Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК 2013-жылдын 30-октябрына дайындалган Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону убактылуу токтотту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2013-жылдын 30-октябрына дайындалган Чүй облусундагы Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону, буга чейин аталган кызмат ордун ээлеген З.М. Баялиевден келип түшкөн арыздын негизинде убактылуу токтотту.
З.М. Баялиев кызматынан 2013-жылдын 13-сентябрында, Чүй районунун акимимнин буюрмасынын негизинде четтетилген.
КР БШК 2013-жылдын 16-октябрында өзүнүн токтому менен Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 30-октябрга дайындаган.
2013-жылдын 18-октябрында Чүй райондук сот мурдагы айыл өкмөтүнүн башчысынын, райондун акиминин буюрмасын жокко чыгаруу жана аны кызмат ордуна кайра калыбына келтирүү арызын кароого алды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кара-Суу шаарынын мэри жана Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
Бүгүн, 2013-жылдын 22-октябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын – Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин жана Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор бекитилди. Эскерте кетсек, шайлоо 2013-жылдын 14-октябрында өткөн.
Ош облусунун Кара-Суу шаарынын мэри болуп Тургумбаев Зарлык Тургунбаевич, Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Доронбеков Алмаз Курманбекович шайланган.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайланган мэрге жана айыл өкмөтүнүн башчысына күбөлүк берүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын мүчөсү болду
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов шайлоо маселелери боюнча Дүйнөлүк уюмдун (ШМДУ) эл аралык алтынчы конференциясына жана Шайлоо органдарынын Дүйнөлүк ассоциациясынын (ШОДА) салтанаттуу инаугурациялык ассамблеясына катышып келди.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мүчө болуп кирген ШОДА шайлоо өткөрүү жаатында билим, маалымат жана тажрыйба алмашуу жана билими, кесиптик даярдыгы аркылуу шайлоо процессин башкарууга катышкан адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында бүткүл дүйнөдөгү шайлоо органдарынын ортосунда байланыш тарамын түзүүнүн үстүндө иш алып барат.
КР БШК менен биргеликте 90 өлкөнүн 94 шайлоо уюмдары ШОДАнын мүчөлүгүнө киришти.
ШОДАнын анугурациялык ассамблеясы 14-октябрда, ал эми ШМДУ 2013-жылдын 15-17-октябрында Корея Республикасыын Инчон шаарында (Түштүк Корея), “Туруктуу шайлоо процесс, күчөтүлгөн демократия” деген темада өттү.
Аталган иш-чараны Бириккен Улуттар Уюумунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) жана Корея Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясы уюштурду. Инчон шаарынын мэриясы жана Корея Республикасынын Туризм министрлиги негизги демөөрчүлөрү болушту
Конференцияга дүйнөнүн 110 өлкөсү чакырылган, анын ичинен конференциянын ишине 98 өлкөнүн делегаттары катышты.
ШМДУ эл аралык конференциясы шайлоо маселелери боюнча адистер үчүн жетектөөчү эл аралык форум болуп саналат жана байланыштарды жөнгө салуу жана маалымат менен алмашуу максатын өз алдына коет. Үч күндүн ичинде делегаттар шайлоонун ачыктыгын камсыз кылууну, потенциалды жогорулатууну жана шайлоону өткөрүү менен иштеген кызмат адамдардын кесипкөйлүгүн жогорулатууну, ошондой эле шайлоо процесстин чыымдарын натыйжалуулугуна көмөк көрсөтүүнү кошуп, шайлоо процесстин ар түрдүү аспекттерин карап, талкулашты.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-сентябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп жана Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айылдык аймактарында, ошондой эле 3-октябрда 11 округда өткөн шайлоонун натыйжаларын бекитти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо 2013-жылдын 30-октябрына дайындалды
Бүгүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отурумунда төмөнкү беш айылдык округда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоону 2013-жылдын 30-октябрына дайындоо жөнүндө токтом кабыл алынды: Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Улахол, Нарын облусундагы Жумгал районунун Түгөл-Сай, Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө жана Чүй облусундагы Биринчи май жана Чүй. Аталган алгачкы эки аймакта шайлоо кайталап өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын делегациясы Азербайджан Республикасынын Президентин шайлоосуна байкоосуна катышты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын делегациясы, курамында КР БШКнын төрагасы Т. Абдраимов, КР БШКнын мүчөсү Ж.Акматов, КР БШК аппаратынын кызматкери Б.Максутбаев, 2013-жылдын 9-октярында Азербайджан Республикасынын Президентин шайлоосуна байкоо жүргүзүүгө катышты.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Азербайджан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана КМШ өлкөлөрүнүн Аткаруу комитети тарабынан эл аралык байкоочу катары шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшү менен таанышуу үчүн чакырылган.
КР БШК байкоочулары шайлоо ачык, айкын жана Азербайджан Республикасынын мыйзамдарына ылайык өттү деп баалашты.
Өлкөнүн Президенти болуп кайрадан учурдагы мамлекеттин башчысы И. Алиев шайланды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого катышкан саясий партияларга кайрылуусу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2013-жылдын 30-31-октябрында Мамлекеттик тарых музейинин көргөзмө залында “Шайлоо процессиндеги инновациялык технологиялар – 2013” Эл аралык көргөзмө-жарманке өткөрөт. Көргөзмөдө шайлоочуларды каттоо жана идентификациялоо, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө процессин камсыз кылуучу жогорку технологиялык жабдуулар, системалар жана программалар көрсөтүлөт.
Көргөзмөгө катышкан компаниялардын сунуштарын иликтөө үчүн тиешелүү Жумушчу топ түзүлөт, анын курамы КР Президентинин, Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешинин, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын, жарандык сектордун, ЖМКнын, саясий партиялардын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Жумушчу топ экспоненттердин бардык сунуштарын карап чыгып, эң ыңгайлуу варианттарды иргеп алат.
Көргөзмөгө катышкан компаниялардын сунуштарын иликтөө боюнча жумушчу топтун курамына 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрүн киргизүү сунушталууда.
Төмөндө көрсөтүлгөн саясий партиялардын БШК жана Юстиция министрлигине мурда берген даректер, телефондор, электрондук даректер аркылуу байланышуу аракети көпчүлүк саясий партиялардын офистери иштебегендигин көрсөттү. Ушуга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрүлө турган иш-чарага катышууну каалаган саясий партияларды Жумушчу топтун курамына бирден өкүлдү 2013-жылдын 13-октябрына чейин көрсөтүүнү суранат:
1. Кыргызстандын республикачыл элдик партиясы;
2. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы;
3. « Содружество» саясий партиясы;
4. «Жашасын Кыргызстан» саясий партиясы;;
5. «Акыйкат» Республикалык партиясы;
6. «Айкөл Эл» саясий партиясы;;
7. «Либерал-Прогрессивдик Партиясы» саясий партиясы;;
8. «СССР» саясий партиясы;
9. «Каганат» саясий партиясы;
10. «Кыргызстан Элдеринин Союзу» саясий партиясы;
11. «Кыргыз Республикасынын экономикалык кайра жаратуу партиясы» саясий партиясы;
12. «Бириккен Элдик Кыймылы» (БЭК) саясий партиясы;;
13. «Ак-Тилек» саясий партиясы;
14. «7-Апрель жаштар кыймылы» саясий партиясы;
15. «Улуттар биримдиги» саясий партиясы;
16. «Асаба» саясий партиясы;
17. «Кыргызстан патриоттору» саясий партиясы;
18. Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» коомдук бирикмеси;
19. «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы.
Көрсөтүлгөн өз ара түшүнүү жана катышуу үчүн алдын-ала ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Уюштуруу комитети: 66-02-53, 62-63-24;
alymbekovag@gmail.com, zarema@shailoo.gov.kg
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
85,4 пайыз шайлоочулардын пин-номерлери такталды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасынан (ШЭБС) эки тизмеге киргизилип калгандарды иретке келтирүү максаты менен шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана алардын жеке пин-номерлерин тактоо боюнча иш үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Өткөн жылдын октябрына карата 64,6% шайлоочулардын пин-номерлери такталып, ал эми бүгүнкү күнгө карата 85,4% шайлоочулардын пин-номерлери талталды.
Каракол, Балыкчы, Ат-Башы райондорунун жана Талас шаарынын системалык администраторлору тарабынан 100% шайлоочулардын тизмелери такталды жана пин-номерлери киргизилди, республиканын башка аймактарында бул иш улантылып жатат.
Эки тизмеге киргизилип калгандарды табуу татаал жана эмгекти көп талап кылуучу, Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондусу, Мамлекеттик каттоо кызматы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташтыкта жүргүзүлүүчү процесс. МКК жана ЖӨБ органдары шайлоочулардын даректик маалыматтарын, ФААнын так жазылышын (паспорт боюнча) жана туулган датасын тактап, андан соң ал маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына беришет. Шайлоочу тууралуу такталган маалымат Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасына (ШЭБС) киргизилип, кошумча щайлоочунун жеке пин-номери берген Соц. фонддогу маалымат менен текшерилет. КР БШК системалык администраторлору тарабынан ошол шайлоочунун жеке пин-номери ШЭБСке киргизилет.
Бул иш бир эле шайлоочунун бир нече шайлоо участкаларында добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу үчүн жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облусттарындагы он айыл өкмөтүндө шайлоо жана эки айыл өкмөтүндө кайра шайлоо өткөрүлдү
2013-жылдын 3-октябрында төмөнкү жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өткөрүлдү:
1. Баткен облусундагы Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Рахматбай уулу Каныбек шайланды (рай.мамл.админстр башчысы-акиминен);
2.Баткен облусундагы Лейлек районунун Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Кадыров Таалайбек Абазбекович шайланды (жергиликтүү кеңештин депутаттарынан);
3. Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Абдыкадыров Рахатбек Кыйбатбекович шайланды (жергиликтүү кеңештин депутаттарынан);
4. Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Турдалиев Бакытбек Абдуразакович шайланды (рай.мамл.админстр башчысы-акиминен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан);
5. Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Асанов Нурбек Сартбаевич шайланды (жергиликтүү кеңештин депутаттарынан);
6. Нарын облусундагы Жумгал районунун Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Абылабеков Бердибек шайланды (жергиликтүү кеңештин депутаттарынан);
7. Чүй облусундагы Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мырзакматов Айбек Сапарбекович шайланды (жергиликтүү кеңештин депутаттарынан);
8. Чүй облусундагы Москва районунун Садовое айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Долеткулов Муратбек Тутанович шайланды (рай.мамл.админстр башчысы-акиминен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан);
9. Чүй облусундагы Москва районунун Целинная айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мурсалиев Самаган Джекшенович шайланды (рай.мамл.админстр башчысы-акиминен);
10. Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Алиев Тейитбек Жумакадырович шайланды (жергиликтүү кеңештин депутаттарынан).
Талас облусундагы Бакайата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылып, анын башчысы болуп Султаналиев Шамилбек Кушубакович шайланды (жергиликтүү кеңештин депутаттарынан).
Чүй облусундагы Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, кворум жок болгондуктан, өткөн жок.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-пунктуна ылайык жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн башчысын белгиленген мөөнөттө шайлабай калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти бир айлык мөөнөттүн ичинде тийиштүү жергиликтүү кеңешти таратат жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бүгүн, КР БШК төрагасы Т. Абдраимов Азербайджан Республикасынын Элчиси Г.Х. Оруджев менен расмий жолугушту
Бүгүн, 2013-жылдын 2-октябрында, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдраимов Туйгунаалы Дуйшеналиевич Кыргызстандагы Азербайджан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Оруджев Гидаят Худуш оглы менен расмий жолугушту.
Жолушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында Азербайджан Республикасында боло турган Президенттик шайлоого даярдык жана өткөрүү, ошондой эле, Кыргызстандагы Азербайджан Республикасынын Элчилигинин имаратында Азербайджандын жарандары үчүн шайлоо күнү добуш берүүнү уюштурууга көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды.
Кошумча маалымат: Оруджев мырза - Азербайджан Республикасынын көркөм өнөргө эмгеги сиңген ишмер, таанымал жазуучу, кырктан ашык чыгарманын автору, көптөгөн сыйлыктардын ээси.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында “Ишеним телефону” иштейт
Шайлоочулар менен натыйжалуу байланышты камсыз кылуу жана коррупцияны алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында “Ишеним телефон” иштейт.
Билдирүүлөрдү кабыл алуу 0-312-66-01-91 телефон номери аркылуу ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын компетенциясына тиешелүү бардык келип түшкөн билдирүүлөр арыз ээлери менен биргеликте каралат жана текшерилет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан төгүндөө
2013-жылдын 26-сентябрында саат 16.29да «24.kg» маалымат агенттигинин сайтынын “шайлоо” бөлүгүндө “Кыргызстандын БШКсы Майлуу-Суу шаарынын мэри кызмат ордуна, мурда документтерди жасалмалаган деп табылган адамды бекитти” деген аталышта макала жайгаштырылган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй маалымат берет: 2013-жылдын 26-сентябрында 2013-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу токтом кабыл алынган. Ушул маселе Боршайкомдун отурумунда буга чейин талкуланып, бирок кээ бир сунушталган документтерди тактоо максатында кийинкиге калтырылган.
Сатыбалдиев К.У. «Ак-жол-2000» дыйкан чарбасынын коммерциялык директору болуп, салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү төлөгөн жок деген келип түшкөн маалымат боюнча Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, салык кызматына жана социалдык фондго тиешелүү суроо-талап жөнөтүлгөн, алар алгачкы маалымат жалган жана Сатыбалдиев К.У. бардык салыктарды, социалдык төлөмдөрдү өз убагында төлөп жүргөндүгү тууралуу маалымкат беришкен.
Борбордук шайлоо комиссиясы берилген документтердин негизинде, Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматовичти Майлуу-Суу шаарынын шайланган мэри деген аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитти.
Ушуга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы «24 kg» маалымат агенттигинин сайтында жайгаштырылган маалымат чындыкка жатпагандыгы жана шайлоо комиссиялардын гана эмес, шайлоо процессинин катышуучуларынын ишкердик аброюна залалын тийгизүүчү жалган мүнөздөгү маалымат экендиги тууралуу билдиребиз.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2013-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор бекитилди
2013-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен бекитилди.
Шайлоо өттү деп табылды, Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын шайланган мэри деп табылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо 2013-жылдын 14-октябрына дайындалды.
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – Ош облусунун Кара-Суу шаарынын мэрин жана Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2013-жылдын 14-октябрына дайындоо жөнүндө токтом кабыл алынды.
2013-жылдын 18-августунда Кара-Суу шаарынын шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү.
Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы өзү берген арыздын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү милдети тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө маселе каралды.
Токтом Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана төрагасынын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тартибин жөнгө салуу максатында кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык (райондук, шаардык) шайлоо комиссиялары
Бүгүн, 2013-жылдын 26-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышы болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө токтомдор кабыл алынды.
Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аймактык шайлоо комиссиясы саясий партиялардан – экиден бир жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан экиден бир өкүл катышында 11 мүчөдөн кем эмес курамда эки жылдык мөөнөткө, ал эми аймактык шайлоо комиссиясынын резерви беш жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жайгаштырылган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
23.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
23.09.2026
Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана резервин жүргүзүү тартиби бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
23.09.2026
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жана “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жоболор бекиди
23.09.2026
Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти