БШК биринчи жолу көчмө басма сөз борборун уюштурду
11 декабря 2016
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясыбиринчи жолу көчмө басма сөз борборун уюштурду.
«Ала-Тоо»басма сөз борбору добуш берүүнүн жүрүшүн өз убагында чагылдыруу үчүн бардык зарыл жабдыктар менен жабдылган, жогорку ылдамдыктагы интернет иштеп, маалымат жыйындары түз эфирде борбордун аймагында көрсөтүлүүдө.
Мындан тышкары, региондор боюнча шайлоочулардын келишине жана добуш берүүнүн жүрүшүнө журналисттер менен эл аралык байкоочулар интерактивдүү карта аркылуу көз сала алышат.
Эл аралык байкоочулардын миссиялары үчүн интервью берүү жана маалымат жыйындарын өткөрүү максатында аянтча түзүлдү.
Добуш берүү процессин 200гө жакын журналист чагылдырууда, алардын 70тен ашыгы – чет өлкөлүктөр.
КР БШКнын басма сөз кызматы
