Курамына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү жана БШК аппаратынын кызматкери кирген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын делегациясы 2013-жылдын 5-7-ноябрында Тажикистан Республикасынын Президентин шайлоого байкоо жүргүзүп келди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги жана Шанхай кызматташтык уюму тарабынан 2013-жылдын 6-ноябрындагы шайлоону уюштуруу жана өткөрүүнүн жүрүшү менен таанышуу үчүн эл аралык байкоочу катары чакырылган.
Тажикистан Республикасынын Президентин шайлоо альтернативалуу негизде, 6 талапкердин катышуусу менен өттү. Учурдагы мамлекеттин башчысы Эмомали Рахмон кайра Тажикистан Республикасынын Президенти болуп шайланды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын
басма сөз кызматы