;
- А.К. Эрмеков шайлоо маселелери жана А.Ш. Имамов каржы маселелери боюнча № 2 шайлоо округунан талапкер Атажанов Ырысбек Ысламовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
- И.Б. Шеркулов шайлоо маселелери жана Т. Акышов каржы маселелери боюнча № 13 шайлоо округунан талапкер Алтынбеков Айбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
- Н.К. Барманкулова каржы маселелери боюнча № 18 шайлоо округунан талапкер Бийбосунов Эркин Куватбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү;
- М.Т. Мурзаев шайлоо маселелери жана С.А. Чоронбаева каржы маселелери боюнча № 21 шайлоо округунан талапкер Садырбаева Жылдыз Эсенбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
- С.А. Абдырасов каржы маселелери боюнча № 14 шайлоо округунан талапкер Бузурманкул уулу Жалындын ыйгарым укуктуу өкүлү.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
7-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин (кошо алганда) аяктайт.
№
Талапкердин ФАА
Шайлоо округу
Туулган датасы
Ишинин түрү
Көрсөтүү тиби
1
Раимбачаева Винера Калыбековна
№19
05.12.1968
КР Жогорку Кеңешинин депутаты
Өзүн-өзү көрсөтүү
2
Дуулатова Сайрагул Садыковна
№1
20.08.1976
“Байчечекей” журналынын редакторунун орун басары
Өзүн-өзү көрсөтүү
3
Каримова Гулсара Оморбековна
№12
05.10.1983
Айылдык кеңештин депутаты
Өзүн-өзү көрсөтүү
4
Кожокулова Гуля Акматкуловна
№22
13.04.1965
КР Жогорку Кеңешинин депутаты
Өзүн-өзү көрсөтүү
5
Шабазов Бахридин Валиевич
№25
02.12.1984
КР Жогорку Кеңешинин депутаты
Өзүн-өзү көрсөтүү
6
Мухидинов Оятулло Нуралиевич
№20
23.05.1986
Жеке ишкер
Өзүн-өзү көрсөтүү
7
Масабиров Талайбек Айтмаматович
№12
26.07.1966
КР Жогорку Кеңешинин депутаты
Өзүн-өзү көрсөтүү
8
Таалайбек кызы Жылдыз
№30
03.11.1990
КР Жогорку Кеңеши
Өзүн-өзү көрсөтүү
9
Аманова Бурун Кушбековна
№2
18.12.1969
ЖЧК "Небесные горы"
Өзүн-өзү көрсөтүү
10
Асанкулова Алтынай Джолучуевна
№27
31.05.1983
ОАО "Бакай Банк"
Өзүн-өзү көрсөтүү
11
Чолдоев Джалил Калыйжанович
№17
11.07.1967
Коомдук ишмер
Өзүн-өзү көрсөтүү
12
Тургунбаев Чынгыз Шакирбекович
№3
18.04.1983
Өзүн-өзү көрсөтүү
13
Ахмедов Канатбек Абдурашидович
№1
31.03.1983
Убактылуу иштебейт
Өзүн-өзү көрсөтүү
14
Усеинова Нургуль Эмилькановна
№19
17.12.1982
Өзүн-өзү көрсөтүү
15
Эсенаманова Чолпон Замирбековна
№17
17.08.1980
"Ул-ай тести" ЖЧКнын директору
Өзүн-өзү көрсөтүү
16
Момуналиев Талгарбек
№30
18.04.1955
Өзүн-өзү көрсөтүү
17
Карабекова Кызжибек Советовна
№12
Өзүн-өзү көрсөтүү
18
Бапаева Гулсана Жунусовна
№21
23.01.1964
ЖИ - "Бапаева Г Ж"
Өзүн-өзү көрсөтүү
19
Жумабаев Жылдызбек Кенешбекович
№17
29.06.1977
Өзүн-өзү көрсөтүү
20
Мадмарова Эльнара Абдувалиевна
№4
18.05.1971
Отставкадагы судья
Өзүн-өзү көрсөтүү
21
Ормонова Авазкан Чынбердиевна
№7
4.04.1972
“Диа” коомдук фондунун директору
Өзүн-өзү көрсөтүү
22
Карабекова Айгул Асановна
№13
15.01.1978
Жеке ишкер
Өзүн-өзү көрсөтүү
23
Маматалиева Багдадгул Меликозиевна
№5
08.09.1984
Мугалим
Өзүн-өзү көрсөтүү
Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот. Тизме бул жерде:
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 7 - октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 07- октябрь 2025-ж.
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. № 1 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Талиева Камила Абдыразаковнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Э.М. Ашировду жана Б.Т. Тороевди каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. № 14 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Утурбаева Мариякан Төлөгөновнанын ыйгарым укуктуу өкүлү катары Шаршенбек уулу Элзарбекти каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. № 28 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Кемелов Акыл Канатбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары С.К. Исаеваны жана М.И. Бошкоевди каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. № 10 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Дыйканбаев Болотбек Жусуповичтин ыйгарым укуктуу өкүлү катары Ч.С. Таиповду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. № 2 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Атажанов Ырысбек Ысламовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары А.К. Эрмековду жана А.Ш. Имамовду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6. № 13 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Алтынбеков Айбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары И.Б. Шеркуловду жана Т. Акышовду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
7. № 18 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бийбосунов Эркин Куватбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү катары Н.К. Барманкулованы каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
8. № 21 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Садырбаева Жылдыз Эсенбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары М.Т. Мурзаевди жана С.А. Чоронбаеваны каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
9. № 14 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бузурманкул уулу Жалындын ыйгарым укуктуу өкүлү катары С.А. Абдырасовду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
10. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Бишкек, Сокулук жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
11. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
23.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
23.09.2026
Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана резервин жүргүзүү тартиби бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
23.09.2026
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жана “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жоболор бекиди
23.09.2026
Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти