Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана …

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу иш-чаралары календардык планга ылайык жүрүүдө

07-Фев, 2012

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдары андан соң участкалары түзүлүп, алардын чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемалары ММКларда жарыяланды.  Бардыгы жалпы таанышып чыгуу жана кошумча тактоо үчүн шайлоочулардын тизмеси шайлоо участкаларына берилди.  Учурда, участкалак шайлоо комиссия мүчөлөрү үймө үй кыдыруу жолу менен шайлоочулардын тизмесин тактоо иштерин жүргүзүүдө. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервде турган адамдарды окутуу үчүн семинарлар февраль айынын ичинде өткөзүлөт.  

 Ош, Каракол, Токмок шаардык кеңешине  талапкерлерди көрсөтүү иши аяктады. Ош шаарынан 8 саясий партиядан («Замандаш», «Адилеттуу  Кыргызстан», «Партия  Коммунистов  Кыргызстана», «Ата- Мекен», «Республика», «Улуттар Биримдиги», «СДПК», «НДПК») 696 талапкер катталса, Караколдон 6 саясий партия («Мекен  ынтымагы», «Республика», «Замандаш-Современник», «СДПК», «Ата-Мекен», «Ак-Шумкар») жана 14 шайлоочулардын тобунан («Единство-Биримдик», «Новые лица», «Табылга  жаштар Кенеши», «Патриот», «Келечек  багыты», «Кыргызстан  жаштар  кенеши», «Келечек», «Биримдик», «Аракет», «Алга  Каракол  жаштары», «Калматай-Ата», «Мугалим», «Мы  за  будущее  города  Каракол», «Союз») 983 талапкер катталды. Токмок шаардык кенешине 6 саясий партиядан («Ата -Мекен», «Ар-Намыс», «Республика», «Замандаш», «Ак шумкар», «СДПК») жана 10 шайлоочулардын тобунан («Чындыкка багыт», «Жилкомсоюз»,  «Дом  дружбы», «Союз предпринимателей», «Кубат», «Новое поколение», «Токмок», «Биримдик», «За наш город», «Ынтымак») 810 талапкер катталып шайлоого аттанышты.  

Ошондой эле, Ак-Талаа районуда төрт (Жерге – Тал, Көнөрчөк, Терек, Баетов,)  Тогуз-Тородо эки  (Атай, Көк-Ирим,)  Жумгалда беш (Куйручук, Таш – Дөбө, Түгөл – Сай, Чаек, Кызыл – Жылдыз), Лейлекте  эки (Маргун, Бешкент) жалпысынан  13 айылдык кеңештерде депутаттарын шайлоо өтөт.  2012-жылдын 3-февралына карата айылдык кеңештин депутаттыгына 565 талапкерлер көрсөтүлдү. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо шайлоо белгиленген күнгө 20 календардык күн калганда аяктайт.

Шайлоо алдындагы үгүт шаардык кеңешке 2012-жылдын 3-февралында башталды жана добуш берүү башталган убакытка чейин 24 саат калганда токтотулат. Ал эми жергиликтүү кеңешке үгүт иши 13-февралда башталат.

 

БШКнын басма-сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>