Башкы Жаңылыктар КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу …

КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

23-Окт, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:

- №18 шайлоо округу боюнча талапкер Айдаров Манас Мусадиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Б.О.Айдаров;

- № 7 шайлоо округу боюнча талапкер Чалова Гулбарчын Толонбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Г.А. Аскарова жана каржы боюнча Г.Р.Джакупова;

- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Усеинова Нургуль Эмилькановнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча А.А. Доромбаев;

- №28 шайлоо округу боюнча талапкер Малиев Арсланбек Касымакуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Г.Э. Атакулова;

- №8 шайлоо округу боюнча талапкер Сарыбашов Таалайбек Насирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Г.Т. Токторбаев;

- №20 шайлоо округу боюнча талапкер Болгонбаев Азамат Таалайбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча И.С. Кулов жана каржы боюнча Н.Т.Болгонбаева;

- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Сариев Улан Алмасбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.Ш. Омуралиев жана каржы боюнча А.А. Шананов;

- № 2 шайлоо округу боюнча талапкер Надирбеков Айтбай Эргешовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.А. Кулетов жана каржы боюнча К.А. Беделбеков;

- №20 шайлоо округу боюнча талапкер Курманбекова Бермет Курманбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча А.Кубанычбек кызы;

- № 5 шайлоо округу боюнча талапкер Султанова Салима Эргешовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Э.А.Обдунов;

- №22 шайлоо округу боюнча талапкер Каниметов Самат Каниметовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.Б. Баяманов жана каржы боюнча Н.А. Султанова;

- №26 шайлоо округу боюнча талапкер Ботобаев Айбек Курмановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча А.С. Джумагулов;

- №29 шайлоо округу боюнча талапкер Абыкеев Темирболот Асаналиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.С.Жолдошов жана каржы боюнча А.Д.Борончиев;

- №18 шайлоо округу боюнча талапкер Айдаров Манас Мусадиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Б.А. Тургунбаева;

- №14 шайлоо округу боюнча талапкер Толубаева Нураида Нуржакыповнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Э.Н.Толубаева жана каржы боюнча С.Т.Нуржакыпов;

- № 18 шайлоо округу боюнча талапкер Чомоев Бакыт Муратбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.К.Бекиев жана каржы боюнча Б.Б.Орозакунова;

- № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Сартпаев Эдик Омурзаковичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Ж.Д. Дамирбеков;

- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Джунусалиев Рамис Майрамбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча У.Ж.Айдаров жана каржы боюнча Р.Д.Джайлымышов;

- №23 шайлоо округу боюнча талапкер Султанов Токтосун Султановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.К.Раимбабаев жана каржы боюнча А.О.Абдыракманова;

- №29 шайлоо округу боюнча талапкер Токтомамбетов Аманкул Жапарбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Д.С.Сарыгулов жана каржы боюнча А.Т.Тотубаева;

- №26 шайлоо округу боюнча талапкер Исаева Джамиля Кубанычбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча З.С.Турумбекова жана каржы боюнча А.К. Кожомкулов;

- № 9 шайлоо округу боюнча талапкер Толонов Данияр Эрмековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.Э.Толонов жана каржы боюнча Ө.Ж.Ысмайылов;

- №25 шайлоо округу боюнча талапкер Таштанбеков Акбокон Дукеновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.Б.Будайчиева жана каржы боюнча Н.Б.Апылова;

- № 5 шайлоо округу боюнча талапкер Ахмедова Айгуль Абдилхаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча С.С.Шамурзаев;

- № 4 шайлоо округу боюнча талапкер Эсенбаев Манарбек Байтоковичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча З.А.Суюнбаев жана каржы боюнча М.Илияз уулу;

- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Асылбаева Гюльшат Кадыровнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча У.М.Асылбаев жана каржы боюнча У.И.Сооронбаева;

- № 22 шайлоо округу боюнча талапкер Акунова Лиранын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча М.А.Осмонбеков жана каржы боюнча С.М.Исманова;

- №29 шайлоо округу боюнча талапкер Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.З.Чүңүров жана каржы боюнча А.А.Акылбеков;

- №27 шайлоо округу боюнча талапкер Алымбеков Искендер Кенешбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Т.Орозбаков жана каржы боюнча С.А.Самарбекова;

- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Асылбеков Куттубек Бообековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча У.А. Аскербекова;

- №29 шайлоо округу боюнча талапкер Кудайбергенов Борончу Молдокматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.Т.Турумбеков жана каржы боюнча С.Н.Аширалиева;

- № 3 шайлоо округу боюнча талапкер Мадумаров Акрам Камбаралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Н.Догдурбай кызы;

- №17 шайлоо округу боюнча талапкер Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.А.Бедельбаев жана каржы боюнча З.М.Солтонкулова;

- №21 шайлоо округу боюнча талапкер Байзаков Ильяс Касымбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Ж.Р. Шакирова.

Ошондой эле №19 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Куламбаев Ниязбек Бекжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү боюнча чечим кабыл алынды: шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталган Г.К. Аалиеванын каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна С.К. Рысмендеева Н.Куламбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталды.

Мындан тышкары №26 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталган Н.К.Дуйшеналиевдин каттоосу жокко чыгарылды.

Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

1.        Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Алимбаев Е. А. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө ‎” токтом долбоору жөнүндө                                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы      4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                             5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                                    6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2027-жылдын 27-январына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                                Баяндамачы: Алымбаев Р. А. - маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы      ТӨРАГА                 
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>