Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу боюнча талапкер С.Омурзаковго айып пул салынды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө маселени карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алды.
Маселени БШКнын кароосуна Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ киргизген.
Жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, Facebook социалдык тармагындагы Махмуд Абдубалиев аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Омурзаков Сүйүнбек Абдылдаевичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы аныкталган.
Жумушчу топ талапкер С. Омурзаковго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
КР БШКсы Жумушчу топтун чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 22-беренесине, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Омурзаков Сүйүнбек Абдылдаевичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү.
Кененирээк билүү >>
Талапкер Р.Жунушбаеванын ар-намысына шек келтирген материалдар боюнча айып пулдар салынды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-ноябрда №28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жунушбаева Рахат Мырзабековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ж. Манжиеванын арызын карады.
Арызда көрсөтүлгөндөй, “Азия Ньюс” гезитинде, “Арыба” интернет-басылмасында, ошондой эле Facebook социалдык тармагындагы Айка Муратова жана Бакмурат Токтогулов аттуу колдонуучулардын баракчаларында талапкер Р.Жунушбаеванын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген материалдар жайгаштырылганы көрсөтүлгөн.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ арызды карап чыгып, “Азия Ньюс” гезитине жана “Арыба” интернет-басылмасына карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 67-беренесинде каралган 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндөгү жоопкерчилик чарасын, ошондой эле Токтогулов Бакмурат Турсуновичке жана Колбайева Ай-сада Канасиловнага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндөгү жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштады.
КР БШКсы Жумушчу топтун чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 22, 23-беренелерине, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66, 67, 451, 455-беренелерине ылайык, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүү, “Азия Ньюс” гезитине жана “Арыба” интернет-басылмасына 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, ошондой эле Токтогулов Бакмурат Турсуновичке жана Колбайева Ай-сада Канасиловнага 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып пул салуу милдетин жүктөдү.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады:
- №23 шайлоо округу боюнча талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин 2 ишенимдүү адамы;
- №26 шайлоо округу боюнча талапкер Исаева Джамиля Кубанычбековнанын 3 ишенимдүү адамы;
- №26 шайлоо округу боюнча талапкер Исеналиев Эркинбек Аскеевичтин бир ишенимдүү адамы;
- №3 шайлоо округу боюнча талапкер Мавлянова Махабат Эргешовнанын 4 ишенимдүү адамы;
- №26 шайлоо округу боюнча талапкер Саккараев Медербек Джаманкуловичтин 3 ишенимдүү адамы;
- №23 шайлоо округу боюнча талапкер Аскарбеков Мавлян Амангельдиевичтин бир ишенимдүү адамы;
- №26 шайлоо округу боюнча талапкер Айтимбетова Айсулуу Курманбаевнанын 10 ишенимдүү адамы;
- №30 шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыков Мурадил Жанышбековичтин 33 ишенимдүү адамы;
- №12 шайлоо округу боюнча талапкер Жалилова Гүльназ Тажибаевнанын 59 ишенимдүү адамы;
- №8 шайлоо округу боюнча талапкер Семетей кызы Айзиректин 13 ишенимдүү адамы.
Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
Шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузган жаранга айып пул салынды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-ноябрда шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандык жөнүндө маселени карады.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, “Threads” социалдык тармагындагы “Nursultan Bakyt” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ибрагимов Болот Адылбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы белгилеген.
Жумушчу топ “Аирсен” ЖЧКсынын өкүлү Шаршенова Рима Мэлисбековнага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
КР БШКсы Жумушчу топтун чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 22, 23-беренелерине, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына “Аирсен” ЖЧКсынын өкүлү Шаршенова Рима Мэлисбековнага административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маселени карап, төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
- №24 шайлоо округу боюнча талапкер Шарапова Жибек Закировнанын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Б. Валиеванын каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна А.А.Шаршееваны каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;
- №6 шайлоо округу боюнча талапкер Абдылдаева Канзада Абдылдаевнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Г.К.Кубатованын каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Г.Абдирашид кызын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
№ 3 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер А.Абдрахманов парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына 2025-жылдын 12-ноябрында № 3 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдрахманов Азамат Абдилазизович шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыз менен кайрылган.
КР БШКсы бүгүн, 13-ноябрда талапкер А.Абдрахмановдун арызын карап, анын каттоосун жокко чыгарды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы депутаттыкка талапкер Б.Бообековду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Чүй облустук ИИБнин Тергөө кызматынын өтүнүчүн карады.
КР БШКсына 2025-жылдын 12-ноябрында КР Ички иштер министрлигинин Чүй облусу боюнча Ички иштер башкы башкармалыгынан №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бообеков Бахтияр Таласовичти кылмыш жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде салынуучу жаза чараларына макулдук берүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөн.
Чүй облусунун ИИББнын Тергөө кызматынын өндүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгүндө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча 2025-жылдын 12-ноябрында козголгон кылмыш иши тергелүүдө.
Өтүнүч катта № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Б.Бообековдун аталган кылмышты жасоого катыштыгы бар экенин көрсөткөн тергөө аракеттеринин жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө төгүндөлгүс далилдер топтолгону көрсөтүлгөн.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 21-беренесинин 10-бөлүгүн, 28-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерине ылайык, КР БШКсы №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бообеков Бахтияр Таласовичти кылмыш жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде салынуучу жаза чараларына макулдук берүү жөнүндөгү өтүнүчтү канааттандырды.
Чечимдин көчүрмөсү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгына жана талапкер Б.Бообековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Н.А. Айдакеевага жөнөтүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 13-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 13-ноябры
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
№ 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдрахманов Азамат Абдилазизовичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Шарапова Жибек Закировнанын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдылдаева Канзада Абдылдаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исаева Джамиля Кубанычбековнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исеналиев Эркинбек Аскеевичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мавлянова Махабат Эргешовнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Саккараев Медербек Джаманкуловичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аскарбеков Мавлян Амангельдиевичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Айтимбетова Айсулуу Курманбаевнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Мурадил Жанышбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жалилова Гүльназ Тажибаевнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Семетей кызы Айзиректин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандык жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.)
№ 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Жунушбаева Рахат Мырзабековнанын, ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ж. Манжиеванын арызы жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.)
№ 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Омурзаков Суйунбек Абдылдаевичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Чүй облустук ИИБнин Тергөө кызматынын өтүнүчүн кароо жөнүндө
(баяндамачы – Кайыпов Шабдан укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти
Кененирээк билүү >>
Шайлоочулардын эсине: шайлоо участкалары - эми 2ГИС тиркемесинде
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет: шайлоо участкаларын эми 2ГИС тиркемесинин жардамы менен тез таап, бара турган жерине ыңгайлуу багытты түзүүгө болот. Бул жарандарга жолду алдын ала аныктап, добуш берүү күнү ашыкча жол түйшүгүнөн арылууга шарт түзөт.
Кантип издеш керек
Шайлоо участогун табуу үчүн 2ГИС издөө сабына «шайлоо участогу» деп жазса болот, же участоктун номерин жазуу керек. Тиркеме навигатор аркылуу автоматтык түрдө керектүү жерди картадан көрсөтүп, эң ылайыктуу багытты сунуштайт. Бул өзгөчө туруктуу жашаган жеринен башка жерде добуш бере турган, же участогуна шаардын башка жеринен келе турган жарандар үчүн абдан пайдалуу.
Кандай максатта жасалган
2ГИС менен кызматташуу шайлоо процессин мындан дагы ачык-айкын, жеткиликтүү кылуу үчүн жана 2025-жылдын 30-ноябрында боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жасалды.
Алдын ала текшерүү маанилүү
КР БШКсы шайлоочуларга сунуштайт: добуш берүү күнү кезекте турбоо жана түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн алдын ала кайсы шайлоо участогуна бекитилгениңизди тактап алыңыз.
Шайлоо участоктору тууралуу маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынан алууга болот.
Кененирээк билүү >>
Шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда
30 көп мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда.
Жолугушууларды округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алдын ала бекитилген графикке ылайык уюштурушууда.
Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары 2025-жылдын 10-ноябрында башталып, 26-ноябрына чейин уланат.
Жолугушуулар «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык өткөрүлүүдө.
Талапкерлер жолугушууларда шайлоочуларга өз программаларын тааныштырып, берилген суроолорго жооп беришип, баарлашууда.
Бүгүн, 12-ноябрда жолугушуулар төмөнкү шаар, айылдарда өткөрүлдү:
Баткен облусу боюнча – Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтү, Айдаркен шаары;
Ош облусу боюнча - Ош шаарынын Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгы (МАБ);
Чоң-Алай районунун Чоң-Алай жана Жекенди айыл өкмөтү, Өзгөн районунун Жалпак-Таш, Кароол, Баш-Дөбө жана Төрт-Көл айыл өкмөтү;
Жалал-Абад облусу боюнча – Манас шаары, Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтү, Ала-Бука районунун Ала-Бука жана Балтагулов айыл өкмөтү;
Талас облусу боюнча – Бакай-Ата районунун Бакай-Ата жана Акназаров айыл өкмөтү;
Чүй облусу боюнча - Панфилов районунун Суусамыр айыл өкмөтү, Москва районунун Толок айыл өкмөтү, Сокулук районунун Гавриловка жана Күн-Туу айыл өкмөтү, Ысык-Ата районунун Кочкорбаев жана Кен-Булун айыл өкмөтү, Кемин районунун Чым-Коргон жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү;
Ысык-Көл облусу боюнча – Түп районунун Балбай айыл өкмөтү.
Бишкек шаарынын Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов райондору.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 170 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялады.
БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды:
- Болгария Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
- Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
- Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
- Египет Араб Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясынын;
- Ислам Кызматташтык Уюмунун;
- Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Элчилигинин;
- Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин;
- Кыргыз Республикасындагы Япониянын Элчилигинин;
- Кыргыз Республикасындагы Мажарстандын Элчилигинин;
- Кыргыз Республикасындагы Улуу Британиянын Элчилигинин;
- Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун;
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин байкоочулар миссиясынын;
- Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын;
- Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын;
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын;
- Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү.
КР БШКсы бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 297 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары жана өкүлү катталды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын жана өкүлүн каттады:
- №30 шайлоо округу боюнча талапкер Таалайбек кызы Жылдыздын 6 ишенимдүү адамы;
- №25 шайлоо округу боюнча талапкер Никитенко Наталья Владимировнанын 7 ишенимдүү адамы;
- №28 шайлоо округу боюнча талапкер Түлөбаев Балбак Зарлыковичтин 2 ишенимдүү адамы;
- №23 шайлоо округу боюнча талапкер Маматалиев Марлен Абдырахмановичтин 2 ишенимдүү адамы;
- №27 шайлоо округу боюнча талапкер Деркимбаева Асель Урусовнанын 23 ишенимдүү адамы;
- №27 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыкалыкова Гүлбара Кадырбековнанын 4 ишенимдүү адамы;
- №17 шайлоо округу боюнча талапкер Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин 6 ишенимдүү адамы;
- №22 шайлоо округу боюнча талапкер Бекешев Дастан Далабайевичтин 15 ишенимдүү адамы;
- №10 шайлоо округу боюнча талапкер Зулушев Курманкул Токторалыевичтин 1 ишенимдүү адамы;
- №13 шайлоо округу боюнча талапкер Мамытов Талант Турдумаматовичтин 4 ишенимдүү адамы;
- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Толонбаев Таалайбектин 2 ишенимдүү адамы;
- №24 шайлоо округу боюнча талапкер Салымбеков Жумабек Мамытбаевичтин 1 ишенимдүү адамы;
- №18 шайлоо округу боюнча талапкер Бийбосунов Эркин Куватбековичтин 33 ишенимдүү адамы;
- №16 шайлоо округу боюнча талапкер Кайрылбекова Медина Кайрылбековнанын 4 ишенимдүү адамы;
- №12 шайлоо округу боюнча талапкер Карабекова Кызжибек Советовнанын 12 ишенимдүү адамы;
- №29 шайлоо округу боюнча талапкер Белеков Адилет Чолпонбековичтин 4 ишенимдүү адамы;
- №18 шайлоо округу боюнча талапкер Лурова Лейла Хияновнанын 21 ишенимдүү адамы;
- №24 шайлоо округу боюнча талапкер Эргешов Казыбек Кочкоровичтин 3 ишенимдүү адамы;
- №18 шайлоо округу боюнча талапкер Лурова Лейла Хияновнанын КР БШКдагы өкүлү: А.Ж. Орозакунова.
Ишенимдүү адамдарга жана өкүлгө белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- №3 шайлоо округу боюнча талапкер Аматов Жаныбек Женишбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү: А.К. Шамурзаев;
- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Ибраимова Аселя Раимбековнанын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.-А.Т.Абдиевдин каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна С.Н. Нурдинованы каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;
- №13 шайлоо округу боюнча талапкер Маматалиева Мунара Даниярбековнанын финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү: А.Н. Закирова;
- №20 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыгулова Асель Мисировнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т. Туратбекованын каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна А.А.Оспановду шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу бюллетендеринин текстин бекитти
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө маселени карады.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 30 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо бюллетенинде талапкерлердин кезектүүлүгүн аныктоо боюнча өткөрүлгөн чүчүкулактын натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетендеринин тексти бекитилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 12-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 12-ноябры
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аматов Жаныбек Женишбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү кылып А.К. Шамурзаевди каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ибраимова Аселя Раимбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Маматалиева Мунара Даниярбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып А.Н. Закированы каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдыгулова Асель Мисировнанын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Таалайбек кызы Жылдыздын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Никитенко Наталья Владимировнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Түлөбаев Балбак Зарлыковичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5№ 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Маматалиев Марлен Абдырахмановичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Деркимбаева Асель Урусовнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдыкалыкова Гүлбара Кадырбековнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бекешев Дастан Далабайевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мамытов Талант Турдумаматовичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Толонбаев Таалайбектин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Салымбеков Жумабек Мамытбаевичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бийбосунов Эркин Куватбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кайрылбекова Медина Кайрылбековнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Карабекова Кызжибек Советовнадан ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Белеков Адилет Чолпонбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№ 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Лурова Лейла Хияновнадан ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
№24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эргешов Казыбек Кочкоровичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
А.Ж. Орозакунованы № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Лурова Лейла Хияновнанын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы өкүлү кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
(баяндамачы - Турсунбаева Нуркыз, эл аралык кызматташуу жана шайлоо процессин катышуучулары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун шайлоо өнөктүгүнүн бардык катышуучуларына кайрылуусу
Урматтуу талапкерлер, ыйгарым укуктуу өкүлдөр, тарапташтар жана шайлоо процессинин катышуучулары!
Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам бузууларга жол берген айрым талапкерлерге карата тиешелүү чараларды көрө баштады. КР БШКсы шайлоочулардын добушун сатып алуу, мыйзамсыз үгүт ыкмаларын колдонуу жана шайлоонун башка катышуучуларынын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген аракеттерге жол бербейт.
Баса белгилейм, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоосу Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө турат. Мамлекет башчысы шайлоонун адилеттүү, ачык-айкын жана мыйзамдын чегинде өтүшүнө өзгөчө көңүл бурууда.
Бардык талапкерлерге жана алардын тарапташтарына эскертем - үгүт иштери мыйзамдын так алкагында, шайлоочуларга жана атаандаштарга болгон сый-урмат менен жүргүзүлүшү зарыл. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, талапкердин каттоосун жокко чыгарууга чейинки катуу чаралар көрүлөт.
Кол тийгис адамдар жок. Баары мыйзам алдында бирдей.
Борбордук шайлоо комиссиясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде белгиленген эрежелерди бузгандарга карата - талапкерби, анын штабы болобу, же жалган жалаа тараткан адамдарбы - тиешелүү чараларды көрөт.
Мен дагы бир жолу шайлоо процессинин бардык катышуучуларына кайрылам: мыйзамдын талаптарын так сактагыла, жарандардын тандоосун сыйлагыла жана бул кампания чыныгы адилеттүү саясий атаандаштыктын үлгү болуусуна көмөктөшкүлө.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
20.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты