Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Бүгүн Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын үч айылдык округунда айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өтөт.
24.09.2013

Бүгүн Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын үч айылдык округунда айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өтөт.

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айыл өкмөтүнүн, Чүй облусунун Сокулук районундагы Камышановка айыл өкмөтүнүн жана Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчылары шайлоо өтөт. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Т.К.Байтемиров, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районундагы Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысы М.С.Кубатов өздөрү берген арыздын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Соорбеков Таалай Нышанович айылдык кеңештин депутаттарынын 9-сессиясында 2013-жылдын 28-июнунда кабыл алынган айылдык кеңештин №1 токтомунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган, ал жерде депутаттар Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына ишеним көрсөткөн эмес. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык шайлоону уюштуруу жана өткөрүү милдети тапшырылган.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Төрагасы Варшавада эл аралык конференциянын ишине катышты.
23.09.2013

КР БШКнын Төрагасы Варшавада эл аралык конференциянын ишине катышты.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Т.Абдраимов Европа өлкөлөрүнүн шайлоону уюштуруучулар Ассоциациясынын (ЕӨШУА) ар жылдагы эл аралык конференциясынын ишине жана жалпы чогулушуна катышты. Конференция Польша Республикасынын Варшава шаарында 2013-жылдын 12-сентябрынан 14-сентябрына чейин «Шайлоодогу маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын ролу жана социалдык медиа» темасында өттү. Бул иш-чараны уюштуруучулар Европа өлкөлөрүнүн шайлоону уюштуруучулар Ассоциациясы менен бирдикте Польша Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы болду. Ассоциациянын жалпы чогулушунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын ушул Ассоциациянын (ЕӨШУА) Институттук мүчөлүгүнө кошуу жөнүндө чечим кабыл алынды. ЕӨШУАнын ассоциацияланган институттук мүчөлөрүнүн курамына Кыргызстандан тышкары дагы 2 уюм (Афганистандын БШКсы жана Азербайжандын көзкарандысыз изилдөө борбору «ELS») кирет. Ассоциациянын Институттук мүчөлүгүнө дүйнөнүн 22 өлкөсү (Азербайжан, Армения, Беларусь, Венгрия, Грузия, Казакстан, Молдова, Польша, Россия, Словакия, Түркия, Украина ж.б.) кирет. Бул Ассоциациянын бардык мүчөлөрүнүн ичинен Кыргызстан европалык эмес биринчи өлкө болуп саналат, ал шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн эл аралык (европалык) стандарттарына шайкеш келет.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бельгияга визиттин учурунда оң макулдашууларга жетишилди.
23.09.2013

Бельгияга визиттин учурунда оң макулдашууларга жетишилди.

Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрынан 20-сентябрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Т.Абдраимов Президент А.Атамбаев башында турган Кыргыз Республикасынын расмий делегацясынын курамында Бельгия Королдугуна барды. Расмий визиттин жүрүшүндө 2015-жылдагы парламенттик шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү финансылоодо мамлекетибизди колдоо маселеси талкуунун башкы темаларынын бири болду. Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында өз ара түшүнүшүүгө жана оң макулдашууларга жетишилди.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2013-жылдын 18-августунда өткөрүлгөн Кара-Суу шаардык кеңешинин, Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык кеңешинин, Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылды
05.09.2013

2013-жылдын 18-августунда өткөрүлгөн Кара-Суу шаардык кеңешинин, Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык кеңешинин, Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылды

Борбордук шайлоо комиссиясы 2013-жылдын 18-августунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өттү деп тапты. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына “Ата-Мекен” саясий партиясынан Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясындагы ыйгарым укуктуу өкүл К.Абдуллаевден жана “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын райондук координатору Х.Азимовдон арыздар келип түшкөн. Арызда шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар болгондугу жана аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жана Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнүшкөн. Бул арызда көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды кароо максатында БШК тарабынан 2013-жылдын 26-августундагы буйругу менен курамы  БШКнын 3 мүчөсүнөн турган (Акматов Ж.А., Бекбасаров Р.Б., Азиз Канатбек) жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун маалымкатына ылайык белгиленген мыйзам бузуулар шайлоонун жыйынтыгына таасир эткен эмес. Жумушчу топтун маалымкатына, добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан келип түшкөн протоколдорунун негизинде Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 18-августунда өттү деп таанылды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө жөнүндө Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Терек-Сай, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерине шайлоо процессинин катышуучуларынан жазуу жүзүндөгү кайрылуулар (арыздар, даттануулар, актылар) келип түшкөн жок.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн, Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто айыл өкмөтүнүн жана Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчылары шайланды
05.09.2013

Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн, Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто айыл өкмөтүнүн жана Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчылары шайланды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. 2013-жылдын 23-августунда Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн, Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто айыл өкмөтүнүн, Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү. Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп – Мадимаров Нуридин Султанович, Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто айыл өкмөтүнүн башчысы болуп – Арыков Эркин Улукбекович, Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Кушчубаев Арфел Талантбекович шайланды. Аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына – айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү милдети тапшырылды.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2013-жылдын 24-сентябрына дайындады
05.09.2013

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2013-жылдын 24-сентябрына дайындады

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2013-жылдын 24-сентябрына дайындады Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Т.К.Байтемиров, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районундагы Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысы М.С.Кубатов өздөрү берген арыздарынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Соорбеков Таалай Нышанович айылдык кеңештин депутаттарынын Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына депутаттар ишеним көрсөтпөгөн 9-сессиясында 2013-жылдын 28-июнунда кабыл алынган айылдык кеңештин №1 токтомунун негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Түп, Сокулук, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу милдети тапшырылган. Ошондой эле, бүгүнкү жыйналышта Ош, Сузак, Ноокен, Тоң, Баткен шаардык, Алай, Ат-Башы жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
«Ата-Журт» мекенчил партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары катталды
05.09.2013

«Ата-Журт» мекенчил партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары катталды

Бүгүн, 2013-жылдын 5-сентябрында, «Ата-Журт» партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жапаров Садыр Нургожоевичтин, Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин, Мамытов Талант Турдумаматовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кадырбекова Майрамкан Мамытовнаны, Мурзабеков  Кантемир Зулумовичти, Шаршеев Бакыт Октябровичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты деп каттады. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Айылчиев Тимур Кудайбердиевич Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылды
05.09.2013

Айылчиев Тимур Кудайбердиевич Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылды

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отуруму өтүп, анда 2013-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айыл өкмөт башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө токтом кабыл алынды.  Токтомго ылайык Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Айылчиев Тимур Кудайбердиевич табылды. Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган Т. К. Айылчиевдин иш стажысын аныктоо максатында  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан тиешелүү Жумушчу топ тузулгөн. Жумушчу топтун берген маалымкатына ылайык Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жана Т. К. Айылчиевди Бостери айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп тануу жөнүндө сунуш берилген.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы    
Кененирээк билүү >>
Абдуллаева Гульмира Капаровна Майлуу-Суу шаардык кеңешинин шайланган депутаты болуп таанылды
05.09.2013

Абдуллаева Гульмира Капаровна Майлуу-Суу шаардык кеңешинин шайланган депутаты болуп таанылды

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн кезектеги отурумунда Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерге бош депутаттык мандатты ыйгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу токтомду кабыл алды. Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IV сессиясынын 2013-жылдын 6-августундагы токтому менен депутат Масиров Нурланбек Заирбековичтин депутаттык ыйгарым укуктары өзүнүн берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясы бош депутаттык мандатты “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынын катталган тизмесиндеги депутат болуп шайлангандардан кийинки катталган талапкер Абдуллаева Гульмира Капаровнага ыйгаруу чечимин кабыл алышкан.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Бүгүн КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан уюштурулган тегерек столдун ишине катышты
03.09.2013

Бүгүн КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан уюштурулган тегерек столдун ишине катышты

Бүгүн, 2013-жылдын 3-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов “Немец Бундестагына шайлоо жөнүндө мыйзам  - демократиялык стандарттар жана чакырыктар” темасындагы Фридрих Эберт атындагы ири немец саясий Фонду тарабынан уюштурулган тегерек столдун ишине катышты. Тегерек столдо 2015-жылда Жогорку Кеңешке боло турган алдыдагы шайлоого тиешелүү маселелер каралды.  Ошондой эле тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчиси Д.Нарымбаев, Германиянын Юстиция министрлигинин экс-министри -  профессор Герта Дойблер-Гмелин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым депутаттары, шайлоо мыйзамдары боюнча эксперттер ж.б. катышышты. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы саламдашуу сөзүн айтып, шайлоо процессин өркүндөтүү жана 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун, Кыргыз Республикасынын кийинки шайлоолорунун айкындыгын жана ачыктыгын камсыз кылуу маселелерин талкулоого катышты.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Латвия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду
26.08.2013

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Латвия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

Бүгүн, 2013-жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун жана Төрага Арнис Цимдарс башында турган Латвия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын делегациясынын расмий жолугушуусу болду. Эки өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссияларынын төрагалары саламдашуу сөздөрүн айтты, андан соң Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Латвия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болду. Меморандумда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Латвия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосундагы кызматташтык тең укуктуулуктун жана таламдарды урматтоонун, эки мамлекеттин шайлоо мыйзамдарын сактоонун негизинде жүргүзүлөт деп белгиленген. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында шайлоону жана референдумдарды уюштурууну, даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылган органдардын кызматташтыгы жана иштерин координациялоо; ошондой эле шайлоо жана референдумдар жөнүндө улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү; жарандардын конституциялык шайлоо укуктарын турмушка ашырууну жана коргоону камсыз кылуу; шайлоо процессине талапкерлердин жана саясий партиялардын катышуусун укуктук жөнгө салуу; шайлоону жана референдумдарды финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну өркүндөтүү; шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочуларды эсепке алуунун заманбап маалыматтык технологияларын жана системаларын пайдалануу; шайлоо алдындагы үгүт учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу менен шайлоо процессинин субъекттеринин укуктарын камсыз кылуу; шайлоо процессинин жана референдумдардын катышуучуларынын укуктук маданиятын жогорулатуу, шайлоону жана референдумдарды уюштуруучуларды даярдоону өркүндөтүү сыяктуу багыттар боюнча тажрыйба алмашуу каралган. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлгандан кийин, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз борборунда Латвия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Латвияда шайлоодо натыйжаларды электрондук эсептөө жана аны колдонуу системасы деген темадагы презентациясы болду.   Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тексти менен бул жерден таанышууга болот.               Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бүгүн  Ош областынын  Ноокат районундагы Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлөт
23.08.2013

Бүгүн Ош областынын Ноокат районундагы Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлөт

Бүгүн  Ош областынын  Ноокат районундагы Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлөт. Ош облусунун Ноокат районунун Т. Кулатов айыл өкмөт башчысы Эргешов А. өзүнүн берген арызынын негизинде, Ош областынын Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган. Айыл аймагынын аткаруу бийлигинин жетекчилик кызматына жергиликтүү кеңештин депутатттары тарабынан Жаныбек Исаевдин, Мирланбек  Жолдошовдун жана Нуридин Мадимаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары жана райондук мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан көрсөтүлүүчү талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу айыл кеңешинин депутатттары тарабынан шайланат.   Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.           Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Бүгүн Чүй областынын Сокулук районундагы Фрунзе, Панфилов районундагы Орто айыл аймагында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт
23.08.2013

Бүгүн Чүй областынын Сокулук районундагы Фрунзе, Панфилов районундагы Орто айыл аймагында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт

Бүгүн Чүй областынын Сокулук районундагы Фрунзе, Панфилов районундагы Орто айыл аймактарында  өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт. Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчыcы П.Рахимов өзүнүн берген арыздарынын негизинде кызматынан бошотулган. Ал эми Панфилов районундагы Орто айыл өкмөтүнүн башчыcы Т. Молдокулов Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин  буйругу менен Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп дайындалган. Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчыcы кызматына жергиликтүү кеңештин депутатттары тарабынан­­­­­­­­ Арфел  Кушчубаевдин  талапкерлиги көрсөтүлгөн. Панфилов районундагы Орто айыл өкмөтүнүн башчыcы кызматына жергиликтүү кеңештин депутатттары тарабынан­­­­­­­­  Алтынай Абдыраеванын, Эркин Арыковдун, жана Максат Оторбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн. Сокулук, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.                Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Укук коргоочу Акин Токталиевдин арызы канаттандырылган жок
20.08.2013

Укук коргоочу Акин Токталиевдин арызы канаттандырылган жок

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында коомдук укук коргоочу Акин Токталиевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата-Журт” фракциясынан депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду депутаттык мандатынан ажыратууну убактылуу токтотуу жөнүндөгү арызы канаттандырылган жок. Укук коргоочунун арызы Борбордук шайлоо комиссиясына 2013-жылдын 13-августунда келип түшкөн.                   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы   
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы 1-Май жана Чүй облусунун Чүй районундагы Чүй айылдык кеңештеринин жаңы шайланган депутаттары бекитилди
20.08.2013

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы 1-Май жана Чүй облусунун Чүй районундагы Чүй айылдык кеңештеринин жаңы шайланган депутаттары бекитилди

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таануу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери бекитилди. Анын негизинде депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын  ордуна Үсөн Мамажанов, Абасбек Кутманов Ала-Бука районундагы 1-Май айылдык кеңешинин депутаты, Алмаз Матаев Чүй районундагы Чүй айылдык кеңешинин депутаты болуп катталышты. Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилет.             Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы     
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К. Ташиев, С. Жапаров, Т. Мамытов депутаттык мандатынан ажыратылды
20.08.2013

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К. Ташиев, С. Жапаров, Т. Мамытов депутаттык мандатынан ажыратылды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2013-жылдын 6-августундагы жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2013-жылдын 29- мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов боюнча токтомдору күчүнө киргендигине байланыштуу аларды  депутаттык мандаттарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды. Алардын депутаттык күбөлүктөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому «Эркин Тоо» газетасына расмий жарыяланган күндөн баштап жараксыз деп табылат.                 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы   
Кененирээк билүү >>
1 447 449 482