Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

“Биз таза шайлоо үчүн!” акциясы кийинки мөөнөткө жылдырылды
30.09.2011

“Биз таза шайлоо үчүн!” акциясы кийинки мөөнөткө жылдырылды

2011-жылдын 30-сентябрында “Ала-Тоо” Борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кылым муза” продюсердик борбору менен бирдикте “Биз таза шайлоо үчүн” акциясы өтө тургандыгы массалык маалымат каражаттарында жарыяланган эле. Техникалык себептерден улам бул иш-чаранын өткөрүлүшү 2011-жылдын октябрь айынын алгачкы күндөрүнө жылдырылды.   БШК басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырган колтамга баракчалардын контролдук текшерүүсү ишке ашырылды
30.09.2011

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырган колтамга баракчалардын контролдук текшерүүсү ишке ашырылды

Бүгүн, 30-сентбрда саат 14.00 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын, өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Токтайым Уметалиева, Аскарбеком Абышев, Уланбеком Сооданбеков, Калыбеком Арабаев, Нариманом Тюлеев, Бакир уулу Турсунбай, Торобаем Колубаев жана Салмоорбеком Дыйканов тапшырган колтамга баракчалардын контролдук текшерүүсүн ишке ашырышты. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын кайталап кабарлагандан дагы кийин бул текшерүүгө катышуу үчүн келишкен жок.   КР БШК мүчөлөрү талапкерлердин колтамгаларын текшерүүдө ачык-айкын чагылдыруу үчүн катышуучуларды колтамга баракчалары бар папкалардын мазмуну менен тааныштырды. Журналисттер жана өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү талапкерлердин колтамга баракчалары менен өздөрү көрүп таанышкандыгын белгилей кетели. Төмөндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна жогоруда аталган талапкерлердин колтамга баракчаларын текшерүү жөнүндө маалыматтарды келтиребиз:   Уметалиева Токтайым: тапшырды 34860 колтамга, 17604 - так, 17256 – так эмес. Арабаев Калыбек: тапшырды 43271 колтамга, 9119 - так, 14152 – так эмес. Дыйканов Салморбек: тапшырды 35644 колтамга, 20820 - так, 14824 – так эмес. Абышев Аскарбек: тапшырды 31165 колтамга, 28516 - так, 2649 – так эмес. Бакир уулу Турсунбай: тапшырды 64442 колтамга, 18689 - так, 45753 – так эмес. Колубаев Торобай: тапшырды 33472 колтамга, 24200 - так, 9272 – так эмес. Сооданбеков Уланбек: тапшырды 39106 колтамга, 27776 - так, 11330 – так эмес. Тюлеев Нариман: тапшырды 135782 колтамга, 28515 - так, 107267 – так эмес.  “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Президенттин кызматына талапкер колдоого 30 миңден кем эмес шайлоочунун колун чогултушу керектигин эскертебиз.     Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК жыйналышында колтамга баракчаларды контролдук текшерүүдөн өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды
29.09.2011

БШК жыйналышында колтамга баракчаларды контролдук текшерүүдөн өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды

Бүгүн, 29-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү кезектеги жыйналышта “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн  2, 19-пункттарына ылайык,  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер К.К.Ташиевдин, А.К.Мадумаровдун, А.К.Абдылдаевдин, Т.И.Асанбековдун ишенимдүү адамдарын катташты. Ошондой эле,  жыйналышта Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы өкүлү деп  Жазгуль Ильичевна Бейшекееваны  каттоо тууралуу чечим кабыл алынды.  Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйналышында  аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Күн тартибине ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2- жана 4-бөлүктөрүн жетекчиликке алып,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу аткаруу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө маселе каралып, кайталап шайлоону дайындоонун  графиги бекитилди. Талас облусунун Кара-Бура районунун Ак-Чий айыл өкмөт башчысын шайлоосу дайындалды. Ошондой эле, К.Арабаев, А.М.Абышев, Н.Т.Тюлеев, Т.Ж.Уметалиева, У.С.Сооданбеков тапшырган колтамга баракчаларын жалпыга маалымдоо каражаттарынын, ӨЭУ өкүлдөрүнүн, талапкерлердин, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда  контролдук текшерүүнү ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Эскерте кетсек, 2011-жылдын 29-сентябрында Жогорку сотунун токтомдору менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына карата К.Арабаевдин, А.М.Абышевдин, Н.Т.Тюлеевдин, Т.Ж.Уметалиеванын, У.С.Сооданбековдун доо арыздары боюнча 2011-жылдын 24-сентябрындагы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими күчүндө калтырылган. Жогоруда көрсөтүлгөн  негиздер  менен сотко кайрылган  айрым талапкерлердин дагы колтамга баракчалары контролдук текшерүүдөн өткөрүлөт, тактап айтканда, Бакир уулу Турсунбайдын, Т.К.Кулубаевдин, С.Дыйкановдун. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин колтамга баракчалары контролдук текшерүүнү ишке ашыруу жөнүндө чечимге ылайык,   Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун курамына кошумча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, БШК аппаратынын кызматкерлери жана чакырылган адистери, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЭКБнын экспертиза жана учет бөлүмүнүн кызматкерлери,  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин алдындагы соттук колжазмалар экспертиза бөлүмүнүн эксперттери киргизилди. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында  2011-жылдын 30-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо бюллетенинин коргоо формасын жана даражасын бекитүү тууралуу маселе оң жагына чечилди.    
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын акчалай каражаттарынын 2011 – жылдын 26 – сентябрына карата жүгүртүүлөрү жөнүндө отчет
29.09.2011

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын акчалай каражаттарынын 2011 – жылдын 26 – сентябрына карата жүгүртүүлөрү жөнүндө отчет

Талапкерлердин шайлоо фондуларынын акчалай каражаттарынын пайдаланылышын жана так эсепке алынышын, түшүүлөрдүн булактарын контролдоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин финансылык отчетторун текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдында Контролдук – текшерүү тобу түзүлгөн. Аталган топтун жетекчиси болуп КР БШК мүчөсү Асаналиев Алмаз Турдакунович эсептелет. “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41 – беренесинин 12 – пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларындагы акчалай каражаттарды чыгымдоонун ачыктыгын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Контролдук – текшерүү тобу 2011 – жылдын 26 – сентябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларындагы акчалай каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндөгү төмөндөгү маалыматты жайгаштырат.   №  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин Ф.А.Ж. Шайлоо фондунун атайын эсебиндеги акча каражаттары  (сом менен)         Түшкөнү Чыгымы  Калдыгы   1 АБДЫЛДАЕВ АРСТАНБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВИЧ 2 000 000 1 812 793 187 207   2 АСАНБЕКОВ ТЕМИРБЕК ИШЕНБАЕВИЧ 150 000 141 136 8 864   3 АТАМБАЕВ АЛМАЗБЕК ШАРШЕНОВИЧ 9 500 000 8 735 114 764 886   4 БАЙБОЛОВ КУБАТБЕК КАЛБЕКОВИЧ 7 235 000 6 069 681 1 165 319   5 ДЫЙКАНОВ СООРОНБАЙ САБЫРОВИЧ 482 000 478 268 3 732   6 ЖАПАРОВ АКЫЛБЕК УСЕНБЕКОВИЧ 200 000 195 270 4 730   7 ИСАБЕКОВ КУБАНЫЧБЕК САТИНДИЕВИЧ 1 600 850 1 600 520 330   8 ИМАНКУЛОВ МАРАТ МУКАНОВИЧ 285 300 243 412 41 888   9 КАЛМАТОВ АНАРБЕК БАРАТОВИЧ 1 495 000 1 220 214 274 786   10 КАРИМОВ АЛМАЗБЕК ТАШПОЛОТОВИЧ 130 500 129 999 501   11 МАДУМАРОВ АДАХАН КИМСАНБАЕВИЧ 16 872 080 12 423 656 4 448 423   12 МАСАЛИЕВ ИСХАК АБСАМАТОВИЧ 195 000 100 271 94 729   13 МАТУБРАИМОВ АЛМАМБЕТ 199 000 100 123 98 877   14 МЕДЕТБЕКОВ ШАМШЫБЕК ОСМОНКУЛОВИЧ 30 000 29 597 403   15 ОМОРОВ РОМАН ОМОРОВИЧ 154 850 105 258 49 592   16 ОСМОНОВ КУРМАНБЕК ЭРГЕШОВИЧ 493 500 147 771 345 729   17 СУВАНАЛИЕВ ОМУРБЕК ИСАКОВИЧ 1 910 000 1 217 683 692 317   18 СУЛТАНОВ МАРАТ АБДЫРАЗАКОВИЧ 400 000 200 070 199 930   19 ТАШИЕВ КАМЧИБЕК КЫДЫРШАЕВИЧ 3 607 290 3 054 176 553 114   20 ТОКТОГАЗИЕВ ЖУМАБЕК КЕМЕЛОВИЧ 101 000 100 123 877     Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер тапшырган кол тамга баракчаларын контролдук текшерүү жүргүзөт
29.09.2011

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер тапшырган кол тамга баракчаларын контролдук текшерүү жүргүзөт

2011-жылдын 30-сентябрында, 1,2-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Т.Уметалиева, А.Абышев, У.Сооданбеков, К.Арабаев, Н.Тюлеев, Бакир уулу Турсунбай, Т.Колубаев, С.Дыйканов тапшырган кол тамга баракчаларына контролдук текшерүү жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, өкмөттүк эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн тапшырган кол тамга баракчаларынын тууралыгын текшерүү процедурасынын мониторингине катышууга чакырат. Кол тамгалардын тууралыгын текшерүү боюнча иштер 4-кабаттагы жыйындар залында саат 10.00дө башталат. Жыйындар залына инсандыгын тастыктоочу документ менен кирүүгө болот.            Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын басма сөз кызматы        
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин Башкы катчысы – Секретариаттын жетекчиси Михаил Кротов менен жолугушту
29.09.2011

КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин Башкы катчысы – Секретариаттын жетекчиси Михаил Кротов менен жолугушту

Бүгүн 2011-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин (ПАК) Башкы катчысы – Секретариаттын катчысы Михаил Кротов менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мониторингине КМШ ПАКынан эл аралык байкоочулар тобунун катышуусуна байланыштуу маселелер талкууланды. Жолугушуу убагында КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин Башкы катчысы – Секретариаттын катчысы Михаил Кротов Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарындагы жаңылыктарга жана Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы  шайлоого карата даярдыктын жүрүшүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мониторингине катыша турган эл аралык байкоочулардын санына кызыкты. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын  төрагасы Т.Абдраимов “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык “шайлоо дареги” деген жаңы термин пайда болгондугу, ага ылайык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо дареги боюнча шайлоочуларды тизмеге киргизүүгө жана бул тууралуу шайлоочуга добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү экендигин айтты. Ал ошондой эле азыркы шайлоо өнөктүгүндө мурда колдонулуп келгендей шайлоочулардын кошумча тизмеси болбой тургандыгын белгиледи. Мындан тышкары, Т.Абдраимов КР Президентин шайлоону өткөрүүгө эл аралык уюмдардан байкоочулардын катышуусу тууралуу да маалымат берди. Жолугушуу убагында КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин Башкы катчысы – Секретариаттын катчысы Михаил Кротов КМШ өлкөлөрүнүн шайлоо тутумундагы жаңылыктар жөнүндө айтып берди, ошондой эле КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынан биздин республикага байкоочулар келе тургандыгына ишендирди. Жолугушууда ошондой эле КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин ишине байланыштуу маселелер да талкууланды. Белгилүү болгондой  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын  төрагасы Т.Абдраимов бул уюм менен иштөөдө чоң тажрыйбасы бар экендиги белгилүү, анткени  ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда  КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын ченемдик укуктук документтерин иштеп чыгууга активдүү катышкан.  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын  Т.Абдраимовдун КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин (ПАК) Башкы катчысы – Секретариаттын катчысы Михаил Кротов менен жолугушуусуна демократияны өнүктүрүү, парламентаризм жана КМШнын ПАК катышуучу мамлекеттердин жарандарынын шайлоо укуктарын сактоого мониторинг боюнча эл аралык институттун эксперттик тобунун жетекчиси Роман Амбурцов, КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын башкы катчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КМШ ПАКтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатывалдиев, КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясына катышуучу мамлекеттердин жарандарынын шайлоо укуктарын сактоого мониторинг боюнча эл аралык институттун Бишкектеги филиалынын директору Исламбек Мурсабеков катышты.   БШКнын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Япония Өкмөтү, Европалык Союз жана ПРООН Кыргыз Республикасынын БШКсына компьютердик жабдууларды сатып алууга колдоо көрсөттү
27.09.2011

Япония Өкмөтү, Европалык Союз жана ПРООН Кыргыз Республикасынын БШКсына компьютердик жабдууларды сатып алууга колдоо көрсөттү

2011-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасындагы Япониянын элчиси Син Марио, Европалык Союздун делегациясынын Кызматташтык боюнча бөлүмүнүн башчысы Том Масси жана ПРООНдун туруктуу өкүлү Александр Аванесов расмий кырдаалда Кыргыз Республикасынын БШКсынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовго КР БШКнын аппараты жана аймактык шайлоо комиссиялары үчүн жалпы суммасы 195 405 АКШ доллары болгон 100 компьютер, 85 принтер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо участокторунда турган көп функционалдуу факс аппаратына 2400 картридж берди. Берилген жабдуулар Япония Өкмөтүнүн жана Европалык Союздун каражатына Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду колдоого ПРООНдун долбоору менен сатып алынып, алдыдагы шайлоо өнөктүгүндө шайлоочулардын тизмесин тактоого арналган. Жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык шайлоочулардын тизмесин даярдоо үчүн жоопкерчиликти аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары тартат. Жаңы жабдуулар аймактык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелериндеги жазууларды жаңыртууга жана аларды Бишкектеги маалыматтардын борбордук базасына жиберүүгө, ошондой эле шайлоочулардын такталган биротоло тизмелерин басып чыгарууга жана шайлоо участкаларына таркатууга мүмкүндүк берет. Чакан-функционалдык факстык жана көчүрүүчү аппараттар үчүн жаңы картридждер участкалык шайлоо комиссиялары (УИК) үчүн өткөн жылы сатып алынган. УИКтер жергиликтүү деңгээлде шайлоочулардын тизмелерин жаңыртуу максатында документтерди көчүрүүгө, ошондой эле факс боюнча жыйынтык протоколдорду КР БШКга жөнөтүүгө мүмкүндүк түзөт. Бул протоколдордун көчүрмөлөрү жалпы эле шайлоо процессиндеги ачык-айкындыкты камсыздайт. Жабдууларды сатып алууда ошондой эле Австрия, Германия өкмөттөрү, Бириккен Королчулук жана Сорос фонду финансылык жардам көрсөтүштү.   БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
27 сентября 2011 года состоялась заседание Совета Обороны Кыргызской
27.09.2011

27 сентября 2011 года состоялась заседание Совета Обороны Кыргызской

2011-жылдын 27 - сентябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо Кенешинин жыйналышында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын  төрагасы Т.Абдраимовдун сүйлөй турган сөзүнүн тезистери    Күн тартиби: «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө»   Урматтуу Президент, Урматтуу Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин мүчөлөрү, кутмандуу күнүңүздөр менен!   Бүгүн, Кыргыз Республикасынын бирдиктүү шайлоо системасын башкарган Борбордук шайлоо комиссиясынын  баардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын алдында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо, аны эркин, адилет жана ачык өткөрүү боюнча эң бир маанилүү маселе турат. Албетте, алдыдагы шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана шайлоону эркин, адилет жана таза өткөрүүгө байланышкан маселелер тыгыз байланышта экендигин танууга болбойт. Адегенде, мен коргоо Кеңешинин мүчөлөрүн Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоого даярдыктар боюнча аткарган иштери жөнүндө маалымдап кетким келет. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоону Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 5-июлундагы № 3 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планына ылайык ишке ашырат.   Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү дайындалгандан тартып, Борбордук шайлоо комиссиясы төмөндөгү иштерди аткарды:   294 токтом кабыл алынды;   2) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн 7 нускамалар жана усулдук колдонмолор кабыл алынды;   3) 16 жобо  кабыл алынды.   БШКнын 8 жумушчу тобу түзүлгөн жана  иштеп жатат, алар: - Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча; - аймактык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча топ; - шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча; - Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде шайлоону уюштуруу боюнча; - Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды маалымдоо маселелери боюнча; - Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча; - Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы контролдук – текшерүү тобу; - Борбордук шайлоо комиссиясынын коомдук кабылдамасы.        2011-жылдын 25-июлуна карата 58 аймактык шайлоо комиссияларын, мунун ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде шайлоону уюштуруу боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын курамдары, ошондой эле алардын резервдери түзүлдү.               Комиссияларды түзүүгө Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинде расмий каттоодон өткөн 27 саясий партиялардын өкүлдөрү жана жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү катышты.     Аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жарандардын чогулуштарынан, эмгек коллективдеринен, коомдук бирикмелерден 1170 талапкер, ошондой эле саясий партиялардан 869 өкүл көрсөтүлгөндүгүн белгилей кетүү зарыл. 2011-жылдын 1-августунда аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын аймагында 2289, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде 29 шайлоо участкаларынын схемасын жана чектерин бекиткен, алар «Эркин Тоо» газетасына жарыяланган жана Боршайкомдун расмий сайтына жайгаштырылган.        Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин ишке ашырууда кайрадан уюшулган аймактык шайлоо комиссияларына Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрүн дайындады, алар комиссиялардын координациялык, уюштуруу-методикалык жана материалдык-техникалык иш-аракеттерин камсыз кылууну жүзөгө ашырышат. Бардыгы 54 атайын өкүл дайындалды. Ошондой эле биз 1-сентябрга карата жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системалык администраторлорун Борбордук шайлоо комиссиясынын структурасына котордук.      3-4- августта жана 2-4-сентябрда шайлоо системаларынын Эл аралык фондунун  финансалык жана техникалык жардамы менен Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо укуктары маселеси боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, атайын өкүлдөр менен окутуу семинарлары өтүп жатат.         Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын сунушу боюнча курамы  ысымдары таанымал 12 филологдон турган тил боюнча Комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйындары 2011-жылдын 8-сентябрынан башталды жана 23-сентябрда аяктады.   Комиссия Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкерлердин 27 си мамлекеттик тилди билгендигин аныктады. Мында комиссия 5 талапкер С. Байгуттиев, Э. Булекбаев, З. Парманкулов, М. Абылов, А. Малиев мамлекеттик тилди билишпегендигин аныктады.    “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууда Борбордук шайлоо комиссиясы өкмөттүн аппараты жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги менен бирдикте шаарлардын мэрлеринин жана айыл өкмөт башчыларынын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарымдарын мөөнөттөрүнө анализ жүргүзүлдү.         Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 12-августунан жана 27-августунан токтому менен Республиканын 17-шаарларын мэрлерин шайлоо дайындалган. Алардын ичинен 13 шаардын мэри шайланган. Борбордук шайлоо комиссиясынын 6-сентябрдагы токтому менен республиканын 37 районунун 160 айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалган. Шайлоолор бекитилген график боюнча 20-сентябрдан 24-сентябрга чейин өттү.  Бардыгы 142 айыл өкмөт башчысы шайланды.          Борбордук шайлоо комиссиясы адам укуктарын коргоо тармагында зор кадыр – баркка ээ болгон эл аралык уюмдар, шайлоо мыйзамдары жана шайлоо маселеси боюнча адистешкен ОБСЕ, ПРООН, ШОС, КМШнын парламенттер аралык Ассамблеясы, чет мамлекеттердин шайлоо комиссиялары менен активдүү кызматташтыкты жүргүзүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшүнө көзөмөлдүктү ишке ашыруу үчүн чет өлкөлөрдүн шайлоо комиссияларына, элчиликтерине, эл аралык уюмдарга чакырууларды жиберген. Эл аралык байкоочуларды акредитациялоо 2011-жылдын 30-сентябрында башталат.           Эми алдыдагы шайлоого даярдыктын жүрүшүндө пайда болгон көйгөйлөр жөнүндө         Эң талуу маселе – бул шайлоочулардын тизмеси.  Мыйзамдын талаптарына ылайык, катталган шайлоочулар туурасындагы маалыматтарды калыптандыруу жана тактоо жана шайлоочулардын тизмесин   түрдө түзүү боюнча иштер шайлоолор дайындалган күндөн башталган жана 2011 – жылдын 20 – октябрына чейин уланат.   Борбордук шайлоо комиссиясы катталган шайлоочулар туурасындагы маалыматтарды калыптандыруу жана тактоо жана шайлоочулардын тизмесин оперативдүү түзүү боюнча иш    чаралардын Планын иштеп чыккан жана          шайлоочулардын эсебинин Бирдиктүү системасын түзүү жана пайдалануу боюнча Жумушчу топ түзүлдү.   Техникалык тапшырмага  ылайык ПРООН менен бирдикте “Шайлоочулардын эсебинин бирдиктүү системасы” программалык камсыз кылуусун иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда Борбордук шайлоо комиссияларын шайлоочулары жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда эсепте турган пенсионерлер жөнүндө маалыматтар анализге алынган, ошондой эле, Мамлекеттик каттоо кызматынан, берилген паспорттор жөнүндө ачыкка чыгарылган маалыматтар алынды.   Алынган маалыматтардын негизинде шайлоочулардын тизмелери боюнча маалыматтардын бирдиктүү базасын түзүүнүн механизмдери жана программалык камсыз кылуусу иштелип чыгууда, ал боюнча ар бир шайлоочуга оздук номер берилет, бул болсо кийин шайлоо дареги боюнча добуш берүүнү каалагандыгы жөнүндө арыз менен участкалык шайлоо комиссиясына кайрылганда жаранды шайлоочунун тизмесин чыгарып салуу жөнүндө маалыматты алып салууга мүмкүндүктү берет.   Азыркы учурда аймактык шайлоо комиссияларына такталган тизмелерди берүүнүн графигине ылайык системдик администраторлор жергиликтүү өз алдынча органдарынан түшүп жаткан катталган жарандар жөнүндө маалыматтар боюнча маалымдоолорго ылайык, шайлоочулардын тизмесин күн сайын жаңыртууну жүргүзүшүүдө, ошондой эле муну менен катар паспорттук столдордон түшкөн каттоо жана чыгып кетүү талондорунун негизинде жарандарды каттоо жана чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Катталган шайлоочулар туурасында алынган маалыматтардын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын базасынын серверинде шайлоосулардын тизмесин жаңыртуу токтоосуз жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулардын тизмесинен каза болгондорду чыгарып салуу максатында 2001 – жылдан 2011- жылга чейинки мезгилде каза болгон жарандар туурасында маалыматтарды тактоо боюнча даярдык иштери жүргүзүлүп жатат.   Шайлоочулардын тизмесинде түспөлдөштөрдү (двойниктер) белгилөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Түспөлдөштөрдү идентификациялоо мүмкүнчүлүгү болбогон учурда түспөлдөштөр   жөнүндө маалыматтар ачылат жана суроо сапатында тактоо үчүн эсептик  каттоо органдарына берилет.   2011 – жылдын 19 – сентябрына карата республикада шайлоочулардын саны 2 842 411 шайлоочуну түзөт. Шайлоочулардын тизмеси конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө 20 – сентябрда ачылган жана жалпыга тааныштыруу жана маалыматтарды тактоо үчүн шайлоо участкаларында илинип коюлган. Ошондой эле шайлоочулардын тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жайгаштырылды.   Мында мен айтып кеткен цифра алдын ала экендигин белгилей кетүүм керек. Шайлоочулардын тизмесин тактоо 20 – октябрга чейин жүргүзүлмөкчү. Шайлоочулардын сапаттуу тизмесин түзүү боюнча аймактык комиссиялардан алынган маалыматтарды иштетип чыгуунун негизги көйгөйү болуп төмөндөгүлөр:   -аткарган ишти материалдык сыйлоонун жоктугунан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталган жарандар жөнүндө маалыматтарды тактоо боюнча иштин сапатынын төмөндүгү;   -шайлоочулардын тизмесин тактоонун сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк ачкан үймө –үй кыдыруунун зарылчылыгы.    Участкалык шайлоо комиссияларынын мобилдик топторунун шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча   үймө үй кыдыруусу 30 – сентябрдан 20 – октябрга чейин жүзөгө ашырылмакчы. Тилекке каршы, айрым жергиликтүү мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруу органдары шайлоочулардын тизмесин түзүү боюнча жоопкерчилик мыйзам боюнча шайлоо комиссияларына жүктөлгөн деген шылтоо менен бул иштен бүгүнкү күндө оолактап жатышкандыктары туурасында маалыматтар түшүүдө. Ушуга байланыштуу, каралып жаткан маселе боюнча коргоо Кеңешинин чечимине жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоочулардын тизмесин түзүү процессине катышуу жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча бардык чараларды көрүүгө милдеттендирүүчү пункту киргизүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейм. “КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 15-беренесине ылайык добуш берүү күнүндө шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу.          Ушундан     улам,   конституциялык Мыйзамга ылайык добуш берүү күнүнө “Кошумча тизме” дегендер каралган эмес   Биздин жарандардын менталитетин билип туруп добуш берүү күнү жүздөгөн ал түгүл миңдеген биздин жарандар өзүлөрүн шайлоочулардын тизмесинен көрө албагандыктан кыйынчылыктарга кабылышын оңой эле билүүгө болот, анткени алар өз убагында жарандардын тизмесинде болушун текшербей коюушу мүмкүн жана шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясына кайрылышпай коюушу мүмкүн.     Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы 6 – сентябрындагы токтому менен “Шайлоочулардын тизмесинен өзүңөрдү текшергиле” деген шайлоочулар үчүн кабарландыруунун формасын бекиткен. Жакынкы убактарда бардык участкалык шайлоо комиссиялары бул кабарды ар бир үйгө, квартирага жеткирилет. Ошондой эле мобилдик компаниялар аркылуу жарандарга уюлдук телефон аркылуу кыскача кабар берилет. Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы бийликтин жергиликтүү органдарын шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын көрсөтүлгөн жоболорун жергиликтүү калкка түшүндүрүүгө активдүү катышууга чакырат. Чет элде жашаган жарандардын добуш берүүсү менен байланышкан көйгөйлөр да бар. Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 2 – беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган же жашаган жарандары Кыргыз Республикасынын элчилик өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин аймагында гана добуш беришет. Бул дүйнөлүк тажрыйба, ошондуктан биздин оюбуз боюнча бул туура.   Тилекке каршы, ушул маселеде түшүнбөстүктөр бар жана биздин жарандар Борбордук шайлоо комиссиясы алардын укуктарын чектеп жатат деген күнөө коюшууда. Аталган маселе боюнча Тышкы иштер министрилиги жана биздин элчилик өкүлчүлүктөр, чет мамлекеттерде жашаган биздин жарандарга шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык добуш берүү укугуна консулдук каттоого турган жарандар ээ экендигин жана добуш берүү Кыргыз Республикасынын элчилик өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин аймагында гана ишке ашырылаарын түшүндүрүүнү активдүү жүргүзүшөт деп ойлойбуз.   Урматтуу коргоо Кеңешинин мүчөлөрү!   24 – сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн Мыйзамда белгиленген мөөнөт аяктады. Жалпысынан 83 талапкер көрсөтүлүп, анын ичинен 18 талапкерди саясый партиялар көрсөткөн, 65 талапкер өзүн өзү көрсөткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна  20 талапкерди каттады.   25 – сентябрдан баштап Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтү башталды. Мындайча айтканда, көрсөтүлгөн талакерлердин жана алардын жактоочуларынын, ага жараша бүткүл коомдун бүйүрү күн санап кызыйт, демек, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу маселеси биринчи планга чыгат. Мына ушуга байланыштуу, коргоо Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү маалында мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине арналган жыйналышы өз убагында өткөрүлүп жатат деп эсептейбиз.  2005 –жылдын февралындагы жана 2007 –жылдын декабрындагы парламенттик шайлоолор, ошондой 2009 –жылдын июлундагы президенттик шайлоолор шайлоо жөнүндөгү шайлоолорду даярдап өткөрүүнүн тартибин ийне –жибине чейин так жөнгө салган, демократиялык бийик стандарттарга жооп берген мыйзамдардын бар экенине карабастан, жарандардын шайлоо укугу мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан административдик ресурстарды пайдалануу менен жана шайлоо комиссиялары жана укук коргоо органдары, соттор тарабынан камырабастыкка жол берилгендиктен улам шайлоочулардын добуштарын сатып алуу аркылуу уятсыздык менен бузулаарын ишенимдүү жана ачык көрсөттү.  Өткөн шайлоолордун “ачуу” сабактарын эске алуу менен эмне кылуу керек?                   Биринчиден, Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын шайлоо процессине кандайдыр бир кийлигишүүсү жол берилгис деп эсептейт;               Экинчиден, Сиздер баарыңыздар жакшы түшүнүп тургандай, биздин өлкөнүн жарандары алдыдагы турган шайлоолордо кайсыл талапкерди болбосун колдоого “административдик ресурстарды” пайдаланууга жөн эле жол беришпейт. Андыктан сиздер менен биз мамлекет башчысын шайлоону эркин, адилет, ачык –айкын өткөрүүдөн башка жолубуз жок жана шайлоону жогорку деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү үчүн колдон келгендин баарын жасоого милдеттүүбүз.    Бүгүн айрым саясый партиялар жана коомдук ишмерлер тарабынан “бийлик алдыда турган шайлоолордо административдик ресурсту колдонот” деген үндөр угулууда. Мындан көрүнүп тургандай, айрым саясый күчтөр тарабынан али боло элек шайлоолордун алар үчүн мүмкүн болгон терс жактары боюнча коомчулук арасында коомдук терс пикир түзүү аракеттери ачык көрүнүүдө.          Мына ушуга байланыштуу, азыркы бийлик сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө эркин, адилет жана ачык –айкын шайлоо өткөрүүгө ниети бар экенин ырастай турган чараларды кабыл алуу керек.          Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийликтин органдарынын жооптуу адамдары, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү “административдик ресурсту колдонушуна жол  бербөөнүн конкреттүү чараларын реализациялоо керек.    Биздин оюбузча төмөнкү чараларды кабыл алуу зарыл:   Биринчи. Мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдарынын иш-аракеттери  КРнын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жарандарга шайлоого катышуу же катышпоого күчтөп таасир берүү формаларын алып салууга, шондой эле тигил же бул талапкерге жаран эркин добуш берүүсүнө багытталышы керек. Экинчи. Мамлекеттик бийликтин органдарынын жетекчилери, министрликтердин, мамлекеттик  комитеттердин,  администрациялык ведомстволордун, укук коргоо органдарынын жетекчилери, жергиликтүү администрацияларынын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары Кыргыз Республикасынын президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде төмөнкүлөргө милдеттүү:   1)Мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер үчүн шайлоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тийиштүү милдеттерди жана чектерди так сактоо;          2) Шайлоо жөнүндө мыйзамда каралган КР Президентин кызмат ордуна талапкерлердин, жарандардын, саясый партиялардын, тлапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын үгүттү эркин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;            3) Жогоку Кеңештин депуттарынын, аткаруу бийлигини органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу логандарынын кызматтык адамдарынын шайлоо коммиссияларынын иштерине кийлигшиүүсүнө жол бербөө;   4) Талапкерлерге мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгууга мүмкүнчүлүгүнө бирдей шарттарды түзүп берүүнү камсыз кылуу;           5) Мамлекеттик жана муниципиалдлык кызматкерлерге алар кызматтык  милдеттерин аткарууда шайлоо алдындагы үгүткө катышууга, талапкерлердин пайдасына кызматтык абалынын артыкчылыгын пайдаланууга тыюу салуу;   6) Орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучуларын жана студенттерин, социалдык камсыздоо органдарынын кызматкерлерин, медицина мекемелеринин персоналын башка мамлекеттик жана муниципиалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматчыларын белгилүү бир талапкердин пайдасына шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүгө мажбурлоого тыюу салуу;           7) Аткаруу бийлигини органдарынын жетекчилерин жана аларга баш ийген кызматтык адамдарды, укук коргоо орандарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайлоо алдындагы үгүткө мыйзамсыз катышкан, ошондой эле өзүнүн кызматтык абалын белгилүү талапкердин пайдасына жумшаган жетекчилердин токтоосуз тартиптик жоопкерчиликке тартуу, керек болсо кызмат ордунан бошотуу. Бул  сунушталган катуу чараларды ишке ашыруу “адиминстрациялык ресурс” деп аталганга бөгөт коет жана өлкөдөгү коомдук –саясый абалды туруксуздаштыруунун алдын алат деп эсептейбиз.   Мындан тышкары  август айынын башында    Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти Р. И. Отунбаеванын наамына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин Форумун өткөрүү жана улуттук макулдашуу Меморандумун түзүү демилгеси менен кайрылган. Президенттин Аппараты жакынкы мезгилде Борбордук шайлоо комиссиясынын бул демилгесин ишке ашырып, катталган талапкерлердин жолугушусун уюштурат деген ишеничтемин. Сөзүмдүн акырында мамлекеттик бийликтин бардык органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен ынтымактуу иши гана биздин алдыбызда турган негизги милдетти – Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү эркин, ачык, таза өткөрүүнү камсыз кылып, ошону менен Кыргыз мамлекетин сактап калууну  камсыз кылат деп белгилей кетким келет.   Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ыракмат!  
Кененирээк билүү >>
Рабочая группа по вопросам информирования избирателей о ходе подготовки и проведения выборов Президента Кыргызской Республики подготовила следующие ролики:
27.09.2011

Рабочая группа по вопросам информирования избирателей о ходе подготовки и проведения выборов Президента Кыргызской Республики подготовила следующие ролики:

Даярдалууда
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата –Журт” Идеалисттик демократиялык саясый партиясынан” Өмүрбек Мирзараимович Бакировду  Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттады
26.09.2011

КР Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата –Журт” Идеалисттик демократиялык саясый партиясынан” Өмүрбек Мирзараимович Бакировду Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттады

Бүгүн, 2011 – жылдын 26 – сентябрында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын  кезектеги жыйналышында күн тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата –Журт” Идеалисттик демократиялык саясый партиясынан” Өмүрбек Мирзараимович Бакировду  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттады. Ушул эле жыйналышында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы  “Ата –Журт” Идеалисттик демократиялык саясый партиясынан” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат Сымбат Эсеналиеваны КРнын премьер – министринин 2011 – жылдын 23 – сентябрындагы №461 – буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалгандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.                       КР   Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз-кызматы
Кененирээк билүү >>
  Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында шайлоочулардын тизмелери жарыяланды
26.09.2011

Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында шайлоочулардын тизмелери жарыяланды

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14 – беренесинин 11 – пуктуна ылайык, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан тиешелүү шайлоо участкаларына берилген шайлоочулардын тизмеси, бир эле убакта Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан облустар боюнча жалпыланат жана добуш берүү күнүнө 40 календардык күн калгандан кечиктирилбестен, шайлоочулардын жана башка кызыкдар тараптардын таанышуулары үчүн, көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү тактоолор, тизмелердеги катачылыктарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн, шайлоочунун туруктуу же иш жүзүндө жашаган жери жана туулган жылы жөнүндө маалыматтары жок, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат. Аталган беренеге ылайык, ар бир жаран шайлоочулардын тизмеси менен www.shailoo.gov.kg/www интернет дареги аркылуу тааныша алат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын  кызмат ордуна 20 талапкерди каттады
24.09.2011

КР Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын кызмат ордуна 20 талапкерди каттады

Бүгүн, 2011-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер А.Ш.Атамбаевди, А.У.Жапаровду, Ж.К. Токтогазиевди, С.С. Дыйкановду, А.Т. Каримовду мамлекеттик тилди билет деп БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо жөнүндө”  тийиштүү Жобо менен  бекитишти.   “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 – главасына ылайык, шайлоо күрөөсүн тастыктаган документтин, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жана Тил боюнча комиссиясынын корутундуларынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 – беренесинин 1 – бөлүгүнүн 2 – пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн А.У.Жапаровду, С.С.Дыйкановду, Ж.К.Токтогазиевди, А.Т.Каримовду жана “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан – А.Ш.Атамбаевди, “Эл үчүн” саясий партиясынан – А.Б.Абдылдаевди каттады. КР БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов катталган талапкерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин күбөлүгүн тапшырды. Ушул эле жыйналышта, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин  7- бөлүгүнүн 2- пунктуна,  52-беренесинин  9- бөлүгүнө ылайык,“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин              1- бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Дыйканову Салморбеку Карбозовичке жана Турсунбай Бакир уулуна,Колубаев Торобайга Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерликке колдоодогу шайлоочулардын так колтамгаларынын жетишсиз санын бергендигине  байланыштуу аны Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартты.  Мындан тышкары, улуттук мыйзамдарга ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 – беренесинин 1 – бөлүгүнүн 2 – пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин алып салуу жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу   Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке ниетин билдирген Текебаев Өмүрбек Чиркешовичти каттоо процедурасы токтотулду. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча рефрендум өткөрүү тууралуу демилге көтөргөн  демилгечи топ тарабынан берилген материалдар дагы каралды. Кыргыз Республикасынын Жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча рефрендум өткөрүү тууралуу демилге көтөргөн  “Кыргыз элинин биримдиги” АК демилгечи тобунун берген катын кайра чакыртып алуусуна  байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы көрсөтүлгөн материалдарды кароону токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. 2011-жылдын 24-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 20 талапкерди каттады. Өзүн өзү көрсөткөндөр: Кубатбек Байболов ; Марат Султанов; Роман – Оморов; Омурбек Суваналиев; Курманбек Осмонов;  Алмамбет Матубраимов; Марат Иманкулов; Кубанычбек Исабеков; Акылбек  Жапаров; Жумабек Токтогазиев; Сооронбай Дыйканов;  Алмаз Каримов Саясий партиялардан: Камчыбек Ташиев – («Ата-Журт» Мекенчил партиясы»); Адахан Мадумаров - («Бүтүн Кыргызстан»); Темирбек Асанбеков -  («МЕКЕН ЫНТЫМАГЫ»); Анарбек Калматов – («Ар-Намыс» (Партия достоинства)); Шамшыбек Медетбеков – («Эл бийлиги» («Народовластие»)); Исхак Масалиев - (“Кыргызстан коммунисттеринин партиясы»); Арстанбек Абдылдаев - («Эл үчүн» («За народ»)); Алмазбек Атамбаев – (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы”).             2011–жылдын 25 -сентябрында талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011 –жылдын 29–октябрында аяктайт. КР БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Алдын ала маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын айыл өкмөт башчыларына өткөрүлгөн 160 шайлоодон 142 айыл өкмөт башчылары шайланды
23.09.2011

Алдын ала маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын айыл өкмөт башчыларына өткөрүлгөн 160 шайлоодон 142 айыл өкмөт башчылары шайланды

Бүгүнкү күнгө, 23-сентябрга карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан республиканын 160 аймактарында айыл өкмөттөрүнүн башчыларына бош орундар бар болгондугуна байланыштуу  айыл өкмөттөрүнүн башчыларына шайлоо дайындалган. КР БШК 2011-жылдын 6-сентябрындагы № 236 токтомуна ылайык 163 айыл өкмөт башчыларына бекитилген графикке ылайык 2011-жылдын 20-24-сентябрына дайындалган. Бирок, Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүндө жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндө 2 айыл өкмөт башчысын шайлоо токтотулду. Бул эмгектик талаш тартыштарга байланыштуу, алар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунуну иш өндүрүшүндө турат.Чүй облусунун Чүй районундагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жогоруда эскертилген айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы М.К.Касымалиевдин кызмат ордуна сот тарабынан калыбына келтиришине байланыштуу жоюлган. Алдын ала маалыматтар боюнча жүргүзүлгөн 160 айыл өкмөт башчысынан 142 айыл өкмөт башчысы шайланды. 18 айыл өкмөтүндө шайлоо болгон жок, анткени бир катар талапкерлер айыл кеңешитеринин депутатарынын кворумун чогулта алган жок, айыл өкмөт башчысы кызматына айрым талапкерлер шайлоо үчүн зарыл сандагы добуш ала албады, ошондой эле айрым айыл өкмөттөрүндө (Чүй облусунун Аламедин районундагы Арашан айыл өкмөтү, Талас облусунун Талас районундагы Жергетал айыл өкмөтү) көрсөтүлгөн айыл өкмөт башчысына катталган талапкерлер жок.   БШКнын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Пресс релиз
23.09.2011

Пресс релиз

Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызматына талапкер А.Ш.Атамбаевдин шайлоо штабы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү боюнча мыйзам талаптарын бузуунун жол берилгистиги жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы  2011-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызматына талапкер А.Ш.Атамбаевге жиберген жазуу жүзүндөгү эскертүүсүнө карата 19-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна даттануу менен кайрылган. 2011жылдын 22-сентябрында сот Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызматына талапкер А.Ш.Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү И.Жолдубаеванын доо арызын канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алган жана Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызматына талапкер А.Ш.Атамбаев Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузбагандыгы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий шартында 2011-жылдын 22-сентябрында саат 18ге чейинки мөөнөттө расмий төгүндөө берүүгө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын милдеттендирүү менен жогоруда көрсөтүлгөн эскертүүнү жараксыз деп тапкан. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2011-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөлдөө даттануусун жиберген. 2011-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын көзөмөлдөө даттануусун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен соттук чечимге ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү боюнча мыйзам талаптарын бузуунун жол берилгистиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер А.Ш.Атамбаевге даректелген Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 17-сентябрындагы № 03-1/12-ВП-419 эскертүүсү жоюлганы жөнүндө билдирет. Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызматына талапкер А.Ш.Атамбаев Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузган эмес.     БШКнын Басма сөз кызматы    
Кененирээк билүү >>
Тил боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болду
23.09.2011

Тил боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болду

Бүгүн, 2011-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында курамында 12 адам болгон Тил боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болду. Тил боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында чүч-кулак кармоонун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекциянын башкы адиси, филология илимдеринин кандидаты Казиев Нурбек Кожоярович төрагалык кылды. Адегенде төрагалык кылуучу БШКнын 2011-жылдын 27-июлундагы № 57 токтому менен бекитилген “Тил боюнча комиссия жөнүндө” жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Атамбаев Алмаз, Жапаров Акылбек, Дыйканов Сооронбай, Каримов Алмазбек жана Токтогазиев Жумабек менен тааныштырды. Жобого ылайык биринчи тапшырма Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер 30 мүнөттүн ичинде өздөрүнүн шайлоо алдындагы программасын жазуу жүзүндө баяндоого тийиш. Экинчи жана үчүнчү тапшырмаларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер 15 мүнөттүн ичинде шайлоо алдындагы программасынын негизги жоболорун баяндап жана 3 баракка чейинки көлөмдөгү тексти окуп берүүгө талапкерлер алфавит тартибинде чакырылды. Тил боюнча комиссия жазуу тапшырмаларын текшерип, программаларын жана көркөм чыгармалардан үзүндүлөрдү окуганын угушуп төмөнкүдөй чечим чыгарышты: Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Атамбаев Алмаз, Жапаров Акылбек, Дыйканов Сооронбай, Каримов Алмазбека и Токтогазиев Жумабек мамлекеттик тилди билишет.      БШКнын маалыматтык саясат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президентинин кызмат ордуна 14 талапкерди каттады
23.09.2011

БШК КР Президентинин кызмат ордуна 14 талапкерди каттады

2011-жылдын 23-сентябрындагы абал боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 14 талапкерди каттады “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-главасына ылайык шайлоо күрөөсүн киргизүүнү тастыктагын документтин жана Тил боюнча комиссиянын, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун  корутундуларынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна төмөнкү талапкерлерди каттады: Камчыбек Ташиев («Ата-Журт»); Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан» - («Единый Кыргызстан»); Кубатбек Байболов - өзүн-өзү көрсөткөн; Марат  Султанов - өзүн-өзү көрсөткөн; Роман Оморов, - өзүн-өзү көрсөткөн; Омурбека Суваналиева - өзүн-өзү көрсөткөн Темирбека Асанбекова  (партия «Мекен Ынтымагы»); Анарбек Калматов -  («Ар-Намыс» саясий партиясы); Шамшыбек Медетбеков  «Эл бийлиги»;  Исхак Масалиев («Кыргызстан коммунисттер партиясы»);  Курманбек Осмонов -  самовыдвиженец;  Алмамбета Матубраимова- өзүн-өзү көрсөткөн; Марат Иманкулов -  өзүн-өзү көрсөткөн; Кубанычбек Исабеков -  өзүн-өзү көрсөткөн. Белгилүү болбондой, 2011-жылдын 30-октябрына Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2011-жылдын 30-июнунда кабыл алынган. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык  Кыргыз Республикасынын Президентин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 35 календардык күн калганда, тактап айтканда 2011-жылдын 25-сентябрына чейин аяктоого тийиш. Каттоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген талапкерлер шайлоо мыйзамдарынын талаптарын аткарууга тийиш. Атап айтканда шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өздүк шайлоо фонддор түзүлөт (талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 500000 эседен ашуусу мүмкүн эмес), мыйзамда бекитилген мин  эседеги эсептик көрсөткүчтөгү (100 мин сом)  шайлоо күрөөсүн Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсепке төгүү, эзүнүн колдоосуна шайлоочулардын 30 мин колтамгаларын чогултат. Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 6 жылга шайланат. Бир эле адам эки жолу Президент болуп шайлана албайт. Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат. Талапкерлерди каттоо 2011–жылдын 25 -сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011 –жылдын 29–октябрында аяктайт.   КР БШК маалыматтык саясат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 470 472 481

Акыркы жаңылыктар

21.09.2026 КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты 21.09.2026 КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү 21.09.2026 КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты 20.09.2026 КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда 19.09.2026 КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда 19.09.2026 КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты