Башкы Жаңылыктар КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу …

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

25-Окт, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:

- № 2 шайлоо округу боюнча талапкер Ганыев Каныбек Токтомаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ө.М.Аппазов жана каржы боюнча А.А.Мурзахматов;

- № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Турганбаев Дөөлөтбек Улукбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.М.Абдираимов жана каржы боюнча Т.Улукбек уулу;

- № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Амангазиев Ильяс Амангазиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.Ч.Саадабеков жана каржы боюнча Ү.Ж.Мырзалиева;

- № 13 шайлоо округу боюнча талапкер Жээнбекова Гулназ Камытовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.Ж.Жолдошбаев жана каржы боюнча Б.К.Бапанов;

- № 2 шайлоо округу боюнча талапкер Садыков Абдисатар Сайталыевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча А.Г. Мисиралиев;

- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Исабекова Гулзат Жумабаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча И.Ж. Найманбаев;

- № 15 шайлоо округу боюнча талапкер Кулбаева Зулайка Эшматовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Сарымсаков жана каржы боюнча Н.Ө.Умарова;

- № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Сүтүева Гүласыл Буркановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.А.Жуманазарова жана каржы боюнча Т.Б.Сутуева;

- № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча А. Кадырбек кызы;

- № 4 шайлоо округу боюнча талапкер Мамадумаров Ахмеджандын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча А.К. Эргашов;

- № 3 шайлоо округу боюнча талапкер Калматов Жыргалбек Сагынбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Д.А. Осмоналиева;

- № 7 шайлоо округу боюнча талапкер Аттокурова Гульмира Нишанбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Н.М.Самиева жана каржы боюнча К.Д. Асанов;

- № 9 шайлоо округу боюнча талапкер Эркинбаева Гульнарахан Джумаковнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.А. Суйунбаева жана каржы боюнча Г.Ш.Толубаева;

- № 28 шайлоо округу боюнча талапкер Дороев Азамат Кубанычбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.С.Шаршеев жана каржы боюнча В.Ж.Турдакунова;

- № 27 шайлоо округу боюнча талапкер Исаматова Айзат Тыныбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча М.Т.Исаматова жана каржы боюнча А.К. Көбөшова;

- № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Нурмухамедов Эрназар Муратбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча М.К.Дюшалиев.

Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>