Башкы Жаңылыктар КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Азербайжан БШКсынын төрагасы …

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Азербайжан БШКсынын төрагасы Мазахир Панахов менен жолукту

27-Ноя, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 27-ноябрда Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мазахир Панахов менен жолугушту.

Азербайжан делегациясы менен учурашууда, Тынчтык Шайназаров Азербайжан БШКсынын өкүлдөрүнүн келиши кыргыз тарап үчүн боордош элдин колдоосу катары кабыл алынарын баса белгиледи.

Ал мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берип, бул шайлоо  жаңы система боюнча өтүп жатканын белгиледи. Кыргызстанда 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлүп, алгачкы жолу аралыктан добуш берүү системасы киргизилди. Жаңы шайлоо жабдуусу шайлоочунун маалыматтарын 1 мүнөттөн ашпаган убакытта иштетип, 12 саат ичинде 800гө чейин шайлоочуга кызмат көрсөтө алат.

Жарандардын добуш берүү укугун камсыздоо максатында чет өлкөлөрдө 100 шайлоо участкасы ачылды. Ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү участкалары түзүлдү. Алардын катарында аэропорттордо (учуу жана конуу зоналарында), ири базарларда, соода борборлорунда, тергөө абагында, медициналык мекемелерде жана адамдар көп топтолгон башка жайларда жайгашкан пункттар бар.

Т. Шайназаров бул чаралар шайлоочулар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана шайлоочулардын жигердүүлүгүн жогорулатууга багытталганын белгиледи.

Азербайжан БШКсынын төрагасы Мазахир Панахов Кыргызстандагы парламенттик шайлоолорду байкоого Азербайжандан 25 байкоочу келерин билдирди. Алардын ичинде КМШ, КМШ ПАА, Түрк мамлекеттер уюму, ТүркПА, ИКУ, ЕККУ ПА, ЕКПА сыяктуу эл аралык миссиялардын курамында, эки тараптуу негизде жана Азербайжан элчилигинен келген байкоочулар бар.

Ал эки өлкөнүн шайлоо комиссияларынын ортосундагы кызматташтык мындан ары да өнүгөт деген ишенимин билдирип, алдыдагы шайлоолонун ийгиликтүү өтүшүн каалады.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
12-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 7-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Адылов Бакытбек Адыловичтин жана Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.Адылов Бакытбек Адыловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич.Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Джурабаева Гульнар Курашбековна, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Суранова Перизаткан Юлдашалиевна.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12-Ноя, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.• Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Сейдекматова Айнура Орозобековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Отунчиева Нурбюбю Абдрахмановнага өткөрүлүп берилди;   • Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары Мамануров Хасанбай Мамажанович, Юсупов Зайнобидин Абдумухтарович жана Масиров Тилек Алибаевичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович, Собиржонов Бунёдбек Сотболдиевич жана  Шеркулов Исламбек Батырбековичке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Кулбаева Зулайка Эшматовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ботобекова Гулина Рысбековнага өткөрүлүп берилди;   •Нарын районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаттары Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович жана Муратбек уулу Жээнбектин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Ыманакунов Атабек Турдакуновичке жана Талантбек уулу Арсенге өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
12-Ноя, 2026

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Орозалиев Кылыч Жанарбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, комиссиянын курамына резервден Джумагулов Каныбек Калыбекович, Зарнаева Назгуль Жакшылыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>