Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо
07.10.2025

КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет- басылмалардын өкүлдөрү! 2025-жылдын 12-октябры – 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого үгүт иштерине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоого арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү болуп эсептелет. Мыйзамга ылайык, шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды маалымдоону, шайлоо алдындагы үгүт иштерин камтыйт жана жарандардын аң-сезимдүү жана эркин каалоосун билдирүүсүнө, шайлоонун ачык-айкын болушуна өбөлгө түзүүгө багытталган. Үгүт иштерине катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитациядан өтүүгө тийиш. Телекөрсөтүү же басма аянт үчүн төлөмдүн өлчөмү бардык партиялар, талапкерлер үчүн бирдей болушу керек жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай ичинде алынган нарктан ашпоосу керек. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар белгиленген мөөнөттө, 2025-жылдын 12-октябрына чейин (кошуп алганда), БШКга төмөнкү документтерди тапшыруулары керек: - шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга даяр экендиги жөнүндө билдирүү, анда жетекчинин аты-жөнү, маалымат каражатынын же интернет-басылманын координаттары жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү зарыл; - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде маалымат каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - интернет-басылмалар үчүн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же салык органдарында жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн (патент) (интернет-басылмалар үчүн) көчүрмөсү; - маалымат жана маалыматтык коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтердин көчүрмөсү; - уставдын көчүрмөсү (эгерде бар болсо); - эфир убактысын, басма аянтын берүү же интернет-басылмада жарыялоо укугу үчүн төлөмдүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтар. Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмалар арызда камтылган жогоруда көрсөтүлгөн документтерди электрондук түрдө КР БШКнын маалымат секторунун pr.shailoo@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүшү зарыл. 0312 66 54 52 0709 624 545 whatsapp
Кененирээк билүү >>
Үч партия мөөнөтүнөн мурда өтө турган паламенттик шайлоого өз талапкерлерин көрсөтө тургандыгын билдирди
06.10.2025

Үч партия мөөнөтүнөн мурда өтө турган паламенттик шайлоого өз талапкерлерин көрсөтө тургандыгын билдирди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2025-жылдын 30-ноябрында мөөнөтүнөн мурда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу учүн өз талапкерлерин көрсөтө тургандыгын мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө томөнкү үч партия расмий билдирди: * партия «Кырк ууз» * партия «Легалайз» * партия «Ынтымак» Мыйзамга ылайык бул саясий партиялар эми съезд өткөрүп, ар бир округдан бирден талапкерди съездде жашыруун добуш менен көрсөтүш керек. Эске салсак, партия өзүнүн съездинде ар бир көп мандаттуу шайлоо округунан бирден талапкерди жашыруун добуш берүү жолу менен көрсөтөт. Съезддин чечими партиянын мөөрү менен бекитилип, кол коюлуп, БШКга жөнөтүлөт. Партия өз мүчөсү болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын жаранын талапкерликке көрсөтө алат. Бирок башка саясий партиялардын мүчөлөрүн талапкерликке көрсөтүүгө укугу жок. Тизмени түзүүдө гендердик тең салмактуулук сакталууга тийиш : бир жыныстагы талапкерлердин саны 70 пайыздан ашпоосу керек.
Кененирээк билүү >>
Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар (тизме жаңыланып турат)
06.10.2025

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар (тизме жаңыланып турат)

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда. Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшемби күнүнө дайындалган. № Талапкердин ФАА Шайлоо округу Туулган датасы Ишинин түрү Көрсөтүү тиби Арыз тапшыруу датасы   Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна №23 23.11.1978 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 02.10.2025     Мамадумаров Ахмеджан №4 17.10.1957 Пенсионер Өзүн-өзү көрсөтүү 02.10.2025     Абсатаров Азамат Асаттулаевич №2 16.11.1988 КР Жогорку Кеңештин кызматкери Өзүн-өзү көрсөтүү 02.10.2025     Керимбаев Мураталы Топчубаевич №15 22.01.1984 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 02.10.2025     Карыбек уулу Улукбек №24 13.10.1990 Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 02.10.2025     Ибрагимов Болот Адылбекович №22 11.12.1989 Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 02.10.2025     Набиева Асель Бурхановна №1 08.10.1983 КР Жогорку Кеңештин кызматкери Өзүн-өзү көрсөтүү 02.10.2025     Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович №22 02.06.1958 "Нур Строй" ЖЧКсынын Башкы директорунун кеңешчиси Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Бекешев Дастан Далабайевич №22 22.11.1983 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Джаилов Таалайбек Карыпович №27 26.05.1980   Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Айдарова Айгуль Абдисаламовна №1 15.03.1989 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Капалов Адылбек Эшимбекович №16 06.06.1974 «Модуль Строй» ЖЧКсынын башкы директору Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович №26 13.01.1960 КММАнын пропедевтикалык хирургия кафедрасынын башчысы Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Жороев Исманали Эгембердиевич №1 08.12.1977 ЖЧК Илек курулуш групп Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Оморова Гулшат Жолдошказиевна №14 15.01.1977 Жеке ишкер Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Арынбекова Максатай Арынбековна №6 03.11.1979 ПП Нурланбеков адис Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Эркебаев Шүкүрбек Мамазакирович №10 19.03.1971 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Шалтакова Гүлбү №10 22.02.1968 ОсОО Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Абакиров Эльдар Курманбекович №26 14.04.1981 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Абдыжапарова Нурбубу №29 13.02.1957   Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Алымбаева Эльнура Сталиковна №27 29.05.1985 Биринчи май райондук Бишкек Адвокаттар Коллегиясы Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Алимжанова Нилуфар Якубжановна № 4 16.06.1991 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Каландаров Зарипбек Кабылбаевич № 1 15.08.1972 Ички иштер министрлигинин отставкадагы милициянын полковниги Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Калпаев Бактыяр Алиевич №2 09.07.1993 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Кыдыров Акай Имаралиевич №19 16.11.1991 ОсОО Номад Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Сабыржан уулу Самарбек №8 17.04.1994 джиу-джитсу Федерациясы Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Ибраимова Аселя Раимбековна № 19 27.09 1984 ОсОО АС Консалдинг Групп Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Семетей кызы Аизирек №8 25.08.1994   Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Хасанов Канат Зерликович № 23 10.08.1970 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Абдыкалыкова Гулбара Кадырбековна №27 20.10.1981 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Жаныбаев Айбек Султанович № 23 23.06.1980 Бизнес жана сатуу Ассоциасынын Төрагасы Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Кенжебаев Нурланбек Исраилжанович №13 01.01.1989 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Манамкулов Дастан Майрамбекович №17 22.05.1992 ОАО "Айыл Банк",насыяларды тескоо болуму аймактык менеджер Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Нурматов Кубанычбек Советович №5 27.11.1966 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Осмонов Мирбек Лисбекович №19 25.08.1986   Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Рысбаев Талантбек Казыбаевич №14 03.08.1975 И.Арабаев Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Жамалдинов Зиядин Исламович №3 12.06.1966 Кумтор Өзүн-өзү көрсөтүү 03.10.2025     Дыйканов Максатбек Дыйканович №1 21.12.1961 Коомдук ишмер Өзүн-өзү көрсөтүү 04.10.2025     Кадырбек кызы Нуркыз №10 05.04.1979 Республикалык “Кыргыз тили коому” Өзүн-өзү көрсөтүү 04.10.2025     Ормонов Улугбек Зулпукарович №10 03.12.1963 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 04.10.2025     Малиев Арсланбек Касымакунович №28 08.10.1957 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 04.10.2025     Зулпуев Саидбек Мейраждинович №3 11.06.1968 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 04.10.2025     Жунушбаева Рахат Мырзабековна №28 09.01.1979 Генеральный директор ОсОО “РМ Капитал” Өзүн-өзү көрсөтүү 04.10.2025     Шаршеев Искендер Шеримбекович №23 14.03.1984 Союз пользователей электротранспорта ЭлТранс Өзүн-өзү көрсөтүү 04.10.2025     Жоошбаев Курманбек №3 25.04.1996 ОАО Моушн групп Башкы директор Өзүн-өзү көрсөтүү 04.10.2025     Аширбаев Элкинбек Токтогонович №18 28.10.1964 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 04.10.2025     Маткалыков Асилбек Жоробаевич №3 20.11.1972 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 05.10.2025     Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич №1 16.05.1991 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 05.10.2025     Джураева Чинара Муратовна №13 24.04.1983 Стоматология Davinci Өзүн-өзү көрсөтүү 05.10.2025     Осмоналиев Кайрат Медербекович №19 11.07.1973 Түрк мурастар борборунун жетекчиси Өзүн-өзү көрсөтүү 05.10.2025     Алтынбеков Айбек №13 12.01.1978 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Алымкулов Кольбай Бейшебаевич №20 03.11.1959 Пенсионер Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Асекова Гулмира Асанкуловна №20 20.07.1965 ЖББМ Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Сапаров Жакшылык Каракойчиевич №29 19.04.1982 Айылдык кеңештин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Талиева Камила Абдыразаковна №1 28.12.1967 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Үркүмбаева Эрмек Абдылдабековна №22 11.10.1988 №51 жалпы билим берүү орто мектебинде мугалим Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Утурбаева Мариякан Тологоновна №14 05.06.1969 Элдик Курултай катчылыгынын эксперти Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Атажанов Ырысбек Ысламович №2 27.11.1974 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Бектурова Асель Уланбековна №21 21.09.1975 Арча бешик мектебинини директор Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Бийбосунов Эркин Куватбекович №18 16.12.1992 Жергиликтүү кеңештин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Жумаканов Мустафа Бейшебаевич №30 25.03.1981 Жеке ишкер Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Нурбай уулу Манас №14 25.08.1995 Жеке юрист Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Салимбеков КенжебекСалимбекович №1 07.11.1989 Ислам групп жчк директору Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Токтакунов Нурбек Акбарович №23 06.05.1970 Адвокат Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Токторов Бактыяр Абдинабиевич №1 25.03.1970 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Эсенбаев Манарбек Байтокович (онлайн) №4 06.07.1984 КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук күбөлүктү каттоо агенттигинин Ноокат бөлүмүнүн адиси Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Заирбек уулу Нурболот №10 16.09.1994 - Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Кемелов Акыл Канатбекович №28 04.12.1985 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Керимбаев Азим Белекович №25 03.09.1987 Жеке ишкер Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Мамытов Нурсултан Кулмаматович №10 13.12.1993 Жеке ишкер Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Темирбаева Миргул Омурзаковна №1 13.12.1979 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Дыйканбаев Болотбек Жусупович №10 11.01.1979 - Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Сатынбаев Динмухамбет Доктурбекович №21 13.02.1985 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Садырбаева Жылдыз Эсенбековна №21 28.03.1970 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Бузурманкул уулу Жалын №14 09.03.1994   Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович №7 09.09.1995 КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025     Асакеев Ринат Сапарбекович №27 26.04.1991 Жеке ишкер Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025   78 Абдрахманов Азамат Абдилазизович (онлайн)   №3 25.12.1980 Талас айылдык кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025   79 Дуванаева Гулнара Качыбековна  №3 13.10.1963 Жеке ишкер Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025   80 Жусупов Аширбай Бапович (онлайн) №1 04.06.1963   Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025   81 Молдалиев Сатыбек Калилович №23 16.05.1962 Пенсионер Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025   82 Муратбеков Табылды Муратбекович №27 10.11.1994   Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025   83 Куручбеков Аскарбек Бактыбекович №27 13.09.1991 «ДОСОЙ ГРУПП» ЖЧКсынын аткаруучу директору Өзүн-өзү көрсөтүү 06.10.2025    
Кененирээк билүү >>
БШК мүчөсү А. Бекматов КРнын Өзбекстандагы Элчилигинде парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык боюнча жыйынга катышты
05.10.2025

БШК мүчөсү А. Бекматов КРнын Өзбекстандагы Элчилигинде парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык боюнча жыйынга катышты

2025-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдун чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Ташкент шаарында иш сапар менен болду. Иш сапардын негизги максаты — Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Элчилигинин кызматкерлерине жана Ташкент шаарында жашаган кыргыз жарандарына алдыдагы парламенттик шайлоого даярдык, шайлоо мыйзамдарынын талаптары жана шайлоо процессинде колдонулуучу техникалык каражаттар тууралуу кеңири маалымат берүү болду. Элчиликте өткөн жыйында БШК мүчөсү А. Бекматов чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктар үчүн мыйзам алкагында түзүлүп жаткан шарттар тууралуу айтып берди. Ал шайлоо укугун ишке ашыруу ар бир жарандын конституциялык укугу экенин белгилеп, чет өлкөлөрдөгү добуш берүүнү уюштуруу Кыргыз Республикасынын элчиликтери үчүн чоң жоопкерчилик экенин баса белгиледи. БШК бул багытта Тышкы иштер министрлиги менен иш алып барып жаткандыгын кошумчалады. Жолугуушуу суроо-жооп форматында болуп, шайлоо системасында колдонуучу техникалык жабдууларды көрсөтүү менен коштолду.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
05.10.2025

КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин койгон жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады. -К.С.Медетов жана Т.М.Чынарбеков — №26 шайлоо округу боюнча талапкер Абакиров Эльдар Курманбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; -А.Б.Азимканов жана Э.Т.Алымбаева — №27 шайлоо округу боюнча талапкер Алымбаева Эльнура Сталиковнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; -А.П.Султанкулов жана К.Э.Токтогонова — №18 шайлоо округу боюнча талапкер Аширбаев Элкинбек Токтогоновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; -Б.А.Бекмуратов жана А.Т. Халмуратов — №1 шайлоо округу боюнча талапкер Жороев Исманали Эгембердиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; -Д.Омурзакова жана А.И.Аманбаева — №2 шайлоо округу боюнча талапкер Калпаев Бактыяр Алиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; -А.Т.Сасыбаева А.Т. жана Т.Т.Кенесариева — №22 шайлоо округу боюнча талапкер Ибрагимов Болот Адылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; -Н.У.Үсөнова жана Э.К.Исраилова — №27 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыкалыкова Гулбара Кадырбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; -Ж.Ж. Бейшенов жана Т.Т.Кемпирбаев — №17 шайлоо округу боюнча талапкер Манамкулов Дастан Майрамбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; -В.Р.Захарян жана В.В.Исаева — №23 шайлоо округу боюнча талапкер Хасанов Канат Зерликовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; -А.Т.Толонова жана Н.Э.Чегирбаева — №22 шайлоо округу боюнча талапкер Бекешев Дастан Далабайевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; -Н.Ө.Бадинов жана Ч.Т. Молдосанова Ч.Т. — №27 шайлоо округу боюнча талапкер Джаилов Таалайбек Карыповичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; -Д.У.Абдразаков — №8 шайлоо округу боюнча талапкер Сабыржан уулу Самарбектин ыйгарым укуктуу өкүлү; -Э.К. Шарифов — №8 шайлоо округу боюнча талапкер Шаршеев Искендер Шеримбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү; -М.Т.Калмырзаев жана У.Э.Абдыкадыров — №22 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыкадыров Эмилбек Мырзакуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; -Надырбек уулу Э. жана И.А.Амракулов — №1 шайлоо округу боюнча талапкер Каландаров Зарипбек Кабылбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; -Г.С.Джаныкулова — №28 шайлоо округу боюнча талапкер Малиев Арсланбек Касымакуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү; -Ж.М.Турдубаев жана А.О.Касымкулова — №19 шайлоо округу боюнча талапкер Осмонов Мирбек Лисбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү. Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
-
05.10.2025

-

-
Кененирээк билүү >>
БШК «Ынтымак» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
05.10.2025

БШК «Ынтымак» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Ынтымак” саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуусу жөнүндө билдирүүсүнүн негизинде партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.  КР БШК тарабынан төмөнкүлөр катталды: – Джумашов Нурбек Мэлисович, шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү; – Амалканова Айпери Ажыбековна, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
05.10.2025

КР БШКсы Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бүгүн, 5-октябрда Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды. - Комиссиянын курамынан С.Н. Садыркулова (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органынан) берилген арызынын негизинде чыгарылды. - Комиссиянын курамына резервден М.С. Абдыразакова (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органынан) киргизилди.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 5 - октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
05.10.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 5 - октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 5 октябрь 2025-ж. Убактысы: 16:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. “Ынтымак” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2. “Легалайз” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 3. № 26 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Абакиров Эльдар Курманбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары К.С. Медетовду жана Т.М. Чынарбековду каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 4. № 27 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Алымбаева Эльнура Сталиковнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары А.Б. Азимкановду жана Э.Т. Алымбаеваны каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 5. № 18 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Аширбаев Элкинбек Токтогоновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары А.П. Султанкуловду жана К.Э. Токтогонованы каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 6. № 1 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Жороев Исманали Эгембердиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Б.А. Бекмуратовду жана А.Т. Халмуратовду каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 7. № 2 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Калпаев Бактыяр Алиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Д. Өмүрзакованы жана А.И. Аманбаеваны каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 8. №22 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Ибрагимов Болот Адылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары А.Т. Сасыбаеваны жана Т.Т. Кенесариеваны каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 9. №27 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Абдыкалыкова Гулбара Кадырбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Э.К. Исраилованы жана Н.У. Усенованы каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 10. № 17 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Манамкулов Дастан Майрамбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Ж.Ж. Бейшеновду жана Т.Т. Кемпирбаевди каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 11. № 23 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Хасанов Канат Зерликовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары В.Р. Захарянды жана В.В. Исаеваны каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 12. № 22 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бекешев Дастан Далабайевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары А.Т. Толонованы жана Н.Э. Чегирбаеваны каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 13. № 27 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Джаилов Таалайбек Карыповичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Н.Ө. Бадиновду жана Ч.Т. Молдосанованы каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 14. № 8 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Сабыржан уулу Самарбектин ыйгарым укуктуу өкүлү катары Д.У. Абдразаковду каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 15. № 23 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Шаршеев Искендер Шеримбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү катары Э.К. Шарифованы каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 16. № 22 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары М.Т. Калмырзаевди жана У.Э. Абдыкадыровду каттоо жөнүндө. (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 17. №1 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Зарипбек Кабылбаевич Каландаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Надырбек уулу Эркинбекти жана И.А. Амракуловду каттоо жөнүндө. (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 18. № 28 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Малиев Арсланбек Касымакуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү катары Г.С. Джаныкулованы каттоо жөнүндө. (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 19. № 19 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Осмонов Мирбек Лисбекович ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Ж.М. Турдубаевди жана А.О. Касымкулованы каттоо жөнүндө. (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 20. Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
Кененирээк билүү >>
-
04.10.2025

-

-
Кененирээк билүү >>
КР БШК мөөнөтүнөн мурда өтчү парламенттик шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады
04.10.2025

КР БШК мөөнөтүнөн мурда өтчү парламенттик шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады. Кыргыз Республикасы боюнча алдын ала тизме 4 287 222 шайлоочуну камтыйт. Алдын ала шайлоочулардын тизмеси кагаз түрүндө 2025-жылдын 14-октябрына чейин өлкөдөгү 2492 шайлоо участкасында илинет. Бул тизме Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси (ММ «Кызмат») тарабынан Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги (КБМР) маалыматтардын негизинде түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мамлекеттик «Тизме» порталына (https://tizme.gov.kg/) жайгаштырылды. Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу шайлоо маалында күн сайын жүргүзүлөт. Бул иш Борбордук шайлоо комиссиясы менен ММ «Кызмат» (калкты каттоо жана документтештирүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) биргеликте ишке ашырат. Шайлоочу өзүн тизмеден 2025-жылдын 19-ноябрына чейин (кошо алганда) текшере алат:  • 1255 же 119 кыска номерлерине чалып;  • шайлоо участогунан;  • «tizme.gov.kg» сайтынан;  • же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз). Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, шайлоочу 2025-жылдын 19-ноябрына чейин (кошуп алганда) электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу. Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ - ЦОН) бул жол-жободон өтө алышат.
Кененирээк билүү >>
Талапкерлердин эсине: Шайлоо документтеринин тизмеси жана формалары бекитилди
03.10.2025

Талапкерлердин эсине: Шайлоо документтеринин тизмеси жана формалары бекитилди

Урматтуу талапкерлер!   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 26-сентябрында БШКнын №78 токтому менен төмөнкүлөр бекитилгенин маалымдайт: • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө жобо; • Шайлоого катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси жана формалары. Бекитилген жобого ылайык, документтердин тизмеси жана берилүүчү формалар так аныкталган: • саясий партиялар, • өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер. 2-тиркемеде төмөнкүлөр камтылган: • талапкерлерди каттоо үчүн саясий партиялар тарабынан берилүүчү документтердин тизмеси жана формасы. 3- тиркемеде төмөнкүлөр камтылган: • өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер тапшыруучу документтердин тизмеси жана формасы. Бардык талапкерлер документтерди белгиленген талаптарга ылайык жана белгиленген мөөнөттө толтурууга милдеттүү. Документтердин тизмеси жана формалары менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышып, көчүрүп алсаңыз болот: https://shailoo.gov.kg/kg/vybory-noyabr-2025/ Эскертүү: Шайлоо процессине байланыштуу бардык талаптар мыйзамдын алкагында так сакталышы керек.
Кененирээк билүү >>
КР БШК айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
03.10.2025

КР БШК айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү

Бүгүн, 2025-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондорунун, Сүлүктү шаарынын жана Баткен облусунун Кадамжай районунун айрым шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алды. Ага ылайык, төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлдү: -Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каарман айылындагы № 5610 шайлоо участогунун дареги Т. Арзыкулов 77-1 көчөсүндө жайгашкан Б. Азизов атындагы орто мектебинен Каарман айылынын Т. Арзыкулов, 66 көчөсүндөгү “Перизат” балдар бакчасынын имаратына өзгөртүлдү. -Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Асан-Чек айылындагы № 5611 шайлоо участогунун дареги Алимбек уулу Асанбек көчөсүндө жайгашкан № 33 III Интернационал орто мектебинин имаратынан Достук айылынын С. Турдукулов көчөсүндөгү “Достук-Наристе” балдар бакчасынын имаратына өзгөртүлдү. -Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Кыштак айылындагы № 5602 шайлоо участогунун дареги Ош, 72 көчөсүндө жайгашкан № 122 орто мектебинин имаратынан Кара-Кыштак айылынын Х. Ахраров көчөсүндөгү № 51 Ю. Гагарин атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү. -Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылындагы № 5617 шайлоо участогунун дареги М. Абдрасулов, 7 көчөсүндө жайгашкан М. Заиров атындагы орто мектебинин имаратынан Папан айылынын М. Абдрасулов, 7 көчөсүндө жайгашкан М. Абдрасулов маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлдү. -Ош облусунун Араван районуна караштуу Араван айылындагы № 5351 шайлоо участогунун дареги Ленин көчөсүндө жайгашкан Балдар чыгармачылык мектебинин имаратынан Араван айылынын М. Султанов көчөсүндө жайгашкан № 40 Ж. Абдрахманов атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү. -Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Үч-Кемпир айылындагы № 5594 шайлоо участогунун дареги Каратаев, 90 көчөсүндө жайгашкан Беш-Тал орто мектебинин имаратынан Үч-Кемпир айылынын Үч-Кемпир-2, 49 көчөсүндө жайгашкан жеке менчик дүкөндүн имаратына өзгөртүлдү. -Баткен облусунун Сүлүктү мэриясына караштуу № 8050 шайлоо участогунун дареги И. Раззаков, 109 көчөсүндө жайгашкан Сүлүктү борбордук китепкананын эски имаратынан И. Раззаков, 89 көчөсүндө жайгашкан Сүлүктү борбордук китепкананын жаңы имаратына өзгөртүлдү. -Баткен облусунун Сүлүктү мэриясынына караштуу № 8053 шайлоо участогунун дареги Кирпичный завод, 12 көчөсүндө жайгашкан № 8 И. Бектемиров атындагы орто мектебинин имаратынан Кирпичный завод, 168 көчөсүндө жайгашкан “Жеткинчек” балдар бакчасынын имаратына өзгөртүлдү. -Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Көк-Талаа айылындагы № 8117 шайлоо участогунун дареги И. Кааров, 2 көчөсүндө жайгашкан ФАП имаратынан Көк-Талаа айылынын У. Исаков, 3 көчөсүндө жайгашкан № 41 К. Саттаров атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү. БШК тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына айыл өкмөттөр менен биргеликте жарандар арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөргөнү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК «Элдик Банк» жана «Айыл Банк» банктарын мөөнөтүнөн мурда өтчү парламенттик шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддору үчүн атайын эсеп ачуучу банктар катары аныктады
03.10.2025

КР БШК «Элдик Банк» жана «Айыл Банк» банктарын мөөнөтүнөн мурда өтчү парламенттик шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддору үчүн атайын эсеп ачуучу банктар катары аныктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышкан талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддору үчүн атайын эсеп ачуу банктары катары ААК «Элдик Банк» менен ААК «Айыл Банкты» аныктады. Бул чечимди БШК бүгүн, 3-октябрда өткөн жыйынында кабыл алды. Эми аталган банктардын мобилдик тиркемелерин талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын жүргүзүү үчүн пайдаланууга уруксат берилди. Жакынкы убакта Кыргыз Республикасынын башка банктарынын мобилдик тиркемелеринин тизмеси дагы толукталып, бул тууралуу БШК кошумча маалымат берет. БШК эске салат: «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына ылайык, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер жана талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө милдеттүү. Шайлоо фондун түзгөн бардык каражаттар атайын эсепке которулат. Бул эсеп талапкер же саясий партия тарабынан БШКнын уруксаты менен ачылат. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фонду мыйзамдын талаптарына ылайык төмөнкү булактардан түзүлүшү мүмкүн: – талапкердин, саясий партиянын өздүк каражаттары; – жарандар жана юридикалык жактар берген ыктыярдуу кайрымдуулук салымдары (тыюу салынган салымдардан тышкары). Шайлоо фондуна каражаттарды киргизүү талапкердин же саясий партиянын эсептик эсеби аркылуу, банктын мобилдик тиркемеси аркылуу накталай эмес төлөм жолу менен же банктын эсеп-касса бөлүмдөрү аркылуу накталай акча түрүндө жүргүзүлөт. Анонимдүү салым катары таанылбаш үчүн аныкталбай турган төлөм системалары аркылуу накталай эмес которууга же накталай акча киргизүүгө тыюу салынат. Шайлоо фонддорундагы каражаттар максаттуу пайдаланылат жана аларды шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн гана колдонууга болот. Атайын эсептерди ачуу, шайлоо фонддорун түзүү жана каражаттарды пайдалануу тартиби тууралуу кененирээк маалымат БШКнын расмий сайтында www.shailoo.gov.kg, «НПА БШК / БШКнын жоболору» бөлүмүндө жайгашкан «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарын түзүү, кирешелерди эсепке алуу жана чыгымдоо тартиби жөнүндө» жобосунда берилген.
Кененирээк билүү >>
Төрага Тынчтык Шайназаров Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолугушту
03.10.2025

Төрага Тынчтык Шайназаров Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолугушту

Бүгүн, 3-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолукту. Элчи Мекин Мустафа Кемаль Окем Кыргызстанда 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган мөөнөтсүз парламенттик шайлоолорго даярдыктын жүрүшүнө кызыкты. БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров аралыктан добуш берүү системасы жөнүндө маалымат берип, анын жардамы менен Кыргызстандын ар бир жараны кайсы мамлекетте жүрбөсүн  өзүнүн конституциялык укугун пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун белгиледи. “Биз чет өлкөлөрдө жашаган жана иштеген мекендештерибиз үчүн кошумча шайлоо участкаларын ачуу боюнча да иш алып барып жатабыз. Анын ичинде Түркияда да. Аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү республиканын аймагынан тышкары жүргөн, бирок Кыргызстанда каттоосу бар ар бир жаранга паспорт, чет өлкөлүк паспорт же “Түндүк” тиркемеси аркылуу өз аймагындагы талапкерге добуш берүүгө шарт түзөт”, – деди Т. Шайназаров. Мындан тышкары, ал Түркиянын элчисине жаңы шайлоо жабдууларын көрсөтүп, алардын иштөө принциптери тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле төрага маалымдагандай, 10-, 20- жана 30-октябрда өлкө боюнча шайлоолор тесттик режимде өткөрүлүп, каалаган жаран жаңы системаны өзү сынап көрө алат. Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы шайлоолор ийгиликтүү өтөрүнө ишенимин билдирди.
Кененирээк билүү >>
БШК  «Кырк ууз» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
03.10.2025

БШК  «Кырк ууз» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кырк ууз» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого «Кырк ууз» саясий партиясынын катышуусу жөнүндө билдирүүсүнүн негизинде, КР БШК төмөнкүлөрдү каттады: - Кадыркулов Таалайбек Амангелдиевич, «Кырк ууз» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;  - Джапарова Жанар Алиакбаровна, «Кырк ууз» саясий партиясынан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
1 45 47 482