Башкы Жаңылыктар БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн төш …

БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн төш белгилерди даярдоочу компанияны аныктады

18-Дек, 2016

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана Конкурстук табыштамаларды баалоо боюнча усулдук нускамага (Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрдагы №175 буйругу менен бекитилген) ылайык БШК мамлекеттик сатып алуулардын веб–порталына эки лотко - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн төш белгилерге жана күбөлүктөргө конкурс жөнүндө кулактандырууну жайгаштырды.

2016-жылдын 12-декабрында берилген табыштамаларды ачуу болуп өттү. Төш белгилерди даярдап берүүгө конкурска катышуу үчүн төмөнкү компаниялар жана жеке ишкерлер табыштамаларды беришти:

•        Атабаев Ч.П.,

•        Бейшенов Т.А.,

•        Джуматаев Т.Э.,

•        ОсОО "M plus L Ltd",

•        ОсОО "Алан Тур",

•        ОсОО "Ваш поставщик",

•        ОсОО "Дастан Строй Групп",

•        ОсОО " Пятый Партнер",

•        ОсОО "Статус 372",

•        ОсОО "Медальер",

•        Подстречный В.Н.

2016-жылдын 14-декабрында БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин төрагалыгы астында конкурстук комиссиянын жыйыны өтүп, анда тиешелүү табыштамалар жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн төш белгилердин жана күбөлүктөрдүн үлгүлөрү каралды.

Комиссия төш белгилердин техникалык талаптарга ылайыктуулугуна корутунду берсин үчүн «Кыял» ЭКӨУБ ишканасынын цехинин чебери Н.К. Касиевди адис катары тарткан. Ал конкурстун катышуучулары тарабынан берилген  төш белгилердин үлгүлөрүндө латундун негизи бар-жоктугу боюнча өз корутундусун берди.

Даярдап берүүчүлөргө карата коюлуучу техникалык талаптарга ылайык төш белгилер төмөнкү параметрлерге ылайык келүүгө тийиш:

1.      Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгиси (мындан ары - төш белги) – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун 27х16 мм, Туунун сабы - 5 мм габариттик өлчөмдөрүндөгү стилдештирилген сүрөтүн көрсөтөт.

2.      Төш белгинин негизи калыңдыгы 1,5 мм, “алтын” өңдүү түс менен капталган латундан даярдалат.

3.      Төш белгинин контуру тегизделип жана сүрүлгөндөн кийин “алтын” өңдүү түс менен жалатылат. Төш белгинин алдыңкы бети максималдуу чагылып турушу үчүн кызыл түстөгү жука акриль эмалы менен капталат.

4.      Төш белгинин бардык үстүңкү бети көркөмдүктү, көлөмдү жана жалтыроону берген оптикалык компаунд менен жабылат. Төш белгинин борборунда мамлекеттик Туунун элементтеринен “түндүк” чагылдырылган.  Төш белгинин төмөнкү бөлүгүндө толкун түрүндө “ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШ” деген тийиштүү сөздөр жайгаштырылат. Күндүн нурун, түндүктү жана тиешелүү жазууларды чагылдыруу “алтын” өңдүү түс берүү ыкмасы менен аткарылат.

5.      Төш белгинин арткы бетинде болоттон жасалган, чечилип кетүүдөн сактоочу бөлүгү бар тигинен төөнөгүч жайгашкан, ал “муздак ширетүү” ыкмасы менен төш белгинин негизине бекитилет.

 

Даярдап берүүчүлөргө коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык конкурска катышуучу компаниялар төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:

1.      Акыркы 2 жылдагы (2014 – 2015-жылдар) бухгалтердик баланстын түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип, ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан күбөлөндүрүлгөн бардык тиркемелери менен берилиши керек.

2.      Уставдын түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип берилиши керек.

3.      Катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип берилиши керек.

4.      500 миң сомдон кем эмес суммага окшош жумуш аткарган тажрыйбасы болууга тийиш (3төн кем эмес окшош келишимдин түп нускаларынын көчүрмөлөрү сканерленип, келишимдер боюнча милдеттенмелердин аткарылганын ырастаган документтер тиркелип берилиши керек).

5.      Карызы жок экени тууралуу Социалдык фондудан маалымкаттын түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип берилиши керек.

6.      Карызы жок экени тууралуу салык кызматынан маалымкаттын түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип берилиши керек.

Комиссиянын мүчөлөрү берилген табыштамаларды карап чыгып, конкурстук, квалификациялык жана техникалык талаптарга ылайыктуулугун текшерип, ошондой эле өндүрүүчүлөр сунуштаган нарктарды (бааларды) эске алып, конкурстун жеңүүчүсү катары «Медальер» ЖЧК компаниясын тандоо тууралуу чечим кабыл алды, анын натыйжасында 1 080 000 сом үнөмдөлдү.

 

КР БШК басма сөз кызматы

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>