КР БШКда ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Байкоо миссиясынын жетекчиси Тамаш Месерич менен жолугушуу өттү
10 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева бүгүн, 10-декабрда, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Байкоо миссиясынын башчысы Тамаш Месерич (Венгрия) жана Миссиянын өкүлдөрү менен жолукту.
Жолугушууда Кыргыз Республикасында 2025-жылдын 30-ноябрында мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүү процесси, ошондой эле шайлоонун жыйынтыктары боюнча пикир алмашуу болду.
Миссиясынын башчысы Т.Месерич шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруу, ошондой эле жыйынтыктары жокко чыгарылган округда жана шайлоо участокторунда кайра шайлоо өткөрүү боюнча маселелерге кызыкты.
КР БШКнын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева шайлоо системасын модернизациялоо алкагында Кыргыз Республикасы шайлоо процессинин ачыктыгын камсыздоо жана жарандардын добуш берүүгө катышуусун кеңейтүүгө багытталган бир катар технологиялык жана уюштуруучулук чечимдерди кабыл алгандыгын белгиледи. Реформанын негизги максаты - шайлоолордун ачыктыгын, жоопкерчиликтүүлүгүн жана жарандардын жыйынтыктарга болгон ишенимин жогорулатуу экенин, акыркы парламенттик шайлоонун жүрүшүндө бул милдеттер ишке ашкандыгын айтты.
А.Жупуева шайлоо мыйзамдарынын негизги нормаларына токтолуп, шайлоо процессинин бардык этабында - шайлоо күнүн дайындоодон тартып добуш берүү күнү, шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын чыгарууга чейинки бардык уюштуруу жана техникалык иштер мына ушул мыйзам нормаларына ылайык жүргүзүлгөндүгүн баса белгиледи. Ал ошондой эле №13 шайлоо округунда жана айрым шайлоо участокторунда шайлоо жыйынтыктарынын мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылгандыгынан улам шайлоону кайра өткөрүү боюнча КР БШКнын иш планы тууралуу маалымат берди.










