Массалык маалымат каражаттарына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү чечими кабыл алынды
02 февраля 2012
Бүгүн, 2012-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү, анда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү массалык маалымат каражаттарына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү чечимин кабыл алышты.
Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө чечим алгачкы жарыялаганда обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды 2011-жылдын 19-августуна чейин жарыялаган жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор жаңы дайындалганда шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларына кабарлоо катын беришкен, ошондой эле шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин жана жалпыга маалымдоо каражаттарына обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды жарыялаган, аймактык шайлоо комиссияларына өз убагында кабарлоо катын беришкен жалпыга маалымдоо каражаттары жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкелер менен үгүт материалдарды жайгаштырууга келишимдерди түзө алат.
Ошону менен бирге, жалпыга маалымдоо каражаттары обо убактысынын жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
22-беренесинин 19-пунктун ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна телерадиоуюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тартиби жөнүндө” Нускама бекитилди.
Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинин 2-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 - беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 15-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүү жыйынтыктары боюнча участкалык, аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун формаларын бекитишти. Кабыл алнган токтомго ылайык, протоколдор атайын коргоолуучу кагазда кыргыз жана орус тилдеринде даярдалат.
“Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жумушчу тобу берген маалымкаттын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24 - беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2,3-бөлүктөрүнө ылайык Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын
басма сөз кызматы
