Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузган талапкерлерге айып пул салынды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы жөнүндө маселени карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алды.
Маселени БШКнын кароосуна Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ киргизген.
Жумушучу топ № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Айдарбеков Чингиз Азаматович жана №25 шайлоо округу боюнча талапкер Жунусбеков Төрөкан Бейшенбекович шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгын аныктаган.
Жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, Facebook социалдык тармагында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, талапкер Ч.Айдарбеков тарабынан үгүт жүргүзүү шарттары бузулгандыгы аныкталган.
Ал эми № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Т.Жунусбековдун үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы тууралуу БШКга Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү билдирген. Маалыматка ылайык, Т.Жунусбеков мечитте мыйзамсыз үгүт жүргүзгөн.
Жумушчу топ жогоруда аталган талапкерлерге карата шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
Жумушчу топтун чечимдеринин негизинде, КР БШКсы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 22, 23-беренелерине, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Айдарбеков Чыңгыз Азаматовичке протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү.
Ал эми № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Жунусбеков Төрөкан Бейшенбековичке Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142 (2-бөлүк), 451, 455-беренелерине ылайык, административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдети БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөлдү.
Кененирээк билүү >>
Шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары өтүүдө
Округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте 30 көп мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушууларын уюштурууда.
Жолугушуулар «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, алдын ала бекитилген график боюнча өткөрүлүүдө.
Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары 2025-жылдын 10-ноябрында башталып, 26-ноябрына чейин уланат.
Талапкерлер жолугушууларда шайлоочуларга өз программаларын тааныштырып, берилген суроолорго жооп беришип, баарлашууда.
10-11-ноябрда жолугушуулар төмөнкү шаар, айылдарда өткөрүлдү:
Баткен облусу боюнча - Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтү, А. Масалиев айыл өкмөтү;
Ош облусу боюнча - Ош шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгы, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү, Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү, Куршаб айыл өкмөтү, Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл өкмөтү, Алайкуу айыл өкмөтү;
Жалал-Абад облусу боюнча - Токтогул районунун Токтогул шаары, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү, А. Суеркулов айыл өкмөтү, Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтү, Терек-Сай айыл өкмөтү, Ала-Бука районунун Айры-Там айыл өкмөтү, Ынтымак айыл өкмөтү;
Талас облусу боюнча - Талас шаары, Бакай-Ата районунун Биримдик айыл өкмөтү, Күмүштак айыл өкмөтү;
Чүй облусу боюнча - Жайыл районунун Жайыл айыл өкмөтү, Сарыкоо айыл өкмөтү, Талды-Булак айыл өкмөтү, Кара-Балта шаары, Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтү, Төрт-Гүл айыл өкмөтү, Нарзан айыл өкмөтү, Миң-Булак айыл өкмөтү, Кемин районунун Кемин жана Орловка шаарлары;
Ысык-Көл облусу боюнча - Тоң районунун Улахол айыл өкмөтү, Ак-Терек айыл өкмөтү;
Бишкек шаарынын Ленин району, Биринчи май району, Свердлов району.
Кененирээк билүү >>
№ 22 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бүгүн, 11-ноябрда № 22 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды.
Комиссиянын курамынан берген арызына ылайык, Иманалиева Эркайым Дүрбөлөңовна чыгарылып, комиссиянын курамына Калетова Гүлзина Сабиткановна киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын жана өкүлүн каттады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын жана өкүлүн каттады:
- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Джунусалиев Рамис Майрамбековичтин 2 ишенимдүү адамы;
- №22 шайлоо округу боюнча талапкер Ибрагимов Болот Адылбековичтин 13 ишенимдүү адамы;
- №23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин 5 ишенимдүү адамы;
- №30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыков Мурадил Жанышбековичтин 18 ишенимдүү адамы;
- №24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Улукбек Карыбек уулунун 66 ишенимдүү адамы;
- №18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Айдаров Манас Мусадиновичтин 2 ишенимдүү адамы;
- №23 шайлоо округу боюнча талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин КР БШКдагы өкүлү: Г.А. Скрипкина.
Ишенимдүү адамдарга жана өкүлгө белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- №13 шайлоо округу боюнча талапкер Абдалиев Мейкинбек Акимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.М. Мейкинбекова жана каржы боюнча А.М. Мейкинбеков;
- №28 шайлоо округу боюнча талапкер Ибраев Саматбек Кулукеевичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Т. Жуманалиевдин каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна А.М. Акуновду шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;
- №6 шайлоо округу боюнча талапкер Омурзаков Алымбек Замирбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Э.А. Досумбетовдун жана каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.О. Омурзаковдун каттоолорун жокко чыгарып, алардын ордуна шайлоо боюнча Ж.Ж.Рашовду жана каржы боюнча Б.М. Жолдошевди ыйгарым укуктуу өкүлдөр кылып каттады;
- №5 шайлоо округу боюнча талапкер Сулайманов Эльдар Нурлановичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.К. Койчуевдин каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна М.А.Обозовду шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 11-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 11-ноябры
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
№28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ибраев Саматбек Кулукеевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдалиев Мейкинбек Акимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып Б.М. Мейкинбекованы жана А.М. Мейкинбековду каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Омурзаков Алымбек Замирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сулайманов Эльдар Нурлановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Джунусалиев Рамис Майрамбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ибраимов Болот Адылбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Мурадил Жанышбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Улукбек Карыбек уулунун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Айдаров Манас Мусадиновичтин ишенимдүү адамдарын жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Скрипкина Галина Анатольевнаны № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичти Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы өкүлү кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 22 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы –Кожекеева М.Д., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Айдарбеков Чыңгыз Азаматовичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
№ 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жунусбеков Төрөкан Бейшенбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-ноябрда, Айтматов, Токмок, Москва, Манас шаардык, Сузак, Нарын жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти:
- Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айылдык кеңешинин (№ 1 Кара-Сай шайлоо округу) депутаты Абдиев Рамил Сулаймановичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сыдыкбеков Урматбек Анаркуловичке өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаты Саккараева Джанара Медербековнанын (“Эл биримдиги” фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Мамбетжанова Алтынай Кадырбековнага (“Эл биримдиги” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Москва районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин (№ 8 шайлоо округу) депутаты Болжокеев Изат Замирбековичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Глущенко Сергей Ивановичке өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Манас шаардык кеңешинин депутаты Юлдашева Зилола Абдужалиловнанын («Адилет» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Борубаева Бегимай Борубаевнага («Адилет» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаты Абдираимов Марлен Эркимбаевич («Жаңы Кыргызстан» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Мамайкулов Алтынбек Алибековичке («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак (№1 Жан-Булак шайлоо округу) жана Чет-Нура (№2 Орто-Нура шайлоо округу) айылдык кеңештеринин депутаттары Акматов Саматбек Саламатовичтин жана Мамырбеков Асылбек Асантуровичтин ыйгарым укуктары алардын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып, шайланган кийинки талапкерлер Ормокеев Болотбек Рыскуловичке жана Сталбек уулу Эсенбекке өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айылдык кеңешинин (№ 1 Кара-Тоо-Арсы шайлоо округу) депутаты Жээнбек уулу Таалайбектин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Капесов Кумарбек Кубатовичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуу графиги
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча 30 көп мандаттуу шайлоо округдарынын талапкерлеринин шайлоочулар менен жолугушуулары 2025-жылдын 10-26-ноябрына чейин пландаштырылган.
Жолугушууларды округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык өткөрүшөт.
График тиркемеде:
Жолугушуулардын графиги менен бул жерден тааныша аласыздар: тиркеме.
Кененирээк билүү >>
УТРК жана ЭлТР мамлекеттик телеканалдарда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү графиги
Мыйзамга ылайык, талапкерлерге мамлекеттик телерадио уюмдарынын телеканалдарында акысыз эфир убактысы берилүүгө тийиш.
Белгиленген акысыз эфир убактысынын жалпы көлөмүнүн кеминде жарымы талапкерлердин биргелешкен дебаттарына жана башка ушул сыяктуу үгүт иш-чараларына гана арналат. Бул бөлүнгөн убакытты колдонууга бардык талапкерлер тең укуктуу негизде пайдаланууга тийиш.
Биргелешкен үгүт иш-чараларына (дебаттарга жана ушул сыяктуу форматтагы иш-чараларга) катталган талапкерлер сөзсүз түрдө өздөрү жеке катышууга милдеттүү. Катталган талапкердин өкүлдөрү же колдоо топторуна мындай иш-чараларга катышууга жол берилбейт.
Эгер талапкер дебатка катышуудан баш тартса, же белгиленген убакта келбей калса, ага башка убакытта эфир берилбейт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн катталган талапкерлердин арасында УТРК жана ЭлТР телеканалдарындагы акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөргөн.
Чүчүкулактын жыйынтыгына ылайык, дебаттарга жана жеке кайрылууларга катышуу ирети төмөнкүдөй болуп аныкталды:
тиркеме УТРК ЭЛТР
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын Башкы катчысынын биринчи орун басары, КМШ байкоочуларынын миссиясынын башчысы Игорь Петришенко менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 10-ноябрда КМШнын Башкы катчысынын биринчи орун басары, КМШ байкоочуларынын миссиясынын башчысы Игорь Викторович Петришенко менен жолукту.
Жолугушууга КМШнын аткаруу комитетинин өкүлдөрү - миссиянын штабынын башчысы жана кеңешчиси Евгений Козяк, кеңешчиси Олег Кулеба катышты.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү маселелери, шайлоо процессинин уюштуруу жана техникалык жагдайлары, ошондой эле анын ачык-айкындыгын, бардык катышуучуларга тең шарттарды камсыз кылуу чаралары талкууланды.
Игорь Петришенко КМШ байкоочуларынын миссиясынын КР Борбордук шайлоо комиссиясы менен жогорку деңгээлдеги кызматташуусун белгилеп, Кыргызстан менен кызматташтык конструктивдүү жана көп жылдык мүнөзгө ээ экенин баса белгиледи.
Ал миссиянын алкагында өлкөгө болжол менен 150 байкоочу келээрин, алар шайлоонун бардык этаптарында мониторинг жасай тургандыгын билдирди.
Анын айтымында, миссиянын байкоо салуусу мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоо жарыяланган учурдан баштап жүргүзүлүп келет жана миссия мамлекет шайлоочулар үчүн максималдуу шарттарды түзүү менен шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусун жогорулатууга басым жасап жатканын белгилейт.
Тынчтык Шайназаров шайлоого даярдык көрүү боюнча учурдагы жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, бүгүн шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү башталгандыгын билдирди.
Ал шайлоо системасындагы реформалар бардык жарандар үчүн тең шарттарды түзүүгө, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү мекендештер үчүн да добуш берүү мүмкүнчүлүгүн арттырууга багытталганын баса белгиледи. Буга байланыштуу БШК төрагасы өлкө аймагынан тышкары добуш берүү үчүн 100 шайлоо участогу уюштурулганын, алардын көпчүлүгү Кыргызстандын жарандары көп жашаган Россия Федерациясында ачылганын маалымдады.
Жолугушуунун соңунда Игорь Петришенкого жана делегация мүчөлөрүнө шайлоо жабдууларынын иши жана алардын иштөөсүнүн техникалык принциптери көрсөтүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын жана өкүлүн каттады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын жана өкүлүн каттады:
- №27 шайлоо округу боюнча талапкер Качкынов Самат Турганбековичтин ишенимдүү адамдары: И.Б. Качкынов, Э.Б. Сейкембаев, М.М. Аманкулов, Э.К. Джайлобаев, Р.А. Ибраев, А.Б. Шингибаев, Н.К. Атагулов, Б.Ж. Качкынов, У.Р. Мукашев;
- №17 шайлоо округу боюнча талапкер Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын ишенимдүү адамдары: Т.Н. Азылов, Б. Сабырбеков, А.Б. Батыркулов, Б.Э. Хидиров;
- №2 шайлоо округу боюнча талапкер Калпаев Бактыяр Алиевичтин ишенимдүү адамы: Н.Ш. Сальпиева;
- №25 шайлоо округу боюнча талапкер Никитенко Наталья Владимировнанын ишенимдүү адамдары: А.А. Сасыкбаева, А.С. Кыйгырова, О.А. Уманкулова, Д.К. Мамыралиев;
- №14 шайлоо округу боюнча талапкер Борбиев Болотбек Ибраимовичтин ишенимдүү адамы: Н.С.Момуналиев;
- №14 шайлоо округу боюнча талапкер Борбиев Болотбек Ибраимовичтин өкүлү: М.Идрис уулу.
Ишенимдүү адамдарга жана өкүлгө белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- №30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Капаров Чынгыз Капаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.С. Капаров жана каржы боюнча С.А. Абылбекова;
- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Кенжеева Эльмира Жусупбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Б.М. Канбутаева.
Ошондой эле №13 шайлоо округу боюнча талапкер Алтынбеков Айбектин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Акышовдун каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна А.С.Белеков каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл болуп катталды.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
Эки талапкер парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына эки талапкердин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.
Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарды төмөнкү талапкерлер беришкен:
- №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Рыскулбек уулу Нурмат;
- № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Бараканов Руслан Төлөмүшович.
Эки талапкер тең арыздарын БШКга 2025-жылдын 8-ноябрында берген.
КР БШКсы жогоруда аталган талапкерлердин каттоосун жокко чыгарды.
Ошондой эле алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу да жокко чыгарылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 10-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 10-ноябры
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Рыскулбек уулу Нурматтын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. №28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бараканов Руслан Төлөмүшовичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. №13 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алтынбеков Айбектин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. №30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Капаров Чынгыз Капаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып К.С. Капаровду жана С.А. Абылбекованы каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. №19 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кенжеева Эльмира Жусупбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Б.М. Канбутаеваны каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6. №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Качкынов Самат Турганбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
7. №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
8. №2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Калпаев Бактыяр Алиевичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
9. №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Никитенко Наталья Владимировнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
10. №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Борбиев Болотбек Ибраимовичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
11. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында №14 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Борбиев Болотбек Ибраимовичтин өкүлү катары Идрис уулу Мирланды каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
12. Айтматов, Токмок, Москва, Манас шаардык, Сузак, Нарын жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Кененирээк билүү >>
Шайлоо–2025: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды
Бүгүн, 10-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» контитуциялык мыйзамга ылайык, шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн башталып, добуш берүүгө 24 саат калганда токтойт.
Алдыдагы шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткандыктан, жалпы шайлоо процессинин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылган. Ошого ылайык, шайлоо алдындагы үгүт 20 күнгө уланат. Тактап айтканда, 2025-жылдын 10-ноябрынан 2025-жылдын 29-ноябры, саат 8:00гө чейин.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкерди каттады, алардын 276 - эркектер, 191 – аялдар.
Ошентип, 2025-жылдын 10-ноябрынан тартып талапкерлер, саясий партиялар жана башка кызыкдар жарандар шайлоочуларды белгилүү бир талапкерлер үчүн же аларга каршы добуш берүүгө үндөгөн, ошондой эле талапкерлердин шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого багытталган ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укуктуу.
Бул учурда негизги талап – үгүт иш-чараларынын бардык формалары жана ыкмалары шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык болушу керек.
Үгүттөө чогулуштарда, митингдерде, жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле интернет-басылмалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Шайлоо комиссиялары үгүт жүргүзүүнү жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүнү камсыз кылууга тийиш.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үгүт жүргүзүү үчүн республикалык бюджет каражаттарынын эсебинен жолугушууларды өткөрүүнүн бардык талаптарына ылайык келген жайды, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды же аянттарды берүүгө тийиш.
Мыйзамга ылайык, төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт катары таанылат:
- тигил же бул талапкер үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
- айрым талапкерлерге карата колдоону билдирүү;
- талапкерди шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;
- талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.
Талапкерлерге, саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткиликтүүлүктүн тең шарттарына кепилдик берилет.
Шайлоо алдындагы үгүттөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
- концерттерди, театралдаштырылган оюндарды жана спорттук иш-чараларды кошпогондо, ачык үгүт иш-чараларын (митингдер, чогулуштар, теледебаттар жана башкалар) өткөрүү аркылуу;
- басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен (үгүт материалдарын өлкөнүн аймагынан тышкары жерде даярдоого тыюу салынат, ар бир материалдын нускасы же көчүрмөсү БШКга тапшырылууга тийиш);
- конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка тариздерде.
Төмөнкүлөргө үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга тыюу салынат:
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларга;
- мамлекеттик саясий кызмат орундарын ээлеген адамдарга, Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо;
- атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо;
- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө;
- байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга;
- диний ишмерлерге;
- кайрымдуулук иштери менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучуларына жана мүчөлөрүнө;
- 18 жашка толо электерге;
- чет элдик жарандарга жана уюмдарга;
- жарандыгы жок адамдарга;
- аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерине.
Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат.
Шайлоо мезгилинде чет өлкөлүк теле жана радио программалар жазылып алынган түрүндө көрсөтүлөт.
Кандидаттардын жана саясий партиялардын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды камтыган теле жана радио программаларды алып көрсөтүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда көрсөтүлгөн маалыматтарды тараткан жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчиликке тартылышат.
Каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча жана алардын шайлоо фонддору аркылуу гана жүргүзүүгө уруксат берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады.
Шайлоочулардын контролдук тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде КР Президентине караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси (ММ «Кызмат») тарабынан түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулардын мамлекеттик “Тизме" порталында жайгаштырылды - https://tizme.gov.kg/.
Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу шайлоо маалында күн сайын жүргүзүлөт. Бул иш Борбордук шайлоо комиссиясы менен ММ «Кызмат» (калкты каттоо жана документтештирүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) биргеликте ишке ашырат.
Контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 4 297 040 адам, анын ичинен 2 082 263 эркектер жана 2 214 777 аялдар же 48,46% жана 51,54%.
Шайлоочулардын кагаз түрүндөгү толук тизмелери 2025-жылдын 10-ноябрына чейин 2492 шайлоо участокторунда илинет.
Урматтуу шайлоочулар!
Өзүңүздүн шайлоо участогуңузду тактаңыз:
- 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
- шайлоо участкасында;
- «tizme.gov.kg» сайтында;
- же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз).
Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, шайлоочу 2025-жылдын 19-ноябрына чейин (кошуп алганда) электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу.
Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ) бул жол-жободон өтө алышат.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
20.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты