Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКда шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалымат берилди
11.06.2025

КР БШКда шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалымат берилди

2025-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымат берилди. КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров мыйзамга киргизилген негизги өзгөртүүлөр жана алардын максаттары тууралуу кеңири маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Төрага белгилегендей, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, жарандардын шайлоого болгон ишенимин жогорулатуу, шайлоочулардын шайлоо укуктарын  ишке ашырууда ыңгайлуу шарттарды түзүү  жана учурдагы шайлоо тутумундагы кемчиликтерди жоюу болуп саналат. Бул өзгөртүүлөр шайлоо процесси боюнча коомдук ишенимди күчөтүп, жарандардын жигердүү катышуусуна өбөлгө түзөт. Ошондой эле демократиялык принциптерди бекемдөөгө жана шайлоолордун мыйзамдуулугун камсыз кылууга багытталган. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча коомчулук менен ачык иш алып барып, ар бир жаранды жаңыланган шайлоо процесси тууралуу толук маалымат алууга жана шайлоо укугун активдүү пайдаланууга чакырат. Мындан ары да бул багытта иштер улантылат.  
Кененирээк билүү >>
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
09.06.2025

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул Мыйзамдын максаты Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоонун учурдагы системасынын кемчиликтерин четтетүү, жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты шайланат. Мыйзамга ылайык, шайлоо өткөрүүдө аралыктан, электрондук добуш берүү колдонулушу мүмкүн. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим шайлоо дайындалганда кабыл алынат. Көп мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында тиешелүү шайлоо округдарынан чыгып кеткендердин ордуна көп мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлбөйт.
Кененирээк билүү >>
КР БШК өкүлдөрү Грузиядагы шайлоону башкаруу органдарынын 12-жылдык жыйынына катышты
08.06.2025

КР БШК өкүлдөрү Грузиядагы шайлоону башкаруу органдарынын 12-жылдык жыйынына катышты

  2025-жылдын 5-6-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлдөрү Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кахети облусунда уюштурулган “Технологияларды колдонуу тажрыйбасы жана дезинформациянын шайлоо ишенимине тийгизген таасири” аталышындагы Шайлоону башкаруу органдарынын (ШБК) 12-жылдык жыйынына катышты. Жыйынга шайлоо органдарынын, эл аралык уюмдардын, изилдөө борборлорунун жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген эксперттердин өкүлдөрү катышты. Конференциянын максаты — шайлоо процесстерин санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашуу жана коомчулуктун шайлоого болгон ишенимин буза турган дезинформацияга каршы эффективдүү механизмдерди иштеп чыгуу. Конференциянын негизги темалары төмөнкүлөр болду: Шайлоо процессинде технологияларды колдонуу тажрыйбасы: технологияларды киргизүү, ийгиликтер жана кыйынчылыктар тууралуу пикир алмашуу; Дезинформациянын шайлоо ишенимдерине тийгизген таасири: жалган маалыматтардын коомдук пикирге, шайлоочулардын жүрүм-турумуна жана институттарга болгон ишенимге тийгизген таасирин изилдөө; Кызматташтыктын келечектеги багыттары: дезинформацияга туруктуулукту жогорулатуу жана аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун талкуулоо. Кыргыз Республикасынын атынан жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева жана БШКнын аппаратынын Программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Темирлан Шаменов катышышты. Жыйындын ачылышында КР БШК мүчөсү Акбалык Жумалиева «Шайлоо процесстеринин ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуудагы санариптик технологиялар» темасында доклад жасап, Кыргызстанда шайлоо системасын санариптик трансформациялоо боюнча топтолгон тажрыйба жөнүндө кеңири айтып берди. Атап айтканда: шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо; автоматташтырылган башкаруу системасынын (АБС) шайлоо процессинде колдонулушу; маалыматтык коопсуздук системасын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча иштер. Докладда ошондой эле нормативдик жана техникалык аспектилер, жарандык коом менен кызматташуу тажрыйбасы жана технологиялык чечимдер шайлоо институттарына болгон ишенимди бекемдөөгө кантип жардам берери айтылды. Кыргыз делегациясы Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясына чакыруусу жана жогорку деңгээлде уюштурулган иш-чара үчүн ыраазычылык билдирди. Мындай жыйындар адистердин тажрыйба алмашуусуна, мыкты эл аралык практикаларды колдонууга жана Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өнүктүрүүгө салым кошот.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу мекендештер!  Кадырлуу мусулмандар!
06.06.2025

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулмандар!

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулмандар! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ардактуу мусулмандарды жана жалпы элибизди ыйык Курман айт майрамы менен чын дилден куттуктайт! Бул ыйык майрам — жүрөктөгү ыйманды чыңдаган, тазалык менен адеп-ахлакка чакырган, Жараткан Аллага болгон чексиз ыраазылыктын, мээримдүүлүктүн жана боорукерликтин улуу символу. Курман айт күнү ар бир мусулман өзүнүн жүрөгүн тазартып, Жаратканга жакындап, курмандык аркылуу ыйык парзын аткаруу менен руханий жактан байыйт жана адамгерчилик сапаттарга сугарылат. Бул күнү көп улуттуу мекенибизде достуктун, ынтымактын жана биримдиктин улуу сезимдери кайрадан жаңырып, улуттан-улутка өтүүчү сый-урмат менен боордоштук мамиле бекемделет. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө ак тилек, чын дилден чыккан дуба орун алып, ынтымактуу, бакубат өлкө курууга болгон ишенимибиз артат. Биз бул берекелүү күндү жакшы үмүт, аруу тилек менен тосуп, Кыргызстаныбыздын ар бир жаранына тынчтык, бакыт-таалай жана үй-бүлөлүк береке болушун, мамлекетибизде дайыма тынчтык орноп, элибиздин биримдиги бекем болуп, өнүгүү жолундагы кадамдарыбыз ийгиликтүү болуусун каалайбыз. Кыргыз элинин ырыскысы арбып, куту кетпесин. Курман айт күнү кылган ар бир курмандыгыңыздар, кылымдап көтөргөн ак тилектүү дубаңыздар Жараткан Алланын алдында кабыл болсун. Үйүңүздөрдө береке орноп, дасторконуңуз мол болсун. Ыймандуу урпак өсүп, журтубузда тынчтыктын, адилеттүүлүктүн жана кайрымдуулуктун шамы ар дайым жанып турсун. Курман айт майрамыңыздар куттуу болсун!
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды өткөрүп берүү боюнча АШКлардын чечимдерин бекитти
05.06.2025

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды өткөрүп берүү боюнча АШКлардын чечимдерин бекитти

2025-жылдын 5-июнунда өткөн жыйында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Панфилов, Жайыл, Баткен, Лейлек, Кочкор жана Ак-Суу райондорунун аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан кабыл алынган жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон депутаттык мандаттарды тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу чечимдерди бекитти. Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду: Ашкеев Урмат Муктарович, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты (Панфилов району, «Эл Аман» саясий партиясы) — жеке арызынын негизинде; Омуржанова Аида Осмонбековна, Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты (Жайыл району, №3 шайлоо округу) — жеке арызынын негизинде; Маматисак уулу Бекмурза, Алтын-Бешик айылдык кеңешинин депутаты (Баткен району, №1 шайлоо округу) — жеке арызынын негизинде; Жусупалиев Даниярбек Алимович, Кулунду айылдык кеңешинин депутаты (Лейлек району, №5 шайлоо округу) — жеке арызынын негизинде; Жапарова Гүлзат Кеңешбековна, Ормон-Хан айылдык кеңешинин депутаты (Кочкор району, №4 шайлоо округу) — жеке арызынын негизинде; Курумшиева Умут Абдыкадыровна, Каракол айылдык кеңешинин депутаты (Ак-Суу району, №4 шайлоо округу) — жеке арызынын негизинде. Бошогон мандаттар төмөнкү талапкерлерге өткөрүлүп берилди: Бейшекеев Талантбек Дүйшөнбекович, «Эл Аман» саясий партиясынан, учурда иштебейт — Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешине депутат болуп шайланды; Камчыбекова Торокан, учурда иштебейт — Жайыл районунун №3 шайлоо округу боюнча Ак-Башат айылдык кеңешине депутат болуп шайланды; Камчибеков Сулайман Токтоматович, жеке ишкер — Баткен районунун №1 шайлоо округу боюнча Алтын-Бешик айылдык кеңешине депутат болуп таанылды; Патта уулу Нурмамат, №31 кесиптик лицейдин мугалими — Лейлек районунун №5 шайлоо округу боюнча Кулунду айылдык кеңешине депутат болуп таанылды; Жакыпова Венера Карыпбековна, К. Кыдыралиев атындагы орто мектептин мугалими — Кочкор районунун №4 шайлоо округу боюнча Ормон-Хан айылдык кеңешине депутат болуп шайланды; Смагул уулу Кубанычбек, учурда иштебейт — Ак-Суу районунун №4 шайлоо округу боюнча Каракол айылдык кеңешине депутат болуп шайланды.
Кененирээк билүү >>
БШК Т. Муратбековго Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшырды
05.06.2025

БШК Т. Муратбековго Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды. Муратбеков Табылды Муратбекович Кыргыз Республикасынын « Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 65-беренесинин 3 жана 4-1-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталды. Депутатка белгиленген үлгүдөгү депутаттык күбөлүк жана төш белгиси тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 5 - июнунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
05.06.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 5 - июнунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 5-июну Убактысы: 14:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө. (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Панфилов, Жайыл, Баткен, Лейлек, Кочкор жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу. (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).    
Кененирээк билүү >>
КР БШКда коррупцияга каршы саясат боюнча окутуу болуп өттү
30.05.2025

КР БШКда коррупцияга каршы саясат боюнча окутуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында (БШК) «Мамлекеттик антикоррупциялык саясат: БШКдагы коррупцияны алдын алуу системасы» деген темада семинар өткөрүлдү. Иш-чарага БШКнын борбордук аппаратынын кызматкерлери, аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр жана системалык администраторлор катышты. Семинарда коррупциянын алдын алуу жаатындагы мыйзамдардын негизги жоболору, ошондой эле 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын негизги багыттары жана приоритеттери каралды. Семинардын жүрүшүндө КР БШК тарабынан коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу, ички көзөмөлдү жакшыртуу, мамлекеттик кызматчылардын этикалык стандарттарын сактоо жана кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө боюнча системалуу иштерге өзгөчө көңүл бурулду. Бул семинар БШКнын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянынын 1-этабын (2025-2027-ж.ж.) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын алкагында өткөрүлдү.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКда “Түндүк” системасы аркылуу соттуулук боюнча маалымат алмашуу маселелери талкууланды
30.05.2025

КР БШКда “Түндүк” системасы аркылуу соттуулук боюнча маалымат алмашуу маселелери талкууланды

2025-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында төрага Тынчтык Шайназаровдун жетекчилиги алдында мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңейтилген жумушчу жыйын өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө шайлануучу кызматтарга талапкерлигин көрсөткөн жарандардын соттуулугу бар же жоктугу тууралуу маалыматтарды ыкчам алмашуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Азыркы учурдагы мыйзамдар талапкерлердин соттуулугу жок болушун так белгилеген шартта, ыйгарым укуктуу органдардын ортосунда так, толук жана өз убагында маалымат берүү өтө маанилүү экени белгиленди. КР БШК талапкерлер боюнча маалыматтарды, анын ичинде соттуулугунун жоюлган же алынган убактысы жана фактысы тууралуу маалыматты өз убагында жана так алуу зарылдыгын белгиледи. Бул максатта жыйынга катышуучуларга “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын кеңири пайдалануу жана маалымат алмашуунун санариптик механизмдерин жакшыртуу сунушталды. КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров мамлекеттик органдардын ортосунда ишенимдүү жана ачык-айкын маалыматтык өз ара аракеттенүү системасы мыйзамдуулукту камсыздоонун жана жарандардын шайлоо укуктарын коргоонун негизги элементи болуп саналарын белгиледи. БШК шайлоолорго байланыштуу бардык процедуралардын сапатын жана ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында мамлекеттик органдар менен кызматташууну улантат.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын  курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
30.05.2025

КР БШК Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 30-майындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Адилов Анарбек Ташполотовичти чыгарып, анын ордуна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Назарова Раушан Абытовна резервден комиссиянын курамына киргизди.
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен бир талапкерди чыгарды
30.05.2025

КР БШК “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен бир талапкерди чыгарды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылы 30-майында өткөн жыйналышында “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматовичтен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматовичти “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 30 - майында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
30.05.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 30 - майында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 30-майы Убактысы:11:30 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы     1. “Бүтүн Кыргызстан” cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматовичти чыгаруу жөнүндө. (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 2. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө. (баяндамачы – Темирканова Т.Э., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы).
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасынын орун басары Н. Койчукеев шайлоо органдарынын  кесипкөйлүгү боюнча Эл аралык тегерек столго катышты
29.05.2025

КР БШКнын төрагасынын орун басары Н. Койчукеев шайлоо органдарынын кесипкөйлүгү боюнча Эл аралык тегерек столго катышты

Бүгүн, 2025-жылдын 29-майында, Гатчина мамлекеттик университетинде «Шайлоо жана референдум институттарына шайлоочулардын ишенимин калыптандыруучу фактор катары шайлоо органдарынын кесипкөйлүгү» темасында Эл аралык тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чарага көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, саясий партиялар, эксперттик жана илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук  комиссиясынын төрага орун басары Нурлан Койчукеев видеоконференция форматында баяндама менен чыгып сүйлөдү. Ал шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн кесиптик квалификациясын тынымсыз жогорулатып туруу маанилүүлүгүн белгилеп, жарандардын ишеними түздөн-түз шайлоо процессинин кесипкөйлүгүнө жана ачыктыгына байланыштуу экенин баса белгиледи. Өз сөзүндө Нурлан Койчукеев  шайлоо комиссиялары – Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылган коллегиалдуу орган экенин баса белгиледи.  Алардын ишмердүүлүгү шайлоо процессинин демократиялуулугун камсыздоого, мыйзамдардын жана шайлоочулардын укуктарынын сакталышына багытталганын айтты. Тегерек столдун уюштуруучулары болуп төмөнкүлөр катышты: КМШ ПААга мүчө мамлекеттеринин демократиянын, парламентаризмдин жана жарандардын шайлоо укуктарынын сакталышын өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институту (КМШ ПАА); КМШ мамлекеттеринин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңеши; Ленинград облусунун шайлоо комиссиясы; Санкт-Петербургдун шайлоо комиссиясы; Ленинград облусунун «Гатчина мамлекеттик университети» мамлекеттик жогорку билим берүү мекемеси.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т.Шайназаров ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары К.Камп менен жолугушту
20.05.2025

КР БШКнын төрагасы Т.Шайназаров ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары К.Камп менен жолугушту

Бүгүн, 2025-жылдын 20-майында, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчык Шайназаров ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кристоф Камп менен жолугушту. Жолугушууга  ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын улук кеңешчиси Петер Надерер, Борбор Азия жана Кавказ аймагындагы УАЖК долбоорлорунун жетекчиси Эдин Элгсэтер, ЕККУнун Бишкек шаарындагы долбоорлорду координациялоо боюнча ассистенти Гүлжан Ермекбаева, БШКнын төрага орун басары Нурлан Койчукеев жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссар Кристоф Камп Кыргыз Республикасында улуттук азчылыктардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана аларды шайлоо процессине тартуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга кызыгуусун билдирди. КР БШКнын төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ар бир жаран тегине, жынысына, расасына, улутуна, майыптыгына, билимине, кызматтык жана мүлктүк абалына, диний ишенимине, саясий жана башка ишенимдерине карабастан шайлоого жана шайланууга укуктуу экенин билдирди. Төрага КР БШК тарабынан жарандардын шайлоого, шайлоочу жана талапкер катары эркин жана тоскоолдуксуз катышуусун камсыздоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын баса белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташууга ачык экенин жана мындан аркы тыгыз иштешүүгө даяр экенин билдиришти.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 19 майындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
19.05.2025

КР БШКнын 2025-жылы 19 майындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 19 майы Убактысы: 12:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Өзгөн, Ноокат жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу. (баяндамачы – Кожокеева М.Д. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Темирканова Т.Э. , шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү тынчтык жана өнүгүү боюнча Стокгольм 2025 форумуна катышты
18.05.2025

КР БШКнын өкүлдөрү тынчтык жана өнүгүү боюнча Стокгольм 2025 форумуна катышты

Кыргыз Республикасынын делегациясы тынчтык жана өнүгүү маселелери боюнча Стокгольм - 2025 форумуна катышып, “Ынтымак жумалыгын” өткөрүүнүн уникалдуу тажрыйбасын – тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү бекемдөө жаатындагы улуттук демилгени тартуулады. Форум 2014-жылдан бери жыл сайын Стокгольмдагы тынчтык маселелерин изилдөө боюнча эл аралык институту (SIPRI) тарабынан уюштурулуп келет. Иш-чара Фольке Бернадотт академиясы (FBA) жана Швециянын эл аралык өнүктүрүү боюнча кызматташтык агенттиги (Sida) менен өнөктөштүктө өткөрүлөт. Стокгольм форуму — бул глобалдык көйгөйлөрдү жана тынчтыкты орнотуу боюнча чечимдерди талкуулоого арналган эксперттерди, саясатчыларды, эл аралык уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес жана жарандык коомдун өкүлдөрүн бириктирген абройлуу эл аралык платформа. 2025-жылы форумга 70тен ашык өлкөдөн атайын делегаттар чогулган. Курамына мамлекеттик түзүмдөрдүн, жарандык коомдун, жаштардын жана бизнестин өкүлдөрү кирген кыргыз делегациясы PeaceNexus Фондунун колдоосу менен SIPRI тарабынан чакырылган. Делегациянын курамында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлшаркан Култаева жана Жарандык билим берүү борборунун директору Айсулуу Букамбаева болуп, алар өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Форумдун алкагында төмөнкү темалар боюнча мазмундуу талкуулар өттү: куралдуу жаңжалдарды алдын алуу, климаттык өзгөрүүлөр жана тынчтыкты орнотуу, аялдардын жана жаштардын тынчтык куруу процессине катышуусу, жасалма интеллекттин коомдун туруктуулугуна тийгизген таасири, дезинформация жана шайлоолор, медиация жана менталдык саламаттыкты өнүктүрүү, тынчтык жана өнүгүү маселелерине инклюзивдүү мамиле кылуу Кыргызстандын «Ынтымак жумалыгы» демилгеси форумдун катышуучулары арасында чоң кызыгууну жаратты. Бул демилге коомдун бардык катмарларынын катышуусу менен диалог жана кызматташтык аркылуу тынчтыкты чыңдоонун ийгиликтүү жергиликтүү ыкмасы катары бааланды. Уюштуруучулар Ынтымак сыяктуу креативдүү жана тармактар аралык демилгелердин коопсуз жана туруктуу келечекти куруунун маанисин белгилешти. Маалымат үчүн: “Ынтымак Жумалыгы" — Кыргызстанда 2023-жылдан бери ар жылы сентябрда өткөрүлүп келе жаткан демилге. Бул платформа Женева тынчтык апталыгы жана Базель тынчтык форуму сыяктуу эл аралык тажрыйбалардан шыктанган. Иш-чаранын уюштуруучусу — Тынчтык куруу хабы. Анын курамына төмөнкү уюмдар кирет: PeaceNexus, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, БУУ Аялдар, ACTED, Search for Common Ground, International Alert, Saferworld. Башкы багыттар: Табигый ресурстарды натыйжалуу башкаруу жана климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу Коомдук ынтымак жана тилектештик Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу тынчтыкты орнотуу Тынчтык үчүн калыс жана натыйжалуу мамлекеттик башкаруу
Кененирээк билүү >>
1 52 54 482