КР БШК Ош облусундагы Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендерге материалдык жардам көрсөттү
17 мая 2017
КР БШКнын жамааты Ош облусундагы Өзгөн районунда жер көчкүсүнүн кесепетинен жабыр тарткандарга жана Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн жапа чеккендерге материалдык жардам көрсөттү.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине БШК мүчөлөрүнүн бир күндүк сый акылары жана аппарат кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акылары которулду.
БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү
