Башкы Жаңылыктар КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу …

КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

19-Окт, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- №24 шайлоо округу боюнча талапкер Кульмамбетова Алтынай Болотовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Б.К. Бердибаев; 
- №12 шайлоо округу боюнча талапкер Жалилова Гүльназ Тажибаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Т. Жалилов;
- №3 шайлоо округу боюнча талапкер Халмурзаев Абдибакыт Алыбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Б.М. Эргешов;
- №5 шайлоо округу боюнча талапкер Сулайманов Эльдар Нурлановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.К. Койчуев жана каржы боюнча Б.М. Минаждинова;
- №14 шайлоо округу боюнча талапкер Борбиев Болотбек Ибраимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Э.А. Асанов жана каржы боюнча А.М. Басылова;
- №8 шайлоо округу боюнча талапкер Бердиев Аккулу Тагаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:  шайлоо боюнча А.А. Омурзакова жана каржы боюнча Г.Ж. Сариева;
- №9 шайлоо округу боюнча талапкер Абитов Женишбек Эсеналиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Р. Шерматов жана каржы боюнча А.А. Аманов;
- №28 шайлоо округу боюнча талапкер Сагынаев Болот Турусбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Д.С. Сарбатова жана каржы боюнча С.Ү. Алаков;
- №23 шайлоо округу боюнча талапкер Токтакунов Нурбек Акбаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Э.С. Аманов;
- №7 шайлоо округу боюнча талапкер Ыдырысова Чынаркан Орозбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Г.А.Эгембердиева жана каржы боюнча М.С.Мирзалимова;
- №12 шайлоо округу боюнча талапкер Акбаев Авазбек Абдирахмановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Н.А. Назарбаев;
- №10 шайлоо округу боюнча талапкер Омурзаков Суйунбек Абдылдаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Ш. Кадыров жана каржы боюнча Н. Ысамамет уулу;
- №5 шайлоо округу боюнча талапкер Баргибаева Жипаргул Мухтаровнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.А. Боронова жана каржы боюнча С.К. Бейшалиева;
- №20 шайлоо округу боюнча талапкер Айтиев Темирлан Тынычбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ж.Б.Тейитбаев жана каржы боюнча Б.А. Маматов;
- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Куламбаев Ниязбек Бекжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Г. К. Аалиева жана каржы боюнча С.З. Джоробекова;
- №4 шайлоо округу боюнча талапкер Рустамбек уулу Советбектин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча М.Э. Турсункулов;
- №10 шайлоо округу боюнча талапкер Карашев Аалы Азимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча  Р.А. Ильясов жана каржы боюнча Ө.Ы. Салимов;
- №28 шайлоо округу боюнча талапкер Абдымамбетова Жанара Байсымакановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.Ш.Асаналиева жана каржы боюнча Ж.Б. Абдымамбетова;
- №14 шайлоо округу боюнча талапкер Эргешбаева Таттибүбү Нурбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.Б. Осмонов жана каржы боюнча А.Р. Оңолбекова;
- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Астаркулов Улан Болотбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча З.К. Атыканов жана каржы боюнча Б.А. Солтобаев;
- №27 шайлоо округу боюнча талапкер Шабданбаев Канат Кенешовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.О. Атакозуев жана каржы боюнча Н.Д. Бердибекова.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>