Балыкчы жана Исфана шаарларынын мэрлерин шайлоо күнү дайындалды
18 декабря 2014
Бүгүн, 2014-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо күнү дайындалды.
Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарларынын мэрлерин шайлоо 2015-жылдын 6-январында саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 11-декабрындагы № 523 буйругу менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри М.Э.Бообеков, 2014-жылдын 12-декабрындагы № 525 буйругу менен Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэри Т.Р.Козубаев, өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулган.
