БШКда 1255 номуру боюнча “Түз байланыш” иштөөдө
09 декабря 2016
Кайрылууларга, даттанууларга, ошондой эле референдумда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө жарандарда келип чыккан суроолорго ыкчам жооп берүү максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында 11-декабрда 1255 номуру боюнча “Түз байланыш” иштейт.
Жарандарушул номурга чалып, референдумдун жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшү жөнүндө бүт зарыл маалыматтарды алса болот.
КР БШК басма сөз кызматы
