Башкы Жаңылыктар КР БШК айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү

КР БШК айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү

03-Окт, 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондорунун, Сүлүктү шаарынын жана Баткен облусунун Кадамжай районунун айрым шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Ага ылайык, төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлдү:

-Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каарман айылындагы № 5610 шайлоо участогунун дареги Т. Арзыкулов 77-1 көчөсүндө жайгашкан Б. Азизов атындагы орто мектебинен Каарман айылынын Т. Арзыкулов, 66 көчөсүндөгү “Перизат” балдар бакчасынын имаратына өзгөртүлдү.

-Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Асан-Чек айылындагы № 5611 шайлоо участогунун дареги Алимбек уулу Асанбек көчөсүндө жайгашкан № 33 III Интернационал орто мектебинин имаратынан Достук айылынын С. Турдукулов көчөсүндөгү “Достук-Наристе” балдар бакчасынын имаратына өзгөртүлдү.

-Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Кыштак айылындагы № 5602 шайлоо участогунун дареги Ош, 72 көчөсүндө жайгашкан № 122 орто мектебинин имаратынан Кара-Кыштак айылынын Х. Ахраров көчөсүндөгү № 51 Ю. Гагарин атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү.

-Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылындагы № 5617 шайлоо участогунун дареги М. Абдрасулов, 7 көчөсүндө жайгашкан М. Заиров атындагы орто мектебинин имаратынан Папан айылынын М. Абдрасулов, 7 көчөсүндө жайгашкан М. Абдрасулов маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлдү.

-Ош облусунун Араван районуна караштуу Араван айылындагы № 5351 шайлоо участогунун дареги Ленин көчөсүндө жайгашкан Балдар чыгармачылык мектебинин имаратынан Араван айылынын М. Султанов көчөсүндө жайгашкан № 40 Ж. Абдрахманов атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү.

-Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Үч-Кемпир айылындагы № 5594 шайлоо участогунун дареги Каратаев, 90 көчөсүндө жайгашкан Беш-Тал орто мектебинин имаратынан Үч-Кемпир айылынын Үч-Кемпир-2, 49 көчөсүндө жайгашкан жеке менчик дүкөндүн имаратына өзгөртүлдү.

-Баткен облусунун Сүлүктү мэриясына караштуу № 8050 шайлоо участогунун дареги И. Раззаков, 109 көчөсүндө жайгашкан Сүлүктү борбордук китепкананын эски имаратынан И. Раззаков, 89 көчөсүндө жайгашкан Сүлүктү борбордук китепкананын жаңы имаратына өзгөртүлдү.

-Баткен облусунун Сүлүктү мэриясынына караштуу № 8053 шайлоо участогунун дареги Кирпичный завод, 12 көчөсүндө жайгашкан № 8 И. Бектемиров атындагы орто мектебинин имаратынан Кирпичный завод, 168 көчөсүндө жайгашкан “Жеткинчек” балдар бакчасынын имаратына өзгөртүлдү.

-Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Көк-Талаа айылындагы № 8117 шайлоо участогунун дареги И. Кааров, 2 көчөсүндө жайгашкан ФАП имаратынан Көк-Талаа айылынын У. Исаков, 3 көчөсүндө жайгашкан № 41 К. Саттаров атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү.

БШК тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына айыл өкмөттөр менен биргеликте жарандар арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөргөнү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>