Кыргызстанда шайлоо тынч өттү, шайлоо комиссиялары ырааттуу жана кесипкөй иштешти, деп билдирди Украинанын БШК башчысы

11 декабря 2016

“Кыргызстандагы шайлоо процесси эң жогорку баага татыктуу”,деп билдирди Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасыМихаилОхендовский журналисттер менен жолугушууда. “Биз бүгүн Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар шайлоо участокторуна барып келдик. Добуш берүү өтө тынч кырдаалда өттү”, деди М. Охендовский.

Эл аралык байкоочулар шайлоочулардын участокторго жогорку деңгээлде келгенин, БШКнын жана шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнүн ырааттуу жана кесипкөй иштегенин көрүштү. “Бюллетень алып жатканда дагы, шайлоочуларды иденттештирүү убагында дагы биз эч бир участоктон чоң кезекте тургандарды көрбөдүк”, деп белгиледи Украинанын БШК башчысы.

Анын айтуусу боюнча алар участоктордо көп сандагы байкоочуларды көрүшкөн, бул шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун кепилдеген фактор болуп саналат. Участоктордо жетиштүү сандагы зарыл маалыматтык материалдар бар, алар референдумда жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодо шайлоочуларга аңдап-билүү менен тандаганга жардам берди.

Ошону менен бирге ал автоматтык эсептөөчү урналар аларга абдан чоң таасир калтырганын белгиледи. “Бул кыйла маанилүү техникалык жаңылык, аны биз Украинада бара-бара колдонгубуз келет. Кыргызстанда бул урналар жогорку деңгээлде иштөөдө. Бул, албетте, абдан алдыңкы технология. КРдагы шайлоо процессин автоматташтыруу деңгээли, биздин көз карашыбызда, эң жогорку баага татыктуу”, деди Украинанын БШК башчысы.

 

КР БШКнын басма сөз кызматы