Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

12-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар
12.10.2025

12-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда. Бүгүнкү күнгө карата 196 жаран арыз тапшырды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин (кошо алганда) аяктайт.   № Талапкердин ФАА Шайлоо округу Туулган датасы Ишинин түрү Көрсөтүү тиби 1 Каюмов Зулкайнар Каюмович №24 03.05.1980  “Каюм Ата Строй” ААКнын директору Өзүн-өзү көрсөтүү 2 Амиралиев Шабданбек Камалидинович №4 03.01.1987 Жеке ишкер Өзүн-өзү көрсөтүү 3 Маратов Арсен Маратович №20 20.01.2000 Жеке ишкер Өзүн-өзү көрсөтүү 4 Джеенбаева Гулуипа Арстанбековна №7 19.02.1970 Мед.клиниканын директору Өзүн-өзү көрсөтүү   Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот. Тизме бул жерде:
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга жана алардын өкүлдөрүнө кайрылуусу
12.10.2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга жана алардын өкүлдөрүнө кайрылуусу

Урматтуу шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар жана шайлоо өнөктүгүнүн катышуучулары! Учурда социалдык тармактарда 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер болуу ниети жөнүндө арыз берген жарандардын билдирүүлөрү байкалууда. Жарыяларда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан расмий түрдө аныкталбаган жана учурда кайрымдуулук кылуучуларды аныктабаган мобилдик тиркемелер аркылуу талапкерлердин шайлоо фондуна каражат чогултуу жөнүндө кулактандыруулар камтылган. Бул ыкмалар шайлоо мыйзамдарын жана талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулуктарды киргизүү тартибин бузууда. Мындан тышкары, кайрымдуулук кылуучулардын, талапкерлердин шайлоо өнөктүктөрүн каржылоого катышуусуна чектөө коюлганы тууралуу туура эмес маалымат таратылууда. Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларга, талапкерлерге жана саясий партияларга, алардын өкүлдөрүнө кайрылып, буга чейинки шайлоолордо шайлоо фонддорун түзүүдө колдонулган салттуу ыкмалар менен ыктыярдуу кайрымдуулуктарды которууга эч кандай тоскоолдуктар жок экендигин маалымдайт. Мында мыйзамдуу түрдө уруксат берилген ыктыярдуу кайрымдуулуктарды киргизүүгө чектөөлөр болгон эмес, атап айтканда, “Элдик Банк” жана “Айыл Банк” ачык акционердик коомдору ыйгарым укуктуу банк мекемелеринин банктык эсептешүү эсептери жана мобилдик тиркемелери аркылуу накталай эмес төлөм, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын банктык эсептешүү эсептери, ошондой эле ыйгарым укуктуу банк мекемелеринин эсептешүү-кассалык бөлүмдөрү аркылуу накталай акча каражаттарын киргизүү. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) ченемдерин жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү тартиби жөнүндө шайлоо процессинин бардык катышуучуларына эскертет: “Талапкер, саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун бир гана атайын эсебин ачууга укуктуу” (конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-абзацы). Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фонду мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен төмөнкү каражаттардын, атап айтканда, төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлүшү мүмкүн: – талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарынан; –  конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактарды кошпогондо, жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктарынан. “Жарандар жана юридикалык жактар талапкерди шайлоого көмөктөшүүчү иш-аракеттерге шайлоо фонддору аркылуу гана каржылык (материалдык) колдоо көрсөтүүгө укуктуу” (конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 10-бөлүгү). “Шайлоо фондун түзүүчү бардык акча каражаттары банктык мекемедеги атайын эсепке которулат. Ушул эсеп Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен талапкер, саясий партия тарабынан ачылат” (конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-абзацы). “Банктык же мобилдик тиркемелердин тизмеги көрсөтүлгөн эсептерди ачуунун, жүргүзүүнүн, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тартиби банктык же башка мекемелер менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет” (конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 6-бөлүгү). Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 3-октябрындагы № 92 токтомуна ылайык, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн «Элдик Банк» жана «Айыл Банк» ачык акционердик коомдорун аныктады. Мындан тышкары, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулуктарды жүргүзүү үчүн аталган банктардын мобилдик тиркемелерин мыйзамдуу түрдө колдонууга уруксат берилген. (Кыргыз Республикасынын коммерциялык банк мекемелеринин мобилдик тиркемелеринин тизмеси жакынкы арада толукталат, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кошумча маалымат берилет). “Талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарын жана ыктыярдуу кайрымдуулуктарды шайлоо фондуна төгүү банктык эсептешүү эсеби аркылуу накталай эмес төлөм же болбосо банктык мекемелердин эсептик-кассалык бөлүмдөрү аркылуу накталай төлөм түрүндө жүргүзүлөт. Мындай кайрымдуулук жашыруун деп таанылбасы үчүн, идентификациядан өтпөгөн төлөм тутумдары аркылуу акча каражаттарын накталай эмес которууга же төгүүгө тыюу салынат” (конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 2-1-бөлүгү). “Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу болот. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн” (конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 8-бөлүгү). Шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузууга жол бербөө максатында Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди жогоруда көрсөтүлгөн эскертүүдөн карманууга, талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине ыктыярдуу кайрымдуулуктардын келип түшүүсүнүн ачык-айкындуулугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылууга чакырат. Мындай болбогон учурда, талапкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
11.10.2025

КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Бүгүн, 11-октябрда, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады: - №10 шайлоо округу боюнча талапкер Дыйканбаев Болотбек Жусуповичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча М.К. Осмонова; - №12 шайлоо округу боюнча талапкер Карабекова Кызжибек Советовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча А.У. Акматова; - №30 шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыков Мурадил Жанышбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Т.М. Касымбеков жана каржы маселелери боюнча А. Төлөев; - №19 шайлоо округу боюнча талапкер Кыдыров Акай Имаралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча И.Н. Кыдыров жана каржы маселелери боюнча А.Н. Нурланбекова; - №15 шайлоо округу боюнча талапкер Умаров Адыл Умаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Т.А. Шарипов жана каржы маселелери боюнча Сапаралы Тажимырза уулу; - №13 шайлоо округу боюнча талапкер Джураева Чынара Муратовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Н.А. Ботобаев жана каржы маселелери боюнча З.А. Жамалова; - №18 шайлоо округу боюнча талапкер Бийбосунов Эркин Куватбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча А.С. Бабакулов; - №10 шайлоо округу боюнча талапкер Ормонов Улугбек Зулпукаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча М.К. Есеналиев жана каржы маселелери боюнча Д.И. Жусубалиева; - №24 шайлоо округу боюнча талапкер Ибраймакунов Данияр Омурбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча О.К. Ибраймакунов жана каржы маселелери боюнча Н.А. Алтынбеков; - №11 шайлоо округу боюнча талапкер Салиев Курсан Акматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча Талант Сулайман уулу;  - №14 шайлоо округу боюнча талапкер Мамасадыков Замирбек Дуйшалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Н.К. Биймырзаев жана каржы маселелери боюнча К.К. Кубанычбекова; - №15 шайлоо округу боюнча талапкер Нышанов Жайлообай Данибаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча А.З. Баймырзаев; - №3 шайлоо округу боюнча талапкер Курванбаев Сүйүнбек Бурканидиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Н.К. Жылчиев жана каржы маселелери боюнча М.Б. Курбанбаев; - №1 шайлоо округу боюнча талапкер Токторов Бактыяр Абдинабиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча А.А. Токторов; - №21 шайлоо округу боюнча талапкер Конгантиев Куванычбек Камбаралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Г.С. Турусбекова жана каржы маселелери боюнча Ж.А. Төлөбатова; - №14 шайлоо округу боюнча талапкер Култаева Гүлшаркан Оконовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Б.Т. Самаков жана каржы маселелери боюнча Р.У. Иргебаева; - №24 шайлоо округу боюнча талапкер Орозбаев Мирлан Кубатбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча А.Т. Алымсеитова; - №1 шайлоо округу боюнча талапкер Каразаков Жунусбек Абдирашитовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча С.А. Абдраимов жана каржы маселелери боюнча Б.А. Мадалиев. Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.  
Кененирээк билүү >>
11-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар
11.10.2025

11-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда. Бүгүнкү күнгө карата 192 жаран арыз тапшырды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин (кошо алганда) аяктайт.   № Талапкердин ФАА Шайлоо округу Туулган датасы Ишинин түрү Көрсөтүү тиби 1 Баатырова Гулнара  Маришовна №10 29.10.1963 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 2 Нышанов Сайдулла Канболотович №13 20.01.1966   Өзүн-өзү көрсөтүү 3 Усенова Эльмира Валентиновна №28 22.03.1966 Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын орун басары Өзүн-өзү көрсөтүү 4 Намазалиев Алтынбек Абдисаламович №20 17.05.1981 “Юргарант плюс” ЖЧКнын башкы директору Өзүн-өзү көрсөтүү 5 Оскомбаев  Азат Кубанычбекович №18 27.02.1982 КР башкы прокуратурсы, башкармалыктын начальниги Өзүн-өзү көрсөтүү 6 Узакбаев Улукбек Камчибекович №17 28.08.1987 Смарт Лекс юридикалык компаниясынын аткаруучу директору, юистициянын подполковниги Өзүн-өзү көрсөтүү 7 Жумабекова Турдукан Абдыкарыевна №14 11.11.1965 Мамлекеттик укуктук изилдөө жана экспертиза институтунун бөлүм башчысы Өзүн-өзү көрсөтүү 8 Бакасов Улан Болотбекович №30 13.07.1984 Жогорку Кеңештин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 9 Даут Ахунов Сардарбек Исмаилжанович (онлайн) №9 16.08.1991 Озгөн шаардык Салижан Шарипов а.№1 орто мектебинин соц педагогу Өзүн-өзү көрсөтүү   Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот. Тизме бул жерде:
Кененирээк билүү >>
Эртең, 12-октябрь КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоонун акыркы күнү!
11.10.2025

Эртең, 12-октябрь КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоонун акыркы күнү!

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет- басылмалардын өкүлдөрү! 2025-жылдын 12-октябры – 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого үгүт иштерине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоого арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү болуп эсептелет. Мыйзамга ылайык, шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды маалымдоону, шайлоо алдындагы үгүт иштерин камтыйт жана жарандардын аң-сезимдүү жана эркин каалоосун билдирүүсүнө, шайлоонун ачык-айкын болушуна өбөлгө түзүүгө багытталган. Үгүт иштерине катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитациядан өтүүгө тийиш. Телекөрсөтүү же басма аянт үчүн төлөмдүн өлчөмү бардык партиялар, талапкерлер үчүн бирдей болушу керек жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай ичинде алынган нарктан ашпоосу керек. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар белгиленген мөөнөттө, 2025-жылдын 12-октябрына чейин (кошуп алганда), БШКга төмөнкү документтерди тапшыруулары керек: - шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга даяр экендиги жөнүндө билдирүү, анда жетекчинин аты-жөнү, маалымат каражатынын же интернет-басылманын координаттары жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү зарыл; - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде маалымат каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - интернет-басылмалар үчүн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же салык органдарында жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн (патент) (интернет-басылмалар үчүн) көчүрмөсү; - маалымат жана маалыматтык коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтердин көчүрмөсү; - уставдын көчүрмөсү (эгерде бар болсо); - эфир убактысын, басма аянтын берүү же интернет-басылмада жарыялоо укугу үчүн төлөмдүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтар. Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмалар арызда камтылган жогоруда көрсөтүлгөн документтерди электрондук түрдө КР БШКнын маалымат секторунун pr.shailoo@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүшү зарыл. 0312 66 54 52 0709 624 545 whatsapp
Кененирээк билүү >>
10-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар
10.10.2025

10-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда. Бүгүнкү күнгө карата 183 жаран арыз тапшырды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин (кошо алганда) аяктайт.   № Талапкердин ФАА Шайлоо округу Туулган датасы Ишинин түрү Көрсөтүү тиби 1 Пусурманов Закирбек Ташматович №1 08.04.1969 Исполнительный директор ОсОО “Дуваташ” Өзүн-өзү көрсөтүү 2 Садыков Абдисатар Сайталыевич №2 19.02.1977 “Амин” ЖЧКнын директору Өзүн-өзү көрсөтүү 3 Дубанбаева Анар Сартбаевна №27 23.10.1960   Өзүн-өзү көрсөтүү 4 Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовна №30 16.04.1975 Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 5 Акматов Сталбек Темирбекович №19 05.04.1976 ОО”Союз ювелиров и предпринимателей КР” Өзүн-өзү көрсөтүү 6 Турсунбаев Азизбек Атакозуевич №15 03.05.1966 Жогорку Кеңештин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 7 Акимбаева Гульнара Орозбековна №24 30.01.1971 КР Башкы прокуратурасынын улук прокурору Өзүн-өзү көрсөтүү 8 Нарматова Надира Азимовна №4 20.12.1958 Жогорку Кеңештин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 9 Кожобаева Жылдыз Баракбековна №27 14.02.1989 Консультант эксперт КМТУ И.Раззакова Өзүн-өзү көрсөтүү 10 Жолдошбеков Эралы Жолдошбекович №28 27.03.1995 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 11 Давлянов Дамирбек Тайырбекович №23 21.03.1986 Коомдук ишмер Өзүн-өзү көрсөтүү 12 Каратаев Мадаминжан Мусаевич №5 12.08.1962 И.К.Ахунбаева атындагы КММА профессору Өзүн-өзү көрсөтүү 13 Алимбеков Нурбек Каарыевич №6 13.03.1975 Жогорку Кеңештин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 14 Жеенбекова Чолпон Абдылдаевна №7 29.09.1998 Жеке ишкер Өзүн-өзү көрсөтүү 15 Расул кызы Миргүл №16 01.06.1988 Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 16 Чалов Ильяз Алмазович №23 06.06.1989   Өзүн-өзү көрсөтүү 17 Чойбеков Бактыбек Каныбекович №17 15.09.1977 Жогорку Кеңештин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 18 Баяманов Эркинбек Мусалиевич №19 18.02.1976 ЖАК “АльфаТелеком” Директордун кеңешчиси Өзүн-өзү көрсөтүү 19 Кыдыршаев Дамирбек Эрмекбаевич №10 17.08.1978 “Айдо кен” ЖЧКнын директору Өзүн-өзү көрсөтүү 20 Козуев Алишер Абибиллаевич №7 10.09.1984 Жогорку Кеңештин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 21 Жамгырчиев Эмил Эрикович №29 12.03.1982 М.Рыскулбеков а. КЭУ Өзүн-өзү көрсөтүү 22 Чокморов Болотбек Сексенбешович №30 01.01.1980 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 23 Кокулов Эрулан Калчороевич №28 07.03.1986 Жогорку Кеңештин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 24 Бердиев Аккулу Тагаевич №8 02.03.1966 Жогорку Кеңештин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 25 Тиллебаев Темирбек Кыргызбаевич (онлайн) №12 15.05.1966 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 26 Кылычбаев Алтынбек Таирович (онлайн) №11 11.07.1977 Жогорку Кеңештин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 27 Матраимов Бакытбек Турдалиевич (онлайн) №3 13.09.1975 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 28 Маматалиев Марлен Абдырахманович №23 24.03.1981 Жогорку Кеңештин депутаты “Ынтымак” СП 29 Мамытов Талант Турдумаматович №13 14.03.1976 Жогорку Кеңештин депутаты “Ынтымак” СП 30 Түлөбаев Балбак Зарлыкович №28 21.09.1972 Жогорку Кеңештин депутаты “Ынтымак” СП 31 Лурова Лейла Хияновна №18 28.10.1968 Жогорку Кеңештин депутаты “Ынтымак” СП 32 Иманбек Кызы Бактыгүл №22 17.04.1986 Убактылуу иштебейт “Ынтымак” СП 33 Алымбеков Максат Джумакадырович №20 05.06.1984 Бишкек шаардык кеңешинин депутаты “Ынтымак” СП 34 Кайрылбекова Медина Кайрылбековна №16   22.09.1984 Жеке ишкер “Ынтымак” СП 35 Эргешов Казыбек Кочкорович №24 22.04.1969 Бишкек шаардык кеңешинин депутаты “Ынтымак” СП 36 Белеков Адилет Чолпонбекович №29 08.07.1991  “Белек Агро” фермердик чарбасы “Ынтымак” СП   Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот. Тизме бул жерде:
Кененирээк билүү >>
КР БШК айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
10.10.2025

КР БШК айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-октябрда Чүй облусунун Москва району, Ош облусунун Кара-Суу району, Баткен облусунун Лейлек району жана Нарын облусунун Жумгал району боюнча айрым шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү тууралуу токтом кабыл алды. Ага ылайык, төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлдү: - Чүй облусунун Москва районуна караштуу Спартак айылындагы №7296 шайлоо участогунун дареги Ленин көчөсү, 34тө жайгашкан Спартак орто мектебинен Спартак айылынын Спартак көчөсү, 84тө жайгашкан Төлөк айыл өкмөтүнүн имаратына өзгөртүлдү; - Чүй облусунун Москва районуна караштуу Төлөк айылындагы №7298 шайлоо участогунун дареги Школьная көчөсү, 11де жайгашкан Бердигул орто мектебинен Токтогул көчөсүндө жайгашкан Төлөк айылынын клубунун имаратына өзгөртүлдү; - Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовое айылындагы №7278 шайлоо участогунун дареги Советская көчөсү, 118де жайгашкан «Любушка» дүкөнүнүн имаратынан Садовое айылындагы Советская көчөсү, 1де жайгашкан «Ресит» кафесинин имаратына өзгөртүлдү; - Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Калинин айылындагы №5192 шайлоо участогунун дареги А. Эркебаев көчөсү, 6да жайгашкан А. Оморов атындагы маданият үйүнүн имаратынан Калинин айылындагы Т. Кадыров көчөсү, 16да жайгашкан А. Сматов атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлдү; - Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Миң-Жыгач айылындагы №8032 шайлоо участогунун дареги Долон көчөсү, 29да жайгашкан “Миң-Жыгач” үгүт-насаат үйүнүн имаратынан Миң-Жыгач айылынын Бердимурат раис көчөсү, 11де жайгашкан Жаш-Тилек орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү; - Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ай-Көл айылындагы №8034 шайлоо участогунун дареги Келдибек аксакал көчөсү, 40та жайгашкан Ай-Көл үгүт-насаат үйүнүн имаратынан Ай-Көл айылынын Т. Абдысаитов көчөсү, 3тө жайгашкан Н. Батыров атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлдү; - Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Таш-Дөбө айылындагы №4110 шайлоо участогунун дареги Бегалы уулу Акмат көчөсү, 81де жайгашкан Н. Бийсеев атындагы машыгуу залынын имаратынан Таш-Дөбө айылынын А. Тезекбаев көчөсү, 1де жайгашкан Таш-Дөбө орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү. БШК тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоочуларга шайлоо участкаларынын даректери өзгөргөнү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
10.10.2025

КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Бүгүн, 10-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады: - №23 шайлоо округу боюнча талапкер Чекилов Ринат Эркинбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Б.Э. Мухтарбекова жана каржы маселелери боюнча Л.А. Кострубова; - №4 шайлоо округу боюнча талапкер Абдивалиев Артыкбай Турабидиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча А.К. Каратаев; - №1 шайлоо округу боюнча талапкер Айдарова Айгүл Абдисаламовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Н.А. Асейинова жана каржы маселелери боюнча Ш.Дж. Каналбекова; -№28 шайлоо округу боюнча талапкер Жунушбаева Рахат Мырзабековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.Ж.Манжиева жана каржы маселелери боюнчаа Г.В. Сурминова. -№7 шайлоо округу боюнча талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча И.К. Аскаров жана каржы маселелери боюнча Манас уулу Семетей; -№3 шайлоо округу боюнча талапкер Тургунбаев Чыңгыз Шакирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча Т.А. Закиров; -№10 шайлоо округу боюнча талапкер Шалтакова Гүлбү Чаловнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча Б.Ж. Кошубаев; -№13 шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыков Бактыбек Үсөновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.Б. Муратбеков жана каржы маселелери боюнча Ч.У. Сыдыкова; -№15 шайлоо округу боюнча талапкер Эрбаев Алишер Ташбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Б.К. Жолдошов жана каржы маселелери боюнча А.А. Ызабеков; -№29 шайлоо округу боюнча талапкер Кулбараков Абтандил Ильдузовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча О.Ы. Токтоналиев жана каржы маселелери боюнча А.А. Акылбекова; -№5 шайлоо округу боюнча талапкер Маматалиева Багдагул Меликозиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.К. Аканова жана каржы маселелери боюнча Б.А. Абдыманапов; -№16 шайлоо округу боюнча талапкер Жакышов Русланбек Шергазиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.Ө. Асылбеков жана каржы маселелери боюнча К.С. Базарбаева; -№12 шайлоо округу боюнча талапкер Масабиров Таалайбек Айтмаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча Т.О. Сыдыгалиев. Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 10 - октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
10.10.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 10 - октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 10 октябры Убактысы: 17:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы     1. № 23 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Чекилов Ринат Эркинбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Б.Э. Муктарбекованы жана Л.А. Кострубованы каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2. № 4 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Абдивалиев Артыкбай Турабидиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү катары А.К. Каратаевди каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 3. № 1 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Айдарова Айгүл Абдисаламовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Н.А. Асейинованы жана Ш. Дж. Каналбекованы каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 4. № 7 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары И.К. Аскаровду жана Манас уулу Семетейди каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 5. № 3 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Тургунбаев Чынгыз Шакирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү катары Т.А. Закировду каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 6. № 10 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Шалтакова Гулбу Чаловнанын ыйгарым укуктуу өкүлү катары М.М. Кошубаевди каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 7. № 13 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Сыдыков Бактыбек Усеновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары А.Б. Муратбековду жана Ч.У. Сыдыкованы каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 8. № 15 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Эрбаев Алишер Ташбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Б.К. Жодлошовду жана А.А. Ызабековду каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 9. № 29 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Кулбараков Абтандил Илдузовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары О.Ы. Токтоналиевди жана А.А. Акылбекованы каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 10. № 5 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Маматалиева Багдагул Меликозиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары А.К. Аканованы жана Б.А. Абдыманаповду каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 11. № 16 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Жакышов Русланбек Шергазиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары А.Ө. Асылбековду жана К.С. Базарбаеваны каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 12. № 12 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Масабиров Таалайбек Айтмаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү катары Т.О. Сыдыгалиевди каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 13. Чүй облусунун Москва райондорундагы, Ош облусунун Кара-Суу районундагы, Баткен облусунун Лейлек районундагы жана Нарын облусунун Жумгал районундагы айрым шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы республикадагы бардык шайлоо участкаларында жана Россиянын 5 шаарында тесттик добуш берүү өткөрүүдө
10.10.2025

КР БШКсы республикадагы бардык шайлоо участкаларында жана Россиянын 5 шаарында тесттик добуш берүү өткөрүүдө

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-октябрда республикадагы бардык шайлоо участкаларында жаңы аралыктан добуш берүү жабдыктарын колдонуу менен тесттик добуш берүү өткөрүүдө. Белгилүү болгондой, алдыдагы парламенттик шайлоодо аралыктан (дистанциялык) добуш берүү шайлоо процессиндеги жаңылыктардын бири болот. БШК бардык каалоочуларды 2025-жылдын 20- жана 30-октябрында да өтө турган тесттик добуш берүүгө катышууга чакырат. Бүгүн Бишкектеги ЦУМдун имаратындагы участкада өткөн тесттик добуш берүүгө коомдук жана саясий ишмерлер, ММК өкүлдөрү, жарандык активисттер жана башка шайлоочулар катышты. Алар жаңы система аркылуу добуш берүү процедурасына күбө болуп, адистерге жана эксперттерге кызыккан суроолорун беришти. Тесттик добуш берүүгө катышкандар жаңы жабдыктар да, система да үзгүлтүксүз иштей тургандыгын көрүштү. Системанын артыкчылыгы - шайлоочуларга дистанциялык добуш берүү үчүн шайлоо участогун тандоодо эркиндик берилет. Эске салсак, тесттик добуш берүү Россия Федерациясынын беш шаарында - Москвада, Новосибирскиде, Красноярскиде, Екатеринбургда жана Иркутскиде да өткөрүлүүдө. Аралыктан добуш берүү ыкмасы шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында колдонулат. Шайлоочулардын тизмесинде катталган жаран эч кандай бюрократиялык тоскоолдуксуз каалаган участокто добуш бере алат. Негизги максат - жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу.  Ошондой эле, аралыктан добуш берүүнү колдонуу шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусун жогорулатууга түрткү болоору күтүлүүдө. Шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шайлоо участкалары аэропорттордо, ири базарларда, соода борборлорунда, ооруканаларда, аскер бөлүктөрүндө жана башка жерлерде ачылат. Чет өлкөлөрдө кошумча дагы 41 шайлоо участогун ачуу пландалууда.      
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
09.10.2025

КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин койгон жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады: - №4 шайлоо округу боюнча талапкер Мадмарова Эльнара Абдувалиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча Т.М. Саиткасимов; - № 22 шайлоо округу боюнча талапкер Кожокулова Гуля Акматкуловнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча И.С. Осмонов; - №13 шайлоо округу боюнча талапкер Карабекова Айгул Асановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: каржы маселелери боюнча Р.Ж. Оморов жана шайлоо маселелери боюнча М.М. Абдивалиев; - №14 шайлоо округу боюнча талапкер Утурбаева Мариякан Төлөгөновнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча Р.Т. Келдейбаева; - №28 шайлоо округу боюнча талапкер Жунушбаева Рахат Мырзабековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.Ж. Манжиева жана каржы маселелери боюнча Г.В. Сурминова; - №12 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Т.А. Орозалиев жана каржы маселелери боюнча М.Ч. Омурзаков; - № 20 шайлоо округу боюнча талапкер Атамбаев Сеидбек Алмазбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.У. Умаров жана каржы маселелери боюнча Ж.Б. Исаева. Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясын Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы деп кайра атады
09.10.2025

КР БШК Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясын Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы деп кайра атады

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында “Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясын Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы деп кайра атоо жөнүндө токтом кабыл алды. БШКнын Аппаратына Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын жана 38 шайлоо участогунун комиссиялары үчүн жаңы мөөрлөрдү даярдоо, ошондой эле Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мөөрлөрүн белгиленген тартипте жок кылуу тапшырылды. БШКнын бул токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Анын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү КР БШК төрагасынын орун басарына жүктөлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШК парламенттик шайлоону чет өлкөлөрдө уюштуруу жана өткөрүү боюнча ыйгарым укуктарды №24 округдук шайлоо комиссиясына жүктөдү
09.10.2025

КР БШК парламенттик шайлоону чет өлкөлөрдө уюштуруу жана өткөрүү боюнча ыйгарым укуктарды №24 округдук шайлоо комиссиясына жүктөдү

2025-жылдын 9-октябрында КР Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнүн аймагынан тышкары жерлерде Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча ыйгарым укуктарды жүктөө жөнүндө чечим кабыл алды. Тактап айтканда, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону чет өлкөлөрдө уюштуруу жана өткөрүү боюнча ыйгарым укуктар №24 округдук шайлоо комиссиясына жүктөлдү (Бишкек шаары, Москва көчөсү, 15). №24 округдук шайлоо комиссиясына КР Тышкы иштер министрлиги жана чет өлкөлөрдөгү элчиликтер менен биргеликте өлкө сыртында мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иштешүү тапшырмасы берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктады
09.10.2025

КР БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктады

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн жыйынында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө токтом кабыл алды. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунушталган төмөнкүлөр киргизилди: - Зарнаева Н. Ж.; - Кулданов А.П.; - Нурланова Ж.Н.; - Джумагулов К.К.; - Щербинина О.А.; - Стамов А.К.; - Исаков А.Т.; - Джентенбаев К. Р.; - Карачалов Э.Р.; - Аманбекова А.К.; - Дукембаева Э.А.; - Абдысадыкова А.О.; - Жаштилеков С.М.; - Ылайтегин Абдуллах Таалайбек уулу; - Рахманов А.Ж.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кант жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын, №17 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
09.10.2025

КР БШК Кант жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын, №17 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бүгүн, 9-октябрда Панфилов жана Кант аймактык шайлоо комиссияларынын, ошондой эле №17 округдук шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды. Кант аймактык шайлоо комиссиясы: - комиссиянын курамынан Мысалиев Д.М. («Ордо» саясий партиясынан), Исраилов Т.О. жана Токтосопиева Д.Е. (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органдарынан) берилген арыздарынын негизинде чыгарылды. - комиссиянын курамына резервден Сыдыгалиева Г. Б. («Эл Үмүтү» саясий партиясынан), Жанузаков Б.Ж. («Калк ынтымагы» саясий партиясынан), Мадиярова М. К. (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан) киргизилди. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы: - комиссиянын курамынан Кадырбаев Т.И. (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан) берилген арызынын негизинде чыгарылды. - комиссиянын курамына резервден Жамгырчиев Т.Э. (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан) киргизилди. №17 округдук шайлоо комиссиясы: - комиссиянын курамынан Кадырбаев Т. И. чыгарылды. - комиссиянын курамына Жамгырчиев Т. Э. киргизилди.
Кененирээк билүү >>
9-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар
09.10.2025

9-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда. Бүгүнкү күнгө карата 147 жаран арыз тапшырды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин (кошо алганда) аяктайт.   № Талапкердин ФАА Шайлоо округу Туулган датасы Ишинин түрү Көрсөтүү тиби 1 Исаева Джамиля Кубанычбековна   №26 19.07.1977 Жогорку Кенештин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 2 Камбардинова Рахат Махмутжановна №9 03.03.1977 №62 лицейинин директору Өзүн-өзү көрсөтүү 3 Култаева Гулшаркан Оконовна №14 24.10.1972 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 4 Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич №21 01.06.1980 Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 5 Тердикбаев Эрлис Джекшенович №25 27.05.1969 Коргоо Министирлиги Өзүн-өзү көрсөтүү 6 Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич №14 28.01.1981 Жогорку Кенештин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 7 Дүйшеналиев Болотбек Согушбекович №14 16.10.1988 Убактылуу иштебейт Өзүн-өзү көрсөтүү 8 Нышанов Джайлообай Данибаевич №15 01.09.1968 Жогорку Кенештин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 9 Курванбаев Суйунбек Бурканидинович №3 08.07.1980   Өзүн-өзү көрсөтүү 10 Сабырбекова Ырыс Сабырбековна №17 04.11.1977 КР ЖКнын аппаратынын башкы адиси Өзүн-өзү көрсөтүү 11 Кенжетаев Куралбек Кавланбекович №16 17.08.1988 Жеке ишкер Өзүн-өзү көрсөтүү 12 Исаев Кубатбек Жусупалиевич №1 11.02.1988 Жергиликтүү кеңештин депутаты Өзүн-өзү көрсөтүү 13 Ибраймакунов Данияр Омурбекович №24 08.08.1990 КР КМ кызматкери Өзүн-өзү көрсөтүү 14 Салиев Курсант Акматович №11 29.10.1991 Жеке ишкер Өзүн-өзү көрсөтүү 15 Каразаков Жунусбек Абдирашитович (онлайн) №1 11.06.1981  “Борбордук Азия Турлары” ЖЧКнын директору Өзүн-өзү көрсөтүү 16 Орозбаев Мирлан Кубатбекович №24 05.11.1981 Улуу Журт юридикалык компаниясынын директору Өзүн-өзү көрсөтүү Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот. Тизме бул жерде:  
Кененирээк билүү >>
1 43 45 482